BMW Х5 машинасынын баасы Fit менен теңелди. Унаа базарда эмне кеп?

© AP Photo / David ZalubowskiBMW X5 автоунаалары. Архив
BMW X5 автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бажы алымдарынын азайышы айдалган унаа базарына кандай таасир эткени, жакынкы жылдары кайсы автолор арзандай турганы туурасында Sputnik Кыргызстан билип көрдү.

2018-жылдын 25-июлунан тарта Кыргызстанда бензин жана дизелдик кыймылдаткычтуу машиналарга болгон бажы алымдарынын коюмдары 2014-жылдагы деңгээлге төмөндөтүлгөн. Гибриддик автомобилдерге бажы алымдары жана салыктардын өбөлгөлөөчү коюмдары киргизилген (бир куб сантиметри 0,5тен 0,6 долларга чейин). Электромобилдерди ташып келүүгө эч кандай төлөм жок. Токтом 2019-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Авто баасы түшүп кеттиби?

Базар, соода ишканалары жана тейлөө тармагы биримдигинин президенти Сергей Пономаревдун баамында баалар акырындап төмөндөөдө.

© Sputnik / Табылды КадырбековБазар, соода ишканалары жана тейлөө тармагы биримдигинин президенти Сергей Пономарев
Президент Ассоциации рынков, предприятий торговли и сферы услуг КР Сергей Пономарев - Sputnik Кыргызстан
Базар, соода ишканалары жана тейлөө тармагы биримдигинин президенти Сергей Пономарев

"Айдалган унаа базарындагы машиналар арзандай баштады. Бажы алымдарын азайтуу да ушуга багытталган. Жаңычылдыктар айрыкча көлөмдүү автолорго таасир этет. Себеби, европалык өлкөлөрдө кыймылдаткычы көлөмдүү унааларда жүрүү үнөмсүз, көпчүлүгү сарамжалдуу унааларга басым жасашат. Ошондуктан, жакын арада биздин рынок Европанын жолтандабастарына толот", — деп боолголойт эксперт.

Пономарев бул унааларга Кыргызстанда талап күч экенин айтып, алардын жакшы сатылышына себепчи болгон бир нече факторлорду атады.

"Биздин ландшафттын шарттарында ушундай унааларды айдоо ыңгайлуу. Ошондой эле Европага салыштырмалуу бизде май кымбат эмес, бензин дээрлик 5-6 эсеге арзан. Талаптын күч болушуна таасир этчү дагы бир фактор — сунуштун көптүгү, ал эми бул өз кезегинде жолтандабастардын элдин көпчүлүгү сатып ала тургандай жагдай жаратат", — деди серепчи.

Машина алып-сатуучу Бакыт Латыпов бажы алымдарынын азайтылышынын айынан 25-июлга чейин ташып келинген автомобилдерди сатуу бүгүн кыйындагандыгын айтып нааразы болду.

"2000-жылдан 2005-жылга чейин чыкканы бир нече BMW Х5 унааларына каражат жумшаганбыз. Бул машиналар жакшы абалдагы эски Fit сымал эле 4,2 миң доллар турат. Биз аларды жарым жылдан бери сата албай жатабыз, аларга дегеле талап жок", — деп билдирет ал.

"Еврокар" авто ташуу агенттигинин коммерциялык директору Калманбет Жумабеков базардагы мындай кырдаалды Европадан унаа ташуунун өсүшү менен байланыштырат.

"Мурда жүк ташуучу машиналарды гана алып келишчү, азыр жеңил унааларга да буюртмалар түшө баштады. Негизинен Toyota, Honda, Mercedes, BMW ташып келишүүдө. Бажы жагынан жол-жоболоштурулган автонун наркы ушул тапта 5 миңден 15 миң долларга чейин турат. Эл бааны салыштырат. 2008-жылкы машина 8 миң болсо, 2000-жылкысы деле ушундай баада турат, албетте, акыл-эстүү кардар биринчисин тандайт", — деди ал.

Өлкөнүн башкы унаа базарында абал кандай?

"РИОМ" автомобилдик базарынын директору Бактыбек Түмөнбаев айдалган автомобилдердин баасы акырындык менен түшүп жатканын айтып берди.

