Москвадагы кафелердин биринде иштеген кыргызстандык жигит. Архивдик сүрөт

Көмүскөдөн чыгалы! ЕАЭБдин пенсиялык келишими тууралуу пикирлер

515
(жаңыланган 13:50 30.01.2020)
Эмгек мигранттарына кайсы өлкөнүн бюджетинен пенсия төлөнөрү, бүгүн алардын өздөрүн эмне түйшөлтөт жана эмнеге ачык иш алып баруу керектигин Россия менен Кыргызстандын серепчилери, ошондой эле мигранттык чөйрөнүн өкүлдөрү түшүндүрүп беришти.

Айгүл Ниязалиева Sputnik Кыргызстан үчүн

Россияда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдөн келип иштеген эмгек мигранттарына пенсия бериле баштайт. ЕАЭБ аймагында эмгектенгендерди пенсиялык камсыздандыруу боюнча келишимге Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын соңунда, өткөн жылдын 21-декабрында, кол коюлган. Аталган документ биздин мигранттардын турмушуна кандай таасир этери туурасында Sputnik Кыргызстан билип көрүүнү чечти.

Мигранттар эмне дейт?

Кыргызстандык Максат Андашев Москвада риэлтор болуп иштейт. Ал пенсиялык камсыздандыруу боюнча келишим ЕАЭБде кабыл алынган эң мыкты чечим экенин белгиледи. 

Риелтор в Москве Максат Андашев
© Фото / Луиза Андашева
Кыргызстандык Максат Андашев
"Дал убагында кабыл алынды. Расмий түрдө эмгектенген мигранттар да аз эмес, алар бул чечимди күтүп келишкен. Мигранттар чөйрөсүндө эмгек таржымалындагы боштуктарды картайган убакта кантип толтурабыз деген маселе дайым болгон. Адамдар салык төлөшөт, кайда иштешсе да пенсия алууга акысы бар", — дейт Андашев.

Башка көптөгөн мекендештер сымал эле анын өзүн да бир катар суроолор түйшөлтөт.

"Мигрант кайсы өлкөнүн мыйзамы боюнча пенсияга чыгат? Иштеген өлкөсүндөбү же чыккан мамлекетиндеби? Эгер ал ЕАЭБге мүчө болгон бир нече мамлекетте эмгектенсечи? Себеби мыйзамдары айырмаланат, ошондуктан тезирээк баарын тактап, пенсия алуу жана эсептөө механизмин элге түшүндүрүү зарыл", — деп белгилейт кыргызстандык риэлтор.

Sputnik Кыргызстандын маалыматы

ЕАЭБ өлкөлөрүндө пенсияга чыгуу курагы ар кандай. Кыргызстанда эркектер 63, аялдар 58 жашында чыга алат. Россияда эркектер 65, ал эми аялдар 60 жашында, Казакстанда эркектердин пенсиялык курагы 61 жашында, ал эми аялдардыкы 58,5 жашында башталчу. Бирок 2023-жылдан тарта аялзатынын ардактуу эс алууга чыгуу курагы 61 жашка чейин жогорулатылат.

Кыргызстандын дагы бир кулуну, ишкер Сардар Исмаилов маанилүү документке кол коюлушу менен кырдаал кандай өнүгөрүн талдоого аракет кылды. 

Пианист, ведущий и конферансье Сардар Исмаилов во время ведения мероприятия
© Фото / Артем Громаков
Ишкер Сардар Исмаилов
"Мигранттардын турмуш образын эске алуу керек: алар бир иште көпкө кармалганы сейрек, негизи эле эмгек миграциясы системалуу эмес. Адатта мындай болот: адам Россияда бир жыл иштейт, анан үйүнө кайтат, жарым жылдан кийин келип кайра башка ишке орношот... Жашоонун мындай мүнөзү бардык мигранттар, айрыкча, жаштар үчүн бирдей. Ал эми иш берүүчүлөр туруктуу иштегендерди каттоого ылайык көрөт, себеби кадрлардын улам иштен кетиши алардын убактысын да, ресурсун да алат", — деп түшүндүрөт Исмаилов.

Серепчинин пикири

Кээ бир серепчилердин билдиргенине караганда, ЕАЭБде пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимге кол коюлушу — интеграциялык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүү баскычтарынын бири. Бирок мында төлөм механизмдерин түшүнбөө менен шартталган көрүнбөгөн тобокелдиктер бар. Өзгөчө биримдиктеги өлкөлөрдөн рекорддук сандагы мигранттар келип иштеген Россияда көйгөй курч чыгышы ыктымал. Социалдык медианын россиялык сегментинде мигранттар россиялыктардын акчасын "тартып алышат" деген тема тарай баштады.

