Атамбаев премьер же спикер болобу? Кеп-сөздүн канчалык чындыгы бар

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку убакта социалдык медиада Алмазбек Атамбаев бийликке Жогорку Кеңештин спикери же өкмөт башчы катары кайта турганы туурасында кеп жүрүүдө. Мурдагы президенттин өлкөнүн эң жогорку кызматтарынын бирин ээлей тургандыгы канчалык мүмкүн экендигин Sputnik Кыргызстандын редакциясы серепчилерден сурап билди.

Өткөн жылдын 24-ноябрында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап, дал ошол күнү мамлекеттин азыркы башчысы Сооронбай Жээнбеков элге ант берген.

Бирок акыркы кезде социалдык медиада Атамбаевдин бийликке Жогорку Кеңештин спикери же премьер-министр болуп кайта турганы жөнүндө кептер көбөйдү. Эски президенттин өлкөнүн жогорку кызматтарынын бирине отурары мүмкүнбү деген суроону Sputnik Кыргызстан серепчилерге узатып көрдү.

Мыйзам тилинде

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
КСДП курултайында партияга Алмазбек Атамбаевди төрага кылып шайлоо маселеси каралат
Конституцияга ылайык, Жогорку Кенештин төрагалыгына депутат гана көрсөтүлөт. Депутаттар резерви да 2015-жылы парламенттик шайлоого катышкан талапкерлердин тизмесинен түптөлөт. Алмазбек Атамбаев 2015-жылы эч кандай тизмеге кирген эмес. Жогорку Кеңешке жаңы шайлоо аркылуу келиши керек. Ал эми парламентти эгер ал үч ирет катары менен өкмөттү түзө албаса же өкмөткө ишеним көрсөтпөгөн учурда таркатууга болот. Мында президент премьерди отставкага кетирип же кезексиз шайлоо дайындашы мүмкүн. Андан сырткары, депутаттар үчтөн эки бөлүгүнүн макулдугу менен өзүн өзү таркатышы ыктымал. Премьерлик үчүн депутаттык макамдын кереги жок, мындан улам Атамбаевдин өкмөт башчылыкка келүү мүмкүнчүлүгү жогору дешет эксперттер. Анда да эгер азыркы өкмөт үмүттү актабай калганда. Башкысы, курамында кеминде 61 депутат болгон коалициянын колдоосу зарыл.

Атамбаев өзү эмне деген?

Өткөн жылдын февралында Атамбаев саясаттан четтебей турганын жарыялаган. Жазында болсо президенттик мөөнөтү аяктаганда эч кандай саясий жогорку кызматты, анын ичинде премьерликти же спикерликти аркалабастыгын билдирген.

Мамлекеттин агездеги башчысы партиялык иштер менен алектенүүгө ниеттенгендигин айтканы бар. Өзүнүн жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Атамбаев парламенттик шайлоого катышарын, бирок мандаттан баш тартарын кыйыткан.

Бейрасмий кеңешчилик

Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов Атамбаев эч кандай кызматка кызыкпастыгын, кеңешчи катары гана, болгондо да бейрасмий түрдө гана бул вазыйпаны колго аларын айтканын белгиледи.

© Sputnik / Бакыт ТолкановСаясат таануучу Шерадил Бактыгулов
Политолог Шерадил Бактыгулов - Sputnik Кыргызстан
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов

"Анын тажрыйбасы, стратегиялык өнөктөштөр менен калыпка салынган байланышы бар. Ал билгени жана тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр", — деди Бактыгулов.

Анын айтымында, Атамбаевдин экс-президент жана абалкы "Алга, Кыргызстан" же "Ата-Журт" партияларына караганда туруктуулугу менен айырмаланган СДПКнын лидери катары саясий процесстерге таасири күч болот.

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы - Sputnik Кыргызстан
Жалпы Кыргызстан сөз кылган окуялар. 2017-жылга саясий саресеп
"Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт эмеспи. Эгер таасири жогорулабай турган болсо, кайсы бир кызматты ээлөөнүн зарылчылыгы кандай? Конституцияга 2017-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирген өзгөртүүлөрдөн кийин премьердин өз алдынчалыгы күч алды, ал азыр министрлерди кызматтан кетирип, бюджеттин долбоорун чакырта алат. Ыйгарым укуктарынын көлөмү көбөйдү, бирок премьер президенттен күчтүү же спикер мамлекет башчысынан таасирдүү деп айтууга болбойт", — деп белгиледи ал.

Серепчинин пикиринде, Атамбаев буга дейре эки ирет премьер-министр болуп иштеген, ал мындай бийиктикти багындырган, андыктан, ал жогорку кызматтарды ээлөөгө ашыгарынан күмөнсүйт. Ошондой эле ал мындай кептер саясий күрөштөн улам тарады деп болжойт.

Баары Сапар Исаковдон көз каранды

Атамбаев жылдызы жанып турган маалында кетти, президенттик жылдарында жакшы жыйынтыктарды жарата алды. Булардын баары аны саясаттан обочолонтпойт деп эсептейт саясат таануучу Алмаз Акматалиев.

© Sputnik / Табылды КадырбековСаясат таануучу Алмаз Акматалиев
Политолог Алмазбек Акматалиев - Sputnik Кыргызстан
Саясат таануучу Алмаз Акматалиев

Анын айтымында, зарыл шарттарда Атамбаев СДПК аркылуу Жогорку Кеңешти таратууну демилгелей алат. Бирок ага караганда Атамбаевдин премьер-министрлик кызматка келиши реалдуу деп санайт.

"Эгер азыркы өкмөт ишти ийгиликтүү алып кете алса, анда орчундуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Жыйынтык чыкпаса, анда кризис башталат, ал өз кезегинде Жогорку Кеңештин нааразычылыгын жаратат. Мурдагы президент антикризистик менеджер болуп, өлкөнү бириктире алат. Бирок дагы бир ирет кайталайын, баары өкмөттөн көз каранды", — деп кошумчалады Акматалиев.

Калк каймактарына жараша

Саясат таануучу Аида Алымбаева 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Атамбаев ЖК депутаттыгына талапкер катары ат салышпагандыгы үчүн азыркы чакырылышка төрагалык кыла албайт.

"Менимче, Жогорку Кеңеш таратылбайт, себеби, мыйзам чыгаруучу орган учурда бийликти толук канааттандырат. Парламент лоялдуу, аны таркатууга мен эч кандай негиз көргөн жокмун", — деп белгиледи ал.

Серепчи экс-президент өлкөдөгү саясий процесстерге таасирин жоготпоо үчүн өкмөт башчы болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Церемония инаугурации Алмазбека Атамбаева на пост Президента Кыргызской Республики, Бишкек, 1 декабря 2011 года - Sputnik Кыргызстан
Ала-Тоонун ажолору: такка отуруу таржымалдары
"Бирок мындай жагдайга ички калк каймактары макул болобу, кеп ошондо. Атамбаевдин бийликке келишин алар ар кандай кабыл алышы мүмкүн. Азыр бийликте ал дайындап кеткендер отурат, ошондуктан, жарым жыл аралыгында Атамбаев премьер-министр боло алат", – деди Алымбаева.

Саясий серепчи Атамбаев 2020-жылга пландалган Жогорку Кеңешке шайлоого даярдык көрүшү мүмкүн деп ойлойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0