VISA карталары. Архивдик сүрөт

Банктык Visa картасынан акча уурдаткандар. Жоопкерчилик албаган банк

721
(жаңыланган 11:59 14.04.2017)
Кыргызстандык эки жаран банктык Visa картасынан ири суммадагы акчасын уурдаткан. Бири эки жыл соттошуп акыйкатка жетсе, экинчисинин беш миңге жакын доллары ошол боюнча күйүп кеткен.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургуну Хадича Харсанова DemirBank банкынан алган Visa картасынан 1000 доллардан ашык каражатын эки жыл мурда уурдатып, ушул күнгө чейин банк менен соттошконун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, окуя эки жыл мурда, 2015-жылдын апрель айында болгон.

"2015-жылдын 7-апрелинде түнкү саат 11.30да банктан чалып "сиз Visa картаңыздан төлөм жүргүзгөнү жатасызбы?" деп сурашты. Мен үйдө отурганымды айтып, картаны блокко салып коюуну өтүндүм. Белгисиз бирөөлөр башка мамлекеттен картадагы акчаны доллар жана Мексиканын песо валютасы катары чыгарууга аракет жасашыптыр", — деди Харсанова.

Жаран эртеси Visa картасы аркылуу эч кандай төлөм жүргүзбөгөнүн айтып, банкка кайрылган.

"Картадагы 1000 доллардан ашык каражатым жоголгонун билдим. Банкка барсам картадан үчүнчү адам тарабынан уурдалган каражатка банк жооп бербей турганын айтып таң калтырышты. Көрсө түзүлгөн келишимде "картадан уурдалган каражатка банк жооп бербейт" деген бөлүм бар экен. Ал өтө майда тамгалар менен жазылган. Келишим түзүлүп жатканда эки бет баракты окууга менде үч эле мүнөт бар эле. Үйгө барып шашпай окуп келүүгө болбойт экен", — деди жабырлануучу.

Ал ошондой эле аталган келишимге Кудай жалгап кол койбой калгандыгына байланыштуу банк менен соттошууга мүмкүн болгонун белгиледи.

"Келишимге кандайча кол койбой калганымды өзүм да билбейм. Кудай сактаптыр, эгер колум коюлуп калганда банк менен соттошо албай ара жолдо калмак экем. Эки жыл ичинде эки инстанцияда жеңип, кечээ Жогорку сот чечимди менин пайдама чыгарып берди. Кубанып турам", — деди Харсанова.

Жабырлануучу каражатынын уурдалышына эмне себеп болгонун кийинчерээк билгенин кошумчалады.

Сурамжылоо

Акчаңызды кайда сактайсыз?
  • Албетте, банкта сактайм
    29.6% (8)
  • Алтын алып койгом
    3.7% (1)
  • Каражатымдын бардыгы банктык картада
    11.1% (3)
  • Үйдөгү сандыкка салып койгом
    11.1% (3)
  • Болгон дүйнөм капчыкта
    44.5% (12)
Добуш бергендер: 27
"Чуркап маалымат топтоп жүрүп Demir банктын Visa картасында коргоочу чип жок экенин билдим. Башка банктар кардар чет мамлекетке барып келгенден кийин анын картасын сөзсүз түрдө алмаштыруусун талап кылат экен. Себеби картанын коргоочу чиби жок болсо, дүкөндөрдөгү терминалдарга алдамчылар тарабынан орнотулган жабдыктар картанын номурун жазып алат экен. Ал эми акчаны чыгарып алуу үчүн алдамчыларга ошол номур гана жетиштүү экен. Мен чет мамлекетке барып ири дүкөндөрдөн соода кылгам. Бирок мекенге кайтканда банк тарабынан мага эч кандай эскертүү берилген эмес", — деди Харсанова.

Ал бул маселе боюнча Улуттук банкка кайрылса, коммерциялык банктардын ишине кийлигише албай тургандыктарын билдирген.

Ушундай эле окуяга кыргызстандык Вадим Осадченко да кабылган. Ал беш миң долларга чукул каражатын Visa картасынан уурдатып, кайра кайтара алган эмес.

