Акеров: парламенттик шайлоодо негизги таймаш беш партиянын ортосунда жүрөт

© AFP / MAXIM MARMUR Шайлоого даярдык. Архив
Шайлоого даярдык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКнын алтынчы чакырылышына КСДП, "Ата Мекен", "Ар-Намыс", андан сырткары, Республика" менен "Ата-Журттун" жана "Бүтүн Кыргызстан" менен "Демократиялык күчтөрдүн альянсынын" өз ара бириккен саясий партиялары кириши мүмкүн.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Парламенттик шайлоонун алдында саясат таануучу Табылды Акеров парламентке келе турган партиялардын ичинен беш саясий партияга божомол кылды.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда болушу ыктымал
Алдын ала маалыматтар боюнча Жогорку Кеңешке шайлоо 2015-жылдын 4-октярбында өтөт.

Sputnik маалымат сайтына берген маегинде Акеров парламенттин алтынчы чакырылышына КСДП, "Ата Мекен", "Ар-Намыс", андан сырткары бириктирилген "Республика" менен "Ата-Журт" жана "Бүтүн Кыргызстан" менен бириккен "Демократиялык күчтөрдүн альянсы" саясий партиялары келиши мүмкүндүгүн айтты. 

Эксперттин пикиринде, алдыңкы үч партия эч кимге кошулбайт да, эч кимге бирикпейт, болгону тизмелерин жаңылашы мүмкүн. Анын айтымында, парламентке келүүгө "Акшумкар" менен "Замандаштын" да жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар.

"Бирок негизги таймаш алдыдагы беш партиянын ортосунда жүрөт. Менимче, шайлоочулардын добушун баарынан көп КСДП менен "Ата Мекен" алат", — деди саясат таануучу. 

Анткен менен, аналитик бир да партия толук кандуу жеңишке жетпей, парламентте көпчүлүк мандатка ээ болбой калышы да мүмкүндүгүн айтат. 

Акеров келе жаткан парламенттик шайлоого даярдыктар "кызыл чеке болгон" талаш-тартыштар менен коштолорун айтты.

А

кыркы шайлоодо Жогорку Кеңешке беш партия өткөн (120 мандат). Алардын ичинен көп мандатка ошол кезде Камчыбек Ташиев жетектеп турган "Ата-Журт" (28 мандат), экинчи орунду ал кезде Алмазбек Атамбаев жетектеген КСДП (26 мандат) алган. Үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи орунду Өмүрбек Бабанов жетектеген "Республика", Феликс Кулов жетектеген "Ар-Намыс" жана Өмүрбек Текебаев жетектеген "Ата Мекен" партиялары өз ара бөлүп алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0