Супермаркетте товар тизип жаткан кызматкер. Архив

Жаман айтпай, жакшы жок. Коронавирус жайылып кетсе Кыргызстан канчага чыдайт

2610
(жаңыланган 17:31 10.03.2020)
Дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жаңы вирустун алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүүгө тийиштигин айгинелейт. Өлкөнүн азык-түлүк запасы көңүл чордонундагы маселеге айланды.

Кыргызстанда азык-түлүк камы жетиштүү. Ал жаралчу суроо-талапты жабууга жетет. Жарандардын бул боюнча тынчсыздануусуна негиз жоктугун жакында эле вице-премьер Эркин Асрандиев өкмөттүн жыйынында билдирген.

Өкмөттүн мүчөсү Кыргызстан бөлөк өлкөлөрдөн, анын ичинде Кытайдан импорттун келишине чектөө киргизбегенин эске салды. Министрлер кабинети жүк ташууга гана көзөмөлдү күчөткөн.

Өкмөт ынандырганына карабастан, Бишкектин айрым тургундары азыгын камдоого киришти, бирок жапырт мүнөзгө өтө элек.

"Жаман айтпай, жакшы жок" демекчи, мындай көрүнүштөн улам Sputnik жагдайды башка өңүттөн карап көрүүнү чечти: кокус ошондой жагдай жаралса, изоляцияда калган Кыргызстанга дары-дармек, күйүүчү май жана азык-түлүк канчага жетет?

Ушул тапта Кыргызстан коронавирус жайылган Кытай, Иран, Япония, Түштүк Корея жана Италиянын жарандарынын киришин чектеди. Бул өлкөлөр сымал биздин республика да жаңы вирустан толук корголгон эмес.

Кыргызстандан сырткары Италия, Түштүк Корея жана Ирак аэропортторунда бардык каттамдарын токтотконун Түркия да жарыялаган. Ал эми Роспотребнадзор бул өлкөлөрдөн каттамдарды кабыл алган аэропорттордо көзөмөлдү күчөтүүгө токтом чыгарган. Иран менен аба каттамдарын Казакстан жана Швеция толук токтотту. Тажикстан да алардын катарында, бирок коңшу өлкөнүн тыюу салуу тизмеси узун, анда 35 өлкө камтылган.

Күтүүсүз кырдаалга Саламаттык сактоо министрлиги дайынбы?

Кыргызстанга эпидемиологиялык кырдаал курчуган өлкөлөрдөн келгендер эки аптага карантинге алынууда. Саламаттык сактоо министрлиги кыска мөөнөттүү иш планына өзгөртүүлөрдү киргизди. Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш планын жаңыртууга Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму көмөктөшүп жатат.

Сотрудники Национального центра охраны материнства и детства.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанга эпидемиологиялык кырдаал курчуган өлкөлөрдөн келгендер эки аптага карантинге алынууда

COVID-19 коронавирусун алдын алуу жана ооздуктоо үчүн министрлик планды үч өңүттөн карайт: биринчиси — сырттан кириши, экинчиси — чектелүү санда жергиликтүү учурлар, үчүнчүсү — массалык түрдө жайылышы. Азыркы тапта медиктер үчүнчү сценарийдин алдын алуу үчүн аракеттерди көрүүдө.

"Дары-дармектердин запасы бизде жетиштүү. Бейтаптарды дарылоо үчүн тийиштүү көлөмдөгү дары-дармек жана жатак орундар бар. Толук камсыздалган, бул үчүн бюджет караштырып жатабыз. Күн жылыганда канча учур болушу мүмкүн экенин эсептеп жатабыз. План июнга чейин түзүлгөн", — деп билдиришти мекемеден.

Министрликтен жагдайдын ар кыл нугуна даярданып жатканын, коомчулук да муну туура түшүнүүгө тийиш экенин белгилешти.

Эпидемия каптаса толук бөгөт коюлабы?