"Окуя 2010-жылы болгон. Анда чет мамлекетте жүргөм. Бир күнү Demir банктан алган Visa картаман 3500 долларга жакын каражатым жоголуп кетти. Банк менен байланышсам менеджери чын эле каражат үчүнчү адам тарабынан чыгарылганын ырастап, чара көрүлө турганын айтты. Бирок бир нече күндөн кийин эле банк акча уурдоо болгон эмес деп башкача сүйлөй баштады. Соттошуу үчүн Кыргызстанга келгенде банк берген жаңы картадан дагы 1500 долларга жакын каражатым уурдалганын билдим", — деди Осадченко.

Жабырлануучу юристтерге кайрылганда алар Кыргызстанда кардарлар корголбогонун билдиришкен.

"Уурдалган каражатты иликтөөгө алып аны кардарга кайтартууга банктарды милдеттендирген мыйзамдар жок экен. Муну менен катар юристтер соттук процесс канчалаган жылдарга созулаарын айтканда, арызды артка кайтарып алдым", — деди Осадченко.

Ал бул окуядан кийин картасы чип менен корголгон башка банктын кызматын колдонуп калганын кошумчалады.

Буга чейин банкта иштеген Рустам Абдырауфов Visa картасы эмне себептен кооптуу экендигин Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

"Буга чейин уурдалган каражаттарга Visa үчүн жооп берген эл аралык компания жоопкерчилик алган. Бирок 2011-жылдары карталардан акча уурдоо фактылары каттала баштаганда, эл аралык компания кардарларга акчаны кайтарып берүүдөн баш тартты. Банктар дагы өз учурунда жоопкерчиликти моюндарына алгылары келген жок. Ошондуктан келишимге "картанын ээси өзү жоопкер" деген пункт киргизилип калган", — деди Абдырауфов.

Ал ошондой эле банк акчаны сактап берүү үчүн алып жаткандан кийин жоопкерчиликти кардардын мойнуна жүктөп коюу туура эмес экенин айтып, Улуттук банк уурдалган каражаттарды кайтаруу боюнча фонд түзүүсү керектигин белгиледи. Абдырауфовдун айтымында, карталарды чип менен коргоо кымбатка тургандыктан, банктар мындай системага акырындык менен өтүп жатканын билдирди.

Адистен кеңеш:

1. Магниттик Visa карталардан алдамчылар акчаны оңой эле чыгарып алат. Андыктан банктан чип менен корголгон Visa карталарды талап кылуу керек;

2. Айрыкча чет мамлекетке көп каттаган адамдар сөзсүз түрдө чип менен корголгон карталарды алуусу зарыл;

3. Төлөмдөрдү дүкөндөрдөгү пост терминалдардан жүргүзүү кооптуу. Себеби анда картанын номурун жаттап калган атайын аппарат орнотулган болушу мүмкүн. Андай жабдыктарды алдамчылар Кытайдан 1500 долларга сатып алат. Картаңыз магниттик болсо, бат эле акчаңызды шыпырып кетишет. Ошондуктан каражатты банктын өзүнөн же банктын терминалдарынан чыгарууга аракет жасаш керек;

4. Картаңыз чип менен корголбогон болсо, анын паролун миң жолу алмаштыруудан майнап чыкпайт. Картаңыздын номурун билип алган алдамчыларга пин-коддун кереги жок;

5. Картага суткалык лимит киргизип, интернет төлөмдөргө чектөө киргизип койсо болот. Мисалы, бир суткага беш миң сомдук лимит коюлса, алдамчылар андан ашык акча чыгара албай калышы мүмкүн.

Sputnik Кыргызстан агенттиги DemirBank банкынын тиешелүү кызматкерлеринен жооп алуу аракетинен майнап чыккан жок. Буга байланыштуу банкка кардар катары кайрылганда Нурзада аттуу кызматкер ката банктан кеткен күндө гана каражат кайтарылып берилерин билдирди.

