Россиядагы кыргызстандыктар жол кырсыгына көп кабылууда. Себептери

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киши өлүмүнө алып келген жол кырсыктарына эмнеликтен КР жарандары кабылган учурлар көп катталууда? Мунун себептери боюнча өз пикирлерин дипломат жана мигранттар Sputnik Кыргызстанга айтып беришти. Бири атүгүл кайсы маалда жол кырсыгы көп болорун да түшүндүрдү.

Басма сөзгө Россия же Казакстандын аймагында жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктар тууралуу кабарлар көп чыкчу болду. Тилекке каршы, андан каза тапкандар да арбын. Өткөн жылдын 8-декабрында Оренбург — Акбулак кан жолунда минивэн менен кичи автобус кагышып, кыргызстандык төрт жаран көз жумуп, үчөө жабыр тарткан.

14-январда Самара — Оренбург автожолунда КР жарандары бараткан минивэн эки Mercedes-Benz Sprinter менен сүзүшүп, сегиз киши — жүк ташуучу унаанын айдоочусу (өзбекстандык жаран) Honda унаасынын жети жүргүнчүсү (баары кыргызстандыктар) жабыркаган.

Sputnik Кыргызстан мекендештер кабылган жол кырсыктарынын көбөйүшүнө эмне себеп экенин тактап көрүүнү чечти. Бул туурасында тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү жана мигранттардын өздөрү ой бөлүштү.

Дипломатиялык байкоо

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова жол кырсыгы боюнча кырдаалга дипломатиялык миссия олуттуу байкоо жүргүзгөнүн кабарлады.

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова
Россиядагы кыргызстандыктар жол кырсыгына көп кабылууда. Себептери - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова
"Өлүмгө алып келген жол кырсыктары, тилекке каршы, көп. 2019-жылы эле элчилик аркылуу жол кырсыгынан каза тапкан тогуз мекендештин сөөгү өлкөгө жөнөтүлдү. Жол кырсыктарынын көбү Оренбург облусунда катталарын аныктадык, дал ошол аймак аркылуу "мигранттык трафик" деп аталчу багыт өтөт. Кыргызстандыктар ошол жол менен Москвадан Бишкекке сапар тартышат. Оренбург облусу — ошол "трафиктин" чок ортосу", — деди Байымбетова.

Үйгө карай узак жол

Мигранттар да жол кырсыктарын ошол "үйгө карай жолго байланыштырышат". Москвада жеңил унааны ижарага берүү менен бир топ жылдан бери алектенип жүргөн ишкер Таалай Сарыбаев кептин баары айдоочулардын өзүндө деп эсептейт.

"Москвадан сапар алган кыргызстандыктар адатта Самарада токтоп түштөнүп, андан соң Казакстанга жөнөшөт. Уктап алыш үчүн ошол жактан гана мейманканага токтошот. Суткалап машина айдашат!" — деди ал.

Бизнесмендин баамында, кырсыктын экинчи себеби — аба ырайы, үчүнчүсү — айдоочулардын мурдун балта кеспегендиги.

Полиция проводит проверку миграционного законодательства в ТЦ Москва - Sputnik Кыргызстан
Россияда эмгектенген кыргызстандыктар көп таба башташабы? Серепчилердин пикири
"Жол жакшы салынганы менен Оренбург облусун дайым коюу туман каптап турат. Анан да биздин жарандар машинанын техникалык абалын карашпаганын кимден жашырмак элек. Алар "күздө алмаштырдым, жаздан эптеп чыгалы" дегендей тобокелге салып, алдын ала каратып алышпайт. Мындай кайдыгер мамилеге унаанын тетиктерин алмаштыруунун кымбаттыгы да түртөт. Ал эми айрым кыргызстандыктар жөн эле эрдемсине беришет, жанына шерик айдоочуну кошуп алууга эмнеге болбосун?! Биздин айдоочулар унааны башкага ишенип бергиси жок. Жашы болсун, улуусу болсун, айдаганды жаңыдан үйрөнгөнү деле жалгыз чыга берет", — деди Сарыбаев.

Поезд, учак, такси — жүргүнчү ташуунун "өр алышы"

Чыңгыз Ысмановдун Москвада такси айдап иштегенине бир топ болуп калды. Россияда болжол менен эки миллион өзбекстандык жана бир жарым миллион тажик жашайт.

"Кыргызстандыктардын саны 600 миңден ашуун, бирок Орто Азиянын тургундарынын арасында көлүк айдагандар көбүнесе биздин мекендештер. Алар таксопарк гана тургай, курьердик кызмат жана тамак-аш жеткирүү жаатында да эмгектенишет. Албетте, кээде алар да билбестиктен же этиятсыздыктан улам жол эрежелерин бузушат. Дагы жакшы, Кыргызстан менен Россиядагы жолдо жүрүү эрежелери дээрлик бирдей, бирок Москвада жыл сайын жол белгилерин жаңылап турушат, айдоочулар аларга даяр болушу шарт", — деп белгиледи Ысманов.

"Үйгө карай жолдо" мекендештер Москва менен Бишкектин ортосундагы транспорттук байланыштын өзгөчөлүктөрүнүн айынан жол кырсыктарына көп кабылат деп санайт ал.