2017 жана 2019-жылдары Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жүк өткөрүү боюнча көйгөй жаралган. Бирок бул экспорт жана реэкспорттун маселеси эле. Коңшу өлкөдөн товарлар эч тоскоолсуз келип турган. 2010-жылы Казакстан жана Өзбекстан чек араларын жапкан, бирок алар өлкөдөгү саясий туруксуздукка жана бийликтин алмашканына байланыштуу эле.

Фуры стоят в очереди на пункте пропуска Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Коронавирустун күч алышынан кийин Кыргызстан жана коңшу өлкөлөр тарабынан аталган мамлекеттен жүк ташууга тыюу салынган эмес

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин үчүнчү сценарийи боюнча — вирус жапырт жайылган учурда чек аралардын таптакыр жабылып, толук бөгөт коюлушун күтүүнүн кереги жок. Экономика министрлигинин Соода саясаты башкармалыгынын жетекчиси Бүбүсара Токтоналиева Кытай менен болгон учурдагы жагдайды мисалга келтирет. Коронавирустун күч алышынан кийин Кыргызстан жана коңшу өлкөлөр тарабынан аталган мамлекеттен жүк ташууга тыюу салынган эмес.

"Бизди толук обочолонтот деп ойлобойм. Кырдаалдын өзү деле муну талап кылбайт. Медициналык кызматкерлер айткандай, вирус ачык абада 75 сааттан ашык жашай албайт. Бул убакыт жүктөрдү карантинге алуу үчүн жетет. Толук бөгөт болбойт. Көрүлгөн чаралар коронавирустун киришине жол бербегидей гана, бирок сооданы негизсиз чектегендей катаал болбошу зарыл", — дейт Токтоналиева.

Кыймылга чектөө дал адамдарга карата гана киргизилгенин түшүндүрдү ал. Ал эми чек арадан өткөн унаанын айдоочусу карантинге алынып, нөөмөтүн башкага өткөрүп берет. Ал 75 сааттык жүккө болгон карантинден кийин товарды алып кете алат.

Токтоналиева кырдаалдын талабына жараша жана соодага жолтоо болбогудай деңгээлде гана карантиндик чараларды көрүү боюнча Дүйнөлүк соода уюмунун өтүнүчүн эске салды. Анын айтымында, соода агымынын кыскарышы — бул Кытай өкмөтүнүн чечими. Алар өлкө ичинде жүккө көзөмөл боюнча катаал чараларды көрүштү, бул жүк ташуунун азайышына себеп болду. Анткени мындай процесске адам ресурсу да тартылат, ал эми темир жол боюнча жүк ташуу кадимки калыбында.

"Тек гана текшерүү, көзөмөл жана санитардык иш-чаралар катаалдаштырылган. Медициналык кызматкерлер ачык абадагы товарларда жана өстүрүлгөн азыктарда бул вирустар 50 сааттан 75 саатка дейре гана жашай алат. Кытайдан ташып келинген товарларды 75 саатка чейин карантинде кармоо чарасы да ошол себептен кабыл алынган", — деп түшүндүрөт Токтоналиева.

Канча азык-түлүгүбүз бар?

Эгер Кыргызстан жапырт эпидемияга кабылса, анда өкмөт калктын күйүүчү май жана азык-түлүк маселесин чечүүгө тийиш. Мамлекеттик материалдык резерв фондунун эсеп жана мамлекеттик резервди көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Давлеталиев азык-түлүк боюнча норма 103 пайызга аткарылганын белгилейт. Бирок азык-түлүктүн тизмеси документтердин купуялуулугунан улам ачык жарыяланбайт.

Продукты питания в одном из торговых контейнеров на Ошском рынке в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мамлекеттик материалдык резерв фондунун эсеп жана мамлекеттик резервди көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Давлеталиев азык-түлүк боюнча норма 103 пайызга аткарылганын белгилейт
"Калктын социалдык жактан аяр катмарын колдоого минималдык эсеп жүргүзүлөт. Адатта аталган мекеменин кору табигый кырсыктардын кесепетин жоюуга багытталат. Эгер бир эле өндүрүм жетишсиз боло турган болсо, Мамлекеттик материалдык резерв фонду бааны ооздуктоо үчүн интервенция жүргүзөт", — деп түшүндүрдү аткаминер.

