Бишкектин 122 миң евролук троллейбустары. Башка өлкөлөр канчага сатып алышкан?

© Sputnik / Акылбек БатырбековЗакуп новых троллейбусов в Бишкеке
Закуп новых троллейбусов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек бийлиги борбор шаардын жаңы транспортторунун наркын ачыктагандан кийин коомчулукта мындай унаа 122 миң еврону актар-актабасы тууралуу суроо туулду. Sputnik Кыргызстан башка өлкөлөр бул сымал троллейбустарды канчага сатып алганына кызыгып көрдү.

Бишкекке жаңы троллейбустар алып келинди. Шаар башчылыгынын убадасына караганда жайды ортолой баш калаанын көчөлөрүндө 52 жаңы троллейбус жүрө баштайт.

Алгачкы беш транспорттук каражат Россиянын Саратов облусунан алып келинген, алар ошол жактагы "Тролза" заводунда чогултулган. Ошол эле өндүрүшчүдөн борбор шаарыбызга "Тролза-5275.03 Оптима" үлгүсүндөгү 37 унаа алынат. Калган 15и Белоруссиядагы "Белкоммунмаш" ишканасында беленделмекчи.

Автобустагы турникет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Автобус, троллейбустарда жол кире эми айдоочуга төлөнбөйт. Жаңы система
Жаңы троллейбустар — коляскачан майыптар үчүн ыңгайлуу боло турган ачылма пандустары бар жарым-жартылай төмөн төшөлмөлүү унаалар. Аларга 100 жүргүнчү батып, 27 киши орундукта отуруп жүрө алат. Өндүрүшчү ишкананын расмий сайтындагы маалыматка караганда ар бир троллейбуска эки жылдык кепилдик берилет. 

Борбор шаардын автопаркын толуктоо боюнча долбоордун жалпы суммасы — 8,4 миллион еврону түзөт. Каражатты Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы бөлгөн: Кыргызстанга 3,4 миллион евро грант түрүндө, беш миллион евро насыяга берилген.

Шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматы боюнча бир троллейбус 122 миң евро турат. Башкача айтканда, аларга жалпы 6,3 миллион евро сарпталган. Калган 2,1 миллион евро кызматкерлерди окутууга, товарды алып келүү жана башка кызматтарга жумшалмакчы.

Карыздан он жылда кутулуп бүтүүгө тийишпиз. Анын эки жылы — пайызы гана төлөнө турган жеңилдетилген мөөнөт.

Башка калаалар ушундай эле троллейбустарга канча төлөшкөн?

"Тролза" ишканасынын сайтындагы маалыматка таянсак, Кыргызстан саратовдук өндүрүшчүдөн алгач ирет машина сатып алып жаткан жери жок. 2013-жылы да баш калаага Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) долбоорунун алкагында 44 "Тролза" троллейбусу алып келинген. 

Затор в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Маршруткачыларды дүрбөткөн полис деген эмне? Камсыздандыруунун жол-жобосу
2016-жылы ушул эле багытта – ЕРӨБдүн каржылоосунда Ош шаарына да 23 "Тролза-5275.03 Оптима" троллейбусу 3,09 миллион еврого (ал убактагы нарк менен ар бири 128 миң евронун тегерегинде бааланган) алынган.

Эки жыл мурун завод менен Душанбе мэриясы да келишим түзгөн. Тажикстандыктар үчүн ар бири болжол менен 107 миң еврого бааланган 15 "Тролза-5275 Оптима" троллейбусу алынган.

Кыргызстан дагы "Белкоммунмаш" ишканасынан транспорттук каражаттарды сатып алат. Бул өндүрүшчүлөрдүн троллейбустары алынып келе элек, андыктан, баш калаанын троллейбустук багытын кайсы үлгүлөр толуктаары али белгисиз.

Россиялык ЖМКлардын маалыматына таянсак, көп шаарлардын жетекчилиги КМШда белоруссиялык өндүрүшүндөгүлөрдүн ичинен эң кеңири таанылган БКМ-321 маркасын жактырышат. 

БКМ-321 троллейбустары 115 жүргүнчүгө ылайыкталган. Орундук саны – 26. Алар толугу менен төмөн төшөлмөлүү. Аялдамаларда унаага оң тарапка ыктай ылдыйлатылчу пневматикалык илмеги майыптар, карыялар жана коляска сүйрөгөн энелер үчүн салонго киришин жеңилдетет. Мындан тышкары, электрондук маршруттук көрсөткүчтөр жана тайгылтпай турган төшөлмөлөр менен жабдылган. Башкы өзгөчөлүгү — аккумуляторлору 15 чакырым ыраактыкка чейин автономдук режимде жүрүүгө мүмкүндүк берчү тутуму.

Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Маршруткага күнүбүз түшпөсүн десек... Бишкекке канча автобус керек
Былтыр июнь айында "Белкоммунмаш" Одессага ушундай троллейбустарды алпаруу үчүн тендерди утуп алган. Жалпы 47 унаа сатып алынып, ар бири 171 миң евродон айланган.

Техниканын алынышы Бишкектегидей эле Европа реконтрукциялоо жана өнүктүрүү банкынын насыялык каражатынын эсебинен жүргүзүлгөн. Буюртмачынын техникалык талаптары боюнча унаалар транзистордук башкаруу тутуму, алдыңкы өз алдынча илмеги бар, айдоочунун ордундагы кондиционер, заманбап электрондук башкаруу тутуму менен жабдылган, ошондой эле ыраактыгы көбөйтүлгөн автономдук жүрүшкө ээ. Мындан сырткары, төрт видеобайкоо камерасы, ал эми салондо розетка жана интернетке туташтыруучу Wi-Fi түйүндөрү кошумча орнотулган.

Тольяттинин тургундары үчүн мындай троллейбустардын ири партиясын алып келишкен. Алардын ар бири 9 миллион 437 миң рублдан (118 миң евро) айланган.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каражатына "Белкоммунмаштын" өндүрүмдөрүн Кременчуга (Украина) мэриясы да сатып алган. Келишимдин жалпы суммасы 8 миллион еврону түзүп, ар бири 140 миң евронун тегерегинде бааланган. Белгиленген суммага троллейбустарды кошумча жабдуу, документация, троллейбустун башкармалыктын кызматкерлерин окутуу жана кепилденген техникалык тейлөө акысы да кирет.

Общественный транспорт в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги коомдук транспорттун айдоочулары окшош форма киет. Сүрөт
Эң кымбат троллейбустарды украиналык Днепр шаарынын жетекчилиги сатып алган. Белоруссиялык өндүрүшчүлөр ал жакка жалпы 72 434 700 гривен же ар бирдиги 5,57 миллион гривен (2017-жылдын август айындагы курс боюнча 185 миң еврону түзгөн) деп бааланган БКМ-321 үлгүсүндөгү 13 троллейбусту жеткиришкен.

Жеткирилген унаалар кыймылдаткычтын асинхрондук тиби, аккумуляторлору 15 чакырымга чейин автономдук режимде жүрө алчу тутум менен жабдылган. Анан да ички добуш сала турган автоматык тутумдагы электрондук маршрут көрсөткүчү да орнотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0