Кубан Абдымен, журналист, политолог

Премьер-министрдин керексиз отставкасы

140
(жаңыланган 20:46 24.04.2015)

Кубан Абдымен, журналист, саясат таануучу

Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев өзүнүн отставкага кете тургандыгы жөнүндө парламент министрлер кабинетинин өткөн жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапкандан кийин билдирген. Өкмөттүн жасаган иштери тууралуу отчёт берип жатып, ал "көпчүлүк коалицияга татыктуу премьер-министрди тандоо мүмкүнчүлүгүн берүүнү чечтим" деп айткан.

"Мен дайыма республиканын жыргалчылыгы үчүн иштөөгө аракет кылдым. Отчётту канааттандырарлык деп тапканыңыздар үчүн ыраазымын", — деди депутаттарга Оторбаев.

Бул жолу фракция лидери жана Оторбаевдин башкы коргоочусу Өмүрбек Текебаев аны өз кесиптештеринин астында коргой алган жок же коргогусу келген жок. Фракциянын Жогорку Кеңеште өзүн токтоо кармашы Оторбаевдин отставкасы жөнүндө маселе аларсыз чечилгенин билдирди. Парламенттин отурумунда Текебаевдин катышпагандыгы премьердин бул кадамы тууралуу чечим мурдатан эле кабыл алынганына далил болду.

Оторбаевдин кетиши маанилүү эки окуянын алдында турган Кыргызстандын мындан аркы тагдыры тууралуу суроолорду жаратат. Биринчиси — 8-майда республика Евразиялык экономикалык биримдиктин толук мүчөсү болгону турат. Экинчиси — "Кумтөр" маселеси эми кайра эки айрылышта калды. 

Кыргызстан ЕАЭБге кирер алдында

Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу боюнча сүйлөшүү процессинде талкууланып жаткан суроолордун басымдуу бөлүгү чечилип, өлкөнүн биримдикке кириши жөнүндө келишимге расмий кол коюу гана калган. Өлкөнүн аткаруу бийлигинин азыр отставкага кетиши мүчө болуу мөөнөтүндө айрым өзгөрүүлөргө алып келүү коркунучун туудурат. Премьер-министр Оторбаевдин республика ЕАЭБге кирер алдында кетиши — Бишкектин өз ара жөндөштүрүлгөн саясатынын жоктугу. Бул фактыны көпчүлүгү моюнга алып жатат жана ал көп нерселерди, анын ичинде мамлекетте бийлик бутактарынын ортосундагы тирешүүчүлүктүн бар экенинен кабар берет. Ошентсе да, Кыргызстандын президентинин тегерегиндегилер республиканын ЕАЭБге кирүү жөнүндө кабыл алынган чечими премьердин кетишине байланышкан абалга карабай, өз нугунда болот деген бекем ишеничин билдирүүдө. Анан калса, өлкөнүн ЕАЭБге кошулушу боюнча даярдыкка жооптуу болгон экономика министри Темир Сариевдин бардык баштаган иш-аракеттери улантыла тургандыгын көрсөтөт. 

"Кумтөр" – бийликтегилерге жолтоо болууда

Компаниянын азыркы жетекчилигинин психологиясы менен жакшы тааныш болгон тоо-кен иштери боюнча адистер жана "Кумтөрдүн" мурдагы менеджерлери өкмөттүн отставкасына байланыштуу түзүлгөн кырдаал аларга дем алууга мүмкүндүк берет деп эсептешет.

Оторбаевдин Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешине сунушталган талапкерлери Бишкекке келип, кендин айланасында болуп жаткан абал менен таанышты. Бирок, алар парламент тарабынан толук колдоого алынган жок. Эми алардын дайындалышы такыр эле түшүнүксүз болуп, жаңы талапкерлерди тандоо жок дегенде күзгө калды. Кызыктуу жагдай, директорлор кеңешине мүчө болууга татыктуу болгон талапкерлерди "Кумтөрдүн" жетекчилиги Ысык-Көлдүн тоосунда жайгашкан кенге киргизбей койгону болду. Ал арада "Кумтөр" маселесин чечүүнүн зарылчылыгын түшүнгөн адистер президент Алмазбек Атамбаевдин директорлор кеңешин алмаштыруу боюнча сунушка көпкө чейин үн катпагандыгы аталган маселени толук жөнгө салуу үчүн Оторбаевге кандайдыр бир карт-бланш берилиши мүмкүн деген пикирди билдиришет. Бирок, окуянын башка нукта өөрчүшүнө кызыккан таасирдүү күчтөр буга жол береби же жокпу, аны эч ким айта албайт. Анткени "Кумтөр" маселесин чечүү боюнча Оторбаев сунуштаган вариант аталган компаниянын азыркы иш схемасынын сакталышына кызыккандардан башка баарына пайдалуу болмок. Эми муну Оторбаев өзү да жакшы түшүндү.

