Федоров: өлкөнүн коопсуздугу танк менен пушкалар эмес

© из личного архива ФедороваПолковник милиции Дмитрий Федоров
Полковник милиции Дмитрий Федоров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен өз ара мамилелер, Кыргызстандын чек ара көйгөйлөрү жана ЕАЭБге кошулуунун коопсуздук маселелери туурасында ички иштер министринин мурдагы орун басары, КРдин президенттик администрациясынын коргонуу, коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы ой толгойт.

Дмитрий Федоров. Ички иштер министринин мурдагы орун басары, КРдин президенттик администрациясынын коргонуу, коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы.

Танкалар болуп туруп, алар үчүн күйүүчү май болбосо, демек, бул аскердик техника жокко эсе. Аны иштеткенге май болуп, бирок аны колдонууга жакшы окутулган, психологиялык жактан даяр адистер болбосо, анын пайдасы тийбейт. 

Анан калса, бүгүн башка мамлекетти басып алыш үчүн аскердик күчтөрдү алып кирүүнүн кереги жок, басып алынчу мамлекеттин эли менен жетекчилигин өзүңө баш ийдирип алуу эле жетиштүү. Бизде эмне болуп жатат? Бардык маселелерге Батыштын акчасына түрдүү изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткандардын көзү менен карайбыз. Түрдүү нааразылык акцияларын өткөрүүчү жарандык коом да ошол эле акчага күн көрүп жатат. Демек, биз өз көйгөйлөрүбүздү буюртма берүүчүнүн жана каржылоочунун көзү менен көрүп жатабыз. 

АКШнын достору болушу мүмкүн эмес 

Вашингтондун максаты – Россиянын башка өлкөлөр менен ымалалаш болушуна жол бербөө. Бул жагынан РФ менен Германиянын жакындашуусу баарынан коркунучтуу. Бирок Кытай, Индия жана Латын Америка өлкөлөрү менен тил табышып кетиши да АКШны андан бетер тынчсыздандырат. Америка бир нече багытта иштөөгө аргасыз, ошондуктан ал жок дегенде кичинелеринен баштап, өзү үчүн маанилүү болгон Россиянын жер-жерлердеги эски досторун жеңип жатат.

Бүгүн Россиянын өз мекендештерин Кыргызстандан көчүрүп кетүү программасын иштеп чыгуусу керекпи же жеринде экономиканы өнүктүрүүгө шарт түзүш пайдалуубу деген эки айрылыш жолдо турат. Вашингтон менен Москванын ортосундагы айырмачылык — Кыргызстанга жумшап жаткан акчанын санында эмес, алардын максатында. Эгер Москва маселени чечүү жолу катары экономиканы өнүктүрүү десе, Вашингтон башка мамлекеттердегидей эле "демократияны" өнүктүрүү шылтоосун айтып, чынында мамлекетти бөлүп-жарып, биз үчүн бөтөн баалуулуктарды таңуулоону көздөйт. Америка менен дос болууга мүмкүн эместигин түшүнүү керек. Американын достору жок. 

АКШ конгрессинин ар бир сессиясы Жорж Вашингтондун "Биздин чыныгы саясат – чет мамлекеттик бардык бөлүктөрү жана туруктуу шериктештиктен оолак болуу" деген сөздөрүн окуу менен ачылат. Американын саясатында бул "Сабаттуу өзүмчүлдүк" деп аталып, ар кандай жаңылыш ишенимдерден эркин өзүмчүлдүккө бет алуу дегенди билдирет. Мындан тышкары, АКШнын тышкы саясатын мүнөздөөчү, алдын ала белгиленген анык идеологиялык жолго багыттай турган эки көрсөтмө бар. Бул — Америкага Кудай өзү тапшырган уникалдуу миссия – "маңдайга жазган тагдыр" жөнүндө ойду чагылдыруучу американоцентризм. Жана "кеңейип жылуучу чек аралар" багыты, үстөмдүк кылуу жана таасир көрсөтүү чегин үзгүлтүксүз кеңейтүү идеясы. Ушул негиз түзүүчү баалуулуктар Американын Конституциясында да, "Көз карандысыздык декларациясында" да, "Укуктар жөнүндө Биллде" да чагылдырылган. Ошондуктан эми АКШга жакшы жана акыл-эстүү президент келип баарын өзгөртөт деп күтүп, үмүт кылуунун кажети жок. Президент тактиканы бир аз өзгөртүп, тиги же бул процессти тездетип же жайлантышы мүмкүн, бирок максаты жана стратегиясы өзгөрбөгөн бойдон калат.

