Милициянын полковниги Дмитрий Федоров. Архив

Ысык-Көлдүн кызгалдактары же героин экспансиясынын сырдуу кылдары

164
(жаңыланган 11:13 02.06.2015)
Баңги трафигинин РФ үчүн бөтөнчө коркунучтуулугун эске алуу менен бүгүнкү күндө ЖККУ кызматташтыгынын жана эки тараптуу макулдашуулардын алкагында аткарылып жаткан биргелешкен иштер жакшы натыйжаларды берүүдө.

БИШКЕК, 2-июнь — Sputnik. Баңги заттардын Кыргызстанда улам күчөп келе жаткан агымы — бул Афганистанда "террористтик операцияны" колдогонубуз үчүн биздин өлкөнүн төлөп жаткан акысы деп эсептейт эксперт, Наркобизнеске каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын мурагы жетекчиси Дмитрий Федоров.

СССРдин "ак кызгалдактары"

Баңги заттарга байланышкан безнеске каршы күрөшүү боюнча зор тажрыйба совет мезгилинде эле топтолгон. Анкени СССРде биздин республика апийимди өстүрүү боюнча монополист болчу. 

Бүгүнкү күндөгү шарттардын өңүтүнөн алганда ал кезде баңги чеккендар өтө аз болгону менен, апийимди уурдоочулар жана аны ташыгандар көп болгон.

Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасында Карабалта менен "контрабанданын атасы" Байзактын тирешүүсү жана баңгини ташуучуларга каршы биринчи күрөш баяналат эмеспи. 

Анда бир гана так эместик бар — апийимдин өңү кызыл эмес, ак келип, анын кызгыл-көк тарамдары болот.

Ысык-Көлдүн колхоз жана совхоз талааларында дал ушундай түстөгү апийимдер өстүрүлөр эле. Ал эми андан чогултулган чийки зат дары өндүрүш үчүн Чимкенттеги фармакологиялык комбинатка жөнөтүлчү. Эс алуучулар болсо сувенир катары апийимдин кооз жана чоң баштарын алып кетишчү. Андагы тегерете чийиген издер апийимдин сүтү чыгыш үчүн атайын тилгич менен тилгенден калчу. 

Кызыктуусу, СССРде узак убакыт бою апийимди ташуучуларга каршы атайын адистешилген кызматтар же жок дегенде милициянын кылмышкерлерге каршы бөлүмдөрү эмес, социалисттик мүлктү уурдоого жана алып сатуучулукка каршы күрөшүү бөлүмү (ОБХСС) күрөшкөн.

Алардын бул аракеттери ийгилик жаратканы менен зор аянтта өстүрүлүүчү апийимдин түшүмүн толук сактап калуу мүмкүн болбой, уурдоолор массалык түргө айлана баштайт. Буга байланыштуу 1974-жылы Москва менен макулдашып, республиканын жетекчилиги апийимди өстүрүүнү токтуу жөнүндө чечим кабыл алган. Албетте, дагы жапайы анаша бар болчу, бирок кырдаал тездик менен оңоло баштаган.

Ошону менен Советтер Союзу жоюлуп, анан алгач апийимдин, кийинчерээк героиндин агымы Афганистандан башталганга чейин оор баңги зат жөнүндө бир жолу унуткандай болгонбуз. 

Афганистандын "кара жоогазындары"

Акырындап кичинекей агымдар зор ташкынга айлангансып, кечээ эле ири партия деп эсептелген баңги зат эми катардагы эле кармоо болуп калды. Баңги зат ташыгандардын бетин ачып, баңги заттарды алып коюулар кандайча бир нече эсе арбып, ал эми Афганистанда өндүрүлүүчү наркотиктин саны 40 эседен көп өсүп кетти деген суроо туулат. Буга кайсы окуялар түрткү берди жана Афганистанда эмне болуп кетти?

Изилдөөчү Альфред Макклой 1979-жылы ЦРУнун Афганистанда операциясы башталганда "афган-пакистан чек ара аймагы дүйнөдө героин чыгаруучу эң ири жерге айланып, АКШнын баңгиге болгон муктаждыгын 60 пайызга камсыз кылып тургандыгын" айтат.

Макклойдун маалыматына ылайык, Пакистандын өзүндө 1979-жылдагы жокко эсе наркомандардын саны 1985-жылы 1,2 миллионго жеткен. Бул дүйнөдө бардык өлкөлөрдүн ичинен эң тез өсүш эле. 

