Картошка сатуу. Архивдик сүрөт

Дыйкандар картошкасын деги кайда сата алат? Адистердин кеңеши

520
(жаңыланган 10:49 27.01.2019)
Коңшу Өзбекстан жарым миллион тонна картошка сатып алары туурасындагы бийликтин убадасы сөз жүзүндө калды. Баа беш сомго чейин түштү, ал эми сатып алуучулардын карааны алигүнчө көрүнбөйт. Картошка чирий да баштады.

Ал эми айыл чарба министринин орун басары Эркинбек Чодуев картошканы сатып алууга Түркмөнстан кызыкдар экенин, бирок сунушталган баага кыргызстандык дыйкандар макул болбой жатканын айтып берди. 

Sputnik Кыргызстан редакциясы картошканын корун дагы кантип өткөрүү керектигин айыл чарба жаатындагы серепчилерден сурап көрдү. Айрым кеңештер оголе кызык чыкты.

Былтыр өкмөт жана Айыл чарба министрлиги Өзбекстандын рыногу бизге кучак жайганын маңдайы жарыла кабарлаган. Алар дыйкандарга картошка айдоону сунуштап, коңшу өлкө бул жашылчадан жарым миллион тонна сатып алууга даяр экендигин айтышкан. Бирок иш жүзүндө экспорттун көлөмү анчалык көп болбоду. Фермерлер картошканын баасын 5 сомго чейин ылдыйлатышты, бирок сатып алчулар, анын ичинде чет өлкөлүк кардарлар дээрлик жокко эсе.

Дыйкандардын көбүнүн картошкасы чирип да баратат. Sputnik Кыргызстан редакциясы жараксыз болуп бараткан картошка корун кантип түгөтүү боюнча фермерлерге кеңеш иретинде эксперттердин пикирине кулак төшөдү. Адистер, андан тышкары, ушундай кырдаалга кептелбеш үчүн кандай алдын алуу аракеттерин көрүү керектигин да айтып беришти.

Арзан баада Түркмөнстанга сунуштоо

Экспорт жана импортчулардын "Кыргызлэнд" биримдигинин төрайымы Ленара Ниязбекова фермерлердин сөзүнө таяна картошканын килограммынын өз наркы 7,5-8,3 сом экендигин айтат. Бирок бааны эл аралык рынок аныктайт, ушул тапта дүң баа беш сомдон жогору эмес. 

Председатель ассоциации экспортеров и импортеров Кыргызлэнд Ленара Ниязбекова
© Sputnik / Асель Акматалиева
Экспорт жана импортчулардын "Кыргызлэнд" биримдигинин төрайымы Ленара Ниязбекова

"Бийлик башта Өзбекстан рыногун ачканын жарыялаган, бирок макулдашуу жана квоталар боюнча калкка так маалымат жеткирген эмес. Натуура маалыматка маашырланып дыйкандар кампа толо картошка өстүрүштү. Күзүндө өзбекстандык өнөктөштөр Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Белоруссия менен чогуу алганда 100 миң тонна импортко гана квота бар экендигин билдиришти. Биздин картошка Өзбекстанга баасынан улам алынат", — деди Ниязбекова.

Анын айтымында, буга кымбат логистика, айыл чарба өндүрүмүн темир жол аркылуу жеткирүү таптакыр уюштурулбаганы себеп. Түркмөнстан менен Өзбекстан картошканы дал ушул темир жол аркылуу алууну ылайык көрүшөт.

"Фермерлер экспорт эмне экендиги, ага эмне таасир этери тууралуу эч нерсе билишпейт. Экспорт эмне үчүн ушундай кырдаалга тушукканын бизден сурашат. Бирок азыркыдай абал мындан ары да улана берет. Бааны Россия менен Казакстан аныктайт. Маселен, Казакстан рынок үчүн катуу күрөшүп келет. Кыргызстандан айырмаланып аларда көп нерсе жолго коюлган, сутка ичинде белгилүү бир көлөмдө ташылат. Салыштыра турган болсок, биз андай көлөмдү жарым айда топтоп жеткире алабыз. Асман менен жердей айырма бар", — деди Ниязбекова.

Ал азыркы учурда фермерлерде 100 миң тонна картошка бар экенин, экспорттоо боюнча Түрмөнстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. Бул көлөм сатылат, бирок анүчүн фермерлер өздөрү ылайык көргөн баада эмес, беш сомдон сатууга макул болууга тийиш.

"Ооба, алар 2,3-3,5 сом чыгым болушат, бирок түшүм текке кетпейт", — деп белгиледи Ниязбекова.

Бирок өлкө өзүнүн экспорттук дараметин пайдалана билүүсү үчүн логистика маселесин чечип, түшүмдү жогорулатуу, кайсы өсүмдүккө дал ушул жылы талап күч болоруна байкоо салып туруу зарыл.

Жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүшү зарыл

Жаш ишкерлер бизнес биримдигинин (JIA) экспорт жана АПКны өнүктүрүү боюнча куратору Султан Азизбеков Өзбекстан мурда кыргызстандык картошканы ташууга тыюу салганын эске салды. Айыл чарба жана Экономика министрликтеринин өзбекстандык кесиптештери менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин абал жакшырган. Бирок бул дагы жетишсиз.

"Казакстан жана Өзбекстан сымал коңшу мамлекеттер менен өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү абзел. Өзбекстан бизге көп товарын импорттойт, ал эми биз аларга бир дагы товар экспорттой албай келебиз", — деди Азизбеков.

Ошондой эле ал Кыргызстан бийлиги Казакстан жана Россия менен да экспорттун, анын ичинде картошканын көлөмүн көбөйтүүгө шарт жарата тургандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш.