"Мурда биздикилер Москвага жана кайра өлкөгө поезд менен барып-келишчү, бирок бара-бара темир жол билеттери өтө кымбаттап кетти. Дал ошондон улам "үйгө машина менен" деген жаңы кызмат пайда болду", — деп түшүндүрөт таксист.

Анын айтымында, кыргызстандыктар эми мекенге такси менен да, жеке унаалары менен да сапар алышат.

Россия рубли жана АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акча которууга коюлган чек көбөйдү. Мекендештерге таасири кандай болот?
"Үнөмдөө жагы да кыйла маанилүү. Таксисттер ар бир жүргүнчүдөн 3-4 миң рублден алышат, ошондуктан биздикилер үй-бүлөсү менен Ош же Бишкекке өз унаасын айдап чыгышат. Жол кырсыктары качан көп болору да анык: июндан сентябрдын аягына чейин, башкача айтканда, учак жана поездге жол кире аябай кымбат убакта ушундай абал жаралат", — деп билдирет Ысманов.

Чемодан. Бекет. Бишкек

Москвада кондитер болуп иштегенине 20 жылга аяк баскан Анаркүл да ушундай ойдо. Ал мигранттардын калыптанып калган адаты болгонун да эскерет. Мисалы, мурда Кыргызстандан келген базарлыкты алып кетиш үчүн Казань бекетине барышчу экен.

"Ал кезде поезддер жыкжыйма келчү, эл вагондордон баягы даңазалуу чаар баштыктары, чемодан жана башка майда-чүйдө оокаты менен түшүшчү. Ушунун баары кечээ эле болгондой туюлат, туугандарым мага Кара-Балтадан базарлык салганды унутушчу эмес, бар үмүтүм — №17 поезд эле. Багыбызга коштоочулар бар, алардын көмөгү менен Москвага чейин "коенек" болуп жетип алчубуз. Кыргызстандыктар алар менен көп жыл достошуп жүрүштү", — дейт кондитер.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Москвага чейин поезд менен барган мекендештер чанда.

Pokeville cafe в Москве - Sputnik Кыргызстан
Көмүскөдөн чыгалы! ЕАЭБдин пенсиялык келишими тууралуу пикирлер
"Анткени баары алмашты, бийлик жүк ташууга талапты күчөттү, бардык жактан аткезчилик менен келген товарларды издей беришти... Он жылча мурун кыргызстандыктар поездди учакка алмаштырышты. Жолдошум экөөбүз ошондо жаңы жылды утурлай үйгө учуп барып келгенбиз, барыш-келиш билетибиз 8 миң рубль болгон! Учак билети да кымбаттаганы биздин мигранттар жаңы кызматты ойлоп табышты — Бишкекке такси менен чыгышчу болду", — деп талдап берди Анаркүл айым.

Ал ушу тапта темир жол транспортун мигранттар чоң өлчөмдөгү жүктү жеткирүү зарыл болгондо гана колдонушарын, ал дагы чанда болорун айтат.

Жол кире арзандачу күндү күтүп...

Мындай пикирлерден темир жол жана учак билеттеринин баасынын төмөндөшү кыргызстандыктардын жол кырсыгына кабылышын жана андагы өлүм санын азайышына алып келмек деген бүтүм чыгарууга болот.

Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майрамбек Бейшенов темир жол билетинин баасын азайтуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жөнүндө мындай деп билдирди:

© Sputnik / Табылды КадырбековМиграция боюнча мамлекеттик кызматтын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майрамбек Бейшенов
Россиядагы кыргызстандыктар жол кырсыгына көп кабылууда. Себептери - Sputnik Кыргызстан
Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майрамбек Бейшенов
"Биз бир жарым жылдан бери КР Транспорт министрлиги жана "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келебиз. Бирок поезд билетинин акысы негизинен Казакстан жана Россиянын аймагы боюнча жол киреден улам түзүлөт. Атамекендик темир жол багыты чакан, 20 пайыздан ашпайт, ошондуктан биздин темир жолчулар жол кирени өз алдынча төмөндөтө алышпайт", — деп түшүндүрдү Бейшенов.

Ушул тапта үч мамлекеттин тең Транспорт министрликтери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, жол акысын арзандатуу боюнча иш өкмөттөр аралык комиссиянын деңгээлинде каралып жатканы кошумчаланды.

Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда кыргызстандык айдоочу үч жүргүнчүсү менен кырсыктап каза тапты
"Маселе чындап татаал, бирок жылыш бар. Эгер билет сапардан үч ай мурун сатып алынса — 65 пайызга, эки ай калганда — 55 пайыз, бир ай мурда 45 пайызга арзан түшөт. Ал эми Москва — Бишкек поезд жол киреси орточо 12 миң рубль турат", — деп белгилейт аткаминер.

Азыр Миграция боюнча мамлекеттик кызмат темир жол багытын жайылтуу максатында мигранттар арасында маалыматтык-түшүндүрмө иштерин жүргүзүп турган чагы. Качандыр бир кезде, балким, баштагыдай талапты кайра жаратып каларбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0