Бала көтөрүп турган аял. Архив

Баласын таштап, чет өлкөгө кетип жаткан ата-энелер үчүн жаңы мыйзам. Чоо-жайы

5121
(жаңыланган 10:42 02.01.2019)
Таалайгүл Усенбаева
Балдарга болгон зордук-зомбулуктун алдын алуу, айрыкча ата-энеси алыста жүргөн мигранттардын чүрпөлөрүнүн укугун коргоо учурда коомдо курч маселе катары каралууда. Буга байланыштуу UNICEF менен өкмөт мигранттардын балдарын коргоого багытталган мыйзамды күчөтүү долбоорун сунуштап жатат.

Бул документ ишке ашып калса, чет өлкөгө кетип жаткан ата-энелер балдарын кимге, кандай шарт менен таштай алат? Зордук-зомбулукка кабылган балдарды байкаган адамдар кайда кайрылса болот? Мигранттардын балдарына байланышкан ушул жана башка суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттиги жооп издеп көрдү.

Кордолгон, алсыз бөбөктөр

Чет жакка иштеп кеткен үй-бүлөлүү мигранттар көпчүлүк учурда балдарын туугандарына, ата-энесине, кээде жөн гана тааныштарына деле таштап коюуда. Бирок ишенип таштаган адамдар балдарды канчалык карайт? Мигранттардын балдарына байланыштуу акыркы учурда коомдо катталган окуялар үрөй учурууда. Буга далил катары жакында эле катталган эки-үч окуяны мисал келтире кетели.

23-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз райондук ооруканасына денесинде көгала тактары бар наристе түшкөнү маалымдалган. Бир нече убактан кийин бала эсине келбей, реанимация бөлүмүндө чарчап калган. Суракка алынган 40 жаштагы аял баланы ага сиңдиси таштап кеткенин айтып, наристе шымына сийип койгону үчүн чыбык менен чаап, чымчып койгонун моюндаган. Кийинчерээк Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги наристенин үй-бүлөсү тууралуу билдирүү таратып, 21 жаштагы апасы уулун таякесине таштап Россияга иштегени кеткенин жана баланын атасы ким экени белгисиз экенин айткан.

Ушуга эле окшош окуя 28-ноябрь күнү Бишкекте да катталган. Анда эки жаштагы бала ооруканага оор абалда түшүп, кийин чарчап калган. Бул наристенин энеси да акча табыш үчүн мигрант болуп, баласын курбусуна таштап кеткен. Дос кызы көрсөтмө берип жатып, наристеге кол көтөрбөгөнүн, ал өзү эки кабаттуу керебеттен кулап кеткенин билдирген. Каза болгон баланын апасы курбу кызына арыз жазуудан баш тарткан.

Жумгалдагы 47 жаштагы аял жана анын эки небереси өлтүрүлүп, өрттөлгөн окуя да көпчүлүктүн төбө чачын тик тургузду. Нарын ОИИБ маалымат катчысы Медина Султаналиеванын айтымында, эки баланын апасы жумуштары менен Бишкекке кетип, чүрпөлөрүн апасына таштап кеткен.

"Келин жолдошу менен ажырашып кеткен. Каза болгон уул-кызынан башка балдары жок болчу", — деди Султаналиева.

Эскерте кетсек, Жумгалдагы окуя боюнча алгачкы тергөө жүрүп, жыйынтыгында 47 жаштагы аял менен анын жети жаштагы небереси муунтуп өлтүрүлгөнү, ал эми төрт жаштагы кыздын зордукталып андан соң тумчуктурулуп өлтүрүлгөнү маалым болгон.

Болуп өткөн окуяларга байланыштуу премьер-министр Абылгазиев балдарга карата зомбулуктун алдын алуу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, мамлекеттик органдарга зомбулукту алдын алуу боюнча чараларды күчтөндүрүүнү тапшырды.

Балдарды карай турган адамды мыйзам негизинде дайындагыла!

Расмий маалыматтар боюнча бүгүнкү күнү 750 миңден ашык кыргызстандык чет жерде иштеп жүрсө, алардын 259 миң баласы Кыргызстанда калган.

Учурда UNICEF менен өкмөт мигранттардын балдарын коргоого багытталган мыйзам долбоорун сунуштап жатат.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда Бириккен Улуттар Уюмунун социалдык коргоо боюнча адиси Елена Заиченко жана "Укук борбору" коомдук фондусунун директору Гүлнара Шейшекеева документте жазылган шарт-талаптарды айтып беришкен.

