Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушевдин архивдик сүрөтү

Абдышүкүр Нарматов, муфтий Токтомушев, Чубак Жалилов кайдан окуп келген. Иликтөө

4410
(жаңыланган 17:09 06.12.2017)
Нургүл Максутова
Чет өлкөгө диний билим издеп чыккандардын так эсебин алган эч ким жок

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктар диний билимди кайсы өлкөлөрдөн алууда, алар окуган ислам диний окуу жайлардын өзгөчөлүгү жана биздин атуулдардын чет өлкөлөрдө окуу тенденциясы тууралуу кеңири иликтөө жарыяланды. Аны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен биргеликте Тынчтык Инновациялар боюнча Булан институту жүргүздү.

Булан институту чет өлкөлөрдөгү ислам боюнча билим алам деп өз алдынча туристтик виза жана жеке чакыруулар менен кеткендердин саны өсүп жаткандыгы тынчсызданууну жаратып жаткандыгын белгилеген. 

Журналист, эксперт по международным отношениям Чолпон Орозобекова
© Фото / Нурай Женишбекова
Булан институтунун Борбор Азия программасынын жетекчиси Чолпон Орозобекова

"Соңку кездери кыргызстандыктар Сауд Аравия, Пакистан, Бангладеш, Египет ж.б өлкөлөргө диний билим алууга эч бир каттоосу жок жана мамлекеттик органдардын, муфтияттын жардамы же кеп-кеңешин албай, өз алдынча кетип жатканы көбөйүүдө. Бул изилдөөнү Дин иштери боюнча комиссия менен чогуу жүргүздүк. Демилге алар тараптан болду, себеби бул тармакка буга чейин такыр анализ жасалбаптыр", — деди Булан институтунун Борбор Азия программасынын жетекчиси Чолпон Орозобекова.

Ал учурда Араб өлкөлөрүндө жана Орто Чыгышта азыр канча кыргызстандык кандай окуу жайда окуп жатканын эч бир мекеме билбегендиги да чоң көйгөй экендигине токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев Азыркы светтик мамлекеттеги ислам деп аталган эл аралык конференцияда
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Кетип жаткандар туристтик виза же жеке чакыруу менен эле чыгып кетишүүдө. Ошондуктан оболу кырдаалды анализдеп, анан жагдайды кантип жөнгө салуу керек деген суроого жооп издедик. Изилдөөнүн жыйынтыгында, сыртка чыгып окууну каалагандарга мыкты окуу жайлардын прайм-тизмесин түзүү туура болот деген жыйынтыкка келдик. Ошондой эле ал окуу жайлар менен эки тараптуу келишимдер түзүлүшү зарыл", — деди ал.

Иликтөөдө окууга деп аттангандардын кайра өлкөгө экстремисттик идеология менен келүү кооптуулугу да белгиленген.

"Алардын айрымдары шектүү окуу жайларда билим алып, чет жактан экстремисттик уюмдардын ишине тартылып кетүү коркунучу бар. Ошондой эле Кыргызстанга келгенден кийин алардын идеологиясы менен саясатын жайылтуучуларына айланышы толук ыктымал", — деп айтылган иликтөөдө.

Муфтият үч жылдан бери чет жакка билим алууга эч кимди жөнөткөн эмес

Буга чейин чет өлкөгө билим алууга жөнөгөндөр Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга келип атайын анкетаны толтуруп, алардын макулдугу менен кетчү. Сирияда согуш аракеттери башталып, Орто Чыгышта абал оорлогону диний уюмдар жолдомо берүүдөн чочуп калышкан.

"Жолдомосу жок болгондуктан Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга макулдашууга келгендердин саны да кескин азая баштаган. Муфтият үч жылдан бери чет өлкөлөргө диний билим алууну жөнөтүүнү токтоткон. 2012-жылдан баштап чет өлкөлөрдөгү ислам окуу жайларга мамлекеттик органдар менен макулдашуусуз эле, өз алдынча туристтик виза, же жеке чакыруу менен, же кайрымдуулук фондулардын жардамы менен кеткендердин саны өсө баштаган", — деп айтылат иликтөөдө.

Кыргызстандагы диний аалымдар кайдан билим алган?

Маалыматта кыргызстандыктар учурда Пакистан, Египет, Иордания, Түркия, Сауд Аравиядагы окуу жайлардан диний билим алуу үчүн сапар алганы айтылат. Долбоордо аталган мамлекеттерде кандай окуу жайлар бар, эл аралык абройлуу окуу жайлар кайсылар жана өзгөчөлүктөрү, билим сапаты тууралуу кеңири баяндама берилген. Кыргызстандыктар дин жаатында билим алуу үчүн барып келген жана азыр да агылып жаткан жогорку окуу жайлар тизмектелип, мүнөздөмө берилген.

Кыргызстандын учурдагы муфтийи Максат Токтомушевден тарта Уламалар кеңеши жана КРдеги Ислам инстутитунун ректорунун, казы-имамдардын кайсы жактан диний билим алып келгендеги кеңири баяндалган.

