Тыңчылардын оюну. ЦРУ 50-жылдары Кыргыз ССРинин эмнесине кызыккан

© Sputnik / Игорь Михалев / Медиабанкка өтүүЖаратылышты тартып жаткан сүрөтчү
Жаратылышты тартып жаткан сүрөтчү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЦРУнун чалгынчылары Кыргызстандын экономикасы, айыл чарбасы жана улутчул сапаттары тууралуу убагында эмне деп жазышканын Sputnik агенттигинин материалынан окуңуздар.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы (ЦРУ) 13 миллион барактан турган CREST (CIA Records Search Tool) архивин ачыкка чыгарды. Материалда ЦРУнун 1940-жылдан баштап 1990-жылга чейинки 50 жылдык ишмердүүлүгү камтылган.

АКШ президенти Барак Обама. аРХИВ - Sputnik Кыргызстан
Обама: Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиянын лидери
CREST архивинде ЦРУнун тарыхын, кансыз согуш, Берлин тоннелинин долбоору, Вьетнам жана Корей чатактарына байланышкан маалыматтар сакталып турган. Мындан тышкары, террорчулуктун, дүйнөдөгү аскердик жана экономикалык көйгөйлөрдүн күч алышы дыкат сүрөттөлгөн. Кызыгы, совет доорундагы анекдоттор менен башка планетанын жашоочуларынын пайда болуу мүмкүндүгү тууралуу да жазылган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги архивди карап, кыргызстандыктарды кызыктыра турган бир нече материал таап чыкты.

Торпедо сыналышы мүмкүн делген Ысык-Көлдүн жашыруун сүрөттөрү

Ачыкка чыккан материалдан АКШнын чалгын кызматы Кыргызстандан торпедолор сыналышы мүмкүн делген Ысык-Көлгө абдан кызыкканын көрүүгө болот. "Kirgiz" деген ат менен жыйналган документтер өтө жашыруун маалыматтардын катарынан табылган.

ЦРУ архивинен алынып коомчулукка чыгарылган документтин скриншоту
Скриншот документа из обнародованного архива ЦРУ - Sputnik Кыргызстан
ЦРУ архивинен алынып коомчулукка чыгарылган документтин скриншоту

Ага ылайык, торпедонун сыналышы боюнча маалыматтарга бир нече ирет сурам жөнөтүлүп, ал тургай спутниктен да изилденген

"№CS14-81 сурамына жооп катары Чоң-Сары-Ой, Григорьевка жана Чоң Жаргылчак аймактарында сыноо жүргүзүү фактыларын тастыктоо же четке кагуу үчүн Ысык-Көл районуна оптикалык анализ жүргүзүлгөн.  Натыйжада маалымат такталган эмес, иликтөө аталган аймак айыл чарба же курорттук зона катары белгилүү", — деп айтылат отчеттук билдирүүдө.

ЦРУ архивинен алынып коомчулукка чыгарылган документтин скриншоту
Скриншот документа из обнародованного архива ЦРУ - Sputnik Кыргызстан
ЦРУ архивинен алынып коомчулукка чыгарылган документтин скриншоту

Документте Пржевальск шаарынын түндүк-батышында жайгашкан белгисиз техникалык жабдуулар тууралуу сөз болгон. Анда шектүү объектилер торпедо сыноосуна пайдаланылышы мүмкүн экендигин көрсөтүп турары белгиленген.

Доклад 1964-жылдын 15-июлунда ЦРУнун бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Бул документтерден тышкары, Ысык-Көл жөнүндө 289 барактык иликтөө отчеттору түзүлгөнү белгилүү болду. 

Орто-Токой менен Чүй каналы тууралуу маалымат

Американын чалгындоо кызматы Орто-Токой менен Чоң Чүй каналы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары менен тармактык адабияттарга чыккан маалыматтарды байкап турган. 1953-жылдын 19-майында түзүлгөн документ 1952-1953-жылдар аралыгында чыккан "Советская Киргизия" жана "Известия" гезиттериндеги макалалардан которулган маалыматтардан түзүлгөн. 

ЦРУ архивинен алынып коомчулукка чыгарылган документтин скриншоту
Скриншот документа из обнародованного архива ЦРУ - Sputnik Кыргызстан
ЦРУ архивинен алынып коомчулукка чыгарылган документтин скриншоту

Документте эки ири курулуштун болжолдуу бүтүү убактысы жана канча айыл чарба аймактарын камтый ала тургандыгы сыяктуу бардык маалыматтар болгон. 

"Июль айында мөңгүлөрдүн эришинен Орто-Токой каналына жетиштүү суу толду. Бирок жай айынын орто ченинде айыл чарба багытындагы жерлерге суу жетишпей баштаганы байкалды", — деп документке жазылган. 

Белгилей кетсек, документте көрсөтүлгөн жылдары алгачкы суу сактагыч менен эң ири суу каналдарынын бири курулуп жаткан. 

Стратегиялык темир жолдор 

Бир топ документтердин арасынан ЦРУ Түркестан облусунун борбордук аймагындагы Алматы шаарында курулган бардык темир жол курулуштары тууралуу өзүнчө "папка" түзгөнү маалым болгон. Анын ичине Рыбачьеден (азыркы Балыкчы) Кочкорго чейинки темир жол магистралы дагы кирген. 

ЦРУ архивинен алынып коомчулукка чыгарылган документтин скриншоту
Скриншот документа из обнародованного архива ЦРУ - Sputnik Кыргызстан
ЦРУ архивинен алынып коомчулукка чыгарылган документтин скриншоту

1958-жылдын 30-январында жазылган катта магистралдын курулуш координаттары жана анын узартылышы мүмкүн экендиги жазылган. Докладда көрсөтүлгөндөй, Алматы менен байланыштырган темир жол Кочкордун түндүк чыгыш тарабынан 11 чакырымга узартылмак. 

