Өткөн жылы Кыргызстандын чек арасында болгон олуттуу окуялар

© REUTERS / Mukesh Gupta/FilesLa frontera de la India y Pakistán
La frontera de la India y Pakistán - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2014-жылы өлкөнүн чек арасынан документи жок өтүүгө аракет кылган 6 199 киши кармалган. Андан сырткары коңшулар менен чектешкен аймакта 40 инцидент катталган.

БИШКЕК, 3-январь — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча 2014-жылдын 11 айында Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен чектешкен аймагында 40 инцидент катталган. Анын 32си кыргыз-тажик чек арасында болгон. Ошондой эле, кыргыз-өзбек чек арасында – беш, кыргыз-казак чек арасында эки жана кыргыз-кытай чек арасында бир инцидент болгон. Андан сырткары 8 миллион сомдук аткезчилик жүк алынган. 115 килограммдык баңгизаты, 10 даана ок атуучу курал менен 165 кесүүчү курал, 62 даана ок-дары кармалган.

Кыргызстандын чек арасынан 15 миллионго жакын киши, 1,4 миллиондон ашык автоунаа өткөн. 6 199 киши жараксыз документ менен чек арадан кармалса, мамлекеттик чек араны бузган 281 киши колго түшкөн.

2014-жыл: чек арадагы алгачкы атышуу

Президент: Рахмондун "достору" чек арадагы жаңжалдарга кызыктар
2014-жыл жаңырары менен, тактап айтканда 11-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Тамдык жана Ак-Сай айылдарындагы суу тосмосунда атышуу болгон. Тажик тарап Ворух анклавын айланып өтүүчү Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык автожолунун курулушуна каршы болуп, жаңжалдын келип чыгышына себеп болгон.

Атышуудан эки тараптан тең үчтөн көп чекарачылар жаракат алган. Ошол убактагы коргонуу жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов тажик тарап миномет колдонгонун билдирген эле. 

Чек арадагы абалдын курчуп кетишине жол бербөө максатында 13-январда КР ИИМдин жетекчисинин орун басары Курсан Асанов, КР Чек ара кызматынын штабынын башчысы Искандер Мамбеталиев, тажик тараптан Тажикстандын ИИМинин жетекчисинин орун басары Искандар Раджобов менен Чек ара кызматынын өкүлү Ражобали Рахмонали келген.

Эки тараптуу сүйлөшүү

2-июлда Тажикстандын вице-премьер-министри Мурадоли Алимардон чек араны делимитация жана демаркациялоо маселелерин сүйлөшүү үчүн Бишкекке келип, коргонуу жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев менен жолуккан. Сүйлөшүүдө Ак-Сай – Тамдык авто жолун салууну жандантуу маселеси да талкууланган.

Жайыт талашуу

7-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан айылдын тургундары жайыт талашып чатакташкан. Тажикстандын жарандары чек ара жакын кыргызстандыктардын жайыт жерине малын жайгандыктан алардын кыжырын келтирген. Окуя болгон жерге 200дөй киши чогулуп, бир-бирин таш менен урган. Эки тараптан тең жыйырма жакын киши түрдүү жаракаттарды алышкан.

БУУ кыргыз-тажик чек арасындагы жагдайды жайгарууга жардам берет

Быйыл Кыргызстан менен чектешкен коңшу мамлекеттердин чек арасында жалпысынан 40 инцидент катталган. - Sputnik Кыргызстан
Быйыл кыргыз-тажик чек арасындагы инциденттердин саны эки эсеге жакын көбөйгөн
Бириккен Улуттар уюму (БУУ) Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы абалды жакшыртуу үчүн программаны ишке киргизүүгө ниеттенип жатканын БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесов октябрь айынын аяктарында билдирген эле.

Аталган программа чек арада коңшу жашаган эки эл ортосунда күнүмдүк тиричиликтен келип чыккан чатактардын алдын алууга, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө багытталмакчы.

Негизинен кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактар – суу, жер жана жол көйгөйүнөн улам келип чыгат.

"Бул жаңы программа чек ара аймагында жашаган элдин бири-бирине болгон мамилесин жакшыртууга багытталган чоң программалардан болот деп ишенем. Мисалы, жергиликтүү тургундардын суу боюнча көйгөйлөрү көп. Аккан суунун башында кыргызстандык жарандык үйү болсо, кийинки үч тажик жараныныкы, кайта кийинки үй кыргыз жараныныкы. Ушул көйгөйдү кантип чечүү керектигине программа аракет кылат", — дейт ал.

Эки өлкөнүн президенттери чек аранын эрте такталышына кызыктар

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Алмазбек Атамбаев менен Эмомали Рахмон сентябрь айында жолугуп, кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан көйгөйлөрдү эртелеп чечүүгө кызыктар экендиктерин билдиришкен.

Мамлекет башчылары эки элдин мамилесине доо кетире турган көйгөйлөрдүн алдын алып, чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын ишин эртерээк бүтүрүү керектигин белгилешти. 

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча декабрь айынын аягында берген маалымат жыйынында, Тажикстандын президенти менен жолуккандан кийин кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак бир топ азайганын билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0