Элди нааразы кылган Бишкектин жолдору. Аны ким текшерип, кантип кабыл алат?

© Sputnik / Мирбек СакеновСостояние Бишкекских дорог, отремонтированных в прошлом году
Состояние Бишкекских дорог, отремонтированных в прошлом году - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы Бишкекте шаар бюджетинин каражаты менен 57 көчө жасалган. Андан сырткары, Кытай насыясына 95 чакырым жол жарым-жартылай оңдолгон.

Ири суммадагы акчанын башын жеген жолдордун сапатына шаар тургундарынын ичи чыкпай нааразы болуп келет. Sputnik Кыргызстан агенттиги бүткөн иштер кантип текшерилип, кимдердин сынынан өтүп жаткандыгын тактап көрдү.

Борбор калаанын жолдорун жакшыртууга мэрия 2017-жылы 696 миллион сом сарптап, ал каражатка 56,4 чакырым жолду оңдоткон. Курулуш иштерин жергиликтүү компаниялар аткарып, көпчүлүгүн "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жасаган. Борбор калаадагы 57 көчөнүн 18ин аталган ишкана оңдогон.

Алсак, "Бишкекасфальтсервис" 9 миллион сомдон ашык каражатка Жантөшев-Тыныстанов көчөсүн Ахунбаевден Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоп, 2017-жылы өзү жасаган жолго техникалык паспорт чыгарган. Биздин редакция ал тилкенин тиешелүү документтерин алып көз карандысыз адиске текшертти.

Анда КМШнын эмгек сиңирген жолчусу Талант Садакбаев аткарылган иштин актысына көз салып чыгып, бир катар мүчүлүштүктөрдү аныктады.

Анын айтымында, кагаздарда иштин көлөмү жазылбай, аткарылышы боюнча документация так жүргүзүлгөн эмес.

"Бишкекасфальтсервис" тарабынан берген документтерде 480 куб шагыл салдык деп жазылып турат, бирок ага далил жок. Акт түзүүдө жасалган иштин съемкасы болуусу зарыл. Ошонун жардамы менен кайсыл тилкеде эмне иш жасалганы, көлөмү, техникалык мүнөздөмөсү менен көрсөтүлөт, ал маалыматтар тиркелген эмес. Эмне үчүн алар 5 сантиметр асфальт төшөсө, биз 6 сантиметр үчүн төлөшүбүз керек? Мындай болбойт. Жасагандар жана кабыл алгандар ал көчөнү пайдаланууга бергендиги үчүн жооп бериши керек. Сапаттуу жасалбаса акчасын бербей коюу зарыл. Антпесе ишибиз оңолбойт ", — деди Садакбаев.

Жолчу ошондой эле соңуна чыккан ишти өкмөттүн деңгээлинде кабыл алып, комиссиянын курамына Транспорт жана жолдор министрлиги, Ички иштер министрлиги, Эсеп палатасы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен адистерин киргизүү зарылчылыгын баса белгиледи.

"Бишкекасфальтсервис" ишканасынын маалыматы боюнча 2017-жылы ишкана жеке фирмалар менен жалпы 410 миң чарчы метр жерге асфальт төшөгөн. Текшере келгенде анын 800 чарчы метринде мүчүлүштүктөр табылган. Андан сырткары, мэрия салдырган жолдорду көз карандысыз тараптар текшербейт, бүткөн иш калаа бийлигинин алдындагы башкармалыктар тарабынан гана кабыл алат.

© Sputnik / Мирбек СакеновКытайлыктар күзүндө бүтүргөн Гагарин көчөсүнүн жазындагы абалы
Кытайлыктар күзүндө бүтүргөн Гагарин көчөсүнүн жазындагы абалы - Sputnik Кыргызстан
1/6
Кытайлыктар күзүндө бүтүргөн Гагарин көчөсүнүн жазындагы абалы
© Sputnik / Мирбек Сакенов"Ак-Ордо" конушунда 2017-жылы салынган тротуар
Ак-Ордо конушунда 2017-жылы салынган тротуар - Sputnik Кыргызстан
2/6
"Ак-Ордо" конушунда 2017-жылы салынган тротуар
© Sputnik / Мирбек СакеновӨткөн жылы "Көк-Жар" конушунда жасалган көчөлөрдүн бири
Өткөн жылы Көк-Жар конушунда жасалган көчөлөрдүн бири - Sputnik Кыргызстан
3/6
Өткөн жылы "Көк-Жар" конушунда жасалган көчөлөрдүн бири
© Sputnik / Мирбек СакеновБорбор калаада 2017-жылы жасалып пайдаланууга берилген Көлбаев көчөсү
Борбор калаада 2017-жылы жасалып пайдаланууга берилген Көлбаев көчөсү - Sputnik Кыргызстан
4/6
Борбор калаада 2017-жылы жасалып пайдаланууга берилген Көлбаев көчөсү
© Sputnik / Мирбек СакеновКытайлык China Road and Bridge Corporation компаниясы жасаган Профсоюз көчөсү
Кытайлык China Road and Bridge Corporation компаниясы жасаган Профсоюз көчөсү - Sputnik Кыргызстан
5/6
Кытайлык China Road and Bridge Corporation компаниясы жасаган Профсоюз көчөсү
© Sputnik / Мирбек СакеновБорбор калаада 2017-жылы 57 көчө шаардык бюджеттин эсебинен оңдолгон
Борбор калаада 2017-жылы 57 көчө шаардык бюджеттин эсебинен оңдолгон - Sputnik Кыргызстан
6/6
Борбор калаада 2017-жылы 57 көчө шаардык бюджеттин эсебинен оңдолгон
1/6
Кытайлыктар күзүндө бүтүргөн Гагарин көчөсүнүн жазындагы абалы
2/6
"Ак-Ордо" конушунда 2017-жылы салынган тротуар
3/6
Өткөн жылы "Көк-Жар" конушунда жасалган көчөлөрдүн бири
4/6
Борбор калаада 2017-жылы жасалып пайдаланууга берилген Көлбаев көчөсү
5/6
Кытайлык China Road and Bridge Corporation компаниясы жасаган Профсоюз көчөсү
6/6
Борбор калаада 2017-жылы 57 көчө шаардык бюджеттин эсебинен оңдолгон