Аларды окурмандарга түшүнүктүү кылып төмөнкүчө тизмектедик:

— Биринчиден, чет өлкөгө кетип жаткан ата-эне кызын же уулун таштап жаткан кишиге ишеним кат жазып, документти жергиликтүү бийлик органында каттатышы керек. Туугандарына таштап кеткен күндө дагы ишеним кат жазып кетүүсү зарыл. Бул документ аркылуу мамлекет ал үй-бүлөдө баланын кандай жашап жаткандыгын билип турат;

— Экинчиден, ата-эне үч жашка чейинки баласын үч айдан ашык убакытка таштап кете албай калат. Эгер балдар чоңураак болсо, анда жарым жылга чейин узарат. Ишеним каттын мөөнөтүн алыста туруп эле узартса болот. Бирок эгер ата-эне барган өлкөсүндө көпкө чейин кала турган болуп, балдарын алып кете албаса, башка бүлөгө камкордукка өткөрүп бериши зарыл;

— Документ толтуруу процесси акысыз.

Өкмөттүн балдарды коргоо боюнча программасынын ишке ашуусун мониторинг кылган координатор Екатерина Хорошман бул документ балдардын мамлекеттик кызматтан пайдаланышына жол ачат деген пикирде.

Координатор по мониторингу реализации программ правительства по защите детей при правительстве Екатерина Хорошман на круглом столе в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Өкмөттүн балдарды коргоо боюнча программасынын ишке ашуусун мониторинг кылган координатор Екатерина Хорошман

"Кеп бөбөктүн медициналык жактан бекер тейлениши, билим алуу жана бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгү боюнча болуп жатат. Себеби документсиз баланы эч жер бекер карабайт", — деди ал.

Зордук-зомбулукка кабылган балдарды байкасаңар, ишенимдүү номерге чалгыла

"Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондусунун башчысы Назгүл Турдубекова эгер жарандар балдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук тууралуу бир нерсе байкап калса же билсе, сөзсүз бирдиктүү номерге чалууну өтүндү.

Глава общественного фонда Лига защитников прав ребенка Назгуль Турдубекова на круглом столе в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондусунун башчысы Назгүл Турдубекова

"Баланын укугу бузулуп, ага кандайдыр бир зордук-зомбулук көрсөтүлүп, начар шартта жашап жатканын байкаган ар бир жаран 111 бирдиктүү номерине чалса болот. Телефон күнү-түнү иштейт жана акысыз. Ишенимдүү телефон номер UNICEF, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана биздин коомдук фонд тарабынан түзүлгөн", — деди Турдубекова.

Мигранттардын балдарына көзөмөл күчөдү

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Гүлзина Бообекова учурда өкмөт, Жогорку Кеңеш жана коммерциялык эмес уюмдар тарабынан атайын жумушчу топ түзүлүп, 2012-жылы кабыл алынган Балдар жөнүндөгү кодекске өзгөртүүлөр киргизилип жатканын айтты.

Главный специалист Управления по защите семьи и детей Министерства труда и социального развития Гулзина Бообекова в рабочем кабинете
© Фото / Таалай Исмаилов
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Гүлзина Бообекова

"Эмгек мигранттары сыртка чыгаарда балдарына камкорчу дайындап кетиш керектиги мыйзамда буга чейин эле жазылган. Анда "ата-эне баласын ишенип таштап кетип жаткан адам менен аймактык социалдык коргоо башкармалыгына барып арыз жазып, тийиштүү документтерди тапшырып, камкорчу соттун чечими менен гана дайындалат" деп жазылган. Быйыл мыйзамдын негизинде 1000ге чукул адам камкорчу дайындап кеткен. Буга байланыштуу министрлик мигранттар чек арадан чыгып баратып камкорчу дайындаган документин көргөзүш керек деген сунушту киргизгенбиз. Учурда бул дагы каралып жатат", — деди Бообекова.

Министрликтин өкүлү социалдык коргоо башкармалыгынын адистери буга чейин деле мигранттардын балдарын каттоого алып жүргөнүн айтып, учурда премьер-министрдин тапшырмасы менен бул иштер мурдагыдан да күчөтүлгөнүн кошумчалады.

5121
Белгилер:
укук, бала, Мигрант
Тема боюнча
Жети-Өгүздө таякталган наристенин үй-бүлөсү тууралуу маалымат айтылды
Бишкекте чарчап калган наристе. Энеси курбусуна арыз жазуудан баш тартты
Абылгазиев: балдарга зомбулук көрсөткөндөргө катуу чара көрүлсүн
Жоопкерчиликсиз ата-энелерди эмне кылуу керек. Мыйзамга сунушталган толуктоолор
Чымчыктар ай!... Жакыны сабап, бычактап, кордогон бөбөктөр. Жүрөк титиреткен 7 окуя