Казакстан реформа жүргүзүүдө Кыргызстандын жолу менен баратат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик туулары. Архив
Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик туулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурсултан Назарбаев эмне себептен бийлиги менен бөлүшкүсү келип жатканын жана башкаруу системасынын Казакстан менен Кыргызстандагы туруктуулугу канчалык экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине саясат таануучу Марс Сариев айтып берди.

Казакстанда орчундуу өзгөрүүлөрдүн болушу күтүлүп жатат. Президент Нурсултан Назарбаев өзүнүн айрым ыйгарым укуктарын өкмөт менен парламентке бөлүп берүүнү көздөп жатканын жарыялады. Ал бул тууралуу республикалык телеканал аркылуу атайын кайрылуу учурунда билдирди. Конституциялык өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — саясий системаны узак убакытка туруктуу кылууга багытталган.

© Фото / Аман СариевСаясий серепчи жана "Далил+" адистик клубунун мүчөсү Марс Сариев
Кыргызский политолог Марс Сариев - Sputnik Кыргызстан
Саясий серепчи жана "Далил+" адистик клубунун мүчөсү Марс Сариев

Казакстандын мамлекет башчысынын көздөгөн максаты, башкаруу системасынын туруктуулугу жана Борбордук Азиядагы башка өлкөлөрдө болжолдонуп жаткан реформалар жөнүндө Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен саясий серепчи жана "Далил+" адистик клубунун мүчөсү Марс Сариев маек курду.

Назарбаев айрым ыйгарым укуктарын эмне себептен бөлүп бериши мүмкүн?

Сариевдин айтымында, Казакстандын президенти кетейин деп калган фигура экенин түшүнүп турат.

"Учурда бийлик Назарбаевдин колунда турат. Ал өзүнөн кийин коллективдик чечим чыгара турган адамдарды калтыргысы келип жатат. Назарбаевдин кетиши менен ар кандай топтордун арасында саясий күрөш башталып кетиши мүмкүн", — деди саясат таануучу.

Сариевдин айтымында, Назарбаев президенттик тактыга болгон күрөш күчөп кетпеши үчүн топтордун кызыкчылыктарын тең салмактап койгусу келип жатат.

Кыргызстан — коңшу Казакстандын келечегин көрсөткөн жол

Кыргызстанда президенттин тактысы көңүлдү бурдурат. Бирок ошол эле учурда өкмөт менен парламенттин ыйгарым укуктарынын күчөшү тактыга болгон кызыгууга суу себет.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев Казакстанда автократиялык режим өкүм сүрөт дегенге кошулбайт
"Бирок Казакстандагы кырдаал оорураак. Анткени ал жакта мунай бар. Өлкөнүн түндүк батыш тарабында кичи жүз, түштүгүндө улуу жүз деген бар. Ички бөлүктө да ажырымдар жок эмес. Казакстандын биздикиндей иммунитети жок. Алар эки революцияны баштан кечирген жок да. Кантсе да Казакстандын кадамдарынын алгоритми Кыргызстандыкына окшош. Алар алдыда эмне күтүп жатканын билип турушат. Кыргызстан — бул Казакстандын келечекке болгон көз карашы. Биз аларды алдыда күтүп турган процесстердин бардыгынан өтүп кеттик. Эми алар социалдык жарылуулардан алыс болууга аракет жасашууда. Ошону менен катар эле Кытайдын тажрыйбасын дагы байкап турушат", — деди Сариев.

Серепчинин айтымында, Назарбаев стабилдешкен фигура. Ал өзүндөй салмактуу саясатчы жок экенин билип турат.

"Тышкы саясат боюнча бардык демилгелер, мисалы, Сирия боюнча Астанадагы жолугушуу Назарбаев жогорудан карап турган арбитр болуп, ичте жамааттык башкаруу түзүүнү көздөп жатканын көрсөтүп койду", — деди адис.

Системанын бекемдиги

Сариевдин айтымында, башкы маселе катары ички элитанын тил табышып кетүүсү маанилүү.

"Эч кимге баш ийбеген өзүнчө саясий бюро керек. Ал коллективдүү түрдө чечим кабыл алат. Ошондуктан Назарбаев айрым укуктарды мажилиске берип жатат. Анткени парламентте учурдагы элита отурат", — деди адис.

Белгилей кетсек, буга чейин эксперт Султанбек Султангалиев Назарбаевдин кайрылуусунан улам мажилис тарап кетиши мүмкүндүгүн айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0