Кытай мамлекетинин желеги. Архив

Кыргызстан Кытайдан кантип көз каранды болду. Экономика тууралуу фактылар

836
(жаңыланган 16:04 07.12.2018)
Бакыт Толканов
Жол, кийим, бензин, алтургай, археологиялык казуулар — булардын баары кытай изин бириктирип турган нерселер. Sputnik Кыргызстан редакциясы Кыргызстан кайсы себептер менен Кытай тарапка кылчактап турарын тактап көрдү.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Өткөндө Sputnik Кыргызстандын Түркиядан көз каранды болуусуна жагдайлардын бар-жогун иликтеп чыккан. Бул ирет Кытай жөнүндө, кудуреттүү коңшунун аскерий рычагынан башка дагы кандай күчү бар экендиги туурасында кеп козгодук.

Мамлекеттик карыз

Сентябрь айынын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы дээрлик 3,8 миллиард долларды түздү, анын 1,7 миллиарды — Кытайга болгон бересе. Анүстүнө, бул өлкөгө карызыбыз соңку он жылдыкта 200 эсе өскөн.

Коңшу өлкө бир катар насыяны кытай өкмөтү тандаган компаниялар ишке ашырсын деген талап менен берет. Буга айкын мисал — Бишкек ЖЭБин заманбапташтыруу, бул долбоорду TBEA ишке ашырсын деген чечимди Кытай кабыл алган. Келишимде көп татаалдыктар болгону аныкталды, маселен, талаш маселелер Кыргызстанда эмес, Гонконгдо чечилери белгиленген Чуулгандуу долбоордун наркы 386 миллион долларды түзгөн.

Кыргызстан энергетикадагы бөлөк долбоорлорго да ("Датка" подстанциясы, "Датка – Кемин" электр өткөргүч сызыгы), ошондой эле жолдордун курулушуна (Түндүк — Түштүк, Бишкек — Нарын — Торугарт) ири көлөмдө насыя алган. Аларды да кытайлык ишканалар ишке ашырган.

Башкы инвестор

Кытай — Кыргызстан экономикасынын ири инвесторлорунун бири. Мисалы, узап бараткан жылдын биринчи жарымында 100 миллион доллар түшкөн. Бул - инвестициянын жалпы көлөмүнүн үчтөн биринен көбү. Кытайдан, дегеле 2017-жылга салыштырмалуу өлкөгө акча каражаттарынын агымы төмөндөгөнүн белгилей кетели.

Кыргызстанда кайсы кытайлык компаниялар иштейт?

Кытай бизнеси Кыргызстанга батыл кирип келе жатат. Маселен, соңку жылдары кытайлыктар мунай иштетүүчү эки заводду — Токмок жана Кара-Балтада ("Жунда") жылдык кубаттуулугуна жараша 400 жана 800 миң тонна мунайды кайра иштетет. Бирок алар алигүнчө толук күчүнө кире элек.

Алда канча чакан ишканалар да аз эмес. Кытай Кыргызстанга электромобилдерди (электр менен жүрүүчү унаалар) куроочу завод куруу жагын да караштырат.

33:1 же экспорт-импорт туурасында

Биздин экспорттун түзүмүндө Кытай беш пайызга да жетпеген эң жупуну орунду ээлейт, ал эми импортто 40 пайызга чамалайт. Эгер бул көрсөткүчтөрдү карасак, анда Кытайдан келген импорт биздин экспортко караганда 33 эсеге жогору. Бирок жакында эле кытайлыктар өз базарын ачып, бир тараптуу оюнду токтотууга макул болушкан.

Кыргызстан негизинен Кытайдан бут кийим, кездеме, кийим-кече жана электр машиналарын сатып алат. Белгилей кетсек, Кытайдан алынып келген товарлар биздин ири базарларыбызда, анын ичинде "Дордойдо" да сатылат. Базарлардан миңдеген кыргызстандык нанын таап жейт.

Визалык маселе

2016-жылдын жайында КЭРдин өлкөбүздөгү элчилигинде теракт болгон. Ошол окуя жарандарыбызга аталган мамлекеттин визасын алуу маселесин кыйындаткан. Жүздөгөн студент жана ишкерлер Кытай мамлекетине окууга же товар сатып алууга чыга албай калышкан. Бул көйгөй былтыр гана чечилди.

Гранттар жана армияга көрсөтүлгөн көмөк

Кытай тарап байма-бай грант бөлүп келет. Маселен, Бишкектин көчөлөрүн калыбына келтирүүгө бөлүнөт. Эки долбоор боюнча сумма 100 миллион доллардан ашкан. Иштер былтыр башталган, келерки жылы аягына чыгарылат.

Жайында президент Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттик иш сапарынын жүрүшүндө Кытай бийлиги 600 миллион юань бөлүүнү убада кылган. Каражат жолдорду жана лабораторияларды куруу жана калыбына келтирүү иштерине, археологиялык казууларга жумшалмакчы. КЭР Кыргызстандын алыскы аймактарын таза суу менен камсыз кылууга 100 миллион доллар которот.

Кытай биздин куралдуу күчтөргө да көмөктөшөт Күзүндө кезектеги грантты бөлүү жөнүндө келишимге, куралдандыруу жана аскердик техника жеткирүү протоколуна кол коюлган.

Кытайдын ири долбоорлору

Бирок бир катар маанилүү долбоорлор дале сөз жүзүндөгү бойдон. Маселен, тээ 2013-жылы башталмак болгон Кыргызстан — Кытай газ түтүгүнүн курулушу. Анын мөөнөтү эми 2019-жылга жылдырылды. 90-жылдардан бери эле Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Адеп кытай тарап бул өз ара пайдалуу долбоорду өзү ишке ашырууну сунуштаган, ошенткен күндө да Кыргызстан кендери менен кутулууга тийиш болчу. Бирок мындай вариант Кыргызстанда кескин нааразычылыкты туудурган. Андан тышкары, Кыргызстан эки жактуу да, ШКУ сымал эле көп тараптуу деңгээлде да өнүктүрүү фонддорун түзүүнү бир эмес, бир нече ирет сунуштаган. Бирок Кытай буга анчалык кызыкдарлыгын билдирген эмес.

836
Белгилер:
товар, базар, грант, экономика, акча, Кытай, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 10 жыл ичинде 200 эсе өскөн. График
Кыргызстанда жар салынып, бирок ара жолдо калган ири долбоорлор
Пикирлер