Күйүүчү май ташыган цистерналар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандан бензин импорттолсо баа төмөндөйбү? Нефтетрейдерлердин жообу
"Базарда баанын кескин төмөндөшү байкалбайт, бул акырындык менен жүрүүдө. 25-июлдан бери соодагерлер авто наркын 100, кай бири 200, дагы бири 300 долларга чейин түшүрүшкөн. Баа бир нече көрсөткүчтөн улам коюлат, билген киши ал эмнеге акча сарптай турганын аңдап билет. Учурда Европа, Грузия, БАЭден унаалар келе баштады. Бул кыйыр болсо баанын төмөндөшүн шарттап турат", — деди ал.

Айдалган авто базарындагы сатуучулардын бири Эмил Сакенов баанын төмөндөшү жылдын ушул маалында кадыресе көрүнүш деп эсептейт.

"Сентябрда, элде ашыкча акча бар кезде машинелер 200-300 долларга кымбат болчу. Бул бир топ жылдан бери кайталанат. Сатуучулар күз жаңы башталганда сатып алуучулардын колунда акча адаттагыдан арбын экендигин билишет. 2008-жылкы жана андан да жаңы унаалар базарда көп эмес. Алардын наркы жакшы жүргөн эски машинелер менен бирдей эле баада сатылат", — деп түшүндүрөт сатуучу.

Экономикалык серепчи Искендер Шаршеев баанын кескин төмөндөшүн күтпөй эле коюу керек деп эсептейт.

© Фото / Айжамал КондучаловаЭкономикалык серепчи Искендер Шаршеев
Исполнительный директор Ассоциации иностранных инвесторов Искендер Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Экономикалык серепчи Искендер Шаршеев

"ЕАЭБге кирердин алдында кайра сатууну пландоо менен баары жапырт автомобиль сатып алышкан, алар бажы алымдары жогорулай тургандыгын билишкен. Эл буга дайынданып, машина сатуу ишине каражат салышкан. Кийин сунуш талаптан жогорулап кетип, көбү зыянга учураган. Бирок эки жылдай чыдап койгондор үчүн кой үстүндө торгой уялаар заман келди. Машиналар жакшы баада сатылып, ага жараша талап да өсүүдө", — деди серепчи.

Шаршеевдин пикиринде, бажы алымдарынын азайтылышы автопаркты аз болсо да жаңыртып алууга мүмкүндүк берет, ал эми бул тармакка чоң акча салуу тобокелдүү иш.

"Кыргызстанга түз ташып келинген машиналарды ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө сатууга болбойт. Товар тек гана жергиликтүү керектөөчүгө ылайыкталган", — дейт серепчи.

Жаңы унаалар арзандадыбы?

BMW-борбордун маркетинг боюнча менеджери Элита Каниметова бажы алымдарынын төмөндөтүлүшү керектөөчүлөрдүн жаңы автомобилдерге болгон кызыгуусун анчейин жаратпаганын айтты.

"Адамдар жаңы машина сатып алуу менен айдалбаган авто гана сатып албастан, кымбат турган тейлөө топтомуна да ээ болорун түшүнөт. Бажы алымдарынын өлчөмүнүн кичирейиши биздин ишке таасирн тийгизген жок", — деди ал.

Toyota-борбордун маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Татьяна Третьякованын айтымында, алардын компаниясында авто сатууда коюлган ченем аткарылууда.

Летние веранды ресторанов и кафе Москвы - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин эң начар жана эң мыкты кафе-ресторандары. Тизме
"Жарандар акыры жаңы унаа сатып алуу жок дегенде ынанымдуу экендигин түшүнүп калышты", — деп билдирет кырдаалга баа берип жатып Третьякова.

Ravon компаниясынын менеджери Ильзат Хазимов Кыргызстандын базарына 2018-жылдын жаз мезгилинен бери өзбек өндүрүшүндөгү унаалар ташып келинбей калгандыгын билдирди.

