Өлкө рыногун Европадан ташылган унаалар каптайбы? Автобазардын эртеңи тууралуу

© AP Photo / Michael SohnКонвеердеги автоунаалар. Архив
Конвеердеги автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын автобазарын кандай келечек күтөт, талап күч болгон унаалардын баасы соңку төрт жылда кандай өзгөрдү? Ошондой эле кыргызстандык авто сүйүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө кайсы 10 үлгүдөгү унаа татыгандыгы боюнча Sputnik Кыргызстандын макаласынан окуңуздар.

Экономика министрлигинин Кыргызстанда бажы төлөмдөрүнүн бирдиктүү ченинин өлчөмү 2014-жылдагы деңгээлине дейре төмөндөтүлөрү туурасындагы билдирүүсүнөн кийин кыргызстандык сатып алуучуларда баа төмөндөйбү деген суроо жаралды.

© © SputnikHonda Fit, 2003-жылы чыккан
Honda Fit, 2003-жылы чыккан - Sputnik Кыргызстан
1/6
Honda Fit, 2003-жылы чыккан
© © SputnikSubaru Forester, 2004-жылы чыккан
Subaru Forester, 2004-жылы чыккан - Sputnik Кыргызстан
2/6
Subaru Forester, 2004-жылы чыккан
© © SputnikMercedes-Benz E 430, 2001-жылы чыккан
Mercedes-Benz E 430, 2001-жылы чыккан - Sputnik Кыргызстан
3/6
Mercedes-Benz E 430, 2001-жылы чыккан
© © SputnikToyota Camry, 2006-жылы чыккан
Toyota Camry, 2006-жылы чыккан - Sputnik Кыргызстан
4/6
Toyota Camry, 2006-жылы чыккан
© © SputnikToyota Prado, 2003-жылы чыккан
Toyota Prado, 2003-жылы чыккан - Sputnik Кыргызстан
5/6
Toyota Prado, 2003-жылы чыккан
© © SputnikMercedes-Benz G 500, 2009-жылы чыккан
Mercedes-Benz G 500, 2009-жылы чыккан - Sputnik Кыргызстан
6/6
Mercedes-Benz G 500, 2009-жылы чыккан
1/6
Honda Fit, 2003-жылы чыккан
2/6
Subaru Forester, 2004-жылы чыккан
3/6
Mercedes-Benz E 430, 2001-жылы чыккан
4/6
Toyota Camry, 2006-жылы чыккан
5/6
Toyota Prado, 2003-жылы чыккан
6/6
Mercedes-Benz G 500, 2009-жылы чыккан

Айдалган автолордун баасы канчалык өстү?

Авто алып сатуучу Вячеслав Кондратьевдин пикиринде, Кыргызстандын авто рыногу акыркы жылдарда турукташып, айдалган унаалардын баасы өсүүдө.

"Азыр мурдагыдан машина аз ташып келинет, айдалганына карабастан алар жаңы эле, баасы да жаңылыгына жараша. Кыргызстандын жолдорунда көп айдалган ошондой эле автомобилдер жылдан жылга товардык көркүн жоготуп барат. Ошондуктан базардан орточо баадагы эскилиги жеткендерин да, алда канча кымбат баадагы жакшы жүргөндөрүн да көрө алабыз", — деди ал.

Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын директору Искендер Шаршеевдин божомолунда жакынкы келечекте өзгөрүүлөр болот.

© Фото / Айжамал КондучаловаЧет элдик инвесторлор ассоциациясынын директору Искендер Шаршеев
Исполнительный директор Ассоциации иностранных инвесторов Искендер Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын директору Искендер Шаршеев

"Кыргызстанда авто наркы жыл сайын 5-7 пайызга жогорулап отурат. Талап сунушту жаратарын унутпайлы, ал эми талап бизде дайым бар", — деди ал.

Серепчи бензиндин баасынын кымбатташынан улам жакынкы 5-6 жылда Кыргызстандын авторыногу электр менен жүрүүчү жана гибрид транспортторго толот деген ойдо. Бул орто класстагы машиналардын баасын төмөндөтөт, бирок "люкс" классындагы унаа баасы мурдагыдай жогору бойдон калат.

Кыргызстанды Европадан алып келинген арзан унаалар каптайбы?

Экономикалык серепчи Айдарбек Самыкбаевдин пикиринде, келечекте өлкөдө электр менен жүрүүчү автомобилдер жүрө баштайт, алардын экологияга тийгизген зыяны аз.

"Бажы төлөмдөрүнүн жана салыктардын бирдиктүү ченинин өлчөмүнүн төмөндөтүлүшү ыктымал. Электромобилдер өлкөгө бажы төлөмдөрүсүз киргизилип калат. Бирок ал үчүн премьер-министр тийиштүү мыйзамга кол коюушу зарыл",— деди ал.

Самыкбаевдин айтымында, бажы төлөмдөрүнүн бирдиктүү чени 2014-жылдагы деңгээлге чейин түшүрүлүшү мүмкүн.

"Долбоор ЕАЭБ жоболоруна каршы келбейт. ЕАЭБ менен түзүлгөн Келишимдин 26-пунктунда анын күчүнө кирген күндөн жана 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргыз Республикасында ЕАЭБ келишими тарабынан коюлган бажы төлөмдөрү жана салык чени колдонулбай турганы белгиленген", — деди эксперт.

