Депутаттар экс-президенттин кол тийбестигин алмай болушту. Мыйзам долбоору даяр

© AP Photo / Misha JaparidzeФлаг Кыргызской Республики в Бишкеке
Флаг Кыргызской Республики в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндөгү жобо Баш мыйзамга каршы келерин белгилеп, аны жоопко тартуу механизмин иштеп чыгууну өкмөткө табыштады.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстанда экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу маселе көптөн бери талкууланып келет. Иштеп турган президентти канчалык кыйын болсо да жоопко тартууга болот, ал эми экс-президенттерди жоопко тартуу эч мүмкүн эмес, мыйзамга ылайык, алардын толук кол тийбестиги бар

Укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун кайрылуусунун негизинде жакында Конституциялык палата “КР президенттин ишмердик кепилдиктери жөнүндө” мыйзамындагы кол тийбестик боюнча жобону карап чыккан.

Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Исхак Масалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Масалиев: ТЭЦ боюнча экс-президентти жооп берсин десек мыйзамды өзгөртүү керек
КП ал жобо Конституцияга каршы келет, мыйзам алдында баары бирдей деген бүтүм чыгарган.

Палатанын чечимине ылайык, эгер ошондой жагдай жаралса, экс-президентти жоопко тартуу үчүн кол тийбестиктен ажыратуу жол-жобосун — мыйзамга өзгөртүүлөрдү өкмөт демилгелөөгө тийиш. Урунттуу учуру — бул процедура да иштеп турган президентке импичмент жарыялоо сымал эле татаал болууга тийиш.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы мындан аркы кадамдардын кандай болорун билип көрүүнү чечти.

Экс-президенттин сары изине чөп салдырбоонун жолу барбы?

Нурбек Токтакунов тийиштүү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу өкмөт үчүн кыйын деле эмес деген ойдо.

"Эгер убара тарткылары келбесе, бул процедураны импичментке окшош ишке ашырууга болот. Же парламенттин төрттөн үч бөлүгүнүн добушу менен гана жоопко тартууга болот деген чечим менен татаалдаштыра алышат. Эмнеге? Эгер президент болуп турган маалында импичмент жарыялоого даай алышпаса, анын мөөнөтү бүткөндөн кийин каалаган киши жөөлөй берет”, — деди Токтакунов.

Государственный флаг Кыргызстана, в центре которого изображен тундук кыргызской юрты в обрамлении сорока солнечных лучей - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда иштеп жаткан жана экс-президенттерди жоопко тартса болобу?
Ошондой эле ал депутаттар Исхак Масалиев жана Курманкул Зулушев экс-президентти кол тийбестигинен толук ажыратуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун иштеп чыгышканын кошумчалады. Башкача айтканда, экс-президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда ал эч кандай иммунитетке ээ болбойт.

"Бул мыйзам долбоору кабыл алынышы ыктымал. Анда импичментке караганда кол тийбестиктен ажыратуу процедурасы алдаканча жеңил каралган. Балким ошондон улам бөлөк мыйзам долбоору туурасында маселе көтөрүлүп жаткан чыгар. Бирок анда алар Конституциялык палатанын чечиминин чегинен чыкпай, бул макамды алып салуу процедурасын киргизүүлөрү зарыл", — дейт Токтакунов.

Конституция боюнча импичментке негиз жана анын механизмдери

Президент кылмыш жасагандыгы боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан коюлган айыптын негизинде гана кызматынан четтетилет. Кылмыш иши мамлекет башчысынын аракеттеринде кылмыш белгилери бар экендиги боюнча башкы прокурордун бүтүмү менен тастыкталууга тийиш.

Механизми төмөнкүдөй:

— атайын депутаттык комиссиянын жыйынтыгы;

— президентке каршы айып тагуу боюнча ЖК депутаттарынын үчтөн кем эмес бөлүгүнүн демилгеси;

— депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн макулдугу менен жоопко тартуу;

Ата Мекен фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов - Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов: Текебаев президенттин ырайымы аркылуу бошонуудан баш тартты
Импичмент жарыялоо тууралуу парламенттин чечими жалпы мыйзам чыгаруучулардын жалпы санынын үчтөн эки бөлүгү менен айып тагылган күндөн үч ай аралыгында кабыл алынышы керек. Эгер ал ушул мөөнөттө кабыл алынбаса, айыптоо четке кагылды деп саналат.

Белгилей кетсек, Конституцияда да, мамлекет башчысынын ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамда да импичментке кылмыштын кандай түрү негиз болору жазылган эмес.

Сөз демилгечи Масалиевде

“КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду иштеп чыккандардын бири Масалиев Конституциялык палатанын чечимине нааразы.

"Маңызында кол тийбестикти алып салуу чечими чыккан жок. Кесиптештерибизден биздин вариантты колдоп берүүнү өтүнөбүз” — деди Масалиев.

Айтмакчы, адепки вариантында экс-президенттен депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана кол тийбестикти алып салуу сунушталган. Бирок соңку вариантында мамлекеттин мурдагы башчысынын кол тийбестиги тууралуу жобо жок. Документти кабыл алуу үчүн мыйзам долбоору үч окууда каралып, жыйынга катышкан депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосун табууга тийиш, бирок 50 добуштан кем болбошу шарт.

Өкмөттөгүлөр эмне дешет?

Министрлер кабинетинен Конституциялык палатанын мыйзам иштеп чыгуу сунушу боюнча пикирин палатанын чечими келип түшкөндөн кийин билдирүүнү убада кылышты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев экс-президент деп эсептелет, ал эми Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев мындай макамга ээ эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0