Офистеги адамдар. Архив

Тармактык маркетингге ишенсе болобу? Оңой акча табуунун пайда-зыяны

5408
(жаңыланган 14:34 07.03.2019)
Кыйналып эртеден-кечке иштебей үйдө отуруп эле андан көп акча тапсаң болот. Менин командама кошул, жумасына 10-15 миң сом аласың. Аз күндүн ичинде бутуңа туруп машина утасың, жыл сайын чет өлкөгө барып акысыз эс аласың. Ушинтип акча табуунун оңой жолун сунуштагандар четтен чыгат. Алардын арасынан таанымал ырчы-чоорчуларды да кезиктирүүгө болот.

Мындай бизнес тармактык маркетинг же каржы пирамидасы деп аталат. Анда иштегендердин бири "капчыкты кампайттык" десе, экинчиси акчасын алдатып сызга отуруп калганына ызаланат. Ал эми бизнесмендер буга окшогон иштерге жологусу келбейт.

Мындай бизнеске ишенсе болобу? Sputnik Кыргызстан агенттиги оңой акча табуунун пайда-зыянын иликтөөгө аракет кылды.

Максаты эмне?

Түйүндүк соода маркетинги — өзүнүн продукциясы тууралуу маалымат жайылтуу, товарды колдон-колго сатуу жана адамдарды командасына тартуу. Мында иштегендер артынан адам жаздырганына жана товар сатканына жараша айлык алат.

Каржы пирамидасынын негизги максаты — акчалуу кардарларды өзүнүн компаниясына тартуу. Бул иш менен алектенгендер көп адам чакырып, алардан тиешелүү суммадагы акча өндүрүп ошонун эсебинен эмгек акы алат.

Бирөөнү жыргатып, экинчисин күйгүзгөн бизнес

Кара-Балтада дарыгер болуп иштеген Гуля аттуу аял 2017-жылы каржы пирамидасын уюштурган компанияга алданганын айтты. Аны сызга отургузгандардын үстүнөн милицияга кайрылып акчасынын жарым-жартылайын араң өндүргөн.

"Курбум кайра-кайра чакыра берип акыры акча айландырууга ынандырды. Алгач өзүм 90 евро, артымдан балама 270, дагы эки аял 90, 200 евродон салып жаздыргам. Бир жылдын ичинде акчаны көбөйтүп бермек. Бирок ал компания жабылып акчадан куру калдык. Биздики аз эле экен, 10 миң еврого чейин бергендер болуптур. Бул иш боюнча башында турган бир аял 7 жылга кесилди. Россиянын эки жараны, Казакстандын бир жараны качып кетти", — деди шылуундардын тузагына түшкөн аял.

Бул бизнестен ити чөп жеп кеткендер да бар. 52 жаштагы Гүлсара Курманалиеванын тармактык бизнесте иштегенине төрт жылдан ашкан. Ал диплому менен орношкон жумушун таштап, ушул тармакка ооп кеткенин жашырган жок.

"Коммерциялык банкта бухгалтер болуп 28 жыл иштедим. Акчадан көп кыйналган эмесмин, бирок убактым өтө эле аз болчу. Азыр үй-бүлөмө убакыт бөлүп, каалаган учурда иштеп, өзүм жактырган адамдарды чакыра алам. Мага ушунусу жакты. Ал эми маянаны банктагыдан алда канча көбүрөөк алам. Мунун келечеги бар деп ойлойм. Жакшы алып кетүү ар бир адамдан көз каранды, иши жүрбөгөндөр да болот", — деди Курманалиева.

Соңку учурда тармактык бизнеске эл көзүндө жүргөн ырчы-чоорчулар да аралаша баштады. Алардын катарын толуктаган ырчы Самара Каримова 1,2 миллион адам катталган Instagram баракчасы аркылуу элди үндөп жүрөт. Ырчы күйөрмандарына кепил болуп бере алам дейт. 