Өкмөт мүчөлөрүнүн отставкага кетүү толкуну

"Маанилүү саясий каармандар өз эрки менен кызматтан кетиши жаман практика эмес", — деп билдирди Оторбаев өзүнүн билдирүүсүндө. 

Өз чечими менен ал ашыкча шаан-шөкөтү жок эле иштен кеткен саясатчы катары Кыргызстанда болуп көрбөгөндүй үлгү көрсөттү. Бирок бул жерде ошондой эле абалда калган анын Маммүлк министри менен аргасыз салыштыруу пайда болот. Парламент алдында отчёт берерге жакын Оторбаев республиканын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Дүйшөн Ирсалиевди ишинен алган. Ал премьер-министрдин Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинин курамын анча таанымал эмес чет элдиктерге алмаштыруу сунушуна каршы болгон жана бул туурасында ачык айткандыгы үчүн "субординацияны сактабагандык" жана "кызматтык маалыматты" ачыкка чыгаргандык үчүн ишинен алынган. Ирсалиевдин башкы көйгөйү – ал премьердин айтканын укпай, жаңы талапкерлер көрсөтүлгөн катты акционерлердин жалпы жыйыны алдында канадалык компанияга жөнөтпөй койгондугунда. Убакыт өтүп кеткендиктен, "Кумтөр" маселеси кайрадан чечилбей калды. Бул жолу Оторбаевдин өзү аталган маселе боюнча азчылыктын катарында калып жана айрым талдоочулардын айтымында, "өлкөнүн саясий жетекчилер арасында колдоо таппады".

Эксперттер буга далил катары Ирсалиев "жогорудан" болгон колдоо болмоюн иштен кетмек эмес деген ойду айтышат. Ошол эле учурда Оторбаевдин оор абалга туш болгону, ал абалдан парламентте көпчүлүк коалициясынын, же президенттин колдоосу менен гана чыга алары түшүнүктүү болгон. Бирок, жагдай андай нукта кетпеди. Сыртынан тон бычып кабыл алынган чечимдер Оторбаевди өзүнүн кетишинжарыялоого аргасыз кылды. Бирок, ал "Кумтөрдүн" айынан эле отставкага кетти деп айтууга болбойт. Оторбаевди "чечкинсиз экен, өкмөттөгү көп маселелерди орун басарларына тапшырып коюп, өзү инвестицияларды тартуу менен гана алектенди" дегендер да көп болду. Бирок жасалма стабилдүү абалга ээ республикага инвесторлорду кызыктыруу оңой эмес, ошон үчүн Оторбаевге өкмөттүн бардык багыттары боюнча отчёт берүү кыйынга турду. 

Оторбаев Кыргызстандын өкмөт башчылыгына 2014-жылдын апрелинде келген. Ага чейин ал биринчи вице-премьер-министрлик кызматта Жантөрө башында турган өкмөттүн экономикалык тармагына жооп берген. Өкмөттүн курамына аны "Ата Мекен" фракциясы көрсөткөн. Аталган фракция коалициялык көпчүлүктүн курамына мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов 2012-жылы кеткенден кийин экинчи жолу аракет жасап кошулган.

"Кумтөрдүн" келечеги жөнүндө жана алдыдагы парламенттик шайлоо маселелерин чечүү өлкөдө туруктуу аткаруу бийлигинин болушун талап кылган. Эми бул жок, жана өкмөттүн жаңы курамы качан, кандайча түзүлөрүн айтуу кыйын. Анан калса, "Ата Мекен" фракциясынын өзгөчө пикирин эске алганда, азыркы көпчүлүк коалициясы да тарап кетиши мүмкүн деген кооптонуу бар. Анда министрлдер кабинетинин жаңы курамын гана эмес, башкаруучу коалицияны да түзүү татаал болот. Дал ушул себептен улам, парламенттик шайлоо алдында Оторбаевдин отставкасы керек эмес эле. 