Ал эми "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын жетекчиси Мирлан Амантуров былтыр жасалган иштер боюнча кемчиликтерди моюндап, жумуштун 2-3 пайызга чейин сапатсыз аткарылышына жол бериле тургандыгын айтты.

"Иш жүргөн жерде кемчиликтер болбой койбойт, биздин жумушта 2-3 пайызга чейин уруксат берилет. Анткени ал каражатты буюртма берген тарап кармап алат. Мисалы 2016-жылы подрядчиктерге 5,5 миллион сом айып салып, комиссиянын чечими менен сегиз миллион сомдук иш кайра жасалган. Экинчиден, ишти убагында бүтпөгөндөргө дагы айып салынууда. Муниципалдык ишкана курган жолдор боюнча айтсам, аткарган иштерибиз башкалардыкындай эле текшерүүдөн өтөт. Комиссиянын курамына Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын, райондук администрациялардын кызматкерлери, вице-мэр кирип, кабыл алуу көз карандысыз болот", — деп ишендирди Амантуров.

© Sputnik / Мирбек СакеновChina Road and Bridge Corporation компаниясы Бишкекте 2017-жылы 478 миллион юанга бааланган курулуш иштерин аткарган
Состояние Бишкекских дорог, отремонтированных в прошлом году - Sputnik Кыргызстан
China Road and Bridge Corporation компаниясы Бишкекте 2017-жылы 478 миллион юанга бааланган курулуш иштерин аткарган

Бирок Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын Жол чарба бөлүмүнүн жетекчиси Бектур Гайыпов "Бишкекасфальтсервистин" курулушуна баа берүү үчүн комиссия түзүлбөй тургандыгын билдирди.

"Бишкекасфальтсервис" жасаган жолдорго комиссия түзүлбөйт. Иштин сапатын "Жолду сыноо лабораториясы" ишканасынын документтеринин негизинде аныктайбыз. Жеке ишканалар салган жолдорду да мэриянын башкармалыктары өз ара бөлүшүп текшерет. Алардын арасында акимиаттын жумушчулары дагы бар. Бул иштердин көпчүлүгү буга чейин чыккан сыноо протоколунун негизинде жүргүзүлөт", — деди Гайыпов.

Строительство скоростного автобана Приморское кольцо - Sputnik Кыргызстан
Эмне деген акча! Түп — Кеген жолун курууда 51 млн. сом жок болуп кеткен
Өткөн жылы ошондой эле Кытай Эл республикасы берген насыянын эсебинен дагы 95 чакырымдай жол жасалып, 13 көчөнүн курулушун кытайлык "China Road and Bridge Corporation" компаниясы бүтүргөн. Так ошол чет элдиктер салган көчөлөрдү калаа тургундары сындап, сапатсыз ишти кимдер кабыл алгандыгына кызыгып келет.

Нааразычылык жараткан жолдорду 2017-жылы мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы сынынан өткөрүп пайдаланууга берген. Мекеменин башчысы Нурлан Эшенбаев оңдолгон көчөлөр мыйзам чегинде текшерилгендигин айтты.

"Шаар тургундары биздин жумушту түшүнбөй эле сындап жатышат. Иш болгон жерде кемчилик болот, курулушту 100 пайыз талаптагыдай бүтүрүү мүмкүн эмес. Ага түрдүү факторлор себеп. Кытайлыктардын ишин курамына биздин башкармалыктын кызматкерлери, техникалык көзөмөл боюнча адистер кирген комиссия текшерет. Тиешелүү лабораториядан өтүп, бардык техникалык талаптар сакталат. Андан сырткары, China Road компаниясы өзүнүн лабораториясында да изилдөөлөрдү жүргүзөт", — деди Эшенбаев.

© Sputnik / Мирбек СакеновМэрия өткөн жылы 696 миллион сомго 56,4 чакырым жолду оңдоткон
Состояние Бишкекских дорог, отремонтированных в прошлом году - Sputnik Кыргызстан
Мэрия өткөн жылы 696 миллион сомго 56,4 чакырым жолду оңдоткон

Калаа бийлиги Кытайдын жол салуу компаниясы менен 2017-2018-жылдар аралыгында 49 жол жана 6 көпүрө салуу боюнча келишимге кол койгон. Өткөн жылы кытайлыктар 478 миллион юанга (74,2 миллион доллар) бааланган курулуш иштерин жасаган. Мэриядагылар ал көчөлөрдүн ар бири канча акчага жасагандыгын билбейт. Себеби насыя берген тарап ал маалыматтарды жергиликтүү мамлекеттик органдарга бербейт.

Быйыл дагы калаанын жолдорун калыбына келтирүүгө кытай грантынан жалпы 160 миллион юань (25,3 миллион доллар) каралып, ага 15 көчөдө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүү пландалууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0