Өлгөнгө шарт, көмгөнгө жер жок! Көбөйүп бараткан көрүстөндөр көйгөйү

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDКөрүстөн. Архив
Көрүстөн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары Бишкектеги жана анын тегерегиндеги көрүстөндөрдө жер тартыштыгы күч алып баратат. Мунун айынан жакынынан айрылган кыргызстандыктар аза күтүүнүн ордуна жер издеп, акчага сатып алууга аргасыз болуп келет.

Он жылдан бери Чүйдө жашаган Парасат Сулайманова сегиз ай мурда бир тууган агасынан ажырап, анын сөөгүн Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынан Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылындагы көрүстөнгө алып барып коюуга аргасыз болгон.

"Агам Жалал-Абаддан Военно-Антоновкага көчүп келгенине беш жылдай убакыт болгон. Ата-энебиздин көзү өтүп кеткендиктен, ал жакта эч кимибиз калган эмеспиз. Ошондуктан сөөгүн айылга алып бара алган жокпуз. Каттоодо шаардагы тууганыбыздын үйүндө турчу. Алгач шаардыктар коюлчу Түштүк-Батыш көрүстөнүнөн тааныштар аркылуу жер суратсак, 25 миң сом сурашты. Агезде бизде андай акча жок болчу", — деди Сулайманова.

Андан соң Сулаймановдордун үй-бүлөсү дагы деле тааныш салып жатып, Беш-Күңгөй айылындагы көрүстөндөн жай таап, ага 10 миң сом төлөшкөн.

Мындай жагдайларга туш болгон жарандар четтен чыгат. Андыктан Sputnik Кыргызстан агенттиги жакынынан ажыраган адамдын кандай укуктары бар экенин, жер алуу үчүн кимге, кантип кайрылуу керектигин иликтеп көрдү.

Ачык жана жабык көрүстөндөр

Карыган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлгөнгө шарт жок. Кыргызстанда сөөк көмүү канча турат
Бишкек шаарынын аймагында беш көрүстөн бар. Алардын экөө — Боордоштор көрүстөнү (аянты 13 гектар) жана Дунгандар көрүстөнү (аянты 4,2 гектар) толугу менен жабылган. Аянты 86 гектар болгон Түндүк көрүстөнү азырынча жарым-жартылай ачык. Дегеним, ал жакка мурда туугандарынын сөөгү коюлган адамдар гана ошолордун жанында ээленген орунга сөөк кое алат. Ал эми Ала-Арча көрүстөнүнө Кыргызстанга эмгеги сиңген ишмерлердин гана сөөгү коюлат, анын аянты 31 гектарга жетет. Азыр шаардыктарга жалгыз кызмат көрсөтүп жаткан Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн аянты 330 гектар. Бирок анын ресурсу түгөнүп бараткандыктан, жабылуу стадиясында турат.

Буга байланыштуу Бишкек мэриясы борбор калаадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Гроздь айылынын жанынан жаңы көрүстөн ачууну пландап жатканын билдирген. 

© Sputnik / Бегимай БакашеваЖер тартыштыгынан улам Чүйдүн айрым айылдарында көрүстөндөгү жайлар 20 миң сомго чейин сатылууда
Жер тартыштыгынан улам Чүйдүн айрым айылдарында көрүстөндөгү жайлар 20 миң сомго чейин сатылууда - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жер тартыштыгынан улам Чүйдүн айрым айылдарында көрүстөндөгү жайлар 20 миң сомго чейин сатылууда
© Sputnik / Бегимай БакашеваШаардыктарга жалгыз кызмат көрсөтүп жаткан Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн ресурсу түгөнүп бараткандыктан, жабылуу стадиясында турат.
Шаардыктарга жалгыз кызмат көрсөтүп жаткан Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн ресурсу түгөнүп бараткандыктан, жабылуу стадиясында турат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Шаардыктарга жалгыз кызмат көрсөтүп жаткан Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн ресурсу түгөнүп бараткандыктан, жабылуу стадиясында турат.
1/2
Жер тартыштыгынан улам Чүйдүн айрым айылдарында көрүстөндөгү жайлар 20 миң сомго чейин сатылууда
2/2
Шаардыктарга жалгыз кызмат көрсөтүп жаткан Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн ресурсу түгөнүп бараткандыктан, жабылуу стадиясында турат.