140
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, Кумтөр, Centerra Gold Inc, Темир Сариев, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Ирсалиев, Өмүрбек Бабанов, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев
Тема:
Жоомарт Оторбаевдин отставкага кетүүсү (13)
Тема боюнча
Эксперт: Оторбаевдин кетиши күзүндөгү шайлоого байланыштуу болушу мүмкүн
НАТО желеги. Архив

"Талуу жерден согобуз": НАТО эмнени көздөп турат?

174
(жаңыланган 12:15 25.01.2021)
Аскердик контингентти көбөйтүү, армиялык инфраструктураны куруу жана эл аралык консолидацияны өрчүтүү... 2021-жылы НАТО Россиянын батыш чек араларына кысым көрсөтүүнү күчөтөт.

Быйыл май-июнь айларында альянс кансыз согуш убагынан берки ири – Defender Europe 2021 машыгууларын өткөрөт. Масштабы боюнча кем калышпаган Россия менен Беларустун сентябрга белгиленген "Запад-2021" биргелешкен машыгуулары аларга жооп болот. Булардын баары эмне менен аяктаарына Андрей Коц сереп салган.

Машыгуу майданы — Европа

Defender Europe 2021 окууларында мурдагыдай эле Чыгыш Европа жана Прибалтикадагы коргонуу жана чабуул коюу операцияларына көнүгүшөт. Машыгуулардын "уламышына" ылайык, НАТОнун күчтөрү Калининград облусуна чабуул коюп, Россиянын батыш облустарын бөгөттөшөт, ошондой эле "орустардын топтоштурулган чабуулун" чагылдырышат.

Өткөн жылдардан айырмаланып 2021-жылы Чыгыш Европага эмес, Түштүк Европага өзгөчө көңүл бурулат. Машыгуулар Черногория, Косово жана Албанияга пландалган. Болгария жана Румынияда абадан коргонуу тутуму боюнча жана "жер – жер" классындагы ракеталарды атууга машыгышат. Венгрия "согуш" үчүн терең тыл катары кызмат кылат.

Америкалыктар Европага бир далай күчтөрдү, анын ичинде 1-кавалериялык жана 82-аба-десанттык дивизияларын жеткирет. Атлантика аркылуу ар кыл багыттагы жүздөгөн бирдик аскердик техника жөнөтүшөт. Мындан тышкары, Флорида штатынан 53-пехоталык бригаданы алып барышат. Америкалыктар машыгуулардан кийин куралдардын бир бөлүгүн мурда да кайталангандай, Европада дагы "унутуп" калышары ажеп эмес. Адистердин пикиринде, Пентагон ушундай жол менен аймактагы чабуулдук мүмкүнчүлүктөрүн жыл сайын көбөйтүп келет. Defender Europe 2021ге жооп иретинде Россия жана Беларусь быйыл сентябрда "Запад-2021" машыгууларын өткөрмөкчү.

Апта башында Беларустун коргоо министри Виктор Хренин "чогуу машыгуулар жогорку урбанизацияланган жерлерде бирдиктүү штурмдук бөлүктөрдүн биргелешкен аракеттеринин жаңы ыкмаларын сыноого", ошондой эле "курал жана техниканын жаңы жана заманбап үлгүлөрүнүн майнаптуулугун баалоого" мүмкүндүк берерин айтып чыкты.

Минскиден белгилешкендей, стратегиялык машыгуулар "Беларусь менен Россиянын коргоо мекемелеринин бекем союздук мамилелерин жана союздук мамлекеттин аскердик коопсуздугун камсыздоого карата бирдиктүү көз караштарын чагылдырат".

Күч көрсөтүү

Эки тарап тең машыгуулардын кайсы бир мамлекет жана аскердик блокко каршы багытталбагандыгы жөнүндөгү көнүмүш дипломатиялык билдирүүнү пайдаланышкан жок.

