Короодогу эшектер. Архив

Элди чуу түшүргөн эшек бизнесинин артында ким турат? Иликтөө

7543
(жаңыланган 14:56 14.12.2019)
,
Милиция эшектер багылган коргондун ээси Ош шаардык сотунун мурдагы судьясы Рамазан Кожомкуловго таандык экенин билдирди. Андан кыргызстандык жана кытайлык ишкердин "Береке Майнинг" компаниясы ижарага алган. Бирок жергиликтүүлөр эшектин багылышына каршы чыгууда.

Кара-Суу районунун Мады айылында багылып жаткан эшектер кайрадан талкууга түштү. Социалдык тармакта андан чучук жасап, этин сатып жатат деген кептер тарады. Расмий орган бул маалыматты тастыктаган жок, ал эми 1000 эшектин кармалып турганын далилдеди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги элдин нааразычылыгына карабай, эшек бизнесин жүргүзүп жаткандарды сүрүштүрдү.

Айылдыктарды түйшүккө салган бизнес

Эшектер багылып жаткан короо Ош шаарынын борборунан 20 чакырым алыстыктагы айылдын четинде жайгашкан. Жергиликтүү жашоочулар этин сатпаган чакта деле коопсуздукка коркунуч жаратарын айтып тынчсызданууда. Коргондон чыккан сасык жыт айылды каптап, жайкысын чымын-чиркейлердин чордонуна айланып каларын айтышат. Бул ар кандай ооруларды пайда кылышы мүмкүн деп чочулашууда.

Мады айылынын тургуну Сажида Турдуева түйшүк тартканы аз келгенсип, башкаларга шылдың болуп жатканын белгиледи.

"Эшек багылган короо дөңсөөдө, айыл анын ылдый тарабында жайгашкан. Күн ысыганда эле шамал менен кошо жагымсыз жыт уруп чыдатпайт. Чымын-чиркей толуп, бала-чаканы көчөгө чыгаргандан деле коркуп калдык. Мады айылы Курманжан датканын кыштоосу болгон. Булар биз туу тутуп жүргөн энебиз баскан жерди эшеккана кылышты. Жер Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу, киреше Рамазан Кожомкуловго түшөт. Ал эми уятка калган биз болуп жатабыз. Эшектин этин жейт экенсиңер деп шылдыңдашууда", — деди Турдуева.

Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Жамшит Матанбаев да жергиликтүүлөрдөн арыздануулар көп түшөрүн билдирди.

"Үч жыл болуп калды. Эшектерди ушул жерден семиртип багып, көбөйгөндөн кийин Кытайга алып кетишет экен. Тынбай эле арызданып жатабыз, депутаттарга да кайрылдык, жыйынтык жок", — деди Матанбаев.

Ал эми Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы Кантөрө Жантөрөев аталган коргон 1997-жылы жеке менчикке өтүп, учурда ага Рамазан Кожомкулов ээлик кыларын ырастады. Ал мурдагы эт, сөөк иштетүүчү заводду 12 гектар жери менен кошо сатып алган экен.

Короо бош калыптыр

Sputnik Кыргызстандын аймактык кабарчысы Мады айылына барганда эшектер жок болуп чыкты. Короодон үч-төрт эле коделекти көргөн. Ал жерде иштеген жумушчулар эшектердин баарын 11-декабрда Кытайга жүктөп кетишкенин айтышты.

  • Ослиная ферма в Ошской области
    Кабарчы Мады айылына барганда короодон үч-төрт эле коделекти көргөн
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Ослиная ферма в Ошской области
    Ал жерде иштеген жумушчулар эшектердин баарын 11-декабрда Кытайга жүктөп кетишкенин айтышты
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Ослиная ферма в Ошской области
    Эшектерди Кыргызстандын ичинен жана Тажикстан менен Өзбекстандан алып келип ушул жерде чогултушат
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Ослиная ферма в Ошской области
    50дөй адам эшектердин жем-чөбүн берип семиргенче карайт.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 4
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Кабарчы Мады айылына барганда короодон үч-төрт эле коделекти көргөн
"Эшектерди Кыргызстандын ичинен жана Тажикстан менен Өзбекстандан алып келип ушул жерде чогултушат. 50дөй адам жем-чөбүн берип семиргенче карайбыз. Көбөйгөндөн кийин тобу менен алып кетишет", — деди жумушчулардын бири.

