Базардагы азык-түлүктөр. Архив

Коңшулар чек арасын жаап алса, Кыргызстандын тамак-ашы канчага жетет?

711
(жаңыланган 20:09 22.11.2018)
Бакыт Толканов
"Кекиртек, кыйла жерге секиртет" демекчи, ачкалык жөн жаткырбайт, өлкөнүн туруктуулугуна да доо кетирбей койбойт. Sputnik Кыргызстан эгер өлкөгө сырттан ташып келинген азык-түлүктүн агымы күтүүсүздөн буулуп калса, ачарчылыктын алдын алууга биздин фермерлердин дарамети жетер-жетпесине кызыгып көрдү.

Мамлекеттин жөлөгү калың армия, толук турган казына жана эл аралык аброй гана эмес. Кең ааламда бар нерселер бүт болбосо да өлкө өзүн негизги азык-түлүк түрү менен камсыздай алышы абдан маанилүү.

Бир жылдан ашуун мезгил мурун Казакстан менен болгон чек арабызда маселе жаралган. Ошондо товарларды ташып келүү көйгөйлөрү көптөрдү эзсе да, азык-түлүк өлкөгө тоскоолдуксуз келип турган.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы коңшу мамлекеттердин баары чек арасын жаап, бизге сырттан бир грамм да азык-түлүк кирбей калса, өлкө өз алдынча туруштук бере алар-албасын тактап коюуну чечти.

Негизги азык-түлүктөр

Кара икра наркы да, орду да боюнча атаандашсыз азык экендиги талашсыз. Бирок ал эң зарыл тамактардын катарына кирбейт.

2010-жылы өкмөт киши башына орточо керектөө ченеми боюнча токтом кабыл алган. Жөнөкөйлөштүрүп айтсак, ар бир кыргызстандык жылына орточо канча ирет жана кандай азыктарды пайдаланууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн. Ал тизмеде айыл чарба өндүрүмдөрүнүн негизги тогуз түрү камтылат.

Импорттук азык-түлүктөр

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматына таянсак, негизги азык-түлүктөрдүн баары сырттан ташылып келет, болгондо да эң көп пайдаланылган беш азык да импорттолот. Маселен, нан азыктарынын жарымына жакыны, канттын үчтөн биринен ашыгы, эттин 12 пайызга чукулу Кыргызстанда өндүрүлбөйт. Айыл чарбалык деп аталган өлкөгө мөмө-жемиштин да дээрлик үчтөн бири тыштан ташылат. Импорттун көбүрөөк үлүшү өсүмдүк майына түшөт, 82 пайызга чейин жетет. Жагымдуу жаңылык: Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, өлкөдө жылдан-жылга кант өндүрүшүнүн көлөмү артууда.

Кыргызстан өзүн-өзү азык-түлүк менен камсыздай алабы?

Чек аралар жабык дейли. Орточо чен менен киши канча өлчөмдө азык керектейт жана Кыргызстан азык-түлүк менен өзүн камсыздай алабы? Өлкө тизмеде көрсөтүлгөн 9 азыктын ичинен жашылча, бакча өсүмдүктөрү (булар бир позицияга кирет), картошка жана сүт менен өзүн-өзү толук камсыздайт. Калган алтоону жарым-жартылай да толуктай албайт, маселен, жумуртка жетишсиз.

Маанилүү үч айырмачылык

Биринчиси, "минус" белгиси менен. Бул көлөмгө үрөн үчүн калтырылган түшүм кирет, башкача айтканда, эгер буудайдын баарын быйыл жеп салсак, келерки жылы айдаганга бир тоголок дан калбайт.

Экинчи нюанстын артыкчылыгы да, кемчилиги да бар. Иш жүзүндө калк бир катар азыктарды кабыл алынган ченемден аз пайдаланат, бул бир жагынан өтө жакшы иш эмес, бирок экинчи тараптан, көпкө жетет.