Калининградга НАТО күчтөрү тарабынан чабуул жасоону машыгуу жана россиялык аскерлерди шаардагы кармашка даярдоо кимдин  ким менен согушарынан так кабар берип турат. Албетте, толук масштабдуу куралдуу жаңжалдын мүмкүндүгү аз, бирок абдан реалдуу. Адистердин пикиринде, 2021-жылы НАТОнун аракеттерине АКШдагы бийликтин алмашуусу түз таасир этет. Дональд Трамптын тушундагы төрт жыл ичинде түндүк атлантикалык блоктун биримдиги кыйла чабалдай түшкөн.

Ак үйдүн мурдагы кожоюну эң оболу америкалык кызыкчылыктарды көздөй турганын жашырбай, ал түгүл альянстын курамынан чыгуу мүмкүндүгүн да кыйытып келген. Мындай риторика Европаны катуу тынчсыздандырып, Европа биримдигинин армиясы жөнүндөгү маселени кайра көтөргөн. Жаңы президент баарын оңдоого тырышары айдан ачык.

"Россия менен НАТОнун ортосундагы мамиле быйыл начарлайт, — деп эсептейт Геосаясий көйгөйлөр академиясынын биринчи вице-президенти Константин Сивков. — Байден альянсты калыбына келтирип жана мобилдештирүүнү көздөйт. Ал эми бул үчүн тышкы душман зарыл. Кытай өтө ыраак болгондуктан Россия бул ролго баарынан ылайык келет. Сырткы кастын образы Вашингтонго америкалык коомдун башын бириктирүү үчүн да зарыл".

Акча табуу

Анткен менен эксперттер чындыгында НАТОнун Россияга карата көрүнүктүү агрессивдүү пландары жок деп эсептешет. Ал эми альянсты дагы кеңейтүү америкалыктар үчүн — акча табуунун жана Европаны өзүнө дагы бекем кармоонун ыкмасы. Вашингтон Трампка чейинки доорго кайтып, Эски дүйнөнүн (Европа, Азия жана Африка) иштерине кийлигишүүнү күчөтөт.

"Менимче, быйыл НАТО аскердик уюмдан кандайдыр глобалдык корпорацияга айланууну көрсөтөт, — деп түшүндүрөт саясат таануучу-американист Сергей Судаков. — Альянстын негизги көйгөйү – каржылоо мурдагыдай эле актуалдуу. Ким акысын төлөсө, ошонун обону созулат эмеспи. Уюмдун бюджетинин үчтөн бир бөлүгүн АКШ камсыздайт, бул эч кимге жашыруун эмес. Чыгымдары триллион доллардан ашып кеткенин биз жакшы билебиз. Эң оболу Вашингтондун айынан... Европа мамлекеттери аскерлер үчүн кургак азыктарга чейин АКШдан күтүшөт. Муну эбегейсиз америкалык коргоо бюджети колдойт, анткени НАТОнун кызыкчылыгына иштеген корпорациялар ири киреше табышат".

Эксперт түндүк атлантикалык альянстын ишмердиги эмитен эле бир чөнтөктөн экинчисине салып жаткандай көрүнөрүн да белгиледи. Вашингтон НАТОго каражат бөлөт, союздаштары ага америкалык техника жана куралдарды сатып алат, башка аргасы жок.

Байдендин тушундагы АКШ үчүн Европа аскердик өндүрүмдү өткөрүүчү негизги рыноктордун бири бойдон калат. Демек, океандын ары жагынан антироссиялык риториканын күчөшүн күтө берсе болот. Бирок адистердин көпчүлүгү Вашингтон жана Брюсселде күчү жагынан дүйнөдөгү экинчи армиянын күчүн чындап сыноо чечилери арсар деген ойдо.

174
Белгилер:
сокку, машыгуу, Аскер, НАТО, Россия
Тема боюнча
"От менен ойногондой". НАТО эмнеге Россиянын чек арасында машыгат?
Афганистандагы АКШ аскер кызматкерлери. Архив

"Россияны жеңүүнүн ыгын таптык". Пентагон кандай ишке киришти?

195
(жаңыланган 11:06 20.01.2021)
Америкалыктар атомдук энергетиканын аскердик багытын өрчүтүүнү чечишти. Тактыдан кетерден мурун президент Трамп куралдуу күчтөр жана космосту изилдөө үчүн кубаттуулугу азыраак өзөктүк реакторлорду иштеп чыгуу жөнүндөгү жарлыкка кол койду.

