Жолдубаева Кыргызстандын тарыхындагы эң жаш Баш прокурор болушу мүмкүн

© Фото / пресс-служба ЖК КР / Ашыркул ОморовЗаседание фракции СДПК
Заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокурордук кызматка талапкер Индира Жолдубаева " өлкөнүн тарыхындагы эң жаш прокурорлордон болуп калышы мүмкүн.

БИШКЕК, 23 янв — Sputnik. Башкы прокурорлукка талапкер болуп жаткан Индира Жолдубаева Кыргыз Республикасынын эң жаш прокурору болуп калышы мүмкүн.

Заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Жолдубаеванын талапкерлиги ЖКнын эки фракциясында жактырылды
"Прокуротура жөнүндө мыйзамдын" 45-беренесинин 5-пунктуна ылайык, Баш прокурорлукка 35 жаштан кем эмес, 65 жаштан ашпаган, юридикалык билими бар, бул тармакта 10 жылдан кем эмес убакыт эмгектенген адамдар дайындала алат. 

КРдин Баш прокурорлугуна талапкердиги сунушталып жаткан Индира Жолдубаева, быйыл 11-апрелде 36 жашка чыгат. 

Баш прокурордун жаш курагы боюнча "КРдин прокуратура жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү 2009-жылдын 20-ноябрында киргизилген. Буга чейин аталган кызматка 40 жаштан төмөн эмес, 65 жаштан ашпаган, юридикалык адистик боюнча 15 жылдан кем эмес иштеген адистер дайындала турган. 

23-январда, жума күнү парламенттеги КСДП, "Республика" фракциялары президент тарабынан Баш прокурорлукка сунушталган Жолдубаеванын талапкерлигин жактырды. 

Буга чейин аталган башкы көзөмөл органын жетектеп келген Аида Салянова отставкага кетүү боюнча жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0