Sputnik Кыргызстандын маалыматы

КРден чыккан мигранттардын көбү Россияда, РФ Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын 600 миңден ашуун жараны ошол жакта жан багат.

Миграциялык саясат боюнча эксперттердин глобалдык ассоциациясынын мүчөсү Ирина Ивахнюк (Россия) келишимге кол коюлушу туура жана негиздүү деп эсептейт. 

Член Глобальной ассоциации экспертов по миграционной политике Ирина Ивахнюк (Россия)
© Фото / Григорий Линев
Миграциялык саясат боюнча эксперттердин глобалдык ассоциациясынын мүчөсү Ирина Ивахнюк
"Чет элдиктерге "биздин" акчабыздан төлөшөт дегендерге негиздүү бир жооп бар: бул "биздин" акча эмес, мигранттар тапкан каражат. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген жумушчулар жалпы рынокто жумушка орноштурууда бирдей шарттарга ээ экенин түшүнүү зарыл", — деп белгилейт Ивахнюк.

Пенсия мамлекеттик бюджеттен эмес, эмгекчилердин пенсиялык топтом фондуна чегерилген төлөмдөн берилет. Ошондой эле пенсия Россияда иштеген жылдары үчүн гана төлөнөт.

КР Миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майрамбек Бейшеновдун айтымында, кол коюлган келишим ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде эмгектенген кыргызстандыктардын абалын алда канча жакшыртат. Эгер мурда мигранттар өз пенсиясынын камын өздөрү ойлош керек болсо (ыктыярдуу камсыздандыруу аркылуу), эми буга иш берүүчүлөр милдеттендирилет. 

Руководитель представительства Госслужбы миграции КР в России Майрамбек Бейшенов
© Фото / Госслужба миграции при Правительстве КР
КР Миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майрамбек Бейшенов
"Кыргыз тарап келишим боюнча 2015-жылдан бери иш жүргүзүп келе жаткан. Мындан ары ЕАЭБдин кайсы өлкөсү болбосун, кыргыз жаранынын ошол жакта иштеген убактысы эсептелип, пенсия алууга акысы бар. Албетте, пенсия мигрант ишке расмий түрдө орношкон шартта төлөнөт", — дейт Бейшенов.

Ал келишимди кабыл алуунун бир максаты дал ушул мигранттарды мыйзамдуу ишке орноштурууну өбөлгөлөө экенин тактап өттү.

"Биздин мекендештер көбүнчө мыйзамсыз иштеп жатышканы жашыруун эмес. Расмий түрдө ишке киргендерге келишим иштеп жаткан өлкөсүндөгү бардык жылдары эсептелет. Бул көмүскөдөн чыгууга чоң өбөлгө", — деп билдирет аткаминер.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы кирген. Биримдикте "төрт эркиндик": товарлардын, тейлөө, капитал жана эмгектин бирдиктүү рыногунун принциптери жар салынган.

515
Белгилер:
Мигрант, рынок, жумушчу, мыйзам, пенсия, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
Тыгын жана жаңы жылдык маанай. ЕАЭБ жана КМШ лидерлеринин жолугушуусу видеодо
ЕАЭБ макулдашуусу: мигранттар иштеген өлкөдөн пенсия ала баштайт
ЕАЭБ эркин соода аймагын кеңейтүүдө. Видео
Беларусь президенти Аленксандр Лукашенко. Архив

Евробиримдик жана АКШ: Беларусь менен көйгөйлөрүн Польша өзү чечип алсын

119
(жаңыланган 19:45 27.09.2020)
Беларусь президентинин инаугурациясына батыштын реакциясы болжонгондой эле терс болду. Адегенде Мамлекеттик департаменттин өкүлү АКШ Александр Лукашенкону өлкөнүн мыйзамдуу шайланган лидери катары тааныбаганын билдирди.

Айтымында, "жарыяланган жыйынтыктар бурмаланган жана легитимдүүлүктү чагылдырбайт". Бул жаатындагы Ирина Алкснистин ой толгоосу РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

Ага удаа эле Европа биримдигинин дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррелдин атайын билдирүүсү чыкты. Анда Александр Лукашенконун жаңы мандатынын "эч кандай демократиялык легитимдүүлүгү жок" деп айтылат.