АКШ атомдук энергияны аскердик-деңиз күчтөрүнөн башка багыттарда жарым кылымдан бери алгач ирет колдонгону турат. Вашингтонго жаңы тыгыз реакторлордун зарылдыгы эмне экенине сереп салган Андрей Коцтун макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Резервдик булак

АКШнын Куралдуу күчтөрүндө суу алдындагы кайыктар жана авиаташуучулар атомдук реакторлор менен жабдылган. Мындан улам америкалык флоттун эң ири вымпелдеринин деңизде жүрүү убактысы дээрлик чектелбейт.

Өзөктүк энергияны бөлөк өлкөлөрдүн да аскердик-деңиз күчтөрү пайдаланат. Мисалы, француздарда "Шарль де Голль" авиаташуучу, ал эми Россияда "Петр Великий" оор ракеталык крейсери атомдук күч менен жүрөт. Бирок АКШда атомдук күч менен жүрүүчүлөр алда канча арбын. Америкалыктар бул жетишкендиктери менен токтоп калбайт.

"Президент Трамптын көрсөтмөсү менен аз кубаттуулуктагы атомдук реакторлордун чыгымдары боюнча алып караганда Коргоо министрлиги өлкө ичиндеги аскердик объектиде энергетикалык ийкемдүүлүк жана майнаптуулукту көрсөтүү планын иштеп чыгып жана ишке ашырмакчы. Ошондой эле аз кубаттуулуктагы мобилдик реакторду сынайт.

Энергиянын мындай булактары күн энергиясын, ошондой эле коргонуу тармагында колдонууга мүмкүн болбогон алыскы космосту изилдөөдө алмашкыс", — деп маалымдашат Ак үйдүн басма сөз кызматынан. Тыгыз өзөктүк реакторлор дал эмнеге керектелгенин АКШ бийлиги так кабарлабайт. Белгилүү defensenews.com порталынын эксперттери кеп армиялык базалардагы резервдик кубаттоо булактары жөнүндө деп эсептешет.

Эгер аскердик объектиде электр энергиясы жоголсо, реактор өтө маанилүү жабдыкты энергия менен камсыз кылат. Жарлыктын текстине ылайык, адистердин пикиринде биринчи прототипти сыноолор жарым жыл ичинде АКШдагы ири – Невада полигонунда башталууга тийиш.

Космосту багындыруу

Secure World Foundation коммерциялык эмес уюмунун космостук коопсуздук маселелери боюнча эксперти Брайан Уиден узак, анын ичинде учкуч тескеген, Ай, Марс жана башка планеталарга учуштарда өзөктүк энергиясыз болбостугун эскертет.

Келечекте жерден тыш (башка планеталардагы) биринчи колониялар үчүн реакторлор керектелет. Айрым адистер жаңы технологияларды орбиталык курал платформаларында пайдаланууга болорун эсептешет. Негизинен бул сценарий космосту потенциалдуу согуш талаасы катары караган АКШнын Космостук күчтөр агрессивдүү доктринасына сыярлык.

"Америкалыктарга бул биринчи кезекте космостук максаттарда зарыл деп боолголойм, — дейт РФтеги "Арсенал Отечества" журналынын башкы редактору Виктор Мураховский. — Бизде "атомдук реактор" деген сөз айкашы башка маанини туюндурат. Биринчиден, бул – уранды ок-жайлатуучу менен бөлүнүүнүн удаалаш реакциясынын жана кубаттуулукту жөнгө салуунун негизинде иштеген түзүлүш. Россияда мындай орнотмолор "Буревестник" жана "Посейдон" үчүн жасалган. Экинчиден, бул – спутник, радиобуй (маяк) жана метеостанцияларда колдонулган изотоптук өзөктүк энергия булактары. Алардын майнаптуулугу азыраак, антсе да анчалык күчтүү жаркырабайт".

Эксперт АКШда 1950-60-жылдарда СССРде да учактар үчүн чакан өзөктүк реакторду иштеп чыгууга аракет кылышканын эске салат. Бирок андай долбоорлордон баш тартышкан, бир эмес, ал түгүл эң чоң учак да экипаждын биологиялык коргоо тутумунун жүгүн көтөрө алмак эмес. Ошондуктан реакторлорду колдонуу ири кемелер менен чектелген.