Териси табылган, этинен дайын жок

Деген менен Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров эшектердин тирүү алып чыгып кетишинен шек санап жатат.

"2019-жылдын январында кыргыз-кытай чек арасында жүк кармалып, кылмыш иши козголгон. Тактаган документке "Токойлуу сай" деген фирма ондатырдын териси деген документ менен 1570 эшектин терисин алып бараткан. Анын эти кайда кетти, базарга саттыбы же колбасага өткөрдүбү? Жок кылынганы же көмүлгөнү туурасында акт жок. Мадылыктар мага өлгөн эшектер талаада курттап, сасып жаткан видеолорду жиберип арызданууда. Мунун артында коррупция турат, башка себебин көрбөй жатам. Буга Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын директору Калысбек Жумаканов өзү аралашкан", — деди депутат.

Милициянын маалыматы

Эшек багылып жаткан жерди Ош облустук милициясы, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгы, Санэпидемиологиялык көзөмөл борбору, айыл өкмөт башчылары барып текшерген. Алар 1000ге чукул эшек кармалып турганына күбө болуп, бирок ал жерден союп, этин таратуу фактысы аныкталбаганын айтат.

"Береке Майнинг" компаниясы эшек бизнеси менен алектенген. Анын ээлери Лова Щимар жана Медетбек Сапаралиев экени белгилүү болду. Экөө тең Кыргызстандын жараны. Анын астында дагы эшектерди чогултуп, ташый турган туунду компаниялары бар экен. Учурда такталып жатат. Ал эми Рамазан Кожомкулов жерин ижарага берген. Коргонду "Гром" күзөт агенттиги кайтарат", — деп билдирди Ош облустук милициясы.

Мындан улам кабарчы бул бизнеске аралашкан адамдарды издеп тапты. Бирок алар расмий органдын маалыматын төгүнгө чыгарууга аракет кылууда.

"Органда иштеген абройлуу адаммын"

Кабарчы жердин ээси делген Рамазан Кожомкулов менен байланышканда, ал коргонго такыр эле тиешеси жоктугун айтып чыкты.

"Жердин менчик ээси мен эмесмин. Азыр башка адамдын атына катталган. Коргонду кытайлар ижарага алып иштетет. Тиешем жок, мен ортодогу адаммын. Ишеним кат менен иштерине жардам беришим мүмкүн... Милициянын айтканын четке кагам. Тактап жазгыла, мен органда иштеген абройлуу адаммын", — деди Кожомкулов.

Бул сөзүнөн улам Кожомкуловдун эмгек жолуна үңүлүп көрүүнү чечтик. Көрсө, ал Ош шаардык сотунда судья болуп иштеп 2016-жылы кызматтан бошотулган экен.

2015-жылы прокуратура Кожомкуловду "баңгизат менен кармалган тажик жаранынын күнөөсүн жашырып койду" деп айыптаган. Аны катуу дисциплинардык жоопко тартуу сунушу менен Кыргызстандын Соттор кеңешине кайрылган. Себеби ал айыпкерге 500 миң сом айып салуу менен бошотмок болгон. Кийин облустук сот Кожомкуловго чыккан өкүмдү жокко чыгарып, айыпкердин мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркинен ажыраткан.

Учурда Рамазан Кожомкуловдун уулу Алайбек Кожомкулов Алай райондук сотунун судьясы болуп иштейт.

Кожоюну көп компания

Эшек бизнеси менен шугулданган "Береке Майнинг" ишканасы Юстиция министрлигине баалуу металлдардын рудасын казуу жана байытуу менен алектенет деп катталган. Эшек экспорттоо боюнча бир жеринде да жазылган эмес. Компаниянын негиздөөчүсү катары Нурболот Шурубеков менен Чынаркан Шамшиева көрсөтүлгөн. Директорлук кызматты да Шамшиева аркалайт. Ал эми милициянын жетекчилери компаниянын ээлери Лова Щимар менен Медетбек Сапаралиев деп маалымат берип жатат.