"Антпесе, ЕАЭБдин башкы принциби болгон товар айлантуу эркиндигинин маңызы кетет", — деп түшүндүрдү JIA өкүлү.

Ал экспортко басым жасаган ишканалар бет келген эки башкы көйгөйдү көрсөтөт:

— өндүрүмдүн коопсуздугу боюнча тастыктама ала турган ветеринардык жана санитардык-гигиеналык лабораториялардын жоктугу;

— борборлоштурулган логистикалык жайлардын жоктугу.

"Көп ишкерлер экспорт үчүн кандай документтер талап кылынарын так билишпейт. Натыйжада экспорттон тыш калуудабыз", — деп кошумчалады Азизбеков.

Картошка өстүрүүдөн оолак болуу

Өлкөдөгү Жашылча-жемиш ишканаларынын биримдигинин аткаруучу директору Диляра Алимжанова кайсы бир өсүмдүктү айдоодон оболу ал азыкты кайра иштетүүчү менен өз ара келишим түзүп алуу керек деген пикирин айтты.

"Кошуна же туугандардын бирине былтыр киреше алып келген өсүмдүктү эмес, кайра иштетүүчүлөргө керек айыл чарба өндүрүмүн өстүрүү керек. Ошондой учурда гана түшүмдү сата алат. Картошканы кайра иштете турган бир эле заводубуз болсо да бизде аны көп айдап, көп өстүрүшөт. Мындай көйгөй жылда эле кайталанат", — деп белгиледи ал.

Аталган биримдиктин башчысы патиссон, помидор жана бадыраң көп талап кылынарын, кайра иштетүүчүлөр да аны чектелбеген көлөмдө сатып ала беришерин айтат.

"Бирок негедир биздин фермерлер аларды өстүрүүгө ашыкпайт. Алар сатылары күмөн болгон өсүмдүктөрдү эле айдай беришет", — деп таңданат Алимжанова.

Картошканы Кыргызстанда деле сатып өткөрүүгө болот

Мурдагы айыл чарба министри Төрөгул Беков баш ооруга айланган азыкты жетишерлик жогорку баада сатууга өз сунушун билдирди. 

Экс-министр Кыргызстана Торогул Беков. Архивное фото
© Фото / предоставлено Торогулом Бековым
Мурдагы айыл чарба министри Төрөгул Беков

"Мамлекет Материалдык резерв, армия, оорукана, мектеп, интернат, атайын жайлар (абактар) жана башкалар үчүн фермерлерден тез арада сатып алуу менен азыркы бааны жогорулата алмак. Мамлекет үчүн учурунда ыңгайлуу баада сатып алуу туура болмок, фермер да ыраазы болуп калмак", — деди ал.

Бековдун айтымында, эгер сыртка сата турган болсок, анда тезинен чара көрүү зарыл, антпесек, февраль-март айларында Өзбекстандын рыногуна Пакистандан жаңы бышкан картошка түшөт. Ал эми майда коңшу өлкөнүн өз картошкасы чыгат.

Мындай абалга тушукпоо үчүн мурдагы министр бир нече сунуштарын келтирди:

1) Айыл чарба министрлиги 2019-жылы айдоонун структурасын пландоого тийиш;

2) Түшүмдү камсыздандыруу тутумун киргизүү;

3) Картошка жана жашылча сактоочу жайлардын жетишерлик санда болушу. Аларды куруу үчүн "Айыл банк" жана КРӨФ тарабынан жеңилдетилген насыяларды бөлүү жана эл аралык уюмдарды тартуу;

4) Логистикалык терминалдарды тургузуу жана Казакстан, Өзбекстан менен түшүмдү ташууга мамлекеттер аралык деңгээлдеги узак мөөнөттүү келишимдин болушу;

5) Картошканы кайра иштетүүчү — картошка унун жана порошогун (үбөлөндүсүн), чипс, картошка спирти жана бул азыктан жасалган жем өндүрүүчү ар кыл заводдорду курууну өбөлгөлөө. Андай долбоорлорго өз кезегинде жеңилдетилген насыя берүү;

6) Картошканын узакка сактала турган жана кайра иштетүүгө ылайык сортторунун көчөтүн чыгаруу жана райондоштуруу;

7) Айыл чарба министрлигинин курамында абдан кубаттуу маркетинг кызматын түзүү. Ал мекемеге маркетингдин негиздерин жана англис тилин билген жаш адистерди тартуу;

8) Министрге вице-премьердин, ал эми райондук айыл чарба башкармалыктарынын жетекчилерине акимдин орун басарлык макамын берүү. Андан соң тармактын агрардык өнүгүүсү үчүн алардын жоопкерчилигин жогорулатуу.

Муну менен катар экс-министр Айыл чарба министрлигин жоюуга караманча каршы экендигин баса белгиледи.

"Аны тек гана системалуу түрдө реформалап, ыйгарым укуктарын, каражатын кеңейтип, жеке жоопкерчиликти жогорулатуу зарыл. Агробизнес, маркетингдин тилин билген, заманга бап көз караштагы жаштарды ишке тартуу абзел", — деп кошумчалады мурунку аткаминер.

Жогорку Кеңештин депутаты да Айыл чарба министрлигин реформалоо зарылдыгын белгилеп, азыркы калыбында анын иши майнапсыз жана эч нерсе чече албай турганын айткан

520
Белгилер:
соода, Картошка, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Чириген картошка айылымдан келген. Министрге жооп
Разаков: чет элдиктер менен иштегиси келген ишкерлерди өкмөт колдойт