Мураховскийдин айтымында, азыркыга дейре дүйнөнүн бир дагы өлкөсү учкуч айдаган учактарда, сыйымдуулугу азыраак кемелерде жана жердеги транспорттук каражаттарда пайдаланууга мүмкүн болгон чакан реакторлорду (бөлүнүү реакциясына) жарата алган эмес.

Ошол эле убакта эксперт америкалыктар россиялык "Буревестник" жана "Посейдондорду" кайталоону каалай тургандыгынан шек санайт. "Бул системалар болушунча спецификалык, — деп түшүндүрөт ал. — Аларды агрессор өзөктүк согушту тутанткан шарттарда кепилденген жооп иретиндеги сокку жана ракетага каршы коргонуунун батыш тутуму үчүн жасашкан. Америкалыктарда алардын максаттарына төп келчү куралдар ансыз да жетиштүү".

Радиация көйгөйү

Өзөктүк күч түзүлүшүн кезегинде континенттер аралык Convair B-36 стратегиялык бомбалоочу учагы үчүн иштеп чыгышкан. Алар 1949-жылдан 1959-жылга дейре АКШнын Аскердик аба күчтөрүндө турган.

NB-36H учуучу лабораториясынын тумшук бөлүгүнө 12 тонналык коргоочу капсуланы орнотушкан. Ал эми ыкчам нейтрондогу бир мегаватт кубаттуулуктагы, диаметри 1,2 метрлик, 16 тонналык реакторду бомба жайгаштырылчу бөлүгүнө коюшкан.

Ал учушта коё берилип, учактын бортундагы аба топтогуч аркылуу кирген атмосфералык абада муздоого тийиш эле. Эксперименталдык машина 47 ирет учкан, бирок өзөктүк кыймылдаткычын кыска убакытка гана жандырышчу. Демилге дурустай эле көрүнгөн. Мындай учуучу аппаратты бир нече сутка кошумча май куюлбастан абада аскердик күзөт өтөй алчу стратегиялык бомбалоочу же чалгындоочу учак катары да колдонууга болмок. Бирок көйгөйлөрү өтө көп эле. Биринчиден, ар бир атомолет – маңызында бөтөнгө эмес өзгө да кулап калышы толук ыктымал "ыплас" бомба. Экинчиден, абада да эксперименталдык борттун "этеги" радиоактивдүү заттарга толо эле. Акыры, экипаж баары бир катуу нурланчу. Өзөктүк куралды жеткирүүнүн негизги каражаты катары континенттер аралык баллистикалык ракеталардын өнүгүшү атомолеттордун татаал жана кооптуу программасынын келечегине биротоло бөгөт койгон.

АКШда өзөктүк реакторду жердеги техникага да орнотууга аракет кылышкан. Жыйырма беш тонналык Chrysler TV-8 танкын эч качан массалык түрдө чыгарышкан эмес, ал алты штаттык тутумдар менен жабдылган толук өлчөмдүү макет түрүндө гана болгон.

Машинаны кыймылга буу кыймылдаткычы келтирмек, жылуулукту ага чакан атомдук реактор берип турган. Антсе да америкалык аскерлер Chrysler корпорациясынын куралчыларынын инновациялык маанайын баалай алышкан эмес. Танкты өтө эле татаал деп таап, ал эми анын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн кадимки машиналардан баш тартууга жетишсиз деп баалашкан. 1956-жылдын 23-апрелинде TV-8 долбоорун жаап салышкан.

195
Белгилер:
армия, АКШ, танк, Пентагон, Россия, асман, курал
Тема боюнча
6-муундагы кубаттуулук. МиГ-41 качан көккө кое берилет?
Рейхстагдын байкоо жеринде кишилер. Архив

Германия Кыргызстандын карызын кечет, бирок бир шарты бар 

0
(жаңыланган 00:11 27.01.2021)
Өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия макулдугун берди.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.

Руководитель Управления государственным долгом при Министерстве финансов Руслан Татиков во время беседы на радио
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.

Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.

0
Белгилер:
Руслан Татиков, Тышкы карыз, Германия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан карыз төлөөнүн эң жогорку чегине качан жетет? Расмий жооп