Информация о фирме Береке Майнинг на сайте Юстиции КР
скриншот с сайта Министерства юстиции КР
Эшек бизнеси менен шугулданган "Береке Майнинг" ишканасы Юстиция министрлигине кен казуу менен алектенет деп катталган.

Sputnik Кыргызстандын кабарчы Сапаралиев менен байланышканда алгач бул компанияга эч кандай тиешеси жоктугун айтып актанды.

"Мен Бишкекте болчумун, атым чыгып кеткенин угуп түнү менен Ошко келип териштирип жүрөм. Мен дагы тууган-урукка уят болуп жатам. Азыр жетекчилери менен жолугушуп тактайбыз", — деп айткан Сапаралиев.

Деген менен бир күндөн кийин "Береке Майнингдин" юридикалык дарегинде катталган номерге чалганда Сапаралиевдин өзү алды. Бул ирет ал "кытайлыктар келгенде компания ачып берүүгө жардам бергем" деп чыкты. Бир аз убакыттан кийин редакцияга келип дагы башкача сүйлөдү.

"Директор Чынаркан Шамшиева менин жубайым, Нурболот Шурубеков тааныш иним болот. Алар "Береке Майнингди" ушул жылдын 25-ноябрында Лова Щимар менен кытай жараны Вэй Сянлунга саткан", — деп келишим кагазын көрсөттү Сапаралиев.

Документы фирмы Береке Майнинг
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Береке Майнинг" компаниясынын жетекчилери жакында эле башка жарандарга өткөрүп берген

Юстиция министрлигинин сайтында Медетбек Сапаралиевге таандык үч компания катталган. Алар көмүр казган Avisent, баалуу металл казуучу "Шабдан Майнинг" жана көп түрлүү товарларды дүңүнөн саткан "Дружба" компаниясы. Мындан сырткары, ал "Таш-Кара-Добо", "Тундук", "Бишкек-Чен Гун" (ИУ-Китай) ишканаларынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Кен казган компания кантип эшек экспорттоп жатат?

"Береке Майнинг" ЖЧКсы кен казуу менен алектенсе, ага кандайча эшек багып, экспорттоого уруксат берилгени суроо жаратты. Бирок Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов компаниянын башка дагы иштер менен шугулданууга лицензиясы болгондуктан уруксат берилгенин айтат. Ошондой эле ал Кыргызстан боюнча эшек багылган жер бир эле Мадыда бар экенин белгиледи.

"Ишкерлер өзү тегерек четин тосуп, ветеринардык-санитардык талаптарга ылайыктап логистикалык борбор куруптур. Биз эшектерди тирүү алып чыгып кетишине уруксат бергенбиз. Анткени анын териси башка өлкөлөрдө баалуу экен. "Менталитетке туура келбейт" дешет, чочкону деле багып, сатып атышпайбы. "Жагымсыз жыт чыгат" дейт, эмне чочко жыттанбайт бекен? Жаап же башка жакка көчүрөлү десек ишкерликке тоскоолдук кылган болобуз. Мыйзам бузулган жок да", — деди Жумаканов.

Эшек фермасын кайтарган "Гром" күзөт агенттигинин негиздөөчүлөрүнүн бири — ЖК депутаты Азамат Арапбаевдин бир тууганы Аким Арапбаев. Ал эми директору Акмал Суеткулов. Ушул эле жаран депутат өзү түптөгөн "Азия-Юг" ишканасын дагы жетектейт.

7543
Белгилер:
компания, коргонуу, жумуш, ишкердик, бизнес, эшек
Тема боюнча
Кыргызстандын төрт продукциясынын экспорттук көлөмү өстү. Тизме
Кыргызстанда этти кайра иштеткен 296 ишкананын үчөө гана стандартка төп келет