Давлеталиевдин айтымында, Мамлекеттик матрезерв фонду калктын бүт катмарын азык-түлүк менен камсыз кыла албайт. Буга каражат да, тез бузулчу азык-түлүктүн чоң көлөмүн сактай турган тийиштүү сандагы муздатуучу жабдык да жетишсиз. Запасыбыз рынокко башында гана таасир этүүгө жетет.

Кыргызстандагы ун чыгарган жеке ишканалардын да кору көп эмес, запас 1-2 айга гана жетет. КР Ун чыгаруучу ишканалар комитетинин төрагасы Рустам Жунушовдун айтымында, буудай менен ундун камын узакка жетерлик даярдоого чоң суммадагы каражат зарыл. Элдин көбү өндүрүмдү сатууда түйшөлөт, узак мөөнөткө буудай жана унду сатып алуу кирешесиз, акча айланбай калат.

"Сатып алуулардын чоң көлөмүн тарата аларыбызга эч кандай кепилдик жок. Бул рыноктогу эсептелбеген көлөмгө дагы байланыштуу... Обочолоно баштасак, бизде ун 30 күндөн 60 күндүк мөөнөткө дейре жетет", — деп түшүндүрөт ун чыгаруучу.

Эпидемия — транспорт жана өндүрүш үчүн тоскоолбу?

Кыргызстандагы жүк ташуулардын дээрлик бардыгы автомобилдик жолдор аркылуу ишке ашырылат. Чек аралар жабылган учурда республика өз запастарына гана таянууга аргасыз. КР Мунай сатуучулар биримдигинин аткаруучу директору Канатбек Эшаповдун айтканына караганда, республиканын кору анчалык көп эмес. Мыйзам боюнча, мунай сатуучуларда күйүүчү майдын кору эки айга жетерлик болушу шарт, алгач бул көлөм толук жетет.

© Sputnik / Евгений Одиноков
Кыргызстанда күйүүчү май сактоо үчүн чоң резервуарлар жок. Оозуна чейин жык толтурулса да биздеги май сактагычтар республиканы туура эки ай гана камсыздай алат.

"Мунай сатуучулар көп өлчөмдө сатып алышпайт, анткени россиялык заводдордон өткөрүлчү баа ай сайын алмаштырылат. Эгер алар бир нече айга алдын ала сатып алса жана баалар түшүп кетсе, анда ташып келүүчүлөр зыян тартышы ыктымал", — дейт Эшапов.

Ал Кыргызстанда күйүүчү май сактоо үчүн чоң резервуарлардын жоктугун белгиледи. Оозуна чейин жык толтурулса да биздеги май сактагычтар республиканы туура эки ай гана камсыздай алат.

Эң начар сценарийде алып карасак, мүмкүн болгон товар өндүрүүчүлөр залал тартышы ыктымал. Камсыздоочулар, өндүрүүчүлөр жана дистрибьютерлер ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева коомчулуктун мүчөлөрү Кыргызстанга Кытайдан ар кандай жабдыктарды ташыганын тактады.

"Обочолонуудан айрым өндүрүшчүлөр жабыр тартышы мүмкүн. Мисалы, биз кандайдыр бир таңгакты алып келебиз, аларды сырттан ташыбасак, өндүрүш токтоп калат. Ошону менен бирге эле биздин союз азык-түлүктүн өзүн эмес, ага камтылчу нерселерди ташып келишет", — дейт Ускенбаева.

Өкмөт кантип камынууда?

Министрлер кабинети антикризистик планды иштеп чыгууну баштады. Эпидемиологиялык кырдаалдын бизнес чөйрөсүнө тийгизген таасирин жана эң зарыл азык-түлүк менен камсыздалышы боюнча терең талдоо жүргүзүлөт.

