Миң сомдук купюралар. Архивдик сүрөт

Миллиондордун башын жеген ден соолук программалары. Акча кайда сарпталган?

605
(жаңыланган 14:21 14.10.2018)
Мирбек Сакенов
Саламаттык сактоо министрлиги "Дени сак адам — гүлдөп өнүккөн өлкө" аталышындагы жаңы улуттук программа иштеп чыкты. Ага медицина тармагындагы приоритеттүү багыттар кирип, дары-дармек, лабораториялык кызмат, тармактагы электрондук тейлөөнү жакшыртуу өңдүү бир катар маселелер эске алынган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ушул жана буга чейинки ири каражат сарпталган программалардын жыйынтыгын тактап көрдү.

Жыл соңуна чейин кабыл алына турган "Дени сак адам — гүлдөп өнүккөн өлкө" программасын 2030-жылга чейин иштетүү каралган. Өкмөт аны өз алдынча каржылай албагандыгына байланыштуу эл аралык донорлордон материалдык колдоо күтүүдө. Министрликтин маалыматына ылайык, 2019-2023-жылдар аралыгында жасала турган жумуштарга болжол менен 5,1 миллиард сом кетет, анын 38 пайызы гана өлкө казынасынан алынат.

Документте медициналык тез жардамды, электрондук тейлөөнү, каржылоо системасын өнүктүрүү жана лабораториялык кызматты жакшыртуу өңдүү иштерге басым жасоо каралган. Андан сырткары, буга чейинки "Манас", "Манас таалими" жана "Ден соолук" программасындагы айрым жагдайлар эске алынгандыгы да айтылат.

Жаңы программанын алкагында кандай иштер аткарылат?

— Ден соолукту чыңдоо программаларына мониторинг жана баалоо тутумун киргизүү;

— Ченем-укуктук актыларга толуктоолорду киргизүү;

— Медициналык билим берүүнүн сапатын жакшыртуу;

— Медициналык илимди өнүктүрүү жана саламаттык сактоо тармагында илимий мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө;

— Фармацевтикалык секторго үзгүлтүксүз мониторинг жасоо;

Бирок адистер ири суммадагы акча жумшала турган программа жакшы иштелип чыкпаганын азыртан эле айтышууда. Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы, коомдук талкууга алынган долбоорго сунуш киргизген Айбар Султангазиев документтин ичинде курулай жана супсак сөздөр көп жазылганын баса белгиледи. 

Глава общественного совета Минздрава Айбар Султангазиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы, коомдук талкууга алынган долбоорго сунуш киргизген Айбар Султангазиев

"Авторлор оорунун алдын алып, элди сергек жашоого үндөөгө басым жасашууда. Бирок ага убакыт жана шарт түзүп берүү керек да. Биз болсо конкреттүү сунуштарды бердик. Мисалы, ошол каражаттарга жети облуска тиешелүү техника менен жабдылган медициналык борборлорду ачып, кызматкерлердин айлык маянасын көтөрүүнү сунуштадык. Анткени борбор калаага көп бейтаптар кайрылып жатат. Облустук ооруканаларга ангиограф, томографияларды алып берип, дарыгерлерди үйрөтүүнү да сунуштадык. Антпесе көп каражат максатсыз пайдаланып, жөн эле түрдүү иш-чаларды уюштурууга чачылып кетүүдө. Мисалы, консультант адистерге эле бир топ акча жумшалат. Биз буга чейин реалдуу көп сунуштарды киргизгенбиз, бирок программага айрымдарын гана киргизип коюшуптур", — деди Султангазиев.

Ал ошондой эле буга чейин кабыл алынган программалардан деле жыйынтык чыкпаганын айтып, медициналык мекемелерде кезек күтүп отургандардын саны азаймак тургай көбөйүп, дары-дармек арзандабай жаткандыгын мисал келтирет.

Мындай айыптоолорго министрликтин Стратегиялык пландоо башкармалыгынын жетекчиси Медербек Исмаилов кошулбайт. Анын айтымында, жаңы программаны даярдоодо бардык тараптын сунушу эске алынган. 

Начальник управления стратегического планирования и разработки политики Министерства здравоохранения Медер Исмаилов на пресс-конференции в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Данияр Сандыбаев
Саламаттык сактоо министрлигинин Стратегиялык пландоо башкармалыгынын жетекчиси Медербек Исмаилов

"Бул документти бир жылга чукул убакытта иштеп чыктык. Аймактарга чыгып жолугушууларды, бейөкмөт уюмдар менен тегерек столдорду уюштуруп, ар түрдүү сунуштарды кабыл алдык. Программада жаңы техника колдонууга басым жасалып, бейтаптарды чет өлкөгө кетирбей өзүбүздөн эле дарылоо каралган. Ал үчүн инвестиция тартып, Бишкек менен Ош шаарында заманбап кызмат көрсөтүү пландалган. Анан сөзсүз аймактарга басым жасалат", — деп билдирди Исмаилов.

Ошондой эле ал жаңы программада мамлекет тарабынан бөлүнө турган каражаттын ичинде консультанттык кызматтарга акча берүү каралбагандыгын айтты.

Ал эми акыркы 22 жылда өлкөнүн саламаттык сактоо тармагында үч улуттук программа ишке ашырылган. Министрликтин маалыматына ылайык, эң биринчи "Манас" программасы 1996-жылдан 2005-жылга чейин жүзөгө ашырылып, ага Дүйнөлүк банк тарабынан 33,5 миллион доллар берилген. Экинчиси "Манас таалими" программасы, ал 2006-2011-жылдары иштеп, эл аралык донорлор 57 миллион доллар бөлгөн. Ал эми 2012-жылы баштылып учурда бүтөйүн деп калган "Ден соолук" программасына чет элдик донорлордун каржылоосу менен 25,46 миллион доллар жана 16 миллион евро жумшалган. Ошентип аталган программаларга жалпы жонунан чет өлкөлүк каржы булактарынан эле 115,9 миллион доллар жана 16 миллион евро келген.