Баңги соодасын ЦРУ менен катышы бар кишилер көзөмөлдөгөн. Ошондуктан моджахеддер Афганистанда кайсы бир жерди тартып алган сайын, дыйкандарды "революциялык салык" катары талааларга апийим айдоого мажбурлашкан.

Чек аранын башка тарабы болгон Пакистанда афган лидерлери жана жергиликтүү синдикаттар Пакистандын чалгындоо кызматынын коргоосу астында героин чыгарылчу жүздөгөн лабораторияларды көзөмөлдөгөн деп билдирет Федоров.

Он жыл ичинде Американын Баңги заттарга каршы күрөшүү боюнча Пакистандагы бюросу героиндин бир да ири партиясын кармабаган жана бир да адамды камакка алган эмес. 

Дүйнөлүк эксперттердин пикирлери да мындай тыянакты ырастайт.

БУУнун Башкы катчысынын баңги заттарга каршы күрөш боюнча орун басары, Европа парламентинин депутаты Пино Арлакки эмне үчүн Американын баскынчылыгынан кийин апийимди өстүрүү кескин көбөйгөн деген суроого эч ким бул тууралуу айткысы келбейт, бирок Жорж Буштун администрациясы менен Афганистандын талаа командирлеринин ортосунда жашыруун макулдашуу бар болчу деп жооп берген.

Макклойдун баасы боюнча, Американын расмий адамдары өзүлөрүнүн афган таламдаштарына коюлган баңги саткандык үчүн айыптоолорду териштирүүдөн баш тартчу. Себеби, АКШнын саясаты СССРдин Кабулга таасир көрсөтүшүнө каршы күрөшүү кызыкчылыгын көздөгөн. Ал кезде советтик аскерлердин чектелген тобу Афганистанда турган.

1995-жылы Афганистандагы ЦРУнун операцияларын мурда жетектеген Чарльз Коган аталган уюм "кансыз согуштун" кызыкчылыгы үчүн баңги заттарга каршы күрөштү курмандыкка чалганын моюнга алган. Когандын айтымында, алардын "негизги милдети Советтерге мүмкүн болушунча көбүрөөк зыян келтирүү болчу".

ЦРУнун ролу бир топ документтерде айтылганы менен, ички фактыларга басым жасаган БУУнун материалдарында бул жөнүндө эч нерсе жок. Ал эми баңги сатуудан алынып, адалдантылган "нарко долларлар" Азия менен Балкан өлкөлөрүндө көтөрүлүшчүлөрдү каржылоого жумшалган.

"Тайм" журналынын 1991-жылдын 29-июлундагы санында АКШнын чалгындоо кызматынын офицери "булганыч акчалар" Жакынкы Чыгыштын банктарында "жашыруун акчаларга" айлантылып, алардын эсебинен совет-афган согушу учурунда көтөрүлүшчүлөр каржыланган деп ырастаган.

80-жылдарда ЦРУнун Исламабаддагы өкүлчүлүгү дүйнөдөгү эң ирилерден болгон… АКШ Пакистандагы баңги зат сатууларга көз жуумп коюшкан, себеби Афганистандагы моджахеддерге "Стингер" ракеталарын жана башка курал-жарак берүүнү көздөгөндүктөн, Пакистандын жардамына муктаж болчу деген чалгынчы. 

Мурдагы дипломат, Калифорния университетинин профессор Беркли Питер Дэйл Скоттун айтымында, дүйнөдө баңги затты өндүрүүнүн көбөйүшү АКШнын интервенцияларынын кесепети болуп эсептелет.

Американын 1979-жылдагы кыйыр интервенциясынан кийин афган апийимин өндүрүү мурда болуп көрбөгөндөй күч алган, 2004-жылы америкалыктар басып киргенден кийин ошол эле көрүнүш кайталанды.

Мындай өсүшкө таң калуунун кереги жок. Алар болгону Америка аскер же саясий күчүн колдонгон бардык башка жерлерде баңгини өндүрүүдөгү олуттуу көбөйүштөрдү кайталап гана турат.

Ушундай көрүнүш 1950-жылдары Бирмада болгон, анда ЦРУнун кийлигишүүсүнөн өндүрүш 1939-жылдагы 40 тоннадан 1970-жылы 600 тоннага жеткен, Таиландда 1939-жылдагы 7 тонна 1968-жылы 200 тоннага жана Лаосто 1939-жылы өндүрүлгөн 15 тоннадай баңги 1973-жылы 50 тоннага чыккан.