Здание аппарата правительства Кыргызской Республики
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Министрлер кабинети антикризистик планды иштеп чыгууну баштады
"Айрымдар кырдаалдан пайдаланып, пайда көрүү үчүн тигил же бул азык-түлүктүн, башка товарлардын баасын ашкере жогорулатууга жанталашышы ыктымал. Буга жол бербөө зарыл. Айыл чарба өндүрүмдөрүн чыгарууга болгон көзөмөлдү да күчөтүү зарыл, себеби азык-түлүктүн кайсы бир түрүнүн таңсыктыгына жол бербеш керек", — деп белгилейт министрлер кабинетинин башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Таңсыктыкка каршы күрөш жана баанын көтөрүлүшүн ооздуктоодон тышкары, киреше төмөндөгөн шартта кошумча план иштеп чыгуу мамлекеттик органдарга тапшырылган.

"Биз керектүү товарлардын жетишсиздигине жана алардын наркынын негизсиз жогорулашына жеткирбөө үчүн бардык күч-аракетибизди жумшообуз зарыл. Экинчи блок — бул бюджетти коргоо. Коронавирус инфекциясынан улам аргасыз иш-чараларга байланыштуу кирешенин мүмкүн болуп турган төмөндөөсүн жабуу үчүн иш-аракеттердин бардык алгоритмин караштырышыбыз керек", — деди Абылгазиев.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандары эпидемиологиялык жагдайы начар өлкөлөрдөн келип жатышат. Бирок коронавирус катталган эмес, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Саламаттык сактоо министрлиги Россия жана Түркия тарабынан медициналык мекемелерге 3,6 миң тест-система жана 536 миң бет кап берилгенин эске салды.

2610
Белгилер:
чек ара, Күйүүчү май, КР Саламаттык сактоо министрлиги, өкмөт, бизнес, эпидемия, азык-түлүк, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2316)
Тема боюнча
Стамбулдан келген кыргызстандык жарандын дене табы көтөрүлүп карантинге алынды
Бишкектеги маршруткалар дезинфекцияланып жатат. Сүрөттөр
Мунай өнөр жайы. Архив

Каражатсыз калышты: сланецтик мунайга инвестиция жокко эсе

186
(жаңыланган 12:38 16.10.2020)
Мунайдын наркынын түшүшү, олчойгон карыз жана каржылоонун жетишсиздиги АКШнын сланецтик индустриясында удаа-удаа банкроттукка алып келди. Пандемияга ири оюнчулар да туруштук бере алышпады.

Бирок андан да жаманы алдыда өңдөнөт: быйыл аталган тармакка инвестициялар эки эсе азайышы күтүлүүдө. Бул компаниялардын басымдуу бөлүгү жашап кете албайт дегенди туюндурат. Мунай казууда лидерликке Кошмо Штаттардан чыккан сланецчилер эмнеге бүгүн өп-чап абалда? Бул туурасында кесиптешибиз Наталья Дембинскаянын ой толгоосу РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

Баанын ылдыйлашы

Мунай баасынын көктөмдөгү төмөндөшү эң оболу Кошмо Штаттардагы бургулоочу активдүүлүктү кескин чабалдатты. Сырье дээрлик 50 пайызга арзандады. Техаста буга таптакыр даяр эмес болуп чыгышты. Натыйжада Parsley Energy 150 скважинаны жапты, Continental Resources кен казуунун үчтөн бир көлөмүн кыскартып, ал эми Texland Petroleum толук токтотту.

Апрелде ири сланецчилердин бири Whiting Petroleum, ага удаа эле тейлөөчү Hornbeck Offshore Services компаниясы банкрот болду. Ал эми май айында инвесторлоруна калифорниялык California Resources жана сланецтик гигант Chesapeake Enеrgy ишканасы ишмердиктерин токтотконун кабарлашты.

Америкалык газ Россиянын көгүлтүр отун алмаштыра алабы? Саресеп

Талдоочулар ошондо булар банкроттук толкунунун башаты гана дешкен. Pickering Energy Partners божомолу боюнча, быйыл бул тармактагы компаниялардын дээрлик 40 пайызы кыйрайт.

