Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Мигранттар, ишкерлер, коомчулук күткөн Путиндин сапары. Эксперттер эмне дейт

796
(жаңыланган 18:33 25.03.2019)
Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары — быйылкы жаздын эң урунттуу окуясы. Саясатчылардын, ишкерлердин, карапайым элдин жана мигранттардын бул визиттен үмүтү чоң. Sputnik Кыргызстан өлкөнүн саясий турмушунда маанилүү болгон сапардан кийин эмне өзгөрүп кетерин эксперттерден сурап көрдү.

Путиндин Кыргызстанга боло турчу сапарына даярдык көрүүнүн алкагында марттын башында кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болуп өттү. Эми дагы бир топ ири иш-чара болмокчу. Анын катарында эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн башын кошкон кыргыз-орус аймактар аралык конференция жана Кыргызстан менен Россиянын таланттуу балдарын бириктирген "Россия гүлдөрү" деп аталган фестиваль бар.

Буга чейин КР президентинин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев РФ лидеринин мамлекеттик сапары эки өлкөнүн алакасын жана стратегиялык кызматташуусун бекемдей турган саясий маанилүү окуя болуп каларын айткан. Путиндин сапарынын жыйынтыгы менен 25 документке кол коюлушу күтүлүп жатат.

Бардык жагынан чоң секирик

Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи, БШК мүчөсү жана билим берүү министринин кеңешчиси Кайрат Осмоналиев мамлекеттик сапар эки өлкө мамилесинин бир топ жакшырышын шартташы керек деген пикирде.

Заслуженный юрист КР, член ЦИК и советник министра образования Кайрат Осмоналиев
© Фото / Азиз Пиримкулов
Заслуженный юрист КР Кайрат Осмоналиев

"Атамбаевдин Россияга болгон сапарын эстөө жетиштүү. Анда Россия жарым миллиард долларга жеткен мамлекеттик карызды жоюп койгон. Бул Кыргызстан үчүн чоң колдоо. Эми Путиндин сапарынан кийин да кызматташуунун бардык тармагында — экономикалык, гуманитардык жаатта кыйла секирик болушу күтүлөт. Ишкерлердин ири тобу келе жатат, биргелешкен долбоорлор ишке ашат деген үмүт чоң. Кыргызстанга бардык тармактар боюнча россиялык инвестициялар керек", — деди Осмоналиев.

Анын айтымында, сапардын жыйынтыгы менен кыргызстандык студенттердин билим алуусу үчүн квота бөлүштүрүү тартиби өзгөрүшү мүмкүн.

"Россия Кыргызстан менен экономикалык жактан эле кызматташпастан бүгүнкү күндүн чакырыктарына каршы туруу үчүн республикада "жумшак күчүн" көбөйтүшү керек. Тарыхый байланыштарды бекемдөө үчүн билим берүү, илим жана маданият тармагы бул үчүн кенен шарт түзүп бермекчи", — деди юрист.

Осмоналиев, тилекке каршы, сапардын алдында Кыргызстанга көлөкө түшүргөн окуялар байкалып жатканын белгиледи.

"Айрым күчтөргө бул жакпай жатышы толук мүмкүн. Андыктан эки өлкө тең маалымат чөйрөсүндөгү алакасын чыңдашы зарыл", — деди ал.

Либералдарга сокку

"Стратегия Восток — Запад" аналитикалык борборунун башкы директору Дмитрий Орлов визиттин алдында Кыргызстанды терс жактан көрсөтүүгө жасалган аракеттерге басым жасады. Анын айтымында, Кыргызстан менен Россиянын мамилеси ондогон жылдардан бери маалыматтык чабуулга байма-бай тушугуп келет.

Генеральный директор аналитического центра Стратегия Восток-Запад, представитель российской Ассоциации приграничного сотрудничества в Кыргызстане Дмитрий Орлов
© Фото / Вера Сальницкая
"Стратегия Восток — Запад" аналитикалык борборунун башкы директору Дмитрий Орлов

"Сапарга Кыргызстанда да, Россияда да көрүлүп жаткан даярдык кимдир бирөөнүн тамагын аш кылбай жаткан сыяктуу. Айрым сюжеттер, билдирүүлөр, аларга айтылган кескин жооптор жөн эле жерден чыга калган жок, кандайдыр бир анык максат болушу ыктымал. Биринчиси — россиялыктарга Кыргызстанды терс жактан көрсөтүү, бул мамлекет менен кызматташуунун кереги жок экенин айгинелөө. Экинчиси — кыргызстандыктарга да Россияны дал ушул жааттан "таанытуу", — деди Орлов.

Анын айтымында, ушу тапта айрым кыргызстандыктар республикага "өзгөчө" мамиле жасайт деп Россиянын айрым ЖМКларын айыптап келет.

"Жөнөкөй киши басылмаларды көп деле айырмалабагандыктан кине Россиянын бардык ЖМКларына коюлуп жаткандай. Алардын айрымдары болгону ишмердигин Россиянын аймагында жүргүзүп жатканын саналуу адамдар эле билет. Демек, Россия менен Кыргызстанда кадыр-баркка шек келтирчү мындай чабуулга каршы тура алган маалыматтык адекваттуу система жок", — деди эксперт.

Ал мындайга системалуу жооп керектигин белгиледи.

