Абдыбалы тегин Сүйөркул жылдын аягында 1 доллар 67 сомго чыгат деп болжолдойт

© Sputnik / Роман Галкин / Медиабанкка өтүүДоллар. Архив
Доллар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул доллардын баасынын өсүшү чегинен чыккан жок, ошону менен бирге ЕАЭБ өлкөлөрүнүн саясаты доллардан көз карандылыкты төмөндөтүүдө жана өндүрүш секторундагы абалды жакшыртууда Кыргызстанга жардам бере алат деп эсептейт.

БИШКЕК, 19-мар — Sputnik. Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул доллардын баасынын өсүшү чегинен чыккан жок деген оюн айтуу менен, ошол эле учурда ЕАЭБге кошулуу менен Кыргызстан доллардан көз карандылыкты төмөндөтүшү мүмкүндүгүн белгиледи.

Бейшембиде доллардын баасы акча алмаштыруучу жайларда ушуга чейинки эң жогорку баага — 63 сомго жетти. Sputnik кабарчысы бул тууралуу көз карандысыз эксперт Абдыбалы тегин Сүйөркулга суроолор менен кайрылды.

— Доллар мындан ары дагы өсөбү?

— Акырындык менен доллардын баасы жогорулай турганын азыркы өрчүү багыты өзүнөн өзү айтып жатат. Бирок кандайдыр бир кескин көтөрүлүп кетет деп ойлобойм.

Доллардын көтөрүлүшүнөн улам газдын баасы март айы үчүн 2 пайызга кымбаттады
Россияда инфляциянын өсүшү, ошондой эле Кыргызстанда инфляциялык процесстердин жогорку көрсөткүчү доллардын кымбатташынын башкы себептеринин бири экендигин белгилөө зарыл.

Ошентсе да, орто аралыктагы келечектин эсебинен алганда 10-12 пайыз жылдык девальвация КР үчүн анча жаман эмес. Бул жол берилүүчү чекте турат жана ушул деңгээлде кармалат деп ойлойм. Башка сөз менен айтканда, эгер жылдын башында бир доллар 60 сом болсо, жылдын аягында бул көрсөткүч анча өзгөрбөйт жана 65-67 сомдун тегерегинде болот.

Албетте, фундаменталдуу өзгөрүүлөрдөн башка кыска мөөнөттүүлөрү да бар, мисалы, кандайдыр бир алып сатарлык оюндар ж.б. Баары Улуттук банктын мындай абалдардан чыга билишине, турукташтыруу процесстерин башкара алышына жараша болот.

Биринчи кезекте Улуттук банк сабаттуу түшүндүрүү саясатын жүргүзүшү керек. Ошондой эле ал аталгандай процесстерге натыйжалуу таасир көрсөтүү максатында коммерциялык банктар менен биргелешип тиги же бул жагдайда өз ара аракеттешүүнүн жалпы жол жоболорун иштеп чыгышы талап кылынат. Бул өтө маанилүү нерсе.

— Кыргызстандын карапайым тургундары эмне кылышы керек?

— Албетте, импорттун аркасы менен жашагандарга кыйын болот. Бирок экинчи жагынан, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн саясаты азыр өзгөрүүдө жана Россия менен Казакстан улуттук валюталар аркылуу өз ара эсептешүүгө өтүп жатат.

Мындай ишмердик мамилелерде интеграциялык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ортосунда мунай өндүрүмдөрүнүн жана башка импорттолуучу товарлардын баасы мүмкүн төмөндөйт. Келечекте бул жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө түрткү берип, биздин экспорттоочулар үчүн өз өндүрүш көлөмдөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк жаралат.

Мындай процесс доллардан көз карандылыкты кескин ылдыйлата алат, бирок америкалык валютанын баасы баары бир түшпөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0