Эрдогандын Кыргызстанга сапары: "Маариф" фонду маарытабы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЦеремония присвоения президентам Кыргызстана и Турции звания "Почетного доктора" КТУ "Манас"
Церемония присвоения президентам Кыргызстана и Турции звания Почетного доктора КТУ Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Маариф" фонду Түркияда 2016-жылы 17-июнда түзүлгөн. Ал өлкөнүн Билим берүү министрлигине баш ийбестен Түркиянын атынан билим берүү мекемелерин ача алган жалгыз уюм болуп саналат.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 1-3-сентябрда КР башчысы Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен Кыргызстанга иш сапары менен келип кетти.

Тараптар кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча 12 документке кол койду

Официальный визит президента Турции Реджепа Тайипа Эрдогана в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Кыргызстандагы ФЕТО өкүлдөрүнө каршы кандай күрөш жүрөрүн айтты
Президенттер тар жана кеңири чөйрөдө жолугуп эки мамлекеттин экономикалык, гуманитардык жааттагы байланыштары учурдун талаптарына жооп бербей турганын, аларды дагы кеңейтип, жаңы деңгээлге чыгаруу керектигин белгилешти. Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган өзгөчө басымды Кыргызстандагы ФЕТО уюмдарынын тарапташтарына жасап, алардын таасирин азайтуу боюнча аракеттер болуп жатканын айтты. Эрдоган анын ичинде билим берүү жаатындагы кызматташууну жакшыртуу керектигин белгилеп, ачык айтпаса да Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемесинин ишин басаңдатуу керектигин кыйытып өттү.

Эки мамлекеттин делегацияларынын кеңири чөйрөдөгү жыйынынан кийин Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Түркиянын "Маариф" фондусунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМинистр Кудайбердиеванын айтымында, азыр билим берүү жаатындагы кызматташуу боюнча меморандумга гана кол коюлду
Меморандум между Министерством образования и науки КР и фондом Маариф - Sputnik Кыргызстан
Министр Кудайбердиеванын айтымында, азыр билим берүү жаатындагы кызматташуу боюнча меморандумга гана кол коюлду

Эрдоган Түркия "Маариф" фондусуна өзгөчө маани берерин, бул фондунун Кыргызстандын Билим берүү министрлиги менен бирге жасай турчу иштери көп экенин жана ал Кыргызстан үчүн пайдалуу болорун журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйында так кесе айтты.

Бул документ билим берүү жаатындагы байланышты кантип чыңдай турганын жана анын "Сапат" билим берүү мекемелерине таасири кандай болорун КРдин билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Министр өз сөзүндө учурда кызматташуу ниети боюнча документке гана кол коюлганын белгиледи.

"Азыр биз меморандумга гана кол койдук. Негизги келишим боюнча дагы иш алып барабыз. Азыр кыргыз жана түрк тараптан чоң эксперттик топ түзүлгөн. Ошол эксперттик топ өзүнүн ишин баштайт. Келишимдин долбоорун иштеп чыгып, сентябрда депутаттардын кароосуна киргизебиз. Ал сөзсүз түрдө ратификациядан өтүшү керек", — деди Кудайбердиева.

Министр "Маариф" фонду Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемелерине каршы тура турган мектеп ача турганы боюнча айтылып жаткан маалыматтар тууралуу пикирин төмөнкүчө билдирди.

"Каршы тура турган деп айта албайм, анткени биз үчүн келишим негизинен билим берүү жаатында кызматташуу тууралуу болушу керек", — деди ал.

Билим берүү жаатындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров "Маариф" фондун Кыргызстандагы тигил же бул билим берүү мекемесине каршы коюу же койбоо мамлекеттин өзүнөн көз каранды экенин айтат.

Совет сотрудничества тюркоязычных государств в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Түрк кеңешинин саммитинин жыйынтыгында кол коюлган документтердин тизмеси
"Бул макулдашуу меморандуму деген "макул, муну да көрүп көрөлү" деген мүмкүнчүлүк. Муну "Сапатка" теңтайлаштырып, каршы коюш Кыргызстандан көз каранды нерсе, эки уюм бири-бирине атаандаш эмес. Билим берүү системабыз катаал мезгилде турганда кандай гана жаңылануу, инновациялар болбосун, аларды Кыргызстанга киргизгинге даяр турушубуз керек. Учурда өлкөдө мектептердин саны окуучулардын санына караганда эки эсе аз болуп жатат. Бизде мектептер, окута турчу жайлар катастрофалык түрдө жетишпейт. Ошол себептен "Маариф" фонду аркылуу кошумча 10-20 мектеп ачыла турган болсо өзүбүзгө эле жакшы", — деди ал.

Сайназаров ошондой эле өлкөдөгү окуу жайлар Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө каршы келбей, билим берүүнүн сапатын жогорулатканга гана багытталышы керектигин кошумчалап, билим берүү тармагын саясатташтырбоо зарылдыгын айтты.

