Президенттик шайлоонун куну менен күнү: кызыл чеке кылган сунуштар

© Sputnik / Табылды КадырбековГолосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке
Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Кыргызстанда тарыхый окуя болуп, эгемендүү өлкөнүн бешинчи президенти шайланат. Дал ушул шайлоо жакындаган сайын ар кыл сунуштар айтылып, ар кандай демилгелер көтөрүлүүдө.

Алгач өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алып, жолугушуу учурунда шайлоо үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрь күнү өтө турганы айтылган.

Мужчина с громкоговорителем. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
БШК үгүт ишин эмитен баштаган талапкерлерге эскертүү берди
Арадан анча убакыт өтпөй "Ата Мекендин" анабашчылары шайлоону ноябрда өткөрүү мыйзамсыз экендигин айтып чыгышты. Алардын айтымынд,  ажону тандоо ноябрдан алда канча эртерээк болушу шарт. Анткени мыйзам боюнча Атамбаев алты жылдан ашык Ак үйдө отурбашы керек. Айтылып жаткан алты жылдык мөөнөт 1-декабрь күнү соңуна чыгат. Демек, шайлоону ноябрда өткөрүү мыйзамга каршы келет.

Жогорудагы жагдайдан уламбы же башка негиз мененби, айтор, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштап, демилге Жогорку Кеңештин тармактык комитетине жиберилди.

Ал эми КСДПнын дагы бир депутаты Дастан Бекешев "КРдин президентин жана ЖКнын депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштап, аталган демилге боюнча парламенттик угуу болду.

"Парламенттик угуу учурунда негизги эки сунуш түштү. Алардын бири — шайлоону 15-октябрда өткөрүү, экинчиси — күрөөнү 2 миллион сомго көтөрүү. Биринчи сунушту КСДП лидери Иса Өмүркулов айтса, экинчи сунушту "Республика — Ата-журт"  (РАЖ) фракциясынын депутаттары көтөргөн", — деди Бекешев.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевДепутат Дастан Бекешев: парламенттик угуу учурунда негизги эки сунуш түштү. Алардын бири — шайлоону 15-октябрда өткөрүү, экинчиси — күрөөнү 2 миллион сомго көтөрүү
Заседание Комитета по конституционному законодательству, государственному устройству, судебно-правовым вопросам и Регламенту ЖК КР - Sputnik Кыргызстан
Депутат Дастан Бекешев: парламенттик угуу учурунда негизги эки сунуш түштү. Алардын бири — шайлоону 15-октябрда өткөрүү, экинчиси — күрөөнү 2 миллион сомго көтөрүү

КСДП фракциясынын депутаты президенттин Жарлыгы менен атайын жумушчу топ түзүлүп, алар күрөөнү 1 миллион сомго көтөрүү сунушун айтканын кошумчалады. Белгилей кетчү жагдай, учурдагы мыйзам боюнча күрөө 100 миң сомду түзөт.

Ал эми "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаттарынын айтымында, күрөөнүн көлөмүн көтөрүү менен шайлоого кеткен чыгымдын кайсыл бир бөлүгүн жабууга болот.

Жогоруда биз кеп кылган жумушчу топтун мүчөсү, "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров шайлоонун 15-октябрда өткөрүү компромисттик вариант экенин айтты.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Мирлан Бакиров: шайлоону 15-октябрда өткөрүү — компромисттик вариант. Анткени алгач 19-ноябрь сунушталса, "Ата Мекен" фракциясы август айында өткөрүү керектигин айтып чыкты. Шайлоонун экинчи турун, инаугурацияга даярдыкты эске алганда октябрда өткөрүү керек деген сунушту колдойм
Депутат Мирлан Бакиров - Sputnik Кыргызстан
Депутат Мирлан Бакиров: шайлоону 15-октябрда өткөрүү — компромисттик вариант. Анткени алгач 19-ноябрь сунушталса, "Ата Мекен" фракциясы август айында өткөрүү керектигин айтып чыкты. Шайлоонун экинчи турун, инаугурацияга даярдыкты эске алганда октябрда өткөрүү керек деген сунушту колдойм

"Шайлоону 15-октябрда өткөрүү — компромисттик вариант. Анткени алгач 19-ноябрь сунушталса, "Ата Мекен" фракциясы август айында өткөрүү керектигин айтып чыкты. Шайлоонун экинчи турун, инаугурацияга даярдыкты эске алганда октябрда өткөрүү керек деген сунушту колдойм", — деди депутат.

Эл өкүлү күрөөнүн суммасын көтөрүү менен талапкерлердин саны чектелип, мурдагыдай 80-90го чамалап кетпейт деген пикирде.

"Күрөөнү 2 миллион сомго чыгаруу көптүк кылат. Анткени Конституция боюнча Кыргызстандын жарандары шайлоого катышууга акылуу. Аларга чектөө болбошу керек. Бирок жумушчу топтун мүчөсү катары күрөөнү 1 миллион сом кылууну туура деп ойлойм. Бул деле аз акча эмес, арийне талапкерлердин саны 80ге жетпейт", — деди Бакиров.

