Ашынган "акылдуу" эсептегичтер — эмне үчүн светке көп акча чыгып жатат

© AP Photo / Carlos GiustiЭлектр эсептегичин орнотуу. Архив
Электр эсептегичин орнотуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жылдын башынан тарта "акылдуу" эсептегичтердин ишине нааразы болгондор арбыды. Алардын айтымында, аталган эсептегичтерди койгондон бери электр энергиясы үчүн төлөмдүн суммасы өтө эле көп чыгып жатат.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстандыктардын көбү "акылдуу" эсептегичтердин ишине нааразы болуп, "эсептегичтер ашыкча акчаны кошуп ийип жатат" деген пикирин билдирүүдө. Бул тууралуу маалыматты "Түндүкэлектр" ишканасынан дагы тастыкташты.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине бир нече шаар тургундары кайрылган. Буга акыркы айларда электр энергиясы үчүн келип жаткан төлөмдөрдүн ири суммасы себеп болгон. Бишкектик аялдын көрсөткөн сүрөтүндө октябрь айында электр энергиясын колдонгондугу үчүн 1254 сом чыкса, ноябрда — 3108 сом, декабрда — 4283 сом, ал эми январда — 5623 сом чыкканы көрүнүп турат. Бирок тургун бардык айларга электр энергиясын бирдей эле өлчөмдө колдонгонун айтат.

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуЭлектр энергиясы үчүн келген төлөм
Электр энергиясы үчүн келген төлөм - Sputnik Кыргызстан
1/4
Электр энергиясы үчүн келген төлөм
© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуЭлектр энергиясы үчүн келген төлөм
Электр энергиясы үчүн келген төлөм - Sputnik Кыргызстан
2/4
Электр энергиясы үчүн келген төлөм
© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуЭлектр энергиясы үчүн келген төлөм
Электр энергиясы үчүн келген төлөм - Sputnik Кыргызстан
3/4
Электр энергиясы үчүн келген төлөм
© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуЭлектр энергиясы үчүн келген төлөм
Электр энергиясы үчүн келген төлөм - Sputnik Кыргызстан
4/4
Электр энергиясы үчүн келген төлөм
1/4
Электр энергиясы үчүн келген төлөм
2/4
Электр энергиясы үчүн келген төлөм
3/4
Электр энергиясы үчүн келген төлөм
4/4
Электр энергиясы үчүн келген төлөм

"Мындай болуп жатканы бардыгыбызды таң калтырып жатат, кошуналарыбыз дагы эч нерсени түшүнбөй калды. Бул акылга сыйбаган көрүнүш", — деди Бишкек тургуну Нургүл Молдогазиева.

Акча кайда?

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен баарлашып жатып Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев 2012-жылы "Түндүкэлектр" ишканасы Кытайдын ZTE компаниясы менен "акылдуу" эсептегичтерди 6 миллион долларга сатып алуу боюнча келишим түзгөнүн билдирди. Бирок Кыргызстан товарды алгандан кийин жалпы суммадан 1 миллион 128 миң доллар гана төлөгөн.

Электр эсептегичи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл электр энергиясынын баасы көтөрүлбөйт
"Калган акчалар кайда калды? Сатып алынган товарлардын баары кампада чаң басып эле жатат. Аны орноткон эч ким жок. Эмнеге? Бардык эсептегичтер бирдей болушу керек. Бул анын туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн негизги шарты болуп саналат. Бирок биздин компаниялар ар кандай камсыздоочудан ар түрдүү эсептегич ала берет. Анан суроо туулат, бул жакта баары сатып келинген эсептегичтердин орнотулушун күтүп жатса, башкалардан сатып алуунун кереги барбы?" — деди эл өкүлү.

Анын айтымында, "акылдуу" эсептегичтердин жакшы жагы интернет аркылуу абоненттин көрсөтмөлөрүн жөнөтө алат, мындан тышкары, карыз болгондорго электр энергиясын берүүнү токтотуп коюуга болот.

"Жаңы эсептегичтердин иштей башташы менен "Түндүкэлектр" контролерлордун көбүн иштен алышы керек эле. Себеби ишкана авариялык топтун кызматына гана муктаж. Бирок ага карабай контролерлордун саны кыскарбай келет", — деди Рыспаев.

