Коалициянын салмагы жана оппозициянын дарамети: тараза ташы кайсы тарапта?

© AP Photo / Nina GorshkovaКыргызстандын желеги. Архив
Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк коалициясынын куралышы саясий айдыңдагы чыңалууга чекит кое алган жок. Анткени көп жылдык тажрыйбасы жана парламентте салмагы бар Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаевдердин оппозицияга өтүшү көптөгөн суроолорду жаратат. Кененирээк төмөнкү макалада.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кечээ, 3-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы куралып, ага КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракциялары кирди. Ал эми лидер болуп Иса Өмүркулов шайланды. 

Лидер фракции Ата Мекен Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Текебаев: ким "лох" болорун эртең көрөбүз
Көпчүлүк эксперттердин божомолу теңирден тескери чыгып, Өмүрбек Бабановдун "Республика — Ата-Журт" (РАЖ) фракциясы оппозицияда эле калмай болду. Ошентип бүгүнкү парламентте "Ата Мекен", "Өнүгүү — Прогресс" жана РАЖ фракциялары оппозиция тарапка өттү.

Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов жана Бакыт Төрөбаевдердин оппозиция болушу бийликке кыйынчылык жаратпайбы? Оппозициянын алдыда кандай пландары бар? Деги эле кандай оппозиция болот? Аталган суроолорго жооп издеп көрдүк.

Жаңы түзүлгөн көпчүлүк коалициясынын лидери Иса Өмүркулов Sputnik Кыргызстан агенттигине оппозиция өкүлдөрү жеке адамдын аброюна асылбай, конструктивдүү иштесе функциясын аткара турганын айтып берди.

© Фото / пресс-служба СДПКЖаңы түзүлгөн көпчүлүк коалициясынын лидери Иса Өмүркулов
Депутат ЖК 6 созыва от фракции СДПК Иса Омуркулов - Sputnik Кыргызстан
Жаңы түзүлгөн көпчүлүк коалициясынын лидери Иса Өмүркулов

"Оппозиция сөзсүз түрдө болушу керек. Ал коомдун жана демократиянын өнүгүшүнө зор салымын кошот. Бирок оппозиция конструктивдүү сунуштарды бериши зарыл. Бир гана кооптонгонум — жеке адамдын, президенттин аброюна асылышпаса болду. Конкреттүү иш боюнча сунуштарын айтканда гана оппозиция өз функциясын аткарат. Кеп кишилердин аз же көбүндө эмес, өкмөттүн ишмердүүлүгүндө болот. Өкмөт алсыз жактарын көрсөтпөй жакшы иштеши керек", — деди Өмүркулов.

Эл өкүлү жаңы түзүлгөн коалициянын боосу бекем болорун кошумчалады. 

"Биз коалицияны түзүп жатканда бир түшүнүккө келдик. Ага ылайык, маанилүү маселелер боюнча толугу менен бир болобуз. Коалицияга кирер алдында фракция лидерлери, мүчөлөрү бул бийик кадамды түшүнүп, жоопкерчиликти сезип, анан жасады деп ойлойм. Ошондуктан коалициянын курамы бекем болот", — деди Өмүркулов. 

Ал эми "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев оппозиция бир гана сындарды айтпай, өкмөткө да жардам берерин билдирди.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев
Собрание народного курултая в Русском драматическом театре в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев

"Оппозиция тескерисинче өкмөткө жардам бериши керек. Биз коалицияга кирбегенибиз менен мыйзам долбоорлорун жазып, экономиканын өнүгүшүнө салым кошуу оюбуз, планыбыз бар. Биз аны жасайбыз. Бирок ошол эле учурда өкмөт туура эмес иштерди жасап, өзү бекиткен пландарды аткарбай жатса айтып чыгып, баа беребиз. Ошондуктан оппозициянын жумушу өкмөттүн ишине тоскоол болбой, тескерисинче, жардам бериши керек", — деди Текебаев. 

Депутат көпчүлүк коалициясында дайым эле бир пикир жарала бербей тургандыгын кошумчалады. 

"Фракция коалицияга көпчүлүк добуш менен кирет. Ал бириндеп кирбей, толук курамы менен аттанат. Албетте, арасында ар кандай көз караштар болушу мүмкүн. "Бир Бол" фракциясы толук курамы менен коалицияга кирди деп эсептелинет. Азыр коалицияда формалдуу түрдө 68 мандат бар. Бирок дайым эле көпчүлүктө бир пикир боло бербейт. Ошондуктан азчылык болуп калышы толук мүмкүн", — деди Текебаев. 

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров оппозициянын классикалык түшүнүгүндө кыргыз парламенти жетиле элек деген ойдо.

Адахан Мадумаров: ЖКда оппозиция жок, жөн гана эл көзүнө роль бөлүшүп ойношууда

"Парламентте оппозиция деген түшүнүк жок. Анткени баарынын көз карашы бир. Жөн гана эл көзүнө роль бөлүшүп ойношу акылга сыйбаган нерсе. Бүгүн оппозиция болуп туруп, эртең позиция болот. Андыктан оппозиция деген классикалык түшүнүктөгү мааниде кыргыз парламенти жетиле элек. РАЖ оппозицияга өтүп баратып референдумду колдой тургандыгын жар салып жатат. Ушул ишенимби?" — деди Мадумаров. 

Экс-спикер оппозициядабыз деген депуттар КСДП фракциясынын демилгелерин колдойт деген пикирин кошумчалады. 

Саясий серепчи Марат Казакпаев көпчүлүк коалициясында көп пикир келишпестиктер чыгып, оппозиция өкмөттүн айласын кетирет деген ойдо. 

"Жаңы коалиция президенттик шайлоого чейин бузулбайт деп айтуу кыйын. Анткени фракциялар ортосунда көп конфликттер чыгышы мүмкүн. Анын баары лидерлердин компромисс табуусунан көз каранды. Ал эми калган үч фракция күчтүү оппозиция болуп берет", — деди Казакпаев. 

Ал ортодо коомдук ишмер Жамин Акималиев бийликтин башка планы бар деген ойдо. 

Жогорку кеңештеги жумуш орун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлердин кимиси ээрден шыпырылып, кимиси такка отурат. Экcперттердин пикири
"Көпчүлүк коалициясы күтүлгөндөй күчтүү болбой калгандыктан улам, бийликтин башка пландары болушу мүмкүн. Себеби бийлик РАЖдын кетип калышына маани берген эмес. Бийликти күчөтүү үчүн референдумдан кийин Жогорку Кеңеш таратылышы мүмкүн. Ошондо гана бийлик оппозициянын күчүн төмөндөтө алат", — деди Акималиев. 

Саясий серепчи Марс Сариев РАЖдын лидери Өмүрбек Бабанов күтүүсүз кадамга барды деген ойдо.

"Баары эле РАЖдын коалицияга кирүүсүн күтүп жатышкан. Бирок Бабанов күтүүсүз кадамга барды. Ал "оппозионер" болумуш этип, президенттик шайлоого упай топтойт. Мындан сырткары, бийлик "Ата Мекен" менен "Өнүгүү — Прогресс" фракцияларына тие турган оппозициянын орундарын РАЖга берип, аларды алсыздатат", — деди Сариев.

Серепчи КСДП "Бир Болду" айласыздан көпчүлүк коалициясына киргизди деген оюн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0