"Алдамчылар уурдап кетти деп эле банк бардык жарандарга акча бере бербейт. Ал сиздин акчаңыз, өзүңүз карап турушуңуз керек. Чет мамлекетте алдамчылар атайын жабдыктарды банкоматтарга орнотуп, акчаны уурдап алышы мүмкүн. Чет өлкөдөгү банкоматтар биздики болбогондуктан, каражатты банк ордуна тургузуп бербейт. Ошол банкка же ошол банкоматтын ээсине арыз жазуу керек", — деди Нурзада.

Ал эми жаран чет мамлекетте жүрүп бир нече банкоматтан акча алып, кайсынысында алдамчылардын жабдыгы орнотулганын кайдан билип, арыз менен кимге кайрылары тууралуу суроо ачык бойдон калды.

Ушул эле банктын Ирина аттуу кызматкери Visa карталарынын баары эле чип менен корголбогонун билдирди. Ал Demir банк тарабынан берилген кызыл карталар магниттик, ал эми ак карталар чип менен корголгонун маалымдады.

Мындан тышкары, банк кызматкери алдамчылар байырлаган өтө кооптуу 60 өлкөнүн тизмесин жиберди.

  • Америка Самоасы
  • Бангладеш
  • Инд океанындагы Улуу Британиянын аймагы
  • Бруней
  • Бутан
  • Вануату
  • Тышкы ички аралдар
  • АКШ
  • Чыгыш Тимор
  • Вьетнам
  • Гонконг
  • Гуам
  • Индия
  • Индонезия
  • Камбоджа
  • Кирибати
  • Кытай
  • Түндүк Корея
  • Кокос аралдары
  • Корея
  • Лаос
  • Макао
  • Малайзия
  • Мальдив аралдары
  • Маршалловдор аралдары
  • Монголия
  • Мьянма
  • Науру
  • Непал
  • Ниуэ
  • Жаңы Каледония
  • Норфолк аралы
  • Рождество аралы
  • Херд аралы жана аралдар
  • Макдональд
  • Кука аралдары
  • Питкэрн аралдары
  • Уоллис жана Футуна аралдары
  • Палау
  • Папуа — Жаңы Гвинея
  • Самоа
  • Түндүк Мариан аралдары
  • Сингапур
  • Соломон аралдары
  • Тайвань
  • Таиланд
  • Токелау
  • Тонга
  • Тувалу
  • Мирконезия федеративдик штаттары
  • Фиджи
  • Филлипин
  • Француз Полинезиясы
  • Түштүк Франция менен Антарктиканын аймактары
  • Шри-Ланка
  • Япония

Ал эми Улуттук банк "Банктык төлөм карталар жөнүндө" жободо коммерциялык банктарды чип менен корголгон карталарды чыгарууга милдеттендирген талап жок экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдады. 

"Каражат банктын күнөөсү боюнча жоготулса банк жоопкерчиликти өзүнүн мойнуна алып, акчаны кайтарып берүүгө милдеттүү. Бирок алдамчылык операциялары негизинен карта ээсинин күнөөсүнө байланыштуу ишке ашырылат. Тагыраагы банк менен түзүлгөн келишимде карталардын коопсуздугун сактоо боюнча эрежелер кошо тиркелген. Аларды сактоо зарыл", — деп Улуттук банктын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ошондой эле Улуттук банк кардар өз күнөөсү менен каражат жоготкон күндө дагы айрым банктар колдоо иретинде каражатты кайтарып бериши мүмкүндүгүн, бирок бул милдет эмес экенин маалымдады.   

 

721
Белгилер:
Демир Банк, алдамчылык, Visa карта
Тема боюнча
Чет өлкөлүк жаран Канттагы банкоматтан акча уурдады деп шектелүүдө
Бакыт Төрөбаев: Айыл банктагы 1 млрд. 600 млн. сом иштетилбей турат
Шылуундар банкоматтан акча уурдоонун жаңы жолун табышты
Иран аскерлери маршр учурунда. Архив

Иран менен Түркия согушка даярдыгын көрсөтүүдө: Азербайжандын эмне тиешеси бар?