Экономика министрлигинин долбоору боюнча электромобилдер үчүн бажы төлөм чени коюлбайт. Министрликтин басма сөз кызматынан долбоор өкмөттүн кароосуна экендигин кабарлашты.

КР Соода-өнөр жай палатасынын Эскпортко көмөк көрсөтүү жана логистика комитетитинин төрагасы Кубат Рахимов мындай өзгөрүүлөр соңку жылдары курулган автомобилдик рыноктун өнүгүү стратегиясын бузарын айтат.

© Sputnik / Табылды КадырбековКР Соода-өнөр жай палатасынын Эскпортко көмөк көрсөтүү жана логистика комитетитинин төрагасы Кубат Рахимов
Председатель комитета Торгово-промышленной палаты КР Рахимов Кубат - Sputnik Кыргызстан
КР Соода-өнөр жай палатасынын Эскпортко көмөк көрсөтүү жана логистика комитетитинин төрагасы Кубат Рахимов

"Кыргызстанда 2005-жылы чыккан машина жаңы деп саналат. Бул базарды максаттуу түрдө паркты жаңылоого түрткөн ЕАЭБ жоболоруна ылайык келбейт. Белоруссиянын, Россия, Казакстандын автопарктары ЕАЭБ жоболору ишке киргенден бери кандай жаңыланганын караңыздар. Инвесторлор Кыргызстанда авто куроочу заводдорду курууну жаңыдан пландашкан эле… Бажы чендеринин төмөндөшү бул тармакты дагы бир топ жылга ооздуктайт", — деди Рахимов.

Ал Кыргызстандын бажы төлөм чендери төмөндөтүлгөндөн кийин Кыргызстанды Европанын экинчи кол базарынан арзан автолор каптарын белгилейт.

Электромобиль Nissan в Париже - Sputnik Кыргызстан
Кытайга Кыргызстанда электромобилдерди курай турган завод ачуу сунушталды
"Европанын ири калаалары дизель менен жүрүүчү автолорду колдонууга тыюу салууда. Алар айдалган унааларды Болгария жана Тажикстанга жөнөтүшөт. Экономика министрлиги сүрөп жаткан токтом колдонулган техниканы экспорттоо менен күн көргөн күнүн туудурат", — деди Рахимов.

Серепчи автопаркты жаңыртуу көйгөйү дагы деле чечилбей, болгону артка жылып каларын айтат. Ал бир нече жылдан соң кыргызстандыктар бул автолорду жоготуу машакатына кабылат деген пикирде.

Экономикалык серепчи Жумакадыр Акенеев бажы төлөмдөрүнүн төмөндөтүлүшүнө карабастан, коомдун орто катмарынын өкүлдөрү үчүн жеке унаага ээ болуу кыйындап калат деп эсептейт.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономикалык серепчи Жумакадыр Акенеев
Доктор экономических наук Жумакадыр Акенеев - Sputnik Кыргызстан
Экономикалык серепчи Жумакадыр Акенеев

"Машина сатып алуу — анча пайдасыз салым. Бүгүн күйүүчү майдын кескин кымбатташы байкалууда, демек, авто сатып алууга кызыгуу төмөндөйт. Орто катмар үчүн менчик машина минүү пайдасыз болуп барат, бул алардын капчыгын эңшерет", — деп билдирди Акенеев.

Өлкөнүн автомобилдик рыногунда жакынкы жылдары жаңы доор башталары боюнча серепчилер эки ача пикирде. Кырдаалга жаңы гибрид жана электр менен жүрүүчү унаалардын сырттан ташылышы, ошондой эле Кыргызстанда болжолдонуп жаткан авто куроочу заводдордун курулушу таасир этет.

Кыргызстандын жаңы автомобилдер рыногуна бул кандай таасир этет?

Көптөгөн адистер КРде айдалбаган авто сатып алуу пайдасыз деп эсептешкени менен өлкөдө бир катар автосалондор ачылды.

Унаага бензин куюп жаткан айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт күйүүчү май эмнеге кымбаттап жатканына түшүндүрмө берди
"Toyota-борбордун" сатуу боюнча менеджери Рашид Хасанов акыркы эки жылда соода 15-20 пайызга жогорулаганын айтат.

"Бүгүн элди жаңы машина наркы чочулатпайт, айдалбаган унаанын артыкчылыктарын жакшы түшүнүшөт. Биздин борбордогу авто баасы базардыкынан көп айырмаланбайт. Маселен, базарда 2014-жылкы айдалган Toyota Camry 22 миң долларга сатылууда, ал эми ушул эле үлгүдөгү жаңы 2017-жылы чыгарылганы 27 миң доллар турат", — деди Хасанов.

Ravon авто концернинин маркетологу Элита Каниметова кыска убакыт аралыгында эле компания ондогон унаа сатканын, бул рыноктогу жаңы автого болгон талаптын өскөндүгүнүн оң көрсөткүчү болуп саналарын белгиледи.

"Биздин автомобилдердин наркы базар баасы менен таймаша алат: айырма болгону бир нече миң доллар, бирок машиналар жаңы эмеспи", — деди ал.

Экономикалык серепчилер бажы төлөмдөрүнүн төмөндөтүлүшү жаңы автомобиль сатуу менен алектенген компаниялардын ишмердигин да, болжолдонуп жаткан авто куроочу заводдорунун курулушун, жаңы жумушчу орундарынын түзүлүшүн да күмөнгө салат.

Жаңылыктар түрмөгү
0