Ошондой эле ант берүү аземи (документте инаугурация сөзү тырмакчага алынган) "республиканын калкынын басымдуу бөлүгүнүн эркине каршы, мунун баары мурда болуп көрбөгөндөй жана тынч нааразылык акцияларында чагылат".

Боррелдин билдирүүсү, албетте, табалоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктү берет. Мисалы, алдын ала эле АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктары, жыйынтыгы кандай болгон күндө да, америкалыктардын жарымынын эркине каршы келет. Анткени аталган өлкө дээрлик тең экиге бөлүнүп калды. Нааразы эл канча айдан бери көчөгө чыгып жатканына күбөбүз. Андыктан Европа биримдигинин бул документин океан ар жагындагы көрүнүштөргө да туура келтирсе болот.

Европа либералдык пикирлештик жана демократиялык тоталитаризм үчүн күрөшүүдө

Өз кезегинде "демократиялык легитимдүүлүк" деген – Брюсселдин пикиринде, анын бир канча түрү бар, мына ошолорго ылайык, Александр Лукашенко – кыйла мыйзамдуу президент

Санкциялар Беларуска каршы киргизилбеди. Анан калса, бул маселенин тегерегинде Евробиримдиктин ичинде жаңы териштирмейлер пайда болду. Анткени Кипр бир эле убакта Түркияга каршы чектөөнү камсыздоону талап кылууну талап кылып, мунун негизинде процессти бөгөттөөдө.

Өлкөдөн батыш элчилери артка чакыртылган жок. Чакыртып алмак тургай, америкалыктар бир топ жылдан берки салкын мамиледен кийин республика менен дипломатиялык мамилелерин болушунча калыптандырууда. Бир нече күн мурун АКШ сенатынын эл аралык иштер боюнча комитети жаңы элчинин талапкерлигин бекитти. Антпесе, он эки жылдан бери эки мамлекетте тең элчиликтерди утурумдук жактоочулары жетектеп келген. 2008-жылы элчилерди эки тараптуу чакырып алуудан кийин Вашингтон беларустук компанияларга каршы санкцияларды киргизген.

Беларустагы шайлоого болгон мындай реакция өтө талуу венесуэлалык сабактын жыйынтыгы экени шексиз. Бир жарым жыл өттү, элүүдөн ашуун, айрыкча, батыш өлкөлөрү Хуан Гуайдону Венесуэланын мыйзамдуу президенти катары тааныган.

Болгону мындай чечим реалдуулукка дегеле таасир эткен эмес, азыркыга дейре Николас Мадуро өлкөнү жетектейт. Кошмо Штаттар жана Европа чакан латынамерикалык өлкөнү эч нерсе болбогондой, көзгө илгиси келбесе да, ошондой эле нерсени Европанын чордонундагы мамлекетте кайталоо кыйыныраак.

Беларусь Донбасстагы жөнгө салууну кошо эсепке алганда маанилүү эл аралык процесстерге тартылган. Ошондуктан чечимдерди жана алардын кесепеттерин кылдат эсептөө менен аракет кылууга туура келет.

БУУну АКШ ыдыраткысы, Россия куткаргысы бар

Минскиге каршы болжонгон кадамдарга карата Батыштын ынтызарлыгын басып турган дагы бир маанилүү жагдай биринчи кезекте польшалык долбоор болуп саналат.

Дал Варшава коңшу мамлекетте уланып келе жаткан протесттердин аркасында турат, Беларусь оппозициясынын лидерлерин саясий жана медиалык коштоо менен камсыздоодо.

Польша күрөшкө кийлигишкенин кийлигишип алып, бирок кырдаалды нукка салууга күчү жокко эсе. Анан калса, Минск, атап айтканда, маалымат каражаттары Беларуска польшалык товарларды ташуу көйгөйлөрү тууралуу кабарлай башташты.

Поляктар эми бейишке башканын мээнети менен жетүүгө белсенгени таң каларлык деле эмес. Батыш Европа жана Кошмо Штаттар саясий оор артиллерияны ишке салып, Александр Лукашенкону кулатса, Варшава өзү баштаган активдүүлүктүн геосаясий "каймагын" калпып алгысы бар. Тек гана мындай нерсе Берлин, Париж, Брюссель же Вашингтон үчүн мүмкүн эместей. Польшанын тилегин аткарууга көмөктөшүүгө алардын ынтызар экени деле күмөн. Демек, Батыш Минскиге карата реалдуу конфронтациядан четтөө менен катуу риториканын белгиленген жолун мындан ары да уланта бермекчи. Себеби, Батыш дагы бир геосаясий оюндан утулгусу жок. Ансыз да соңку жылдары андай көрүнүштөр арбын эмеспи.