Ал эми ушул эле топтун дагы бир мүчөсү, "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы" коомдук уюмунун мурдагы лидери Динара Ошурахунова күрөөнү көтөрүү байлыгы барлардын чырагына май тамызып, колунда жокторго тоскоол болот дейт.

© Фото / пресс-служба ЖКЖарандык активист Динара Ошурахунова: РАЖдын ою боюнча президенттикке талапкер болуп татыктуулар гана чыгышы шарт. Ал эми алардын айтымында, татыктуулардын сөзсүз 2 миллион сому болушу керек экен. Бул жарышка байларга гана катыша алат, капчыгы жукаларга жол жок дегендик. Андыктан күрөөнү 2 миллионго чыгарууга болбойт
Президент Общественного Объединения Коалиция за демократию и гражданское общество Динара Ошурахунова - Sputnik Кыргызстан
Жарандык активист Динара Ошурахунова: РАЖдын ою боюнча президенттикке талапкер болуп татыктуулар гана чыгышы шарт. Ал эми алардын айтымында, татыктуулардын сөзсүз 2 миллион сому болушу керек экен. Бул жарышка байларга гана катыша алат, капчыгы жукаларга жол жок дегендик. Андыктан күрөөнү 2 миллионго чыгарууга болбойт

"РАЖдын ою боюнча президенттикке талапкер болуп татыктуулар гана чыгышы шарт. Ал эми алардын айтымында, татыктуулардын сөзсүз 2 миллион сому болушу керек экен. Бул жарышка байларга гана катыша алат, капчыгы жукаларга жол жок дегендик. Андыктан күрөөнү 2 миллионго чыгарууга болбойт", — деди жарандык активист.

Ошурахунова күрөөнү бир миллион кылууга да болбой тургандыгын, жок эле дегенде 500 миң сомго теңөө зарылдыгын кошумчалады.

БШКнын мурдагы жетекчиси Акылбек Сариев күрөөнү такыр эле алып салуу керек деген пикирде.

Сариев: президенттик шайлоого күрөөнүн көлөмүн көтөрүү туура эмес

"Шайлоону 15-октябрда өткөрөбүз деп жатышат. Ушунча болду октябрдын башында эле кылышса болмок. Анткени андан кийин кененирээк убакыт калмак. Күрөө боюнча айтсам, ал Конституцияга каршы келиши мүмкүн. Аны алып салса деле болот", — деди Сариев.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов президенттик шайлоо 15-октябрь күнү өтө турган болуп калганын баса белгилди.

Шыкмаматов: президенттик шайлоо 15-октябрда өтө турган өңдөнүп калды

"Президентти тандоо — шайлоолордун пири. Андыктан аны 19-ноябрда өткөрсөк дүйнө элине уят болмокпуз. Учурда 15-октябрда өткөрүү сунушталууда. БШК 45 күндүн үчүндө баарына жетишебиз деп жатат. Андыктан ушул датада президенттик шайлоо өткөнү калды окшойт", — деди Шыкмаматов.

Эл өкүлү күрөөнү 2 миллион сом кылууга айрым адамдардын тобу кызыкдар деген пикирин кошумчалады.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору, саясий серепчи Алмаз Акматалиев шайлоонун убактысын жылдырууда эч кандай саясат жок деп эсептейт.

© Фото / предоставлено Алмазом АкматалиевымСаясий серепчи Алмаз Акматалиев: алгач ноябрь деп айтылбады беле. Анан эсептеп көрүп октябрга жылдырышууда. Андыктан убакытты жылдыруудан мен эч кандай саясат көргөн жокмун
Политолог Алмаз Акматалиев - Sputnik Кыргызстан
Саясий серепчи Алмаз Акматалиев: алгач ноябрь деп айтылбады беле. Анан эсептеп көрүп октябрга жылдырышууда. Андыктан убакытты жылдыруудан мен эч кандай саясат көргөн жокмун

"Алгач ноябрь деп айтылбады беле. Анан эсептеп көрүп октябрга жылдырышууда. Андыктан убакытты жылдыруудан мен эч кандай саясат көргөн жокмун. Ал эми күрөөнү олигархтар сунуштап жатканы көрүнүп турат. Азыркыдай кылып эле 100 миң сом бойдон калтыруу керек", — деди Акматалиев.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: Бабанов же Төрөбаев президент болуп калса, таң калбайм
Жогоруда эксперттер айтып өткөн Баш мыйзамга ылайык, 62-беренеде президенттикке ким талапкер боло ала тургандыгы көрсөтүлгөн. Ага таянсак, президент болуп 35 жаштан өтүп, бирок 70 жашка чейинки курактагы, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган КР жараны шайлана алат. Мындан сырткары, президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. Башкысы 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтоо зарыл. Байкалып тургандай, Баш мыйзамда күрөө тууралуу кеп жок.

Буга чейин талапкер катары экс-премьер-министр Темир Сариев, "Өнүгүү — Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, "Ата Мекен" фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0