Эки заводго сырье таппай жатып үчүнчү мунай заводун эмне кылабыз?

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүМунайды кайра иштетүүчү завод. Архив
Мунайды кайра иштетүүчү завод. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү эки ири завод токтоп турат. Ошондой болсо да алардан алда канча кубаттуу мунайды кайра иштетүүчү завод курууну көздөгөн инвестор табылды. Өлкөгө мындай ири ишкананын зарылчылыгы барбы жана инвестордун кызыкчылыгы кандай экендигин Sputnik Кыргызстандын редакциясы тактап көрдү.

MegaСom уюлдук оператоунун сим-картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
MegaCom компаниясын сатып алууга эми швейцариялык компаниядан сунуш түштү
Талас облусунда инвесторлор 800 миллион доллар жумшалчу мунайды кайра иштетүүчү завод (МКИЗ) курууну пландоодо. Ага немис өндүрүшүндөгү жабдыктар алып келинет. Өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев билдиргендей, "Маймак" эркин экономикалык аймагындагы бул завод эки миң кишини жумуш менен камсыз кылат. Талас облусунда буга дейре да МКИЗ иштеген, бирок инвестициянын жетишсиздигинен улам ишмердигин токтоткон.

Облуска, дегеле чакан Кыргызстанга мунайды кайра иштетүүчү үчүнчү заводдун кереги барбы деген суроо жаралбай койбойт. Курула турган ишкана да мурдагыларынынкейпин кийип калбайбы?

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май жагдайы кандай?

Жыл сайын өлкө миллион тоннадан ашык күйүүчү-майлоочу материал керектейт. Мунай сатуучулар биримдигинин аткаруучу директору Улан Кулов анын 95 пайызы Россиядан ташылып келерин айтат.

© Фото / Гульназ ДжумабековаМунай сатуучулар биримдигинин аткаруучу директору Улан Кулов
Исполнительный директор Ассоциации нефтетрейдеров КР Улан Кулов - Sputnik Кыргызстан
Мунай сатуучулар биримдигинин аткаруучу директору Улан Кулов

"Өлкөдө Токмок, Кара-Балта, Таш-Көмүр, Жалал-Абад жана Кеминде мунайды кайра иштетүүчү беш завод бар. Алар күйүүчү майлоочу майды өндүрөт, бирок алардын башкы маселеси сырьего байланыштуу. Кыргызстанда мунай аз көлөмдө иштелип чыгат, ошол себептен бул заводдордун иши үзгүлтүккө көп учурайт", — деди Кулов.

Токмоктогу жана Кара-Балтадагы ("Жунда")заводдор кытайлык инвесторлор тарабынан тургузулган, жылына мунайды кайра иштетүүчү кубаттуулугу 400 миң жана 800 миң тоннаны түзөт.

Келечегинен үмүт барбы?

Кулов дагы бир жолу баса белгилегендей, башкы көйгөй — жергиликтүү сырьенун жетишсиздиги. Бирок импорттук мунайга үмүт артууга да болбойт.

"Импорт бар, бирок ал таза мунай эмес, жарым-жартылай иштетилгени. Ошондой эле бизде бажы төлөмүнөн бошотулган 450 миң тонна чийки мунайды Россиядан ташып келүүгө квота бар. Негизи компаниялардын россиялык өндүрүшчүлөр менен келишимдери бар, бирок, темир жол менен ташуу кымбатка түшөт, ал эми түтүктөр менен ташып келүүгө бизде шарт жок", — деди Кулов.

Аткаруучу директор жаңы ишкананын келечеги туурасында эч нерсе айта албай турганын белгиледи, себеби биринчи кезекте ишке кирген кубаттуулуктун ишин жөндөө артык деп эсептейт.

Мунай сатуучулар биримдигинин мурдагы президенти, Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти Жумакадыр Акенеев Талас облусунда мунай кору жоктугун белгилейт. Бирок география жана логистикасына көңүл бурууну сунуштайт.

© Sputnik / Табылды КадырбековМунай сатуучулар биримдигинин мурдагы президенти, Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти Жумакадыр Акенеев
Доктор экономических наук Жумакадыр Акенеев  - Sputnik Кыргызстан
Мунай сатуучулар биримдигинин мурдагы президенти, Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти Жумакадыр Акенеев

"Менимче, бул казакстандык инвесторлор. Эмнеге? Биринчиден, "Маймак" станциясы Казакстан менен чектешкен жерге жакын жайгашкан, экинчиден, Казакстанга кеткен темир жол бар. Башкача айтканда, казакстандык мунайды ташып келишет. Мындай жол менен инвесторлор бажы төлөмдөрүнөн бошотулган сырье ташып келип, даяр өндүрүмдү ташып чыгуу максатында Талас облусунда завод курууга кызыкдар", — деди Акенеев.

Бишкек ТЭЦинин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ТЭЦи кымбатка турдубу? КМШ өлкөлөрүндөгү башка ТЭЦтерге канча акча кеткен
Ассоциациянын экс-башчысынын пикиринде, бул вариант инвесторго абдан пайдалуу, себеби мунай өндүрүмдөрүнүн өздүк наркы Казакстандагыдан да арзан болот.

"Бизде кошумча нарк салыгы Казакстандагыга караганда төмөн. 18 менен 12 пайызды салыштырып көрүңүз. Башка артыкчылыгы — электр энергиясы да Казакстанга салыштырмалуу үч эсе арзан. Бирок Кыргызстан үчүн да мунун жакшы тараптары бар — заводдон өлкө жана облус бюджетине салыктар түшүп турат", — деп түшүндүрдү экономист.

Инвестор ким жана жаңы завод мунайды кайдан алат?

Редакция Талас облусунун башчысы Марат Мураталиев менен байланышып, жаңы объектини "Темирлан-ойл" казак ишканасы курууну пландап жатканын билди.

© Фото / Элмира СуйутбековаТалас облусунун башчысы Марат Мураталиев
Полномочный представитель правительства в Таласской области Марат Мураталиев - Sputnik Кыргызстан
Талас облусунун башчысы Марат Мураталиев

"Алар курулушту баштоону 2010-жылы эле пландашкан, Германиядан 800 миллион доллар өлчөмүндө каражат тартышкан. Бирок кийин салык төлөөчү жеке номерине байланышкан бир катар маселелер чыккан, азыр аларга көмөктөшүп жатам. Кудай буюрса, алар иш баштап калышса, 200 миллион доллар көлөмүндө биринчи транш тартылып келет. Бул завод 2 миң жумушчу ордун түзөт", — деди облус жетекчиси.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Электр энергиясын кымбаттатуу керекпи же жокпу? Адистердин түшүндүрмөсү
Анын айтымында, бул заводдун кайра иштетүү кубаттуулугу жылына 3 миллион тонна мунайды түзмөкчү.

"Маймак" станциясынан Казакстандын мунай түтүгүнө чейинки аралык — 17 чакырым. Инвесторлор ал жактан мунай алуу боюнча макулдашылганын кабарлашты", — дейт Мураталиев.

Өндүрүлгөн продукция кай жакка ташылары туурасында ал жооп айта алган жок.

Мураталиев буга чейин 40 миллион сом сарпталып чипсы чыгарат делген завод иштебей калганын маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0