"Маариф" фонду деген эмне?

"Маариф" фонду Түркияда 2016-жылы 17-июнда түзүлгөн. Ал өлкөнүн Билим берүү министрлигине баш ийбестен Түркиянын атынан билим берүү мекемелерин ача алган жалгыз уюм болуп саналат. Фондунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, мекеме пайда көрүү максатын көздөбөйт. Ар мамлекетте бала бакча, мектеп, университет ачып, билим берүү жаатында ишмердигин жүргүзөт. Учурда 21 мамлекетте мектептери бар. Интернеттеги ачык булактардагы маалыматтар боюнча аталган фонд буга чейин дин аалымы Фетхуллах Гүленге таандык делген мектептерди өзүнө каратып алган.

"Манаста" айтылган сөздөр

Режеп Тайип Эрдоган 2-сентябрда КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен бирге Кыргыз-түрк "Манас" университетинин медицина факультетинин имаратынын курулушуна капсула салды.

Түрк президенти студенттер менен окутуучулардын алдында сүйлөп жатып, "Манас" университети бүгүнкү жетишкендиктери менен ФЕТО чагымчыл уюмунун "Түркия эл аралык деңгээлдеги билим берүүдө ийгиликке жетпейт" деген оюн жокко чыгарганын белгиледи. 

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Маариф" фонду Түркияда 2016-жылы 17-июнда түзүлгөн. Ал өлкөнүн Билим берүү министрлигине баш ийбестен Түркиянын атынан билим берүү мекемелерин ача алган жалгыз уюм болуп саналат.
Церемония присвоения президентам Кыргызстана и Турции звания Почетного доктора КТУ Манас - Sputnik Кыргызстан
"Маариф" фонду Түркияда 2016-жылы 17-июнда түзүлгөн. Ал өлкөнүн Билим берүү министрлигине баш ийбестен Түркиянын атынан билим берүү мекемелерин ача алган жалгыз уюм болуп саналат.

"Түркия бир тууган Кыргызстан менен саясий, экономикалык, маданий багыттагы байланышты чыңдоо үчүн аракет көрө берет. Биз бул байланыштарды чыңдап ФЕТОнун таасирин жокко чыгарып, келечекте кызматташтыкты өнүктүрүүгө чечкиндүү кадам жасайбыз", — деди Эрдоган.

Кыргызстандын пикири кандай?

КР президенти Сооронбай Жээнбеков 1-сентябрда журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйында "Сапат" мекемесинин ишмердиги толугу менен мамлекеттин көзөмөлүндө экенин айтып, өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги анын уюштуруучу курамына киргенин билдирген.

"Азыр окутуу процесстери толугу менен мамлекеттин көзөмөлүндө. Биз боордош эл экенибизди дагы бир ирет айтып коюшум керек. Биздин жарандар Түркияга зыян кылуучу, кыянаттык иштерге барбайт. Эгер кыргыз-түрк мамилесине доо кетире турчу аракеттер болсо, андай адамдар жоопкерчиликке тартылат", — деди Жээнбеков.

КР президенти ошондой эле өлкө башчы катары бул ишти өзүнүн түз көзөмөлүнө аларын айтып, Кыргызстанда иштеп жаткан бардык жарандар, КР мыйзамы менен иштей турганын жана ага мамлекет көз саларын билдирди.

"Сапаттын" сапары

Кыргызстандагы эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин аты "Сапат" болуп 2017-жылы жаз айларында өзгөртүлгөн. Эми "Сапат" билим берүү мекемесинин түзүүчүлөр курамына КР билим берүү жана илим министрлиги кирген.

Заседание Высшего совета стратегического сотрудничества между Кыргызстана и Турции - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков түрк ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды
Белгилей кетсек, "Сапат" билим берүү мекемесинин аймактарда 16 лицейи бар. Андан сырткары, Бишкек шаарында "Ататүрк — Алатоо" университети, эл аралык Silk Road мектеби, 3 орто мектеби бар.

Түрк бийлигинин Кыргызстандагы "Себат" билим берүү мекемелерин жабуу боюнча талабы 2016-жылы 15-июлда болгон мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетинен кийин коюла баштаган. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу дин аалымы Фетхуллах Гүлендин жактоочулары Кыргызстанда дагы ушундай иштерди жасашы мүмкүндүгүн айтып, ага таандык делген "Себат" билим берүү мекемесин жабууну талап кылган

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркия министринин мындай билдирүүсү осол кадам экенин белгилеп, Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондуктан эмненин жаман, эмненин жакшы экенин өзү чече турганын айткан болчу. Экс-президент Алмазбек Атамбаев дагы Түркия Кыргызстанды коркутуп, акыл үйрөтпөшү керектигин баса белгилеген

Жаңылыктар түрмөгү
0