Окуу жайдагы окуучулар. Архив

КРдеги чет элдик окуу жайларды аяктагандардан чочулоо керекпи?

275
(жаңыланган 18:39 02.08.2016)
Түркияда аскердик төңкөрүш менен бийликти басып алуу аракети болгондон кийин түрк бийлиги бул тополоңду динаятчы Фетхуллах Гүлендин тарапташтары жасады деп айыптаган. Анын арты менен Түркияда "гүленчилерге" таандык делген университеттер, мектептер, медициналык мекемелер жабылып, миңдеген кишилер жумушунан айрылды.

Түрк бийлиги "гүленчилердин" окуу жайлары бар деген мамлекеттерге да аларды жабуу талабын койду. Андай мамлекеттердин катарында Орто Азиядан Кыргызстан, Казакстан бар.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу "гүленчилердин" мектептери жабылбаса алардын мамилеси өзгөрө турганын айткан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги түрк министринин мындай талабын, өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары баалап, эмне жаман, эмне жакшы экенин ажыратып билүүгө мамлекеттин кудурети жете турганын айткан. Ал эми өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев шарт коюп, өзүнүн талаптарын таңуулоо туура эмес экенин "эгер Түркия ушунча акылдуу болсо, эмнеге өз өлкөсүндөгү баш аламандыктын алдын ала алган жок" деген көз карашын Чолпон-Атада өткөн маалымат жыйында билдирди. 

Түркия мындай талапты Казакстанга карата да айткан. Билим берүү жана илим министрлиги өлкө аймагындагы казак-түрк окуу жайларынын Түркияга эч кандай тиешеси жок экенин айтып, программалары Казакстандын жана эл аралык билим берүү стандарттарына туура келерин билдирген. Казак билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча өлкө аймагында 27 казак-түрк окуу жайлары бар. Алардын баары мамлекеттин көзөмөлүндө экенин эскерткен.

Ал ортодо Казакстандагы казак-түрк мектептеринен Түркиянын дипломаттары өз балдарын башка жакка которуп жатканын tengrinews агенттиги билдирди. Алар мындай кадамга түрк президенти аталган окуу жайлардын Фехуллах Гүлендин террордук уюмуна тийиштиги бар экенин айткандан кийин барышкан.

Кыргызстандагы "Себат" билим берүү мекемесинин да гүленчилерге тийиштиги бар экени коомчулукта айтылып келет. Аталган мекемеден билдиришкендей борбор калаадагы аларга таандык окуу жайларда кимдердин балдары окуп жатканы боюнча маалыматтар жок. Ошентсе да мектептерден балдарын чыгарып алып жаткан ата-энелер болгон эмес.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы "Себат" эл аралык билим берүү мекемеси 1993-жылы өз ишин баштаган. Анын карамагында учурда 16 лицей, үч башталгыч мектеп жана бир университет бар. Ал жергиликтүү билим берүү мекемеси болуп саналат жана Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен программанын гана негизинде ишмердигин жүргүзөт. Аталган мекеме ачылгандан бери аны 13 миңден ашык окуучу аяктаган. 

Башка мамлекеттин, чакан топтун таламын талашкан элита пайда болушу мүмкүн

Саясат таануучу Марс Сариев КРдин билим берүү министрлиги каражаттын жоктугунан билим берүү жагын жакшы колго ала албай жатканын айтат. Бул өз кезегинде келечекте коомдо кандайдыр бир жарылууну алып келиши мүмкүн деген божомолун билдирди.

"Кыргызстандагы түрк окуу жайларын аяктагандар Түркияга, Американын университетин аяктагандар АКШга жана батышка, Кыргызстан — Россия Славян университетин аяктагандар Россияга ыктап, келечекте коомдо пикир келишпестиктер болуп кетиши ыктымал. Андыктан Кыргызстандын баалуулуктарын көздөгөн мектептерди, окуу жайларды ачуу керек", — дейт ал.

Сариев ошондой эле аталган окуу жайларды аяктагандар кийин Кыргызстандын элитасын түзөрүн, андыктан мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн адамдар азыраак болуп, чакан топтун же башка жактын кызыкчылыгын коргогондор көп болушу мүмкүндүгүн белгиледи.

"Азыр биздин аткаминерлердин дээрлик бардыгынын балдары "Себаттын" окуу жайларында окуйт. Учурда бул билим берүү жайлары Кыргызстанда алдыңкы орундарда экенин да эске алышыбыз керек. Ошентсе да "Себатпы" же башкасыбы, баарын көзөмөлдөп туруу керек", — дейт Сариев.

Кооптонуу бар, алдын алуу керек

Коомдук активист Мавлян Аскарбеков Кыргызстандагы чет элдик делген бардык билим берүү мекемелери көзөмөлгө алынып, ал жакта берилип жаткан билим текшерилиши керектигин айтат.

"Башкы маселе Кыргызстандагы чет элдик мектептердин болушу эмес, ошол жакта берилип жаткан билимде. Ал жакта биздин билим берүү министрлиги бекиткен программа менен тарбия берилип жатабы, же башка мамлекеттин идеологиясы, башка таалим-тарбия берилип жатабы деген суроону коюшубуз керек. Андыктан кооптонууга себеп бар, башка мамлекеттер ачкан окуу жайларды текшерип алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл", — дейт ал.

Аскарбеков мындай окуу жайларды аяктагандарды мамлекетке коркунуч туудурат деп кесе айтууга болбой турганын, ошол эле учурда алдын алуу чараларын көрүү керектигин айтат. Ал ошондой эле бул маселелер Коргоо кеңешинде көтөрүлүп, иликтениши кажет деген пикирин билдирди.

"Бүгүн Кыргызстанда көптөгөн диний агымдардын мектептери бар ошолор чындап коркунуч туудурат. Андыктан бул маселе жогорку деңгээлде каралууга тийиш", — дейт ал.

Маалыматтарга ылайык, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан Казакстан жана Кыргызстанда мындай лицейлер жергиликтүү билим берүү мекеме катары иштейт. Андан башка Европада, Африкада, Америкада деги эле дүйнөдө 170тей окуу жайлар бар.

Өзбекстанда 1990-жылдардын башында ачылып, бирок бат эле жабылып калган.

275
Белгилер:
билим берүү, Казакстан, Кыргызстан, Түркия
Тема боюнча
Түрк министринин чакырыгы "Себат" лицейлеринин жабылуусун шарттайбы
Гүлен: Эрдоган жеке басарга айланып баратат
Пикирлер