АКШнын тышкы саясатынын негизги стратегиясы дүйнөнү Европанын жана Американын таасири астында туруучу эки бөлүккө бөлүү идеясына таянат. Андан кийинки доктриналарды коштогон ураандар "Ким деңизге ээлик кылса, дүйнө ошонуку" (Мэхэндин доктринасы, XIX кылымдын акыры), андан соң "Евразиялык борбор – Жер жүзүндөгү эң күчтүү чеп" (концепция англиялык геосаясатчы Макиндер тарабынан түзүлүп, АКШда 1904 – 1943-ж.ж. басымдуулук кылган). Акыркысы, Евразиялык борбордогу күчтүү мамлекет бүтүндөй Евразияда жана дүйнө жүзүндө үстөмдүк кылат деген ырастоого алып келген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин мындай мамлекет СССР болгонун эске алганда, жогорудагы жобо АКШнын өзү үчүн чоң коркунуч жараткан. Америкалыктар ХХ кылымдагы геосаясий окуяларды эске алып, аны оңдогондон кийин эми ал "Ким периметрге ээлик кылса, Евразияны ошол башкарат, ким Евразияны башкарса, ошол дүйнөнүн тагдырын чечет" болуп калды (30-жылдарда геосаясий үлгү АКШнын Йель университетинин профессору Спайкмэн тарабынан сунушталган). Бүгүн периметр НАТОнун аскер базаларынан турат. Американын Кыргызстанга да байланышкан умтулууларына жооп мына ушул жерде жатат — "Америка Кошмо Штаттары өз коопсуздугун Евразиянын борборуна саясий же аскердик көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү шериктештик системаны колдоо жолу менен камсыз кылышы керек" (жогоруда аталган профессор Спайкмэн сунуштаган геосаясий түзүлүштүн үлгүсү). 

АКШ "душман" деген түшүнүктү кандайча чечмелей турганы кызыктуу. Душман – бул АКШнын калкын "зомбулукка кабылтып", америкалык "жашоо-шартын" бузгандар, АКШнын дүйнөдөгү иш-аракеттерин чектегендер, АКШ кызыккан аймакты басып алып ал жерде үстөмдүк кылууга аракет кылгандар, ошондой эле АКШнын эл аралык өз милдеттерин аткарууга кеткен чыгымдарын жогорулаткандар. 

Ушунун баары АКШнын дүйнөдөгү кыймыл-аракеттеринин башкы принциптерин, "дүйнөлүк тартип" принцибин чагылдырат. Бул ураан АКШ мамлекетинин "Кылымдардын жаңы тартиби" гербдүү мөөрүнө түшүрүлгөн. Немис фашисттери да "жаңы дүйнөлүк тартипти" орнотуу аракетин жасаганын эске алганда, бул таң каларлык угулат. 

Бирок, өзүбүздүн өлкө – Кыргыз Республикасына келели. Көз көрүнөө жаткан коопсуздук маселелер кайсылар?

Чек ара уруксат береби?

Өз эгемендүүлүгүн, коопсуздугун сактоо үчүн куралдуу күчтөрдү чек ара жана ички аскерлерге которуу максатка ылайык болмок. Чек арачыларга абадан кол салууга каршы аскерлерди кошуп, ички аскерлерди өлкөдөгү укук тартибин сактоо үчүн пайдаланып, аларды көчөлөрдө күзөт жүргүзүүгө катыштыруу да туура болор эле. 

Анан калса, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштери дагы эле чечиле элек. Кытай жана казак чек аралары боюнча бизде маселелер жок болгону менен (мамлекеттер аралык макулдашуулардын жана ченем-укуктук иш-аракеттердин бардык баскычтары өтүлгөн), өзбек жана тажик чек араларында абал татаал. Жана бул багытта чыр-чатактарды төмөндөтүүгө шарттар жок. Коңшулардын калкынын жыштыгы өсүүдө. Анан калса, чек ара ал аймакта жашоочулардын үйлөрү жана жер аянттары аркылуу өткөн учурлар да кездешет, мындай абал калк отурукташкан 50 аймакка тиешелүү. Бул айылдардын тургундарын башка жерлерге көчүрүү керек. Бул болсо компенсация төлөөнү, турак-жай курууга жер аянтын берүүнү талап кылат.

