Чет өлкөгө виза алуу оңойбу? Консулдун ишеничине кантип кирүүгө болот?

© Sputnik / Жоомарт УраимовПаспорт гражданина Кыргызской Республики
Паспорт гражданина Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айнура Иманбекова (белгилүү себептер менен аты-жөнү өзгөртүлдү) эки жылдан бери АКШга виза ача албай келет. Бир жылдын ичинде үч жолу маектешүүгө киргенине карабай катары менен терс жооп уккан. Болгону "сиз бизди ынандыра алган жоксуз" деген сөздөрдү угуп томсоруп отуруп калган.

Ал туристтик виза алуу үчүн 2014-жылдын январь, октябрь, декабрь айларында кирген. Бир жылдын ичинде виза алууга жардам берем деген алдамчылардын айынан кредит алып, жалпысынан 10 миң доллардан ашык акча жумшаган. Ортомчулар Айнураны болушунча колдонуп, же визадан, же акчадан жок сыздатышкан.

Сто долларовые купюры в конверте - Sputnik Кыргызстан
АКШга жиберем деп бирөөнүн 6 миң долларын алып кеткен шылуун кармалды
Бирок Айнура азыркыга чейин үмүтүн үзбөй виза алуунун айласын издеп, консул менен маектешүүгө кызуу даярданып жаткан кези. Ал консулду ишендирүү үчүн керек болсо Түркияга кеткен. Анткени АКШ консулуна үчүнчү жолу киргенинде консул ага "сиздин паспортто башка өлкөгө чыгып, кайра кайтып келген мөөр жок экен. Мүмкүн эки-үч өлкөгө чыгып келе турган болсоңуз, сизге виза берүү боюнча ойлонуп көрөбүз. Анткени мамлекетиңизге кайра кайтып келүү ыктымалы далилдүү болот", — деп айткан. 

Мындан улам Айнура айым консулдун ишеничине кирүү үчүн ушул жылдын июнь айында Түркиянын Анкара шаарына улгайган адам багууга иштегени кеткен. Дагы бир башка өлкөнүн мөөрүн паспортуна бастыруу үчүн Германияга барып келе калсамбы деген пландары бар. 

Анда Айнуранын абалы тууралуу сөздү башынан баштасак. 30 жаштагы Айнура күйөөсү менен ажырашып кеткендиктен жалгыз уулун өзү багып, үй-бүлөсүнө дагы кам көрүп келет. Атасы үч жыл мурун инсульт болуп дартка чалдыккан. Аны кайра кыймылга келтирүү үчүн көптөгөн акча керек. Ошондуктан Айнура атасына жардам берүү үчүн АКШга эки жылга барып, акча таап келүүнү көздөп жатат. Ал жакка барса туугандары иш таап берип, колдой турганын айтышкан. 

"Башка мамлекетте ишеничтүү туугандарым жок. Ошондуктан Америкага барайын деп жатам. Атама операция кылдырууга көп акча керек. Кыргызстандан иштеп тапкан акчам жетпейт. Башкаларга окшоп оорулуу адамды көрсөтүп элден жардам сурагым келбейт. Өз күчүм менен иштеп бутуна тургузам деп жатам", — деди Иманбекова.

АКШга виза алуудагы көйгөй көп кездешет. 

Жакында эле "Ата керээзи" тасмасынын чыгармачыл тобу "Оскар" жана "Алтын Глобус" сынактарына катышууга виза ачылбай жатканын коомчулукка жарыялашкан. Анын артынан эле ардагерлер арасында дзюдо боюнча эки ирет дүйнө чемпиону Жаркымбай Шамбетовго виза берилбегендиктен Форт-Лодердейл шаарында (АКШ) өткөн дүйнө чемпионатына катыша албай калганын айтып чыкты.

Ата керээзи тасмасынын продюсерлеринин бири Талантбек Төлөбеков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Талантбек Төлөбеков: АКШга виза берилбей "Оскарга" бара турган топтун маанайы чөктү
Ушундай жагдайдан улам АКШ элчилигине чалып виза алуунун тартиби жана эрежелери тууралуу маалымат алууга аракет кылдык. Телефондон виза берүү маселеси боюнча жооп берген адис маалыматты алардын расмий сайтынан алууга мүмкүн экендигин белгиледи.

Ал эми элчиликтин маалымат кызматы менен байланышып, аталган жарандарга эмне себептен виза берилбей жаткандыгын билүүгө аракет кылдык. Тилекке каршы, маалымат кызматы дагы бул сыяктуу суроолорго эч кандай комментарий бербей тургандыгы белгилүү болду. 

Документ көйгөйү

КРдин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин кызматкери Азат Береналиев бул маселе боюнча төмөндөгүдөй комментарий берди.