Колумбия да буга айкын мисал болот, ал жерде 80-жылдардан тартып "наркотиктерге каршы күрөштүн" шылтоосу менен АКШ өлкөгө өз куралдуу күчтөрү менен активдүү кийлигишкен. 1990-жылы конференцияда Скотт бул кийлигишүүнүн артынан баңги зат өндүрүү кыскармак түгүл, кайра күчөйт деп алдын ала айткан. 

Колумбияда коканын өндүрүшү 1991 жана 1999-жылдардын ортосунда үч эсе (3.8ден 12.3 миң гектарга чейин), ал эми апийимди өстүрүү 5.6 эсе (0.13 миңден 0.75 миң гектарга) көбөйгөн.

Америкалык калканыч

Эмне үчүн өндүрүш өскөнүн биз билдик. Эми эмне үчүн эч ким күрөшпөйт, жоопкерчилик болсо тиги Америка тарапта жатат деген суроо берип көрөлү. 

Героин миллиарддаган киреше берүүчү бизнес, анын артында дүйнөнүн алп күчтөрү турат. Интерполдун эксперттери берген баа боюнча, афган героинин сатуудан түшкөн киреше жыл сайын 650 миллиард АКШ долларына барабар.

АКШ менен НАТОнун Афганистанда аскер күчтөрү тургандан бери бул өлкөдө героинди өндүрүү жалпы баалар боюнча 40 эсе өскөн.

Афганистанда согуштун жашыруун максаттарынын бири ЦРУ көзөмөлдөгөн баңги соодасын мурдагы деңгээлинде калыбына келтирүү жана наркотик сатуу багыттарын толук көзөмөлгө алуу болчу. 

Мисалы, 2001-жылы наркобарондор менен күрөш жүргүзгөн "Талибан" үстөмдүк кылып турганда, 185 тонна апийим өндүрүлгөн. Ал эми кийинки 2002-жылы эле бул сан 3400 тоннага жеткен.

Афган наркобарондору АКШнын колдоосун пайдаланган мурдагы президент Хамид Карзайдын марионеттик тартибин колдоочулар болгон.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Баңги заттарга каршы күрөшүү жана укук коргоо иштери боюнча бюросунун жетекчисинин мурдагы жардамчысы Томас Швайх 2008-жылы июлда "Нью-Йорк таймс" журналында жарыялаган өз макаласында Афганистандын президенти Хамид Карзай менен Пентагон Афганистанда апийимди өндүрүүгө каршы олуттуу күрөшкө тоскоолдук кылып жатышканы туурасында жазган.

Оттава Университетинин профессору Майкл Хоссудовски өз макаласында АКШ Афганистанга 2001-жылы октябрда киргенден кийин баңгини сатуу кескин өсүп кеткенин айтат.

Американын басма сөздөрү, анын артынан ар түрдүү "эксперттер" менен "серепчилер" түрдүү докладдар менен билдирүүлөрүндө мунун артында Усама бен Ладен жана талибдер турат деп ырастай баштаган. Албетте, өзүнө карата "таразаланган" сын пикир да болгон, бирок, 2000-жылы талибдер БУУ менен биргеликте апийимди өстүрүүгө карата тыюуну киргизгени жөнүндө эч сөз кылышпайт. Ошол тыюунун аркасында 2001-жылы апийимди өндүрүү 90 пайызга кыскарган болчу. 

Ошол жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы баңгиге каршы талибдердин күрөшү ийгиликтүү болгонун моюнга алган. "Талибандын" кулашы менен баңги затты өндүрүү кайра күч алып, АКШ болсо талибдер жөн эле наркотиктердин тартыштыгын жаратып, анын дүйнөлүк баасын көтөрүүнү каалаган деп ырасташкан. Бирок талибдер баңги заттарды топтобогонун аныктаган БУУнун өкүлчүлүгү муну четке каккан.

2001-жылы Афганистанда Ак Үй 3 триллион доллар короткон, ал акча наркобизнеске каршы күрөшкө да жумшалган. Бирок ага карабай, Афганистан дүйнөдө героин өндүрүү жагынан толук лидерге айланды. 

Буга да таң калып болбойт. Анткени АКШ героиндин агымын Кытай менен Россияга бурууга кызыгат.

Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын коопсуздук боюнча орун басары Виктор Илюхин баңги затты өндүрүүгө каршы күрөштү жандандыруу өтүнүчү АКШга жиберилгенин белгилейт. Бирок анын айтымында, АКШнын жообунда колдо бар варианттарды карап жатабыз, мындай аракеттер дыйкандарды талибдердин кучагына салып берет деп кооптонобуз деген сыяктуу бүдөмүк ойлор айтылып, бирок, мындайча айтканда, алардын келтирген себептери болор-болбос нерселер эле.

Баңги заттарын айлантууну көзөмөлдөө боюнча Россиянын Федералдык кызматынын директору Виктор Иванов эмне үчүн АКШ Колумбияда кока өскөн талааларды жок кылууну колдоп, бирок ушундай эле чараларды Афганистанда да көрүүнү каалабай жатышканын түшүнбөстүгүн журналисттере айткан.

Макул, апийим талааларын жок кылуу маселесинде биздин пикирибиз келишпесин, — дейт Иванов, — бирок эмнеге НАТО лабораторияларды жок кылбайт?

Анын айтымында, Афганистандын тоолорунда 200дөн ашык ири лабораториялар бар, ал жерлерде концентрацияланган баңги чыгарылат, бирок аларга эч ким тийген жери жок. Ошон үчүн ал жакта баңги заттарды чыгарууга каршы эч күрөш жүргөн жери жок деген тыянак өзүнөн өзү келип чыгат.

Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин НАТО аскерлеринин бул тармактагы "эч аракет жасабагандыгын" тастыктады.

Анын айтымында, БУУнун Коопсуздук кеңешинин алдындагы Баңги заттарга жана кылмыштуулукка күрөш боюнча башкармалыктын докладындагы маалыматтардан төбө чачың тик турат. Алсак, 2013-жылга салыштырганда апийим өстүрүүчү талаалар жети пайызга кеңейген, алардын түшүмдүүгү тогуз пайызга, түтүк аймактарда 27 пайызга өсүп, баңги өндүрүшү дагы 17 пайызга көтөрүлгөн.

Ошону менен бирге атайын өкүл Россия ШКУ, ЖККУ аркылуу ана Кабул менен эки тараптуу макулдашуулардын негизинде "наркотиктерди мыйзамсыз өндүрүп сатууга каршы күч-аракеттерди кеңейтип жатканын" белгилейт.

Мындай шартта баңги коркунучуна каршы күрөштө өнөктөш деп НАТО жөнүндө айтканда эмне пайда?

НАТОнун базасы бир нерсеге арзыдыбы?

Баңзы заттардын Кыргызстанда улам күчөп келе жаткан агымы — бул Афганистанда "террористтик операцияны" колдогонубуз үчүн биздин өлкөнүн төлөп жаткан акысы.

НАТОнун базасы Кыргызстанда терроризмге каршы коалициянын авиабазасы, кийин АКШнын ААКнын ташуу борбору деген расмий аталыш менен турган мезгилде АКШнын наркотиктерге каршы күрөш боюнча агенттиги (DEA USA) биздин наркотиктерге каршы ведомствону өз көзөмөлүнө каратып алган. Алар КРдин аталган мекемесине олутту техникалык жардам көрсөтүп, эмгек акчаларына кошумча акы төлөшкөн, бирок анын акысына АКШнын федералдык укук коргоо органы кызматкерлерди тандоону жана алардын ишине карата көзмөлдү өзүнө алган.

Аскер базасын жабуу туурасында чечим кабыл алынганда, америкалыктар биздин агенттикке кызыкпай калып, каржылоону да токтотушкан.

Баңги трафигинин Россия үчүн бөтөнчө коркунучтуулугун эске алып, бүгүн Жамааттык Коопсуздук келишими Уюмунун кызматташтыгынын жана эки тараптуу макулдашуулардын алкагында биргелешкен иштер аткарылып, алар жакшы натыйжаларды берүүдө, келечеги да жаман эмес. Мурда болуп көрбөгөн окуя, бирок өзгөчө коркунуч жаратуучу баңги сатуучуларды кылмыш жазасына тарткандыгы үчүн КРдин УКМКсынын кызматкери биринчи жолу Россиянын президентинин Жарлыгынын негизинде орден менен сыйланды.

164
Белгилер:
баңгизат, ЦРУ, ЖККУ, Виктор Иванов, Виктор Илюхин, Дэйл Скот, Беркли Питер, Чарльз Коган, Пино Арлакки, Альфред Макклой, Дмитрий Федоров, Болот Шамшиев, Афганистан
Тема боюнча
Федоров: өлкөнүн коопсуздугу танк менен пушкалар эмес
Пикирлер