119
Белгилер:
инаугурация, Беларусь, Евробиримдик, АКШ
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
"Ачык каалганы каккылоо". Москва АКШны жаза таюудан сак болууга чакырды
Госсекретарь США Майк Помпео выступает на пресс-конференции, на которой было объявлено о восстановлении администрацией Трампа санкций в отношении Ирана, в Государственном департаменте США в Вашингтоне. США, 21 сентября 2020 года

Вашингтон Тегеранга эмнеге кайра санкция киргизди? АКШнын жеңилүү коркунучу

105
Кошмо Штаттар Иранга каршы санкцияларын толук көлөмдө кайра калыптандырды. Мамлекеттик департамент муну "Тегеран "өзөктүк келишимдин" шарттарын аткарбай жаткандыгы" менен түшүндүрүүдө.

БУУ жана Евробиримдик америкалыктар келтирген далилдерди ынандырарлык эмес деп таап, Вашингтондун бул аракетине кошулган жок. Ак үй эмнени көксөп турат? Эл аралык коомчулук бул туурасында кандай көз карашта? Ушул тууралуу Галия Ибрагимованын макаласын РИА Новости агенттиги жарыялады.

Бир тараптуу кысым

"БУУнун Коопсуздук кеңеши Иранга курал ташууга коюлган эмбаргону (тыюу салууну) узарткан жок. Бирок Кошмо Штаттар тим калбай, санкцияны кайтарышты. Эми Тегеранга гана эмес, эмбаргону бузгандардын баарына каршы санкция киргизди", — деген Майк Помпео Евробиримдикти Вашингтонду колдоого чакырды.

Лавров: ШКУга мүчө өлкөлөр Ирандын өзөктүк программасы боюнча планды колдойт

Бирок реакция тескери болду. Германия, Улуу Британия жана Франциянын ("евроүчтүк") тышкы саясий мекемелеринин башчылары биргелешип, Ак үйдүн аракеттерин сынга алган билдирүү жасашты.

"АКШ 2008-жылдын 8-майында кабыл алынган Иран программасы боюнча Биргелешкен ар тараптуу аракеттер планынан чыкты. Эми Келишимдин катышуучулары болуп саналбайт. Ушуга байланыштуу Вашингтондун кандай гана аракети болбосун, юридикалык күчкө ээ эмес", — деп белгилешти "евроүчтүктүн" министрлери.

Париж, Берлин жана Лондон, тескерисинче, санкцияларды жумшартууну улантат. Министрлер Иранга карата чектөөлөрдү алуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2231 резолюциясында каралганын эскертти. Бул документ 2015-жылы макулдашылган "өзөктүк келишимди" расмий түрдө тастыктаган.

"Биз дайым анын аткарылышын кубаттап келгенбиз, муну уланта бермекчибиз", — деп белгилешти европалыктар.

Европалык убадалар

Дональд Трамп "келишимден" эки жыл оболу чыгып кеткен. Буга ал Тегеран өзөктүк программаны тымызын өнүктүрүүдө дегенди себеп катары көрсөткөн. Эч кандай далил келтирген эмес, бирок кайрадан санкцияларды киргизүүнү талап кылган.

Россия, Кытай жана европалыктар муну айыптап, документ АКШсыз да күчүндө каларын баса белгилешкен. Германия, Франция, Улуу Британия ал түгүл компанияларга Иран менен кызматташууга уруксат берген атайын мыйзам кабыл алышкан. Бизнес АКШнын кысымынан чочулабасын деп INSTEX аталган өзгөчө каржылык механизмин иштеп чыккан.

Чындыгында таасири чектелүү болду. Компаниялар баары бир ирандык рыноктон чыгып кете беришти. Ислам Республикасынын экономикасы чөгүп кетти. Ал тургай Тегеран менен кызматташууну кытайлыктар да үздү, болбосо Пекин америкалык санкцияларды айыптап чыккан.