Сервер кээде адашып калышы мүмкүн

Бирок "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине Рыспаев айткан ZTE компаниясы менен болгон келишим эсептегичтердеги көрсөткүчтөрдү маалымдап туруучу жабдык сатып алуу үчүн түзүлгөнүн белгиледи.

Отключение газа в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Февралда газдын баасы эки тыйынга арзандады
Маалыматка ылайык, жаңы эсептегичтер автономдуу иштейт, бирок кээде "сервер адашып калышы мүмкүн", андыктан контролерлор көрсөткүчтөрдү өздөрү жазып кетүүгө мажбур болуп жатышат.

"Эгер текшерүүчүлөр келгенде үй ээлери жок болуп калса, контролер өткөн айдын көрсөткүчтөрүнө таянат. Электр энергиясы үчүн чыккан акчага нааразы болгон абоненттер келип, маалыматты тактап, болжолдуу эмес, так чыккан сумманы төлөп кете алышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Артыкчылыктар менен кемчиликтер

"Түндүкэлектр" 2016-жылы ишеним телефонго 9 миң 835 кайрылуу болуп, анын 16 пайызы ашыкча чыккан эсепке нааразы жарандар экенин билдирди. Бирок ошол эле убакта "акылдуу" эсептегичтер орнотулган аймактарда төлөмдөр 100 пайыз аткарылып, карыз дээрлик жок экени аныкталган.

Мындан тышкары, декабрь айында кыргызстандыктар ноябрга караганда электр энергиясын 11 пайызга көп колдонгону, ал эми январда бул көрсөткүч дагы 4,3 пайызга өскөнү айтылат.

"Кышында электр энергиясынын көп пайдаланылышы кадыресе көрүнүш. Бул төлөм суммасынын жогорулашына түздөн түз себепкер", — деп айтылат маалыматта.

Акылдуу эсептегичтер жана депутаттар

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин коомдук байкоочулар кеңешинин мурдагы башчысы Асан Давлетов түзүлгөн мындай жагдайга түшүндүрмө берип жатып, эски үч фазалык датчиктерди жаңыга алмаштыруунун кажети жоктугун баса белгиледи.

Митинг в городе Нарын, из-за стоимости электроэнергии - Sputnik Кыргызстан
Нарын шаарынын 50дөй тургуну электр энергиясын арзандатууну талап кылышты
"Олчойгон акчаларды жөн эле коротуп жатабыз. Эмнеге үч фазалык эсептегичтерди алып салышканын түшүнгөн жокмун, алар жакшы эле иштеп жаткан. Ал эми "акылдуу" эсептегичтер тууралуу айтсам, аларды каалаган базардан сатып алууга болот, эч кандай өзгөчөлүгү деле жок. Бул тармакта кимдир бирөө өзүнүн кызыкчылыгын таңуулап жатышы мүмкүн. Кыргызстандын энергосистемасы өтө коррупциялашкан, аны менен көпкө чейин күрөшүү керек", — деди ал.

Энергетика жаатындагы адис, "Түндүкэлектр" ААКтын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Сапарбек Аргымбаев мамлекет "акылдуу" эсептегичтерди сатып алгандан кийин алар тийиштүү мамлекеттик экспертизадан өткөнүн, жакшы иштей турганы аныкталганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Бул эсептегичтер Жогорку Кеңештин айрым депутаттары электр энергиясын нормадан 100 эсе көп колдонорун ачыкка чыгарды. Кимдир бирөө коомдун пикири менен ойноп, "акылдуу" эсептегичтердин коюлушун каалабай жаткандай. Бул маселенин айланасында болуп жаткан чуу курулай сөз", — деди ал.

Бирок Аргымбаев "Түндүкэлектр" жаңы эсептегичтердин тынымсыз иштөөсү үчүн техникалык базаны жаңылоо боюнча ишти аягына чыгара электигин кошумчалады. Эксперт ушундан улам бөлүштүрүүчү компаниянын серверинде үзгүлтүккө учуроо катталып жатышы мүмкүндүгүн баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0