Уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок. "Көк-Сай", "Коңур-Өлөң" ГЭСтери эмне болот?

© Фото / Искен Мырзаев"Коңур-Өлөң" ГЭСи
Коңур-Өлөң ГЭСи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
730 миллион сомго эки кичи ГЭС курган ишкер өндүрүлгөн электр энергиясын мамлекетке сата албай убара. Ал эми Улуттук энергохолдинг аны алууга мүмкүнчүлүк жок экендигин айтууда. Sputnik Кыргызстан агенттиги маселенин күңгөй-тескейине баам салып көрдү.

Тоң районунун Көк-Сай жана Коңур-Өлөң айылында эки кичи ГЭС курулуп бүтүп, жакынкы аралыкта колдонууга берилет. Бирок ал ишкана өндүргөн энергиясын сата албай жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кичи гидроэлектрстанциялардын кожоюну Рахатбек Ирсалиев билдирди.

© Фото / Искен Мырзаев"Көк-Сай" кичи ГЭСинин кубаттуулугу 3,4 мВтка жетет
Кок-Сайский малый ГЭС - Sputnik Кыргызстан
"Көк-Сай" кичи ГЭСинин кубаттуулугу 3,4 мВтка жетет

Анын айтымында, долбоорго жалпысынан 730 миллион сом сарпталган. Эми баштаган ишти соңуна чыгарууга жогорку кызматтагы айрым аткаминерлер тоскоол болуп бут тосууда.

"Курулуш 11 айга созулуп, азыр эки кичи ГЭС тең ишке кирүүгө даяр. Иш бүткөнүнө карабай "Чыгышэлектр" акционердик коому өзүнүн эсептегичтерин орнотпой жатат. Мунун башында Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айбек Калиев турат. Эмнеге алар Кемин районуна салган биздин кичи гидроэлектрстанциянын электр энергиясын сатып алат да, Тоңдогуну албайт? Анын облустагы үч райондун жашоочуларын камсыздоого күчү жетет", — деди Ирсалиев.

© Фото / Искен МырзаевРабочие в Кок-Сайской малой ГЭС в Иссык-Кульской области
Эки кичи гидроэлектрстанция жылына 45 млн. киловатт саатка жеткен электр энергиясын өндүрө алат - Sputnik Кыргызстан
1/3
Рабочие в Кок-Сайской малой ГЭС в Иссык-Кульской области
© Фото / Искен МырзаевИшкана пайдаланууга берилсе жаңы 15 жумуш орду ачылат
Ишкана пайдаланууга берилсе жаңы 15 жумуш орду ачылат - Sputnik Кыргызстан
2/3
Ишкана пайдаланууга берилсе жаңы 15 жумуш орду ачылат
© Фото / Искен МырзаевГЭСтердин иш жөндөмдүүлүгүн учурда чет элден келген адистер текшерүүдө
ГЭСтердин иш жөндөмдүүлүгүн учурда чет элден келген адистер текшерүүдө - Sputnik Кыргызстан
3/3
ГЭСтердин иш жөндөмдүүлүгүн учурда чет элден келген адистер текшерүүдө
1/3
Рабочие в Кок-Сайской малой ГЭС в Иссык-Кульской области
2/3
Ишкана пайдаланууга берилсе жаңы 15 жумуш орду ачылат
3/3
ГЭСтердин иш жөндөмдүүлүгүн учурда чет элден келген адистер текшерүүдө

Ошондой эле ал курулуш иштери башталаар алдында энергетика тармагындагы баа саясатын жүргүзгөн мамлекеттик агенттик ишканадан чыга турган энергиянын бир киловатт-саатын "Чыгышэлектр" ААКсы 4,7 сомдон алышы керек деген чечим чыккандыгын кошумчалады.

Муну Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги дагы четке какпайт. Аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, ал ГЭСтердин электр энергиясын "Чыгышэлектрди" сатып алууга милдеттендирилген.

© Фото / пресс-служба Госагентства по регулированию ТЭК при Правительстве КРОтун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий жообу
Ответ Госагентства по регулированию ТЭК при Правительстве КР на запрос Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий жообу

"Мындай чечим "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзамынын 12-беренесининин негизинде кабыл алынган. Анын негизинде эки кичи гидроэлектростанция өзүн актаганга чейин "Чыгышэлектр" акционердик коому бир киловатт-саат энергияны 4,7 сомго сатып алуусу керек", — деп жазылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Ал эми Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айбек Калиев "Чыгышэлектро" ал тарифте сатып алса, чыгашага учурай тургандыгын айтат.

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук энергохолдингдин төрагасы Айбек Калиев: "Чыгышэлектр" кичи ГЭСтердин электр тогун 4,7 сомго сатып ала албайт
Председатель правления ОАО Национальная энергетическая холдинговая компания Айбек Калиев - Sputnik Кыргызстан
Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айбек Калиев: "Чыгышэлектр" кичи ГЭСтердин электр тогун 4,7 сомго сатып ала албайт

"Мыйзам боюнча биз кичи ГЭСтерден энергияны 4 сом 70 тыйындан сатып алып, калкка 77 тыйындан сатышыбыз керек. Ошондо мамлекеттик компаниялар ар бир киловатт-саат энергия үчүн болжол менен 3,30 сом чыгашага учурап жатат. Эгерде биз андай жолго барсак, Ысык-Көл, Нарын облусун тейлеген "Чыгышэлектр" бир жылдык оңдоо иштерине алган акчасын берип салат. Биз андайга бара албайбыз. Аталган мыйзам 10 жыл мурун кабыл алынган, азыркы шарттарга туура келбейт", — деди Калиев.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Электр энергиясын кымбаттатуу керекпи же жокпу? Адистердин түшүндүрмөсү
Андан сырткары, курулушту жүргүзгөн тарап техникалык шарттарды сактабай иш алып барганын кошумчалады.

Ал ортодо ГЭС кожоюну Ирсалиев курулушка киришээр алдында "Чыгышэлектрден" техникалык документтерди алгандыгын жүйө келтирүүдө.

"Өткөн жылы 25-январда бизге "Чыгышэлектр" ачык акционердик коому техникалык шарттар жазылган документтерди берген. Анын негизинде алгачкы кадамдар ташталып, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя алганбыз. Эми мен кайра банкка беш жыл ичинде 12 пайыздык үстөк менен төлөп берүүм керек", — деп айтты ишкер.

Бирок айрым адистер мындай баа жогору экендигин белгилешүүдө. "Улуттук электр тармактары" компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Бекбо Маматбековдун пикиринде өкмөт сергек экономикалык саясат жүргүзүшү керек.

"Чакан ГЭСтердин колдонууга берилип жаткандыгы жакшы көрүнүш, мен муну кубаттайм. Бирок тариф саясатын туура алып баруу зарыл. Светти ким 4,7 сомдон сатып алат? Мындай иштерди башташ үчүн өкмөт жакшылап ойлонуп сейрек экономикалык саясат жүргүзүшү керек", — деди Маматбеков.

Кошумчалай кетсек, Рахатбек Ирсалиев буга чейин дагы Кемин районунда бир кичи гидроэлектростанцияны колдонууга берген. Ал жылына 12 миллион кВт саат энергия өндүрүп, электр тогун "Түндүкэлектр" ачык акционердик коому 4,7 сомдон алууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0