Чек араны делимитациялоо менен эле маселе өзүнөн өзү чечилбейт, дагы жасалчу демаркациялоо иштери турат. Мындай учурда чек арада географиялык так координаттарды көрсөтүү менен коштоло турган чек ара мамычалары орнотулат. Мунун баары демаркациялоо жөнүндө келишимге киргизилет. Бул иш-чара татаал жана көп сандагы акча каражатын талап кылат. Баса, чек арада жөн эле 1 чакырым тосмону орнотууга болжол менен 25 миң АКШ доллары кетет. Биздин чек аранын узундугу болсо 4 миң чакырым. Ошондо бардыгы болуп тосмо орнотууга 100 миллион доллар керек. АКШ менен Мексиканын ортосундагыдай жакшы тосмо, мисалы, 1 чакырымы 3 млн. доллар турат! Иш ушуну менен эле бүтпөйт. Чек араны коргоо жакшы инфраструктураны (чек ара иштерин жүргүзүү үчүн жол, байланыш, имарат ж.б. курулуштар) талап кылат. Болгондо да чек араны кайтаруу саясий гана эмес, экономикалык да маселе болуп эсептелет. Экономикалык кооптуулуктун мааниси экстремисттердин кирип келүүсүнөн кем эмес. Өзбекстан өзүнүн Кыргызстан менен чек араларын бекемдөөгө көп каражат жумшайт. Себеби, Кара-Суу базарынан келүүчү контрабандалык кытай товарлары эле өлкөнүн экономикасына жыл сайын 800 миллион доллар зыян келтирерин эсептеп чыгышкан. 

Эмнеси болсо да, чек араны күзөттүү керек, бирок ага акча жок. ЕАЭБге кирүү менен РФтен жардам күтсө болот. Анын үстүнө чек арабыз эми жалпы болуп жатпайбы. Мамлекеттик чек араны россиялык чек арачылар кайтарып, аны каржылоого кеткен чыгымдын 20 пайызын гана Кыргызстан жапкан тажрыйба мурдатан бар. Ушундай бир бөтөнчө жана пайдалуу аутсорсинг болушу мүмкүн. 

Кыргызстандын коопсуздугу үчүн башкы коркунучтардын бири – анын ички иштерине кийлигишүүчүлүк. Элдин мааныйына таасир кылып, башкаруу. Оппозициялык топторду түзүп, аларды каржылоо. Бул Батышка жакпаган саясий тартипти алып таштап, ага ийкемдүүсүн бийликке алып келүү үчүн күчтүү куралга айланууда. Анан ушунун баарына туруштук берүүгө мүмкүндүк жаратуучу, бирок, бизден тартып алууга аракет кылып жатышкан коопсуздуктун материалдык эмес бөлүгүн кантип эстебейсиң. Мен аларды жөн гана санап өтөйүн: улуттук идея жана идеологиянын болушу, тарыхый эс тутум, улуттук баалуулуктардын артыкчылыгы, эмгектин артыкчылыгы, деги эле жалпы маданият. Азырынча батышты жактаган бейөкмөт уюмдарды каржылоо үзгүлтүксүз жана көлөмдүү жүрүп жатат. Өлкөнүн ички иштерине АКШнын элчилиги менен АКШнын мамлекеттик департаментинин колдоосу астындагы Фридом Хаус сыяктуу түрдүү уюмдардын активдүү кийлигишип жатышын да эстен чыгарбоо керек.

Россия, Белоруссия, Казакстан ж.б. менен экономикалык биримдикке кошулуу аркылуу биз чынында аскердик биримдикти да бекемдедик. Анын маңызы – эгер, биримдикке мүчө мамлекеттердин бири агрессияга дуушар болсо, бул Келишимге мүчө бардык мамлекеттерге каршы агрессия катары бааланып, бардыгы тең жардамга келет. Агрессияга туш болгон өлкөгө аскердик да көмөк көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0