Известная эстрадная первица Самара Каримова. Архивное фото
© Фото / Арсен Мендебаев
Ырчы Самара Каримова

"Бул тармакта өткөн жылдын сентябрь айынан бери иштейм. Бүт тарабын анализдеп көрдүм. Башында 1000 сом менен катталып, 15 миң сомго товар сатып аласың. Андан кийин артыңдан жаздырган адамдарга жараша киреше түшөт. Мен жакындарымды жаздырдым, күйөрмандарыма да коркпой кепил болуп бере алам", — деди Каримова.

Ал эми акын Бердибек Жамгырчиев иштеп көрүп, мындай жумуш карапайым адамдарды куурата турганына көзү жеткенин айтты. 

Писатель и акын Бердибек Жамгырчиев во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Максат Элебесов
Акын Бердибек Жамгырчиев

"Тааныш байкем тынбай чакыра бергенинен бардым. Крем, маска, атыр сыяктуу продукцияларын 15 миң сомго алгам, анысы колдонулбай эле калды. Баасы да кымбат экен, бир атыры беш-алты миң сом. Артымдан досум менен эжемди киргизип 16 миңден төгүштү. Үчөөбүз тең иштей албадык. Мага бирөөнү алдап жаткандай туюла берди. Дагы көп кишиге жаман көрүнгүчө кетейин дедим. Бул системага көнгөндөр эбиреп-жебиреп сүйлөп, башыңды айландырып салат. Ырчылар да "жыргап атабыз" деп жарнама кылууда, анткени алардын таанышы көп. Бизге окшогондор акчасына күйөт да. Бейтааныш адамды тармактык бизнеске тартуу өтө кыйын", — деди Жамгырчиев.

Мындан сырткары, ал Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылындагы жердештери былтыр кайсы бир компанияга ишенип бери жагы 35 миң, алды 150 миң сомго чейин салганын билдирди. Эл катуу дүрбөп унаасын сатып ийгендер да болуптур. Аягында ал компания баарын алдап кетип, эл дагы деле акчасын ала албай жүрөт.

"Тармактык бизнеске ишенесизби?" деген суроону узатып, борбор калаанын тургундарынын да оюн угуп көрдүк.

Мындай бизнес ишкерлерди кооптондурат

Kyrgyz Concept компаниясынын негиздөөчүсү Эмил Үмөталиев тармактык бизнестин келечеги жок жана ишеничтүү эмес деген пикирди карманат. Ал бизнесмендер кесепетин билгендиктен мындай ишке аралашпай турганын айтты.

"Тармактык маркетинг, каржы пирамидаларын элге пайдалуу деп эсептебейм. Бул бизнестин башында тургандар акча таап, артындагылар кур жалак калат. Убактылуу иш, негизги максаты — акча чогултуу. Бизнестен түшүнүгү жок адамдар ушуларга чалынып калууда. Сабатсыздыктын айынан жеңил жол менен баюуга үмүт артып барып алышат. Тилекке каршы, мындай бизнес коррупция гүлдөгөн, билим деңгээли төмөн өлкөлөрдө көбүрөөк тарайт. Анткени алардын иши көмүскө, анча көзөмөл кылынбайт. Өнүккөн өлкөлөрдө буга ишенгендер аз", — деди ишкер.

Ошондой эле Үмөталиев эгер өзүңдүн билимиңе, мүнөзүнө ишенбесең, бул тармакка такыр эле жолобоого кеңеш берди. Анткени ал жакта иштегендер эмоцияңа карап, багындырып алышы мүмкүндүгүн айтат.

Ал эми дагы бир бизнесмен, Ишкердикти өнүктүрүү фондусунун төрагасы Чыңгыз Макешов бул бизнести бычак менен салыштырып, аны ар ким алына жараша колдонорун айтты. 

Председатель правления Фонда развития предпринимательства Чингиз Макешов в архивном зале
Бактыбек Мейманбеков
Бизнесмен, Ишкердикти өнүктүрүү фондусунун төрагасы Чыңгыз Макешов

"Мындай бизнес биринчи жолу АКШда ачылган. Баары жаман же баары жакшы деп бир тараптуу кароодон алысмын. Ар компаниянын өзүнчө ыкмасы болот, товарын сатат, пирамида курат, айлампа түзөт. Ооба, шылуундар да бар, пайда алып келгендер да бар. Бычак сыяктуу, колдонгонуңа жараша пайда-зыяны болот. Бизде жумушсуздуктун айынан тармактык маркетингде иштеп бутума туруп алайын дешет. Аз маяна алган мугалим, дарыгерлер бар", — деди Макешов.