Дагы бир маанилүү нерседен Товар өндүрүшчүлөр жана жайылтуучулар биримдигинин президенти Гүлнара Ускенбаева кеп салды.

Президент Ассоциации поставщиков Кыргызстана Гульнара Ускенбаева во время круглого стола в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Усенбаева Таалайгуль
Товар өндүрүшчүлөр жана жайылтуучулар биримдигинин президенти Гүлнара Ускенбаева

"Орточо түрдө товар ташып келүүчүлөрүбүз импорттук тамак-аштын бир айлык корун алып келишет. Албетте, кайсы бир товар көбүрөөк болор, бирок орточо бир айлык мөөнөткө ченелет", — деди ал.

Мекендин кампаларычы?!

Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун башчысынын орун басары Рустам Каракулов белгилегендей, өлкөдө резервдин мамлекеттик жана мобилизациялык деген эки түрү бар. Экөө тең өлкөнүн кол тийгис кору болуп саналат.

"Биринчи резерв — мамлекеттик. Интервенцияларды жүргүзүү үчүн, маселен, кайсы бир азыктын баасы кескин түрдө өсүп кетсе же өзгөчө кырдаал маалында, ошондой эле гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн колдонулат. Наркы боюнча материалдык-товардык баалуулугу боюнча нормативден 98 пайызга камсыздоо бар, бул соңку жылдардагы эң жакшы көрсөткүч", — деди Каракулов.

Экинчи фонд — мобилизациялык, КР куралдуу күчтөрүнүн керектөөсүн камсыздай турган стратегиялык, оперативдик жана аскердик запас.

Анын айтымында, резерв азык-түлүктөн гана эмес, эл керектөөсүнүн башка товарларынан да, маселен, курулуш материалдарынан да турат. Бирок алар канча убакытка жетерин ал тактаган жок, себеби бул купуя маалымат болуп эсептелет.

Күйүүчү май жагдайы

Күйүүчү-майлоочу майдын ордун баалабай кое албайбыз. Буга дейре Мунай сатуучулар биримдигинин аткаруучу директорлугун аркалап келген Улан Кулов запас бар экендигин айтат.

Архивное фото исполнительного директора Ассоциации нефтетрейдеров КР Улана Кулова
© Фото / Гульназ Джумабекова
Мунай сатуучулар биримдигинин аткаруучу директорлугун аркалап келген Улан Кулов

"Көндүм көлөмдө колдонулса, болжол менен бир айга жетерлик запас бар. Эгер кыйсыпыр түшүп калсак, анда ага жеткирбей эле коротобуз. КРдеги мунайды кайра иштетүү заводдору канчалык туруктуу иштеп кете аларын айта албайм", — деди Кулов.

Күйүүчү майды пайдалануу көлөмү жылына бир миллион тоннадан ашат.

Өлкөдө канча акча бар?

Дагы бир урунттуу учур — Улуттук банктагы чет элдик валютанын көлөмү. Төрт жыл мурун Улуттук банктын төрагасы эл аралык каржылык институттардын стандарттарына ылайык, алтын-валюталык корубуз төрт айга жетүүгө тийиштигин айтып чыккан. Бирок сырттан бир доллар кирбеген күндө да запас алты айына жетет.

Резервдин азыркы көлөмү төрт жыл мурункусундай эле, 2 миллиард сомго жакын каражатты түзөт.

Кыргызстан өзүн-өзү толугу менен камсыздаган айыл чарба азыгы — картошка. Бирок Айыл чарба министрлигинин чабал иши өлкөнү мындай кичине артыкчылыктан да арылтып коюшу ыктымал.

711
Белгилер:
чек ара, импорт, экспорт, азык-түлүк, Кыргызстан
Тема боюнча
Быйыл картошка эмнеге арзан? Министрлик түшүндүрмө берди
Бишкекте батирлер арзандайбы? Кыймылсыз мүлк рыногундагы баалар