"Оюн жүрүп жатат". ЕБде Беларуска каршы санкциялар эмне үчүн бөгөттөлдү

Иран бийлиги европалыктар бизнестин изине түшпөөгө Вашингтонду көндүрөрүнө үмүттөнүп, күтүү позициясына өткөн. Бирок, чет элдик компаниялар өлкөдөн кеткен сайын Вашингтон жумшарат деген үмүт өчө берди. Тегеран өзөктүк программаны чектөөлөрдү алган.

Иран программасы боюнча Биргелешкен ар тараптуу аракеттер планы формалдуу түрдө иштейт, бирок, "келишимдин" катышуучуларынын бирин-бири айыптоолор ага болгон ишенимди азайтат. Тегерандын документтин шарттарын аткаруудан баш тартышын Вашингтон "аятолла режимине" (америкалык маалымат каражаттарында Иран Ислам Республикасындагы саясий система ушундай аталууда) болгон жаңы чабуулда негизги аргумент катары пайдаланат.

"Эмбаргону алууга жол бербөө"

Баарынан да америкалыктар 18-октябрдан тарта Тегеранга карата курал боюнча эмбаргонун алынарынан кооптонушат. Бул абал Ирандын коңшуларын кызытат. Израиль, Сауд Аравиясы, Бахрейн, Кувейт Ислам Республикасына тыюу салуулар токтотулган соң Россия жана Кытайдан абадан коргонуу каражаттарын жана заманбап истребителдерди сатып ала баштарын айтышууда. Бул Иранды чыңдап, ал эми аймактагы кырдаалды курчутат. Андайга жол бербөө үчүн Тегерандын каршылаштары АКШ аркылуу аракет көрөрү турулуу иш.

Августта америкалыктар БУУнун Коопсуздук кеңешине курал эмбаргосун узартуу жөнүндөгү резолюцияны сунуштады. Аны Тегеран Ливан жана Сирияда "Хезболланы", ошондой эле Иракта жергиликтүү аскерлер менен нечен ирет кагылыштарды тутандырган шиит согушкерлерин куралдандырып жатканы менен негиздеп берген.

Франция, Германия жана Улуу Британия америкалыктардын кооптонуусун түшүнүү менен кабыл алса да, алардын сунушун колдогон жок. Россия менен Кытай Кошмо Штаттардын бул багыттагы бардык аракеттерин бөгөттөй турганын кыйытышты. Өз кезегинде Иран мындай революция "өзөктүк келишимге" биротоло чекит коерун жар салды.

Иранга каршы санкциялар: АКШнын опузасы суу кечпей калдыбы?

БУУнун Коопсуздук кеңеши америкалык долбоорду четке какты. Бирок бир апта соң Мамлекеттик департамент Тегеран Биргелешкен ар тараптуу аракеттер планындагы милдеттенмелерди бузганын тастыктаган "далилдерди" алдыга жайды.

Анда Иран белгиленген 300 килограммдык ченемден ашыра байытылган уран топтогону айтылат. Майк Помпео Вашингтон санкцияларды толук көлөмдө кайра калыптандыргысы келерин жашырган эмес. БУУнун Коопсуздук кеңешиндегилер АКШ чыгып кеткенден кийин "келишимдин" аткарылышы боюнча талкууга ала албастыгын эскерткен.

Америкалыктар ага да жооп кайтарбай койбоду. Мурункудай эле 2231 резолюциясын бекиткендердин катарында экенин билдирди. Санкция киргизүүгө укугун сактап калуу менен Биргелешкен ар тараптуу аракеттер планына ылайык, Иранга доо арыз түшкөндөн отуз күндөн кийин чара көрүлбөсө, санкция калыбына келтирилерин эскертишти. Анын мөөнөтү 20-сентябрда аяктады.

Күтүп туруу дипломатиясы

"БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Коопсуздук кеңешиндеги консенсустун жоктугуна таянып, антиирандык санкциялардын калыптанышына каршы чыкты.

Америкалык чечимди МАГАТЭ көз жаздымда калтырып, ошону менен бирге эле ал Европада кескин сынга алынды. Вашингтон кыйла кемсинтилген абалда калды", — деп боолголойт МГИМОнун Эл аралык изилдөөлөр институтунун Евроатлантикалык коопсуздук борборунун улук илимий кызматкери Андрей Баклицкий.

Анткен менен серепчи америкалык санкциялар чет элдик бизнести баары бир коркутарын болжойт. Эгер октябрда курал эмбаргосу алынса деле Иран менен болгон соодалашууга даабайт.