"Биздин унаалар жакшы сатылчу, бирок Өзбекстандагы башкы кеңсебиздеги саясаттын алмашканынан улам азыркы тапта машина Кыргызстанга гана тургай, Россияга да ташылбай калды. Компания азыр кризиске тушугуп турган чагы, андыктан, Ravon качан кайра экспорттук рынокко кайтары анык эмес, келсе да баа кеминде эле 100 пайызга кымбат болот", — дейт Хазимов.

Кыргызстанды Кытайдын арзан жаңы унаалары каптайбы?

Инвестиция тартуу жана экспортту илгерилетүү мамлекеттик агенттигинин сайтында жарыялангандай, быйыл жайында Кытайдын автомобиль куруучу ири холдингинин делегациясы Кыргызстанда өткөн экономикалык форумга катышкандыгы айтылат. Агенттик жана "BAIC GROUP" (Beijing Automotive Industry Holding Co Ltd) корпорациясынын эксперттеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүргөн.

Турак үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотека берүү кайра токтотулду. Себеби
Аталган агенттиктин сайтындагы маалыматка таянсак, BAIC Group — Кытайдын автомобиль жана машина куруучу эң ири холдинги. Корпорация жылына 1 миллионго чейин машина чыгарат. Ушул тапта BAIC Group электромобиль иштеп чыгуу жана сатуу менен кызуу алектенүүдө.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Инвестиция тартуу жана экспортту илгерилетүү мамлекеттик агенттигинин инвестициялык долбоорлорду алдыга жылдыруу бөлүмүнүн башчысы Нурадил Баясов сүйлөшүүлөр убагында тараптар Кыргызстанга электромобилдерди алып келүүнү талкуулашканын билдирген.

© Фото / пресс-служба Министерства экономики КРSputnik Кыргызстандын кабарчысына Инвестиция тартуу жана экспортту илгерилетүү мамлекеттик агенттигинин инвестициялык долбоорлорду алдыга жылдыруу бөлүмүнүн башчысы Нурадил Баясов
Заведующий государственным агентством по продвижению инвестиций и экспортом Нурадил Баясов - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Инвестиция тартуу жана экспортту илгерилетүү мамлекеттик агенттигинин инвестициялык долбоорлорду алдыга жылдыруу бөлүмүнүн башчысы Нурадил Баясов

"Биздин эксперттер тарабынан бардык зарыл маалыматтар жөнөтүлгөн, азыр кытай тарап маалыматты карап чыгууда", — деди ал.

Экономикалык серепчи Искендер Шаршеев Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы бул тармактагы кызматташтык боюнча кандайдыр бир бүтүм чыгарууга али эрте экенин айтат.

"Кыргызстанга машина ташып келүү жолдору тууралуу маселелер кылдат иштелип чыгуусу зарыл, ага кошумча, биздин өлкө ЕАЭБ аймагында экендигин эсепке алуу керек. Ал эми Кытайдын мындай учурда авто экспорттоонун башка шарттарын сүйлөшүп алуусу абзел", — дейт ал.

Алгылыктуу баа коюлган шартта кыргызстандык сатып алуучу үчүн бул кызматташуу кызык болмок деген пикирде "Биз – эксперт" аналитикалык борборунун жетекчиси Улук Кыдырбаев.

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Биз – эксперт" аналитикалык борборунун жетекчиси Улук Кыдырбаев
Исполнительный директор аналитического центра БизЭксперт Улук Кыдырбаев - Sputnik Кыргызстан
"Биз – эксперт" аналитикалык борборунун жетекчиси Улук Кыдырбаев

"Бишкекте мындай машиналарды иш жүзүндө колдонгон ишканалар бар. Түнкүсүн автомобиль кубатталат, күндүзү шаар ичинде тамак ташышат. Алардын кубаттуулугу 90 чакырымга чейин жетет. Менимче, шаардык тургундардын басымдуу бөлүгү мындай сунушка кызыгышы ыктымал", — деп жыйынтыктайт талдоочу.

Бирок мында эң башкы маселе — электромобилдер үчүн зарыл шарт түзүү. Электр менен жүрүүчү унаалардын жапырт пайдаланылышы үчүн аларды кубаттоочу станциялардын курулушу абзел.

Жаңылыктар түрмөгү
0