Кыргызстандын окумуштуулары жөнүндө илимий маалымдама

Кансыз согуш учурундагы илимий жааттагы документтердин арасынан кыргыз илимпоздору тууралуу да маалыматтар табылган. 1951-жылдын 21-июнунда жазылган катта советтик окумуштуулар Борис Грабовский менен Швембергер "телефот" аттуу жабдуу чыгарышканы айтылат. Бул аппарат жарыктын нуру аркылуу үндү алыскы аралыкка таратууга багытталган. Американын чалгындоо кызматы ал экөөнү кыргыз окумуштуулары, ойлоп табуучулары деп белгилешкен. 

ЦРУ архивинен алынып коомчулукка чыгарылган документтин скриншоту
Скриншот документа из обнародованного архива ЦРУ - Sputnik Кыргызстан
ЦРУ архивинен алынып коомчулукка чыгарылган документтин скриншоту

Грабовский теле жаатындагы пионерлердин бири. Ал эң биринчилерден болуп толугу менен электрондук телевизорду ойлоп тапкан. Украинада төрөлгөн советтик физик 1917-жылы Токмок шаарына келген. Кийин Фрунзеге көчүп келип, 1966-жылы ушул жерден көз жумган. 

1951-жылга тийиштүү башка документте Фрунзе шаарында Кыргыз улуттук университети ачылганы жазылган. 

"Кыргыз ССРинин аймагындагы университет жалпы СССРдин аймагындагы 34-жогорку окуу жай болуп эсептелет. Советтер союзундагы республикаларда жок дегенде бирден мамлекеттик окуу жай ачуу пландалып жатат", — деп айтылган документте. 

Отчеттордо студенттердин, мугалимдердин, факультеттердин жана бөлүмдөрдүн жалпы саны көрсөтүлгөн. 

Экономика менен Кыргыз ССРинин беш жылдык планы

Сыры ачылган документтердин отчеттору көбүнесе Кыргыз ССРинин экономикасы менен айыл чарбасынын V жана VI беш жылдыгына тиешелүү болгон. Мисалы, документтердин биринде Кыргыз ССРинин 1952-жылдагы бюджети кенен сүрөттөлүп берилген. Андагы маалыматтарга караганда, Кыргыз ССРинин 1952-жылга карата мамлекеттик бюджети 1 миллиард 77 миллион 288 миң рублди түзгөн. Киреше бөлүгү 1 миллиард 78,6 миллион рублл, ал эми чыгаша бөлүмү 1 миллиард 66,5 миллион рубль болгон. Профицит 12 миллион 155 миң рублге деп маалымдалган.

ЦРУ архивинен алынып коомчулукка чыгарылган документтин скриншоту
Скриншот документа из обнародованного архива ЦРУ - Sputnik Кыргызстан
ЦРУ архивинен алынып коомчулукка чыгарылган документтин скриншоту

Фрунзедеги улуттук коомчулуктун маанайы

Отчеттордун биринде Кыргыз ССРинин эркиндиги үчүн күрөшүүгө даяр турган топ тууралуу жазылган. 

"1953-жылдын март айында Бишкектеги педагогикалык институттун имаратынан Ибраимованын сөөгү табылган. Аны тартип сакчылары институттун аймагынан издеп жүргөн маалда, өзүнө-өзү кол салып каза тапкан. Кийинчерээк Ибраимова республиканы СССРден чыгарууну жактап, ал эми өзү улуттук топтун курамында болгону аныкталды", — деп отчетто жазылган. 

Ошондой эле, жөнөтүлүп турган маалыматта аталган улуттук топтун мүчөлөрү милициянын офицерлерине кол салышканы, кийин алардын сөөктөрү табылганы айтылган. 

Кыргыз ССРдин жогорку жетекчиликтериндеги экономикалык кылмыштар 

Штаб-квартира Министерства обороны США — Пентагон - Sputnik Кыргызстан
АКШ 2016-жылы аскердик чалгынга 18 млрд. долларга чукул акча сарптаган
Чалгындоо кызматы тарабынан жума сайын бардык өлкөлөр тууралуу рапорттор түзүлүп, документтерде негизинен узаган жуманын отчеттору тизмектелип турган. 1962-жылдын июль айынын акырында түзүлгөн обзордук рапортто Кыргыз ССРинин мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасы Дүйшалиев тууралуу кеп болгон. Ал экономикалык кылмыш жасоого айыпталып, өлүм жазасына тартылган. Чалгындоо кызматынын маалыматына караганда, Дүйшалиев менен анын сегиз өнөктөшү финансылык чайкоочулук кылуу менен мамлекеттик мүлктү уурдоого айыпталышкан. 

"Топтун мүчөлөрү үч миллион рублге тете мамлекеттик мүлктү уурдоого, баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана чет элдик валютага чайкоочулук кылууга айыпталышкан. Аларды кармоо учурунда жанынан 22,67 килограмм алтын, 29,5 килограмм күмүш жана төрт миллион накталай акча табылган", — деп айтылган отчетто. 

Бул маалыматтардан сырткары, республика башчыларынын айрыкча, биринчи катчылардын (Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев) СССРдин Жогорку Кеңешинде айткан билдирмелери чогултулган. 

CREST архивине "Kyrgyz" деп жазганда эле 1301 документ чыккан. Алардын эң алгачкыларынын бири — согуш учуруна тагыраагы, 1943-жылга таандык. Ошол учурдагы жиберилген маалыматтардын көпчүлүк бөлүгү республиканын аскер-экономикасына тиешелүү болгон. Эң акыркы отчеттор 1989-жылга таандык болуп чыкты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0