"Биз кайсы бир өлкөнүн консулдук иш-аракетине жана чечимдерине кийлигише албайбыз. Бирок айрым учурда кыргызстандык жарандарга документтерин оңдоп-түздөп, тууралап, багыт берүү жагынан жардам беребиз. Бизге кайрылган ар бир адам боюнча элчиликке жеке кат түрүндө кайрылып, виза берүүсүнө кол кабыш кылууга аракеттер болот. Иш жүзүндө көрсөткөндөй виза албай калган кыргыз жарандары көп учурда кайрадан документтерин тапшырган күндө деле виза алышкан эмес. Консул бир гана өзүнүн мамлекетине жооп берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Бирок жаранга ар бир пунктту түшүндүрүүгө милдеттүү эмес", — деди Береналиев.

Кыргызстанга келген туристтер үчүн пайдалуу 10 кеңеш - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга аттанганда: кантип виза алып, турак жай тандаса болот
Ал белгилегендей Кыргызстандын жарандары көп учурда документтерди толтурууда ката кетиришет. Мисалы, кайсы бир жаран АКШга баланы дарылатуу максатын жазса, ага АКШдан туристтик чакыруу каты келет. Ушундай бири-бирине төп келбеген абалдар чыгып калса, консул эч нерсени түшүндүрбөстөн виза берүүдөн баш тартып коюшу мүмкүн. 

"Консул маектешүү учурунда адам менен баарлашып жатып, анын чын эле башка өлкөдө мыйзамдуу жашап, эч кандай мыйзамга каршы чыкпай турганына, бардык талаптарга жооп берерине ынанышы керек. Кандайдыр бир талапка жооп бербеген жагдайды көрсө эле виза ачуудан баш тартып коет", — деди департаменттин өкүлү. 

Бул ойго АКШда жашап жүргөн кыргыз жарандары кошулат. 

Алсак, учурда Калифорния штатынын Сан-Франциско шаарында Сан-Франциско эл аралык университетинде билим алып жаткан кыргызстандык жаран Туратбек Акылбеков виза алуу оңой эмес экенин ырастады. 

"Виза алуу үчүн булардын ишеничине кириш керек. Кайра кайтып келем деген далил көрсөтүү абзел. Айрымдар АКШнын Кыргызстандагы базасын чыгарып салган үчүн виза бербей жатышат деп айтууда. Бул туура эмес. Чынында маселени башка нуктан кароо керек. Кыргызстандын жарандарынын көпчүлүгү айткан сөзүн аткарбай, убактылуу кетимиш болуп, ошол барган өлкөгө калып жатат. Мындай мыйзам бузуулардан улам жогорудагыдай жагдайлар чыгат", — деди Акылбеков.

Ал эми Калифорния штатында IT тармагында билим алып жаткан Нурсултан Каденов аттуу кыргызстандык жаран виза алууда кандай талаптарга жооп берүү керектигин кыскача айтып берди.

Канча учак менен каякка бара алабыз? - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда канча учак каякка каттайт
Анын айтымында, виза алууга аракет кылган адам мурда соттолбогон, издөөдө болбогон, мыйзамдын негизинде жашаган жаран болушу абзел.

"Визага керектүү документтерди кемчиликсиз жана туура даярдоо керек. Мындан сырткары, виза боюнча интервьюга жакшы даярдануу зарыл. Себеби ал жерде жогорку билимдүү адамдар отурат. Аларды алдоо кыйын. Виза ала турган адам шашпашы керек. Эптеп-септеп документ даярдаган болбойт", — деди ал.

Ал эми өлкөнүн намысын коргой турган жарандар эмне себептен виза алган жок деген суроого болжолдуу жооп таптык. 

Өлкөдө кадыр-барктуу туристтик агенттиктердин бири буга АКШда өткөн президенттик шайлоо себеп болушу мүмкүн экендигин белгиледи. Анткени АКШ белгилүү бир жагдайларда өлкөсүнө мамлекеттик кызматкерлерди гана кабыл алып, башка максатта бара тургандарды кабыл алуудан баш тартат. Маалыматка ылайык, аталган компаниянын потенциалдуу кардарларынын бири да октябрь айынан бери виза алган эмес.

КРдин мамлекеттик Миграция кызматынын төрага орун басары Алмаз Асанбаев дагы бул жаатта пикир кошту.

"Бул боюнча чет өлкөлүк эксперттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Эл аралык аренада атайын түшүнүктөр бар. Бүгүнкү күндө бир топ мамлекеттерде террористтик кыймылдарга, агымдарга кирип кеткен жарандар бар. Ар бир мамлекеттин элчилиги өлкөдөгү диний абалга, Сирияга кетип жаткан жарандардын саны жана башка ушул сыяктуу маалыматтар боюнча өздөрүнө рейтинг түзүп алышат. Ошого жараша ар бир мамлекетке ар кандай даражада мамиле жасалат. Жогоруда айтылгандай мамлекеттик деңгээлдеги нерселер болгондо, балким виза берүү кыскартылышы мүмкүн. Анын баары коопсуздук үчүн жасалган иштер", — деди Асанбаев. 