Иштөө үчүн өзгөчө талант керек

Бул тармакта айланаңдагылардын таасиринен улам иштеп калышың мүмкүн. Кээсинин айтымында, адам бул жумушка кантип кирип кеткенин байкабай калат. Анткени ал жакта иштегендер психолог, оратор жана манипулятор болот. "Кеңсе жумушуна чакырабыз, маянасы жогору. Менеджердин жардамчысы, сатуучу-консультант вакансиялары бар" деп номерин жазып аялдамаларга жыбыштырып же соцтармакка жарыялайт. Кызыккан адамдарды чакырып мамлекеттик кызматка орношуп жаткандай резюмесин алып, аңгемелешүү өткөрөт. Ошол күнү кечинде чалып "көп адамдын ичинен сизди гана тандадык" деп сүйүнчүлөйт. Эртеси барсаң дагы башка нерселерди убадалап үч-төрт күнгө чейин эмне жумуш кыларыңды так айтпайт. Бул аралыкта ойду өзгөртүп, убадаларга ишенип, тармактык маркетинг экенине карабай иштөөгө макул болушу ыктымал.

Милиция коңгуроо кагат

Тармактык маркетинг жана каржы пирамидалары юридикалык компания катары Юстиция министрлигинде катталып, ишмердүүлүгүнө Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) көзөмөл кылат. Аталган компаниялардын үстүнөн арыз түшсө, Финпол менен прокуратура чара көрөт. Ички иштер министрлиги жарандарды алдамчылардын тузагына түшүп калбашы үчүн сак болууга чакырды.

"Акча салып тез арада көп сумма менен аласың дегендерден этият болуу шарт. Мисалы 10 миң сом берсең, бир айдан кийин 50 миңге көбөйөт деши мүмкүн. Ал эми тармактык маркетингге барганда юридикалык каттоодон өткөнүнө, мурда кимдер иштегенине кызыгып маалымат чогултуу керек. Келишим кагазына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Эгер келишимсиз иштөөгө чакырса, кооптуулук көбүрөөк болот. Азыр оңой акча табуу мүмкүн эмес. Андыктан эң биринчи компания тууралуу анализдеп көрүш керек. Интернеттен да тийиштүү маалыматтарды табууга болот", — деп эскертет ИИМ.

Товарлары дартка даба боло алабы?

Тармактык бизнесте иштегендер дартка даба болчу каражаттарды да сатышат. Аны колдонуу кооптуулук жаратпайбы деген суроо жаралат. Буга Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев жооп берди. 

Глава общественного совета Минздрава Айбар Султангазиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев

"Тармактык маркетинг саткан каражаттар биологиялык активдүү кошулмалар деп аталат. Медицинада бул дары-дармек катары каралбайт. Демек аны Саламаттык сактоо министрлиги көзөмөл кыла албайт. Биздеги компаниялар бейтаптарды ишендирип сата беришет. Бирок ал каражаттар ооруга жардам бербейт, витамин сыяктуу убактылуу иммунитетти көтөрөт. Ушинтип жүрө берип оорусу өтүшүп кетиши мүмкүн. Мындан айыгып кеткендерди уга элекмин", — деп түшүндүрдү Султангазиев.

Ошондой эле ал дүйнөдө биологиялык активдүү кошулмалардын организмге пайда же зыян келтирери так аныктала электигин кошумчалады.

5408
Белгилер:
бизнес, алдамчылык, киреше, акча, каржылык
Тема боюнча
Соодагердин 120 миң долларын алып кеткен киши үч жылдан кийин кармалды
Өлгөн тууганынын мүлкүнө ээ болом деген киши 8 миң евросун алдатып ийди