Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштанды. Архивдик сүрөт

Экологияны курутуп жаткан көйгөйлөр. Ысык-Көлдөгү кооптуулук

372
(жаңыланган 20:18 25.11.2018)
Бакыт Толканов
Бишкекти каптаган кара түтүн экология көйгөйлөрүн кайрадан көтөрүп чыкты. Тилекке каршы, мындай кейиштүү көрүнүш борбор калаада эле эмес, башка облустарда да баш ооруткан маселелер бар. Мисалы, Ысык-Көл дубаны.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Акыркы убакта Бишкекти каптаган кара түтүн кызуу талкууга алынды. Буга өкмөт да көңүл буруп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү жактарга бир топ тапшырма берди.

Бирок экологиялык көйгөй борбор калаада эле эмес, өлкөнүн башка аймактарында, мисалы, Ысык-Көлдө да курч турат.

Браконьерчилик

За три дня рейда в Иссык-Кульской области были составлены протоколы на семерых браконьеров
© Фото / пресс-служба Госэкотехинспекции КР
Ысык-Көл облусуна зыян алып келген көрүнүштөрдүн бири — браконьерчилик. Мыйзам бузгандарга каршы байма-бай рейд жүргөнү менен алардын токтоюн деген түрү жоктой.
Көлдө браконьерлерге каршы күрөш байма-бай жүрүп турат. Балык уулоого салынган тыюу браконьерлерди токтотчудай эмес. Жакында эле рейд өтүп, алгачкы эки күндө эле балык кармоо үчүн жайылган 20 чакырымдык тор жок кылынган. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирген.

"Ысык-Көл көлмөчүлөр" биримдигинин мүчөсү Азат Аламановдун буга чейин айтканы боюнча жергиликтүү балыктардын көбөйүшүнө "эки буттуу жырткычтар" тоскоолдук жаратып келет.

Көл таштанды жай болуп, сазга айланып баратат

Анвар Шамсутдинов
Көлдү ушу тапта тазалоо кыйын дешет эксперттер. Убакыт өткөн сайын анын өзүн өзү тазалоочу касиети да жоголуп бара жатканы айтылууда.
Экологдор коңгуроо кагып, эс алганы келгендер желим бөтөлкө, баштык, бир жолу пайдаланылуучу стакан жана башка нерселерди тонналап таштап кетерин айтып келишет. Мындан жээк эле булганбай, сууга да терс таасир тийгизүүдө. Эколог Эмил Шүкүровдун айтымында, Ысык-Көлдүн түбүндө желим нерселердин жарым метрге жеткен катмары пайда болгон. Мындан көлдү тазалоо кыйла эле кыйын экени айтылууда.

Эксперт Арстан Кадыров Ысык-Көлдүн айланасында чычырканак аеосуз кыйылып жатканына нааразы. Анын айтымында, аталган өсүмдүк табигый фильтр кызматын аркалап, ошол эле желимди акваторияга "жолотпойт". Демек, ушу тапта көл дал ушул жаатта эч коргоосуз калганын айтууга болот.

Көлдү кирдетип жаткан жалгыз эле желим эмес. Пансионаттардан чыккан калдыктар да өтө кооптуу экенин эколог Динара Кутманова да эскертүүдө. Эс алуучу жайлардын баары эле тийиштүү курулушу менен мактана албайт. Ал эми андай курулушу барлар деле сапатына жооп бере албаса керек

Азат Аламанов көлдүн суусунан үлгү алынып, анын мунай заттары, аммоний туздары, нитрат жана нитриттер менен булганганы аныкталган. Жыйынтыгында көл адамдын биологиялык калдыктарына да толуп жатканы белгиленди. Аламанов көлдүн маалы болгону эки айга созуларына шүгүрчүлүк келтирип, Түркиядагыдай сегиз айга созулганда көлдүктөр эмгиче сазда жашап калмактыгын айтат.

Уран чыккан жерлердин маселеси

Хвостохранилища радиоактивных и опасных отходов Ак-Тюз, Киргизия
© Фото / Рогожин Михаил
Жалпы эле Кыргызстандын экологиясына терс таасир эткен нерсенин бири — уран калдыктары сакталган жайлар
Кыргызстанда уран калдыктары сакталган 10го чукул жай бар. Анын бири жил уран-көмүр кени Кажы-Сайда жайгашып, 1952-жылдан 1966-жылга чейин иштетилген. Чогулган материалдын көлөмү 150 миң куб метрге жетет. 1960-жылдары объектинин үстү жагы инерттик грунт менен жабылган. Бирок убакыттын өтүшү менен аны суу жууп кетип жатканы белгилүү.

Былтыр МАГАТЭ менен "Росатом" ишканасынын ортосунда Кыргызстандагы айрым уран калдыктары сакталган жайларды рекультивацилоо тууралуу макулдашууга кол коюлган. Анын ичинде Кажы-Сай да бар.

Натыйжада аталган жай тосулуп, коргоочу экрандарга ээ болмокчу.

Мөңгүлөр

Карьер по обогащению золотоносной руды добываемой на руднике Кумтор и разрабатываемая компанией Centerra Gold Inc.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Өлкөдө мөңгү боюнча маселе да курч турат. Суу кодексине кире турган өзгөрүүлөр коомчулукту кызыл чеке түшүргөн.
Былтыр Суу кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөр бир топ кызыл чеке түшүргөн. "Кумтөрдүн" үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн иштетүүгө уруксат берилген. Активисттер жана экологдор мындай өзгөртүүлөргө каршы чыгып, аткаминерлерден мөңгүлөрдү жайына коюуну талап кылышкан. Алардын айтымында, келечекте бул өзгөртүүлөр коррупциялык схемаларды шарттап, Кыргызстандын экологиясына олуттуу зыян тийгизет.

Эмне кылуу керек?

Эколог Кутманованын айтуусунда, Ысык-Көл облусунда уран калдыктарын сактоочу жайлар, тазалоочу курулуштардын аздыгы, таштанды, мөңгүлөрдүн жок кылынышы, чычырканак, токойлордун кыйылышы жана көлдүн булганышы сыяктуу көйгөйлөр бар. Көлдүн өзүн-өзү тазалоо касиети жоголуп, Кыргызстандын берметин жоготуп алуу коркунучу күч.

Кутманова айрым көйгөйлөрдү элдин маданиятын жогорулатуу менен эле чечүүгө болорун, бирок басымдуу бөлүгүнөн мамлекеттин кийлигишүүсү менен гана арылууга болорун белгиледи.

372
Белгилер:
браконьер, уран, экология, Мөңгү, таштанды, Ысык-Көл
Тема боюнча
Көлдө чабак деп кайсы балык сатылып жатканын билбейсиңер да... Экологдун маеги
Кутманова: катер, скутерлер көлгө өтө чоң зыян алып келүүдө
Бишкектин абасын эмне булгайт? Экотехинспекциянын жообу