Ал каражаттарга кандай иштер аткарылган?

— 84 үй-бүлөлүк медицина борбору ачылган;

— Региондордо облустук бириккен ооруканалар түзүлгөн;

— Ош, Жалал-Абад облусунда, Бишкек шаарында тери аркылуу кийлигишүүлөрдү жүргүзүү үчүн борбор түзүлгөн;

— Жалал-Абад, Ош облусундагы ооруканага ангиографиялык аппараттар алынган;

— Бишкек, Ош шаарынын төрөт үйлөрү жана перинаталдык борборлоруна медициналык жабдуулар берилген;

— Санитардык авиацияга 15 автоунаа жана медициналык жабдуулар сатып алынган;

— Бишкекте 6,5 миллион еврого 140 орундуу кургак учукка каршы оорукана салуу каралган. Азыркыга чейин курулуш иштери баштала элек;

— 10,5 миллион еврого перинаталдык борбор куруу. Иш соңуна чыга элек:

— Электрондук саламаттык сактоо борбору түзүлгөн;

— Жалал-Абад облусунда ыкчам жардам берүү бөлүмүнүн курулушу пландалган. Имарат колдонууга бериле элек;

— Бишкектеги тез жардам кызматынын алдындагы балдар ооруканасын реконструкциялоо пландалган. Учурда иш баштала элек;

— Ош шаардык ооруканасынын жаңы имараты курулуп жатат;

— Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу. Имарат пайдаланууга бериле элек.

Ошондой эле 174 миңдей медицина кызматкери окутулуп, 8395 үй-бүлөлүк дарыгер даярдоодон өткөн. Врачтардын окуусуна 117 миллион сомдон ашык каражат жумшалган.

Бирок бир программанын эл аралык жана жергиликтүү консультациялык кызматтарына эле 3 миллион 800 миң доллар жумшалган. Мындам улам медицина кызматкерлери да программанын аркасы менен далай акча кымырылганын жашырбайт.

Медицина тармагында 60 жылдан бери иштеп, учурда Чүй облустук ооруканасынын хирургиялык бөлүмүн жетектеген профессор Эрнст Акрамовдун пикиринде, программаларды кабыл алуу акча уурдоонун жолуна айланды. 

Выдающий хирург, Герой Кыргызстана Эрнст Акрамов на лекции
© Фото / Александр Федоров
Чүй облустук ооруканасынын хирургиялык бөлүмүн жетектеген профессор Эрнст Акрамов

"Канчалаган миллиондор саламаттыкты сактоого кетти, бирок эч нерсе өзгөргөн жок. Мен Кыргызстандын медицина тармагында 60 жыл иштеген адам катары эч кандай жылыш жок деп айтаар элем. Мисалы, кургак учукту эле алсак, министрлик эч кандай иш жасаган жок. Программаларды кабыл алуу акча уурдоонун жолуна айланып кеткен. Ошондон улам биздин оорукана алардын бирине да катышкан эмес. Кайсы көйгөй, маселени карабайлы, эч өзгөрүүсүз турат. Жаңы программасы деле ошол. Биздикилер өз чөнтөгүнөн акча чыгарбай эле, сырттан келген каражатты кымырат", — деди Акрамов.

Ал эми аталган улуттук программалар ишке ашкан маалда саламаттык сактоо министри кызматын аркалаган Накен Касиев мындай айыптоолорду негизсиз деп эсептейт. Анткени чет өлкөдөн келген каражаттар донорлор тарабынан көзмөлдөнүп турган. 

Профессор, заведующий кафедрой общественного здоровья и здравоохранения медицинского факультета КРСУ Накен Касиев
© Фото / ГАМСУМО КР
Аталган улуттук программалар ишке ашкан маалда саламаттык сактоо министри кызматын аркалаган Накен Касиев

"Өлкөнүн саламаттыгын жакшыртууга сырттан келген акчалар тыкыр көзөмөлдөнгөн. Кайсы эле уюм ири суммадагы каражатты министрликке бөлүп берип кетип калмак эле. Алар медициналык техника, дары-дармек алганга акча бөлүп, анан каржынын жумшалгандыгын көзөмөлдөшчү. Анан каражат максатсыз колдонулуп, желип кеткен дегенге кошулбайм. Ошол эл маалда ал акчалар бул тармактагы бардык маселелердин чече албайт болчу, ишти жакшыртуу аракеттери болбой койгон эмес", — деди Касиев.

Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту 2013-жылы аталган программалардын канчалык деңгээлде ийгиликтүү ишке ашкандыгын да тактаган. Ага ылайык, "Манас таалими" программасы алдыга койгон максаттарын толук ишке ашырган эмес. Соңуна чыга элек "Ден соолук" программасы мамлекеттик органдардын тыгыз иштешпегендигинен улам бир топ кыйынчылыктарга кабылган.

Ошого байланыштуу айрым адистер мындай ири программаларды эч убакта мамлекеттик органдар түзбөй, ири каражат сарпталчу долбоорлорду иштеп чыгууну көз карандысыз үчүнчү тараптарга берүү керектигин сунуштап келет. Мындан сырткары, мамлекеттеги бюрократияны жок кылуу керектигин айтып коңгуроо кагышууда.

605
Белгилер:
саламаттык сактоо, улут, программа, Кыргызстан
Тема боюнча
Султангазиев: ар бир оорукананы көзөмөлдөөчү комиссия түзүлөт
Муратов: бейтапканаларды оптималдаштыруу элге зыянын тийгизбейт
Пикирлер