Азыркы баалар сланецчилерге мурдагыдай эле киреше табууга жол бербейт. Өндүрүштүн өздүк наркы аларда баррелине 50-60 долларды түзөт. 40 доллардык баа аны дегеле актабайт. Тармак инвесторлорго да кызык эмес. Рынокто кармалып калуу үчүн каражат зарыл, бирок, мындай жагдайда карманар тал жок.

Эл аралык энергетикалык агенттиктин баасында сланецтик кен казуу быйыл инвестициялардын көлөмү эки эсеге, тагыраак, 45 миллиард долларга дейре азаят. 2019-жылы 100 миллиардды түзгөн эле.

Газдын баасын бороон-чапкын жана бандалар аныктоодо. 2020-жылдын оош-кыйышы

Аталган агенттиктин (World Energy Outlook) докладында эң жогорку көлөм 2014-жылы байкалган: 125 миллиард инвестиция тартылган. Бул он жылдыкта 30 пайызга аз — жылына 85 миллиарддын тегерегинде күтүлүүдө.

Rystad Energy эл аралык консалтингдик агенттиктин божомолунда быйыл 67 миллиарддын тегерегинде болмокчу.

Катуу көңүл калуу

Инвесторлор сланецчилерге эмитен эле муздай түшүшкөнүн эске салуу абзел. 2018-жылдын аягында компаниялардын көбү инвестициянын тартыштыгынан улам бюджеттерин миллиарддап кыскартышкан. Анткени киреше жок.

АКШнын дүйнөдө ири мунай өндүрүүчү болгонунда дал ушул сланецчилердин салымы чоң. Бирок алар дайым жаңы скважиналарды бургулоого тийиш, себеби кен бачым эле азая түшөт. Карыз алууга туура келет.

Сланецтик "он жылдыктын" жыйынтыгында инвесторлор бул бизнес кирешелүү эместигин, ишканалар чыгым тартуу менен мунай казышканын, каражаттын тартыштыгын улам карыз алып каржылаганын түшүнүп калышты.

Он жыл ичинде тармактын 40 алдыңкы өкүлү тапкандарынан 200 миллиард долларга көп сарпташкан. Айрымдары гана пайда таба аларын далилдей алышканын айтышат талдоочулар. Сланецтик кендердеги миңдеген скважиналар инвесторлоруна убада кылгандан кыйла аз кен казышат. Жыйынтыгында компаниялардын акциялары арзан сатылат. Көйгөйдү оюнчулар деле көрүп турат. "Тармак акыркы он жылдыкта инвесторлордун ишениминен толук тайды", — дейт аталган өлкөдөгү кен казуу боюнча төртүнчү саптагы Marathon Oil америкалык мунай-газ ишканасынын башкы директору Ли Тилман.

2007-жылдан тарта америкалык сланецтик өндүрүшчүлөрдүн акцияларынын индекси 31 пайыз жоготууга учурап, S&P 500 80 пайызга өскөн.

Эксперт: дүйнөдө мунайга суроо-талап түшүү коркунучунда

Ыплас сыр

Эл аралык энергетикалык агенттиктин жоромолуна таянсак, жыл аягында мунай менен жабдууну кыскартууга дал АКШ чоң салым кошот. Кошмо Штаттардын негизги жети, атап айтсак, — Пермь, Игл-Форд, Баккен, Ниобром, Анадарк, Аппалачин жана Хейнсвилль бассейндеринде өндүрүш – суткасына 7,632 миллион баррелге чейин түшөт. Сланецтик кен казуунун жарымынан көбүн түзгөн Пермь бассейнинде 4,5 миллион, Игл-Форддо — 1,3 миллионго чейин кыскарат.

Бүтүндөй америкалык мунай өнөр жайы басым жасаган технологиянын өзү бул багыттын келечегин бүдөмүк кылууда. Тармактын алдыңкы инвесторлорунун биринин айтымында, пласттын гидравликалык жарака өлкөдөгү көмүр-суутектеринин запасын бир топ азайтып койду. Муну ExxonMobil ири бургулоочу ишканадан бир аз гана кичирээк Quantum Energy Partners жеке инвестициялык компаниясынын башчысы Уил Ванлох да моюнга алат. Бул көрүнүш АКШнын кен казуу жана энергетикалык көз карандысыздыгын калыбына келтирүүгө үмүттү да өчүрөт.