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы:

1. Чүй облусунун мурдагы казысы Максат Укуев, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек Токтомушев 1996-2005-жылдары Пакистанда "Мадраса Арабия Райванд" медресесин бүтүргөн;

2. Бишкек шаарынын казысы Садриддин Маджитов Пакистанда "Абу Хурайра" ислам университетин бүтүргөн жана Бишкек шаарындагы "Абдулла ибн Масуд" медресесинен окуган;

3. Талас облусунун казысы Таалайбек Бапиев Талас облусундагы "Али ибн Аби тоолиб" медресесин 1996-2000-жылдары бүтүргөн;

4. Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек Сагындыков 1994-2004- жылдары Египеттеги Аль-Азхар университетин бүтүргөн;

5. Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев 1992-2002-жылдары Египеттеги Аль-Азхар университетин бүтүргөн;

6. Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз Закиров Түркиядагы Куран жаттоо курсунда окуган. Жалал-Абад облусундагы "Имам Тирмизий" медресесин бүтүргөн;

7. Ош облусунун казысы Самидин Атабаев Казань ислам университетин бүтүргөн;

8. Ош шаарынын казысы Убайдилла Сарыбаев 1993-1997-жылдары Ош облусундагы Абдужапар институтун бүтүргөн.

Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү каяктан билим алган?

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши Кыргызстан Мусулмандар Курултайынан кийинки жогорку органы.

  • Имам Абдышүкүр Нарматов
    Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов
    Руслан Абдрахманов
  • Ректор Исламского университета Кыргызстана Марс Ибраев
    Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс ажы Ибраев
    © Фото / Акматов Тынчтык
  • Заместитель муфтия Кыргызстана Замир кары Ракиев
    Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнүн бири Замир кары Ракиев
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Религиовед Кадыр Маликов
    Кадыр ажы Маликов
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Экс-муфтий Кыргызстана Чубак ажы Жалилов
    Чубак ажы Жалилов
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 5
Руслан Абдрахманов
Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов

Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов 1989-1993-жылдары Ташкенттеги "Имам-Бухари" университети жана 1992-2000-жылдары Египеттеги "Аль-Азхар" университетинен окуган, анын орун басары Марс ажы Ибраев 1993-1998- жылдары Кыргызстан Ислам университетин, 1998-2002-жылдары Египеттеги "Аль-Азхар" университетин аяктаган. Ал эми кеңештин мүчөлөрүнүн бири Замир кары Ракиев Египеттеги "Аль-Азхар" университетин, Кадыр ажы Маликов 1997-2000-жылдары Иордания университетинин (Амман) ислам укуктарын, Чубак ажы Жалилов 1992-1996-жылдары Ислам университети, 2000-2006- жылдары Сауд Арабиясында "Умм аль-Кура" университетин (Мекке шаары) бүтүргөн. Кимсанбай ажы Абдурахманов Бухарадагы "Мир-Араб" университети жана Иордания университетинен (Амман) билим алган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы бийлик тарабынан жаштарды чет элдик диний окуу жайларга көзөмөлсүз жиберүү келечекте мамлекеттин коопсуздугуна залакасын тийгизиши мүмкүндүгүн айтат. Ошондуктан алдыда айрым мыйзамдык нормаларды киргизүүгө даярданышууда.

Кыргызстандагы диний билим сапатын жогорулатууну жөнгө салуу максатында "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан. Анда чет өлкөлөрдө диний окуу жайларга өлкөнүн ичинде базалык орто билим жана диний билим алгандан кийин гана баруусу, ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга окууга кетээр алдында маалымдоосу керектиги жазылган. 

"Бул мыйзам долбоору парламентте эки комитеттин кароосунан өткөн. Жакын арада Жогорку Кеңештин кароосуна чыгат. Бул жаңы нормалар чет өлкөлөрдө диний билим алуу учурунда жаштар экстремисттик уюмдардын кооптуу идеяларынан алыс болуу максатын көздөйт" — деген Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси Зайырбек Эргешов.

Чет өлкөлөрдөн диний окуу жайларды тандоодо түшүндүрүү иштерин жүргүзүү муфтият жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын максаттарына кирет. Бирок чет өлкөлөргө башаламан аттанууну жөнгө сала алгыдай, кетип жаткандарды каттоого алып, багыт берип, документтерин карап чыкканга аларга мыйзамдык-нормативдик база жетиштүү түзүлгөн эмес.

Булан институтунун сунушу менен корутундусу

Жаман жолго түшүп кетүүдөн оолак болуу үчүн чет өлкөгө окууга барууну каалагандар Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкерлеринен жана муфтияттын окуу бөлүмүнөн кеп-кеңеш алуусу зарылдыгын сунуштады. Тез арада чет өлкөлөрдөгү биздин салттуу исламга туура келген идеологияда окуткан диний окуу жайлар менен келишим түзүү жана ошол келишимдердин негизинде гана окууга жөнөтүү зарылдыгын айтты.

Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту – Кыргызстанда светтик жана диний билим берүү системасын реформалоо боюнча иш алып барган бейөкмөт уюм. Буга чейин Кыргызстандагы диний окуу жайларынын, негизинен медреселердеги окуу программалары менен окуу шарттары боюнча баяндама жарыялаган. Кийин орто билим берүү мекемелериндеги окуучулардын батпай жатышын, авариялык абалдагы мектептер, жаңы мектептердин курулуш сапатын анализдеген иликтөө жүргүзгөн.

4410
Белгилер:
иликтөө, чет өлкө, институт, анализ, диний аалым, билим, муфтият, ислам, дин, Чолпон Орозобекова
Тема боюнча
Өлкөнүн дин аалымдары Анжиянда казак, өзбек кесиптештери менен пикир алышты
Доклад: Сирияда согушуп жүргөн 500 кыргызстандыктын 44ү гана мекенине кайткан
Кадыр Маликов: ислам дини эмдөөгө каршы чыкпайт
Атамбаев: дин жүрөктө болушу керек
Пикирлер