Акыркы маалыматтарга ылайык "Дүйнө сулуусу – 2016" конкурсуна катыша турган Перизат Расулбек кызы экинчи ирет документтерди тапшырып, виза алганын айтып чыкты. Демек, бул жагдайды АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыкталышы менен деп болжолдуу түшүнүүгө болот.

Адистер эмне дейт?

Өлкөдө айрым туристтик компаниялар жарандарга виза алуу боюнча кызматтарды көрсөтүшөт. Республикада кадыр-барктуу ошондой компаниялардын бири виза алуунун жолдорун айтып берди.

Проверка работы северного филиала Центра обслуживания населения в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга келген чет элдиктер милдеттүү түрдө каттоодон өтөт
Адистердин айтымында, туристтик компания кардарларга виза алууда документтерди туура толтурууга көмөк көрсөтөт. Ошондой эле консул менен маектешүүдө адам өзүн кандай алып жүрүүсү керектигин үйрөтөт. Бул кызмат орточо 20 долларга бааланат. Кадыр-барктуу, ишенимдүү компаниялар визаны сөзсүз алып берүүгө сөз бербейт. Белгилүү гана кызматтарын аткарышат. Ал эми 100 доллардан ашык акча сурап, ишиңди бүтүрүп берем деген алдамчы-шылуундарга ишенбей эле койсо болот. 

Анда эмесе виза алууга керек болгон кеп-кеңештерди тизмектей кетсек:

 

  • Маектешүү учурунда кандайдыр бир так эреже жок. Бул консул менен жарандын ортосундагы маек;
  • Консул туристтик негизде виза алууга кайрылган адамдын ал өлкөдө калып калбашына далил издейт. Ошондуктан далилдерди толук көрсөтүү керек;
  • Керектүү документтерди толугу менен берүү керек. Мисалы, банкта атайын эсеп ачуу (жаран жети күнгө кете турган болсо, ар бир күнгө 100 доллардан эсептеп, болжол менен 1000 долларга чейин көрсөтүшү зарыл), банктан справка, социалдык жагдайы, үй-бүлөсү, иштеген жери, киреше булагы, бара турган өлкөдөн атайын кол коюлуп, мөөр басылган, мыйзамдуу чакыруу каты жана башка ушул сыяктуу маалыматтар сөзсүз болушу зарыл;
  • Жаран кайсы бир өлкөгө иштегени кете турган болсо, атайын эмгек визасын ачуусу зарыл. Же окууга кете турган болсо ага дагы өзүнчө виза ачылат. Ошондуктан ар бир адам өзүнүн бара турган максатын белгилеп, ошого тиешелүү талаптарга жооп бергени оң;
  • Айрым мамлекеттерге виза берүүнүн жол-жобосу жана кандай документтер талап кылына тургандыгы алардын сайтында толугу менен көрсөтүлгөн. Алсак, шенген визасын алуу үчүн алардын сайтынан керектүү маалымат алууга мүмкүн. Ал эми АКШ визасын алуу үчүн алардын сайтында толугу менен талаптар көрсөтүлгөн эмес. "Өзүңүз туура көргөн документтерди маектешүүгө ала келиңиз" деген пункт бар. Бул талапты окуган жаран өзү каалаган документтерди алып баруусу мүмкүн (грамота, сертификат ж.б ушул сыяктуу). Бул сыяктуу жагдайларда виза алууну каалаган адам атайын туристтик компанияларды кызматына же мамлекеттик консулдук кызматына же ушул сыяктуу тиешелүү адистерге кайрылганы оң. Же шашпай бардыгын кылдат толтурушу керек;
  • Ишенимдүү туристтик агенттиктер жаранга сөзсүз түрдө виза алып берүүгө сөз бербейт. Көмөктөшөт. Ал эми консул менен маектешүүдө эки адамдын гана баарлашуусу бардык нерсени чечет. Консул виза алууга кайрылган адамды карап туруп эле анын кандай максатта кетип жатканын аныктай алат. Ошондуктан ар бир жаран кандай максатта кете турган болсо, ошого ылайыктуу документтерди даярдап, чындыкты айтуусу зарыл;
  • Консул менен маектешүү учурунда ашыкча сүйлөп, кыймылдоонун кажети жок. Кандай суроо берилсе кыска-нуска жооп берүү оң;
  • "Мен кайтып келем!" деп улам-улам сөз берип, ашыкча эмоцияга алдырбоо керек. Ошенткен сайын консулда шек жарала берет;
  • Консул башка өлкөгө кетүү үчүн виза алууну каалаган адамдын мүнөздөмөсүн интернет аркылуу эле билип коюшу мүмкүн. Социалдык тармактарда катталган адамдар өзү тууралуу интернетке кандай маалыматтарды берип келгенин унутпашы зарыл; 

 

Ушул сыяктуу эрежелерди пайдаланган адамдардын виза алуу мүмкүнчүлүгү чоң.

Кыргызстандыктар визасы жок кайсы өлкөлөргө бара аларын Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0