"Ушул нерсе сланецтин ыплас сыры", — деп билдирген Ванлох Financial Times басылмасына. Скважиналар бири-бирине өтө жакын бургуланарын да белгилеген ал. Айтымында, соңку беш жылда кенди бошотуп эле келишкен.

Мындан ары дагы арбыйт

Financial Times билдиргендей, биринчи кварталда ири көз карандысыз сланецтик компаниялар рекорддук көрсөткүчтөгү – 26 миллиард доллар өлчөмүндөгү чыгымдарды катташкан. Басылма белгилегендей, кача албай турган банкроттукка камынуу зарыл.

2016-жылдагы мунай каатчылыгы курчуп турган кезден да жаман болот. Анда 70 компания каржылык жактан жөндөмсүз экенин жарыялашкан. Анткен менен алар чакан ишканалар эле, аркаларында жалпы 56 миллиард доллар карыз калтырышкан.

Ал эми ушул тапта гиганттар да кыйрап жана кыйроо алдында турат. Июнда ири сланецтик өндүрүшчү Extraction Oil & Gas да оюн талаасынан четтеген. Haynes and Boone юридикалык фирмасынын маалыматтары боюнча, сегиз ай аралыгында 51 миллиард долларлык карызы менен 36 ишкана банкроттуулук арызы менен кайрылган. 25 ири компаниянын эле жалпы карызы 150 миллиардды түзөт.

"Кеп рынокту банкроттуулук жана кайра куруу күтүп турарында", — деген бүтүм чыгарат KPMG рейтингдик агенттигинин энергетика бөлүмүнүн жетекчиси Регина Мэр.

Кыйын кырдаал: АКШ Россиядан нефть сатып алууга тыюу салмакчы

Аналитиктердин божомолунда, эгер мунай баасы ылдыйлай бере турган болсо, келерки жылдын аягына чейин дагы 250 компания жабылат. Бирок пандемия дагы күчүндө, андан улам энерготашуучуларга талап да төмөндөшү мүмкүн.

Deloitte консалтингдик-аудитордук компаниясынын жакындагы эле изилдөөсүнө ылайык, АКШдагы сланецтик өндүрүшчүлөрдүн үчтөн бирине жакыны эбак төлөөгө жөндөмсүз.

186
Белгилер:
банкрот, компания, Дүйнө, Европа, АКШ, баа, Мунай
Тема боюнча
Жакынкы айларда дизель майы кымбатташы мүмкүн. Ким жоопкер?
Манас аэропортундагы жүргүнчүлөр. Архив

Баалар үч эсе өстү! Кыргызстандан учкандагы билеттин кымбаттыгы туурасында

5637
(жаңыланган 16:18 01.10.2020)
Ары-бери каттаган сапарлардын баасы кандай өзгөрдү, эмнеге авиакомпаниялардын кеңсесинде кезек күткөндөр көп. Баалар мурдагыдай болуп кайра качан калыбына келерин эксперттерден Sputnik Кыргызстан сурап, материал жасады.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандан Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги, Россия, Казакстан жана Өзбекстанга учууга болот. Сүйлөшүлгөн тартипке ылайык, Россия, Казакстан, Бириккен Араб Эмирлиги менен Өзбекстанга бара жатканда кыргызстандыктардын колунда ПЦР-тесттин "ооруган эмес" деген жыйынтыгы болушу шарт. Ал аталган мамлекеттерге учканга үч күн калганда жасалышы керек. Ал эми Түркияга бара жаткандар мындай нерсе менен баш оорутпайт.

Аба каттамдарынын баасы кандай өзгөрдү?

Кыргызстандагы Туризм ассоциациясынын мурдагы төрагасы Талант Токталиев Кыргызстандан сыртка учкандар жана кирип келе жаткандар үчүн билеттин баасы үч эсеге кымбаттагандыгын айтты.