Бишкек мэриясынын алдындагы аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин директору Руслан Бочиевдин билдиргенине караганда, учурда жаңы көрүстөн боло турган жерге байланыш каражаттары жеткирилип, курулуш иштери жүрүп жатат.

"Аламүдүн районунун Гроздь айылынын аймагынан 44 гектар жер бөлүнгөн. Учурда курулуш иштери жүрүп, жаңы көрүстөнгө алып барчу жолдун эки чакырымы оңдолуп жатат. Алар бүтөрү менен көрүстөн колдонууга берилет", — деди Бочиев.

Сөөк коюу үчүн көрүстөнгө канча акча төлөнүшү керек?

Бишкек шаардык аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинен билдиришкендей, мыйзам боюнча сөөк коюуга мусулмандар үчүн 10 чарчы метр, христиандар үчүн 5 чарчы метр жер акысыз берилет. Болгону көрүстөндүн көр казуу кызматы үчүн атайын бекитилген төлөм бар. Бул баа мусулмандар үчүн — 7510 сом 58 тыйынды, христиандар үчүн — 5905 сом 22 тыйынды түзөт.

Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында 29-апрелде жер көчүп алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган - Sputnik Кыргызстан
Камсыздандырбасаң жардам күтпө! Ошто үйсүз калгандар канчага чейин чатырда жашайт?
Анда эмнеге жарандар каза болгон жакынына жай алуу үчүн 20-30 миң сомдон берүүгө аргасыз болууда? Бул суроо менен Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Бакыт Кыдыргычевге кайрылдык.

"Биздин эл тааныш аркылуу иш бүтүргөндү жакшы көрөт эмеспи. Көрүстөндүн жетекчилигине түз эле кайрылгандын ордуна ортого киши салышат. Биз сөөк коюуга уруксат берерибиз менен ортомчу кишиси аларга барып, көр казуу үчүн төлөнчү акчанын үстүнө кошуп, олчойгон сумманы талап кылышы мүмкүн. Андай шылуундар толтура. Ошентип биз жаман көрүнүп жатабыз. Андан көрө бизге түз кайрылсын, сөөк коюуга расмий төлөмдөн башка акча берилбеши керек", — деди Кыдыргычев.

Ал эми аза кызматтарын көрсөтүүчү жеке ишканалар расмий баадан тышкары өздөрүнүн кызматы үчүн дагы төлөм алары кошумчаланды.

Ким кайсы жерге көмүлүүгө укуктуу?

Мэриянын өкүлү Бочиевдин айтымында, жер алуу үчүн маркумдун туугандары ал жетектеген агентикке арыз жазышы керек. Мындай учурда каза болгон адамдын шаардык каттоосунун бар-жогуна карабастан сөөк коюу үчүн жер берилиши кажет. 

Кыргызстандагы көрүстөндөрдүн саны
Өлгөнгө шарт, көмгөнгө жер жок! Көбөйүп бараткан көрүстөндөр көйгөйү - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы көрүстөндөрдүн саны

Аймактарда абал кандай

Бейиттердеги жер тартыштыгы негизинен Бишкек шаары жана Чүй облусунда гана байкалбаса, региондор боюнча мындай көйгөй жок экенин КР өкмөтүнүн жер-жерлердеги өкүлчүлүктөрүнөн билдиришти. Ошондой эле сөөк коюу үчүн жер сатуу фактылары дагы катталган эмес.

Курулуп жаткан үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотека: жашың өтүп баратса, үйдөн үмүт кылба...
Ош шаары. Түштүк борбордо аянты жалпысынан 70 гектарды ээлеген 12 көрүстөн бар. Анын ичинен үчөө христиандардыкы. Шаардагы эң чоң көрүстөн 40 гектар аянтты ээлеп, "Южный" районунда орун алган. Аны Ош шаардык жарандарды тейлөө борбору көзөмөлдөйт.

Ош облусу. Облустун аймагындагы 88 айыл өкмөттө 500дөй көрүстөн катталган. Анын ичинде мусулман дининен башка диндердин өкүлдөрү үчүн атайын бейиттер жок. Анткен менен облус жетекчилигинен билдиришкендей, башка диндин өкүлдөрү каза болгондо сөөгүн көрүстөнгө койдурбай, чыр-чатак чыккан учурлар боло элек.

Баткен облусу. КРдин дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусу боюнча өкүлү Замир Жарматовдун айтымында, аймакта бардыгы болуп 198 көрүстөн бар, алардын бешөөнө христиан динин карманган адамдардын сөөгү коюлат.

Жалал-Абад облусу. Облуста 420дан ашык көрүстөн катталган. Анын ичинен 5-6сы шаардын тегерегиндеги айылдарда болсо, бирөө шаардын өзүндөгү борбордук көрүстөн. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаевдин маалыматы боюнча Жалал-Абадда көрүстөндөргө тиешелүү көйгөй — бул жаратылыш кырсыктары.

"Тайгараев айылындагы мүрзө Көк-Арт дарыясынын жээгинде жайгашкандыктан, анын чет-жакасын суу алып, Алмалуу-Булак айылында көчкү жүргөндө мүрзөлөрдү сүрүп кеткен учурлар болгон. Анда сөөктөр сыртка чыгып, абдан трагедиялуу көрүнүштөр катталган", — деди Исаев.

Талас облусу. Мында жалпысынан 156 көрүстөн бар. Алардын бешөө христиан дениндеги жарандарга тиешелүү. Бейиттердин 70 пайызы ар кайсы айыл өкмөттөрүнүн балансында. Калган 30 пайызы эч бир мамлекеттик мекемеге карабайт.

Нарын облусу. Облус аймагында 200дөн ашык көрүстөн ачык. Алардын ичинен Жумгал районундагы 36 көрүстөн Жайыт комитетинин балансында, калгандары ар кайсы айыл өкмөттөрүнүн көзөмөлүндө.

Ысык-Көл облусу. Көл өрөөнүндөгү 200дөн ашык көрүстөндүн 30 пайызы христиан дининдеги жарандарга тиешелүү. Бардык бейиттер айыл өкмөттөрүнүн балансында турат.

Чүй облусу. Бишкек шаары сыяктуу эле Чүйдө дагы көрүстөн маселеси өтө курч. Чүй өрөөнүндө 411 көрүстөн катталган. Облустагы өкмөт өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришкендей, бул ички миграция агымына байланыштуу. Ошол себептүү башка аймактардан айырмаланып, Чүйдө сөөк коюлуучу жерлер айыл өкмөттөр тарабынан бекитилген баага сатылат.

Мисалы, Аламүдүн районунун айрым айылдарында жергиликтүү элге жер 500 сомго бааланса, сырттан келгендерге 1,5 сомдон 12 миң сомго чейин, бишкектиктерге 10 миң сомго чейин берилет. Ал эми Сокулук районунун кээ бир жерлеринде сөөк коюу үчүн жергиликтүү тургундар 300-1000 сом, каттоосу жоктор 1000 сомдон 20 миң сомго чейин төлөөгө тийиш.

Мүрзө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ала-Бука: башка диндеги кемпир элдин каршылыгынан мүрзөгө үч жолу көмүлдү
Мүрзөлөрдөгү жер тартыштыгы өзгөчө Сокулук, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда байкалат. Бул жерлердеги көрүстөндөрдүн аймагын кеңейтип же жаңысын ачууга муктаждык бар экенин облус жетекчилигинен тастыкташты. Ал эми Кант шаарында мусулмандар көрүстөнү таптакыр эле жоктугу жергиликтүү тургундарга бир топ көйгөй жаратып келет.

Минтип жер тартыштыгынан улам жаңы көрүстөн ачууга мүмкүнчүлүк калбай бара жатса, 15-20 жылдан кийинки абал кандай болот? Бул көйгөйдү чечүүнүн диний жол-жоболорун муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу айтып берди.

"Албетте, көрүстөн маселесин чечүүдө жердин жылдан-жылга тартыш болуп бара жаткандыгы эске алынышы керек. Жаңы көрүстөн ачууга мүмкүнчүлүк болбосо, эски көрүстөндөрдү кайра колдонууга дин жол берет. Бирок анын атайын талаптары бар. Мисалы, сөөк коюлгандан кийин 40-50 жыл өтүшү керек. Бирок сөөк жер алдында канча жылда жок болорун так билүү үчүн илимге кайрылышыбыз керек. Эгер эски көрдү казганда сөөк чыгып калса, аны жылдырып коюп, жаңы өлүктү кое берүүгө болот", — деди Токтогазы уулу.

Ошондой эле ал эски бейиттерди кайра колдонууда башаламандык болбой, сөөктүн коюлган жылы так аныкталып, бардык иш-чаралар ирет-ирети менен аткарылышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0