"Россия экономика багыты боюнча эле кызматташуу жетишсиз экенин түшүнөт болушу керек. Эми Путиндин сапарынан кийин аскер жана соода багытын күчтөнтө бербей, гуманитардык чөйрөдө да жылыш болот деп ишенебиз. Бир гана нерсе талашсыз, эки мамлекет тең ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ жана башка уюмдардын алкагында кызматташуусун чыңай бериши кажет", — деди Орлов.

Эксперттин айтымында, Кыргызстандын Жогорку Нарын каскадына ГЭС курууну жандантуу сунушу Россия үчүн кызыктуу болушу мүмкүн.

"Бирок мында Путиндин тышкы масштабдуу долбоорлорду токтотуу жөнүндө айтканын унутпаш керек. Бул аталган мамлекеттин союздаштарынан оолактоо дегенди билдирбесе да Россиянын башка өлкөлөрдүн экономикасына жасаган ири инвестицияларына таасирин тийгизет", — деди аналитик.

Ал Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоору да ушундай кырдаалга туш болорун божомолдоду.

"Бул долбоордун пайдалуулугу күмөн туудурат, бирок геосаясий кызыкчылык күч. Мындан улам Россия айрым бир шарт менен долбоорго катышуусу мүмкүн. Бүгүнкү күндө Кыргызстан "кылым курулуштарын" ойлонбой, ЕАЭБ алкагында сооданы күчөтүп, россиялык кесиптештери менен чакан жана орто бизнестин алакасын бекемдөө жолу менен өлкө экономикасын көтөрүүсү зарыл. Анын үстүнө Кыргызстандын Евразиялык биримдиктеги артыкчылыктуу абалы буга толук шарт түзүп турат. Учурдан пайдалануу керек. Путиндин сапарынын алдында россиялык ишкерлердин келиши да жөн жерден эмес", — деди Орлов.

Эки тоонун чөбүн эңсебей

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде Путиндин визитинин алдында Кыргызстанды терс жагынан көрсөтүү аракеттери — россиялык либералдык элитанын интеграциялык процесстерди өнүктүрүүнү каалабагандыгы.

Политолог, эксперт по региональной безопасности Марс Сариев во время видеомоста Угроза религиозного экстремизма в странах СНГ в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат таануучу Марс Сариев

"Мигранттардын айланасындагы сюжеттер атайын жасалган ызы-чуу экени билинип эле турат. Бул жерде башкы максат — Кыргызстан эмес, Россиянын коңшу өлкөлөргө болгон саясаты, интеграциядагы күчөгөн аракети. Албетте, мындайда маалымат менен эле күрөшпөстөн бардык тармактагы мамилелерди жакшыртуу керек", — деди Сариев.

Анын айтымында, Россия Борбор Азиядагы негизги оюнчу катары Кыргызстан менен болчу бир топ биргелешкен долбоорлорго кызыкдар.

"Ошол эле темир жолдун курулушуна Россия Кытайдын "Бир алкак — бир жол" стратегиясынын алкагында катышышы мүмкүн. Анткени бул жерде Россиянын да, Кыргызстан менен Өзбекстандын да геосаясий, улуттук кызыкчылыктарын эске алуу керек. Ал эми энергетикалык тармакты алсак, албетте, Кыргызстандын гидропотенциалы Россия үчүн кызык, бирок мындай масштабдуу долбоорлорго катышуу мамлекетке экономикалык жактан чыгашалуу болот. ГЭС курууда Өзбекстан менен ымалага келүү толук ыктымал", — деди саясат таануучу.

Сариев кандай болгон күндө да Путиндин сапары көп суроонун башын чече турганын белгиледи.

"Россия менен кийинки кызматташуу да Кыргызстандын саясатынан көз каранды. Россия да Кыргызстандан анык бир кадамдарды күтүп жатканы айкын", — деди эксперт.

Сандар, сандар, сандар...

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Россия президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
2018-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү 1,56 миллиард долларды түзгөн. КР президенти Сооронбай Жээнбеков сооданын көлөмүн 2 миллиардга жеткирүү тапшырмасын койду.

Россия жасаган түз инвестициянын көлөмү 2018-жылы 123,2 миллион долларга жетип, Кытайдан кийин экинчи орунда турат.

Кыргызстанда биргелешкен кыргыз-орус 521 ишкана иштейт, анын 227си россиялык каражат менен иш жүргүзөт.

Кыргызстандын 67 ишканасы Россиянын ишканалар реестрине каттоого алынып, ЕАЭБ аймагында товар сата алат. Анын 57си өзү өндүргөн продукцияны Россияга соодалайт.

1-мартка карата Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу тарабынан 310 миллион долларлык 1662 долбоор каржыланды.

Россиянын 200 миллион долларлык колдоосу менен бажы бекеттери, көзөмөл өткөрүү пунктулары жана лабораториялар керектүү жабдуулар менен камсыз болуп жатат.

796
Белгилер:
саясат, соода, кызматташуу, Сооронбай Жээнбеков, Владимир Путин, Россия, Кыргызстан
Тема:
Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары (52)
Тема боюнча
Путин Бишкекке келгенде үч негизги маселе талкууланат
Бишкектеги Кыргыз-россиялык конференцияга 800 делегат келет