Председатель правления Ассоциации туризма Кыргызской Республики Талант Токталиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстандагы Туризм ассоциациясынын мурдагы төрагасы Талант Токталиев
"Билеттерди дароо талап кетип жатышат. Буга пандемиядан улам узак даталарга каттамдар пландалбагандыгынан улам болууда. Маселен, Москва — Бишкекти же тескерисинче кайра келген багытты алсак, билет дароо сатылат. Тез арада учуш керек деген зарылдыктан улам 30-40 миң сом деле элди токтото албай калды. Пандемияга чейин 10 000 сом эле. Суроо-талаптын көптүгү жана каттамдын аздыгынан баа ушуга чейин жетти. Мындан сырткары, учактагы кээ бир орундуктар билетти тээ мартта сатып алгандарга да берилерин эстен чыгарбаш керек. Компания ошол кезде алардын акчасын кайтарган эмес, эми чек аралар ачылган соң эл ташыгандар кардардын алдындагы милдетин аткарышы керек", — деп түшүндүрдү ал.

Токталиев башка өлкөлөрдө да кымбаттоо болгондугун Стамбул — Бишкектин мисалында айтып берди. Пандемияга чейин бул каттамдын наркы 20 миң сом турса, азыр 30 миңди чапчыйт.

Кыргызстандан чет өлкөлөргө ачылган каттамдардын тизмеси

"Кандай болгон күндө да эл кымбаттаган билетти алууга даяр. Албетте, ар бир жүргүнчүнүн көздөгөнү бар. Бирөө дарыланганы, экинчиси саякаттаганы, дагы бирөөлөрү жакындарын сагынгандыктан сапарга аттанууда. Билеттер дүйнөнүн кайсы тарабында болбосун кымбаттады. Маселен, буга чейин Ташкентке 7200 сом менен жетип алсаң, пандемия аны 13,5 миң сомго жеткирди", — деп санап берди эксперт.

Токталиевдин айтымында, Дубайга уча турган билеттин баасы гана өзгөргөн жок. Бишкек — Дубай мурдагысындай 600 доллар боюнча калган.

"Авиатраффик" компаниясынын жетекчиси Алик Аскаров бүгүнкү күндө Оштон Москва шаарына чартердик каттамдар гана жасалып жаткандыгын, муну билет наркынын 30 миң сомго жакын сумманы чапчыгандыгы менен байланыштырды.

"Чартердик каттамдын жаман жери бир тарапка бош учуп, ал жактан толук салон менен кайтабыз. Бизде элди аба аркылуу ташыгандар үчүн эң ыңгайсыз шарттар көп. Компания аткарып жаткан каттамдар негизинен чартердик негизде жасалууда. Бул Россиянын башка шаарларына да тиешелүү. Муну жаңылыктардан коронавируска каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн Республикалык штабдан билдиришти. Авиакомпаниялардын үзгүлтүксүз каттамдарга уруксат беришти, эми ал болгону жумасына бир ирет гана жасалат. Ошондон улам азыр авиакомпаниялардын эшигинин алдында билет издеп, толтура эл жүрөт", — деп түшүндүрдү Аскаров.

Анын айтымында, жакынкы күндөргө делген билеттер дароо сатылып кетип жатат.

"Башка компаниялар сыяктуу эле биз дагы тобокелге барып, алыскы күндөргө билет сата албайбыз. Компаниялар жасап жаткан каттамдардын көбү — ташылып жаткандар. Тагыраагы, Кыргызстандан Россияга бош учабыз да, ал жактан жүргүнчүлөрдү алабыз. Ал эми бул жакка каалагандардын баарын эле ташып келе албайбыз. Себеби кыргыз тарап сүйлөшүүдө бир гана күнү — жумада гана эки тарапка каттам жасоого макулдашкан", — деп түшүндүрдү ал.

Кыргызстандык авиакомпаниялардын абалы кандай?