АКШнын кысымында калуу коркунучу салмак басып кетери бышык. Бирок андай болгон күндө да Вашингтондун аракеттери аша чаап кеткендей. "Европалык мыйзамдарда курал эмбаргосун 2023-жылга чейин карайт. Ошол себептен эл аралык тыюу салуулар алынса да Европа биримдиги Тегеран менен бул чөйрөдө кызматташа албайт. Россия жана Кытай боюнча кырдаал андан да кызык.

Батыш өзүн-өзү кыйратууга чамындыбы? Ой толгоо

Иранга курал сатууга потенциалдуу өлкөлөрдүн компаниялары эмитен эле санкцияга тушукту. Эмбарго алынган соң Тегеран менен "шаан-шөкөттүү" келишимге кол коюуга аларга эч ким тоскоол боло албайт. Бул курал чындап эле дароо Иранга жетет дегендик эмес, бирок АКШ моралдык жеңилүүгө дуушар болору айдан ачык", — деп ой толгойт Баклицкий.

АКШда турган эл аралык мамилелер боюнча адис Рафаэль Саттаров Тегеран АКШнын бир тараптуу санкцияларын салкын кандуулук менен кабыл алганына көңүл бурат. Анын айтымында, Иран бийлиги Америкадагы президенттик шайлоого дейре кырдаалды курчуткусу жок.

"Ислам Республикасы АКШнын дарегине айтылган кескин билдирүүлөрдүн кандай түрү болбосун, өздөрүнө залал келтирерин билет. Трамп дароо эле өз пайдасы үчүн Иранга байланыштуу дагы бир кризисти тутантып, режимге кысым кылууну улантат. Андан тышкары, азыр Европа, Россия, Кытай, БУУ Иран тарапта. АКШ үчүн мындайда сөздү улантып отуруунун кажети жок. Ал эми бир тараптуу санкциялар эл аралык таанылган мыйзамдуу күчкө ээ эмес", — деген оюн айтат Саттаров.

Бул серепчилердин баары тең эгер АКШнын кийинки президенти Жо Байден болуп калса, анда америкалыктар Биргелешкен ар тараптуу аракеттер планына кайтышы мүмкүн экенин жоромолдошот. Бирок Трамп башкарган жылдары Ирандын тегерегиндеги жагдай өзгөрдү. Ошондуктан "келишимге" кайтуу оңой боло койбойт.

105
Белгилер:
Европа, өзөктүк курал, режим, санкциялар, Иран, АКШ
Тема боюнча
Тегеранда генерал Сулейманини акыркы сапарга узатышты: эл өч алууну талап кылды
Тегеран АКШнын сокку урам деген коркутуусуна жооп берди
Президент Белоруссии Александр Лукашенко на церемонии инаугурации в Минске.

Лукашенко президенттиктен кетүүнү сунуштаган Макронго жооп кайтарды

0
(жаңыланган 23:50 27.09.2020)
Лукашенко Париждин көчөлөрүнө чыккан “Сары кемселчендерди” Макрондун эсине салып, аны жетиле элек саясатчы катары сыпаттады.

БИШКЕК, 27-сен. – Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко француз кесиптеши Эммануэль Макронду жетиле элек саясатчы деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Макрон Лукашенкого президенттик постунан кетүүнү сунуштаган. Буга Беларусь башчысы жооп кайтарды.

“Эгер Макрондун логикасына таяна турган болсок анда ал өзү дагы эки жыл мурун эле, “Сары кемселчендер” Париждин көчөлөрүнө чыкканда кызматынан кетиши керек болчу”, - деген Лукашенко.

Ал ошондой эле Black Lives Matter кыймылынын жана Марсель менен Лиондогу мусулмандардын каршылык акцияларын эске салып, Минск ошол кыймылдын мүчөлөрү менен Макрондун сүйлөшүүлөрүнө аянтча болуп берүүгө даяр экенин белгиледи

Лукашенко анын француз кесиптеши Беларустагы шайлоого өтө эле көп көңүл буруп жатканын кошумчалаган.

Эске салсак, 9-августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. БШКнын эсеби боюнча, өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызына ээ болсо, экинчи орунду 10,12 пайыз менен Светлана Тихановская ээлеген. Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Тихановская Литвага чыгып кеткен.

0
Белгилер:
Эммануэль Макрон, Александр Лукашенко, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары