Ырчы-чоорчу менен тамадаларды чочуткан патент. Маселенин күңгөй-тескейи

© пресс-служба мэрии города БишкекПразднование 26-летия независимости КР на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Празднование 26-летия независимости КР на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматы өткөн жумада рейд жүргүзүп, ресторандарда эреже бузуу менен иштеп жаткан тамада жана сүрөтчүлөрдү аныктадык деп билдиришти

Sputnik Кыргызстан агенттиги коомго өзүнүн чыгармачылыгы менен кызмат кылгандарга берилчү патент маселесинин чоо-жайын билип көрүүгө аракет кылды.

Пайда таап жаткандан кийин салык төлөө керекпи?

Салыкчылардын өткөн жумада жүргүзгөн рейдинде патенти жок тамадалык кызмат көрсөтүп жаткандардын арасында алып баруучу Урмат Борченов бар экендиги айтылгандыктан, аны менен байланыштык. Текшерүү учурунда анын жанында патенти болгон эмес.

© Фото / Сергей ПанинАлып баруучу Урмат Борченов
Интервью с теле и радио ведущим Урматом Борченовым - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу Урмат Борченов

"Рейд болгон күнү менин жанымда патент жок болчу. "Салыкчылар келип текшерет эле" деп такай жаныбызда алып жүрбөйбүз да. Үйгө барып карасам, патенттин мөөнөтү өтүп кетиптир, эми аны узартып коём", — деди ал.

Борченов ошондой эле негизи тамадалар патент менен иштеши керектигин кошумчалап, андан эч ким качпай турганын айтты.

"Таксист болуп иштегендер деле патент алат, алар да кызмат көрсөтүп, акча тапканы үчүн мамлекетке салык төлөйт. Аны туура кабыл алышыбыз керек", — деди ал.

Көп жылдардан бери шоу-бизнес жаатында иштеп келген жана акыркы жылдары "Тынчтыктын мониторинг сервиси" (ТМС) ишканасын иштетип, автордук укук боюнча иш алып барып жаткан Тынчтык Кожобеков чыгармачыл кишилердин патент алып, мамлекетке салык төлөөсү кадыресе көрүнүш болушу керектигин айтат.

© Sputnik / Табылды КадырбековТМС ишканасынын директору Тынчтык Кожобеков
Журналист Тынчтык Кожобеков - Sputnik Кыргызстан
ТМС ишканасынын директору Тынчтык Кожобеков

"Чынын айтканда, базардын алдында отуруп бут кийим оңдоп жаткан өтүкчүлөр да, шаарда таксист болуп иштеп жүргөндөр да патент алышат. Тамада, ырчылар деле ошол сыяктуу патент алып иштеш керек. Мыйзам бардыгына бирдей, сен кызматыңды көрсөтүп акча таап жатсаң, аны мыйзам чегинде аткарыш керек", — деди ал.

Кожобеков ошол эле учурда салыкчылар да капысынан эле барып басып калбай, алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, патент алып иштөөнүн артыкчылыктарын айтып берсе эч ким деле качпайт болушу керек деген оюн кошумчалады.

Чыгармачыл кишилер өз жандарын өзү багат

Работа кафе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Өзүн актаган жана сызга отургузган тойлор. Инсультка жеткирген насыя
Ырчы жана тамадалык кызматты аркалап жүргөн Майрамбек Осмонов чыгармачыл кишилер, өзгөчө ырчы-чоорчу жана тамадалардын патент менен иштеп, мамлекетке салык төлөшү керек деген пикирге караманча каршы экенин айтат.

"Биринчиден, бардык чыгармачыл жамаатты чогултуп, башын бириктирип мыйзамды жакшы түшүндүрүп беришсе болмок. Экинчиден, той алып барып, ал жакта ырдап жаткан ырчы, тамадалардын деңгээлин карап, атайын орган иргеп бериш керек. Азыр каалагандын баары той алып барып, ырдап жатат. Үчүнчүдөн, күзүндө чыгармачыл кишилер бир аз да болсо өзүнүн каржылык абалын жакшыртып алат. Себеби, мамлекет аларды карабайт. Эгер мамлекет чыгармачыл кишилерди толук багып, камсыздап андан кийин гана "силер ашыгы менен акча таап жатасыңар, аны бюджетке төккүлө" десе жарашмак. Бизди эч ким карабайт, ар ким өзүн-өзү багат. Андыктан тамада менен ырчылардан патент талап кылууга мен толугу менен каршымын. Бул маселе суу кечпей калышы толук мүмкүн", — деди ал.

Ырчы, андан сырткары, дайыма эле той алып баргандар, же ырдагандар акча таппай турганын белгилеп, кээде тааныштардыкына бекер кызмат кылышарын кошумчалады.

Ошол эле учурда тамадалар менен ырчылардын иши күз келген учурда эле кызып, калган учурда жумуш болбой калышы да мүмкүндүгүн эскертти.

"Кышында эч ким деле тойго барбайт, болгону күзүндө 3-4 ай иштешет. Иш жок учурда деле патентке акча төлөшүбүз керекпи? Андай болсо тамадалыкты жыйыштырып коюп эле башка жактан иштөөгө туура келет. Дагы бир жолу айтам, мыйзамды чыгармачыл жамаатка толук тааныштырып, түшүндүрүп беришсе болмок", — деген пикирин Осмонов билдирди.

Салык кызматы не дейт?

Мамлекеттик салык кызматы ырчы-чоорчу менен тамадаларга түшүндүрүү иштери эки жылдан бери жүргүзүлүп келе жатканын маалымдады.

"Эки жылдан бери чыгармачыл чөйрө менен, тактап айтканда, тамадалардын атайын уюмуна барып патент системасын түшүндүрүп келебиз", — деп салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Тойдогу бийчи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тойдо шаң, ырчыга нан болгон хит ырлар
Ошол эле учурда патенттин баасы аймактарга карата 500 сомдон 2,5 миң сомго чейин экенин билдиришти.

"Патенттин баасы Бишкекте гана 2,5 миң сом. Ар бир район, облустун өзүнүн тарифтери бар. Мисалы, Баткен менен Нарын шаарында 500 сом болсо, Ош шаары 2 миң сом, Токмок шаары 1,5 миң сом болушу мүмкүн", — дешти маалымат кызматынан.

Андан сырткары, эгер тамада, ырчылар убактылуу ишмердигин токтотуп, той-ашта жана башка салтанаттарда кызмат көрсөтпөй калса, патенти күйүп кетпеши үчүн эмне кылуу керектигин да түшүндүрүп берди.

"Кандайдыр бир себептен улам ишин убактылуу токтотуп, чет жакка же айылга кеткендер бар. Алар салык органына келип "бул убакыттан бул убакытка чейин иштебейм, патенттин жарамдуулугун токтотуп турууңузду суранам" деп арыз менен кайрылыш керек. Ошол арыздын негизинде салык органы чечим кабыл алып, белгиленген мөөнөткө патенттин мөөнөтүн токтотуп турат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, расмий маалымат боюнча тойлордо жана башка салтанаттарда кызмат көрсөтүү боюнча (музыканттар, тамадалар, бий топтору, актерлордун тобу жана башка кызмат көрсөтүүлөр) берилчү патенттен сегиз айда болгону 665,4 миң сом салык түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0