"Эйр Манас" компаниясынын өкүлү Данияр Арынов коронавирустан кийинки каатчылык башка компанияларды да алсыраткандыгын айтып берди.

Представитель авиакомпании Эйр Манас Данияр Арынов в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Эйр Манас" компаниясынын өкүлү Данияр Арынов
"Каттамдар токтотулганы го түшүнүктүү. Ал эми чек ара бирөөнүн баш оорусунан эмес, объективдүү себептерден улам жабылды. Компаниялардын мындан улам кыйын абалда калганы түшүнүктүү нерсе. Учак деген гаражга токтотуп коюп, андан кийин айдап кете берген автоунаа эмес. Техника бузулбай иштеп, аны карап туруш үчүн бир топ акча керектелет. Бул күндөрү каттамдар жанданды, бирок азырынча "Эйр Манас" учпай турат. Авиапаркыбызды жаңылап жатабыз, карантин, тилекке каршы, бизде созулуп кетти", — дейт Арынов.

22 миң рубль. Москва — Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды

Айтмакчы, ички каттамдар дээрлик кымбаттаган жок. Tez jet компаниясынын жетекчиси Ян Екимовскийдин айтымында, Кыргызстан ичинде билеттердин баасы төрт миңден ашпайт.

"Эл өлкөнүн ичинде үзгүлтүксүз саякаттоодо. Ар бир каттамда жүздөн билет сатылат деп айта албайм, бирок көп учурда салон толуп калат. Жакындан бери Бишкек — Ош — Бишкек жаңыланып, күнүгө учуп жатат. Бишкектен Жалал-Абадга жана кайра артка жума күнү каттоодо. Баткенден борборго, андан соң кайра аймакка да бешинчи күнү, жумасына бир ирет каттам бар", — деп айтып берди аткаруучу директор.

Билеттер мурдагы баасына түшөбү?

Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев көп аба каттамдарын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учур экенин белгиледи.

Директор Агентства гражданской авиации при Министерстве транспорта и дорог Курманбек Акышев во время пресс-конференции в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев
"Бир топ өлкө менен макулдаша алдык. Россияга учууга бизде суроо-талап көп. Азыркы макулдашууга ылайык, Москвага ар бешинчи күнү гана каттап жатабыз", — деди Акышев.

Ал учурда  үзгүлтүксүз каттамдарды ачуу боюнча Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

"Кыргызстандык аба менен эл ташуучулар үчүн абал өтө кыйын болууда, андыктан алар билеттин баасын көтөрүүгө мажбур. Тактап айтсак, аба кемелери бир тарапка бош барып, ал жактан гана жүргүнчү салып келүүдө. Бишкектен башка (Россиянын) шаарларга рейстер көбөйгөндө билеттер арзандачудай болуп калды", — деди ал.

Данияр Арынов да бардык чек аралар ачылганда гана баалар мурдагы калыбына кайтарына ишеним артып турат.

"Баалар пандемиядан мурунку учурдагы калыбына келиши үчүн бардык нерсе мурдагыдай болушу шарт. Авиакомпаниялардын сунушу суроо-талапка жооп бериши керек. Кырдаал турукташып, бир нукка түшүп, компаниялар жүргүнчү үчүн бири-бири менен атаандаша баштаганда гана билеттин баасы түшөт", — деди Арынов.

Эксперттер авиакаттамдар мурдагы калыбындай болуп качан иштеп баштаарын божомолдоо кыйын экенин айтышат. Себеби баары дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу.

5637
Белгилер:
рейс, кымбаттоо, билет, авиакаттам, пандемия, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзбек авиакомпаниясы Бишкекке каттамдарын 1-октябрдан тарта көбөйтөт
Авиакаттам жанданса да Россиядан кыргызстандыктарды автобус менен ташуу уланат
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты

207
(жаңыланган 22:30 20.10.2020)
Жаңы жарлыктын негизинде Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулуп жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. 

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппарат билдирди.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон

Жапаровдун чыгарган жарлыгына ылайык, Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулду жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМКга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
  • Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

207
Белгилер:
кызмат, коррупция, жарлык, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме
Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы