Бут кийим сатуучу магазиндин алдында. Архивдик сүрөт

Карантинден кийин ишкерликтин кайсы тармагы бүк түшөт? Адистердин пикири

1182
(жаңыланган 14:42 08.05.2020)
Коронавирус дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле Кыргызстанда дагы бизнестин басымдуу бөлүгүн буттан тартып, миңдеген жарандарды ишсиз калтырды.

Дээрлик эки айдан бери эшигин кара кулпу кайтарып турган ишканалардын көпчүлүгү карантин аяктаган күндө дагы оңой менен бутуна тура албасын божомолдогондор көп. Мындан улам Sputnik редакциясы пандемия Кыргызстанда бизнестин кайсы түрүн бүк түшүрүп же токтотуп салышы мүмкүн экенин адистерден сурап көрдү.

Экономист Расул Түлеевдин пикиринде, эч бир тармак таптакыр эле токтоп калбайт. Кыргызстанда машина куруу, тиричилик техникасын өндүрүү сыяктуу ишмердүүлүк менен алектенген ири завод-фабрикалар жок. 

Экономист Расул Тулеев
© Фото / Бексултан Окенов
Экономист Расул Түлеев
"Ал эми бизнестин Кыргызстандагы азыркы түрлөрү бир нече ай кыйналып, бирок бутуна туруп кете алат", — деди Түлеев.

Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алды
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Анын айтымында, тиричилик техникасын, автоунаа саткандар, курулуш, жеңил өнөр жай, туризм жана банк секторлоруна оорчулук келет. Анткени булар элдин колунда көбүрөөк акча болушун талап кылган тармактар.

Ал эми финансы жана экономика боюнча көз карандысыз серепчи Сейтек Байгуттиев кайсы гана тармак болбосун, кыйынчылыкка мамлекет же донорлор тарабынан колдоо көрбөгөн ишкерлер кептелет деген пикирде. 

"Кандайдыр бир төлөм, дотацияларды алып турбаган жеке ишкерлер, коммерсанттардын ишин улантып кетиши татаал болот", — деди Байгуттиев.

ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров ишкерликти токтотуп турууга аргасыз кылган эки ай бизнестин бардык түрүнө чоң жоготууларды алып келгенин айтат. Анын пикиринде, көп нерсе мындан аркы эпидемиологиялык абал жана чектөөлөрдөн дагы көз каранды. 

Директор бизнес-ассоциации ЖИА Фархат Пакыров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров
"Азыр кандайдыр бир божомол айтууга эрте. Болгону тейлөө, курулуш, туризм, даяр тамак-аш сатуу тармактары абдан жабыркап турганын айта алам. Карантин жоюлгандан тарта ишкерлик чөйрөсү орто эсеп менен 5-6 айдын аралыгында тыңый баштайт деп ойлоп жатабыз", — деди Пакыров.

Бирок мынча убакытка созулбай эле иши жүрүшүп кете турган тармактарга: медицина, IT, тамак-аш өндүрүү жана айыл чарбасын кошту.

Өнүгүү демекчи, "БизЭксперт" аналитикалык борборунун негиздөөчүсү Улук Кыдырбаев айрым жоготуулардан пайда издеп, башка тармактарды өнүктүрсө болорун айтат. 

Исполнительный директор аналитического центра БизЭксперт Улук Кыдырбаев во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
"БизЭксперт" аналитикалык борборунун негиздөөчүсү Улук Кыдырбаев
"Эпидемиологиялык абал жакшырса, ички туризмди алдыга сүйрөсөк болот. Мунун аркасы менен 30 жылдан бери сазга батып турган авиациябызды оңдоого шарт түзүлөт. Мисалы, Оштон Ысык-Көлгө, Нарындан Баткенге учак каттатып, эл анын кызматын пайдаланганга эмнеге болбосун? Бактыга жараша, бардык облустарыбызда аэропорт бар. Болгону билет баасын карапайым элге жеткиликтүү кылышыбыз керек", — деди Кыдырбаев.

Ошондой эле ал дистанттык түрдө иштөөнү жолго коюп, кеңсе ижарасынан үнөмдөөнү өздөштүрсө болорун кошумчалады.

Ишкерлерди колдоо

Кыргыз өкмөтү ишкерлерди жана экономиканы колдоо максатында бир катар аракеттерди көрүп жатат. Мисалы, Улуттук банк март айында "Коронавируска байланыштуу каржы-насыялык ишмердүүлүктү жөнгө салуунун убактылуу эрежелери жөнүндө" токтом кабыл алган. Ага ылайык, насыяларды төлөө мөөнөтү бери дегенде үч айга жылдырылат жана кечиккендиги үчүн айып пул салынбайт. Ошондой эле кардардын "кредиттик тарыхына" бул айлардагы кечигүүлөр эсепке алынбайт.

Ал эми кечээ вице-премьер Эркин Асрандиев өкмөт ишкерлерди колдоо максатында рыноктогу чектен эки-үч эсе арзан кредит берүүнү пландап жатканын айтты. Ага чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул максатта ар кайсы булактардан 40 миллиард сом табылганын билдирген эле.

Жанданган ишкерлик, тартип бузуу...

Белгилей кетсек, 1-майдан баштап өнөр жай, өндүрүш, курулуш, транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө кызматын көрсөткөн тармактар иштей баштады. Муну менен катар мамлекеттик жана жеке нотариустар, чач тарач жана салондор, патенти бар таксисттер эмгектене баштаган.

Бирок иштөөгө мүмкүнчүлүк берилген ишканалардын арасында санитардык-карантиндик талаптарды толук аткарбай жаткандар бар. Мисалы, Ош облусунда 80 ишкана ишин баштай элек жатып, эрежелерди сактабагандыгы үчүн кайрадан жабылды.

Бишкекте канча ишкана эшигин жапкан

Борбор калаада коронавирус кооптуулугунан улам 71 миӊ 531 чарбалык субъекти ишин токтоткон. Азыр анын 3 836сы ишин кайрадан жандантып, 83 280 киши жумуш ордуна кайта турганы пландалууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 906га жетип, анын ичинен 650сү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды. Дүйнөдө COVID-19га чалдыккандардын саны 3,8 миллиондон ишты. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылган, ага каршы вакцина табыла элек.

1182
Белгилер:
божомол, карантин, коронавирус, бизнес, экономика, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1511)
Тема боюнча
Өкмөт бизнести колдоо үчүн антикризистик фонд түзөт
Вирустан эмес, ачкадан өлчүдөйбүз. Карантинди бузган ишкерлердин ыймандай сыры
Нью-Йорктогу полиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт

АКШда расизмге каршы күрөш мародерлор менен кармашка айланды

143
(жаңыланган 11:42 05.06.2020)
Полициянын колунан каза тапкан афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн улам тутанган массалык башаламандык, карактоо жана өрт коюу басылбай келет. Штаттын жарымына коменданттык саат киргизилген, бирок жергиликтүү бийликтин аракети байкалбайт.

Полициянын күчү жетпей барат, вандализм менен мародерлукту токтотуу үчүн Дональд Трамп регулярдык армияны пайдаланууга ниеттенүүдө. Президент үчүн бул канчалык кооптуу экенин биздин өнөктөш РИА Новости агенттигиндеги кесиптешибиз Софья Мельничук сураштырып көрдү.

Кайрадан мыйзам жана тартип

Америкалыктар өлкө башчысынын улутка кайрылуусун күтүшкөн. Бирок президент создуктуруп отуруп, Вашингтондогу витриналар болушунча талкаланган соң, 2-июнда гана элге кайрылды.

"Жорж Флойддун өлүмү көңүл чөгөртөт, — деп баштады ал. — Бирок жаалданган топтун тынч митингди бузушуна жол бере албайбыз. Жабыр тарткандардын көбү — калктын мыйзамга баш ийген жана жакыр катмары. Аларды коргоо үчүн күрөшөм".

"Мен мыйзам жана тартиптин президентимин", — деп белгиледи Трамп. Америкага бул ураан жакшы тааныш. 1968-жылы да кыйын маалда өлкө президенттик шайлоого даярданып жаткан. Вьетнамдагы согушка каршы массалык демонстрациялар, аялдарды жана расалык азчылыкты колдоо акциялары өтүп жаткан.

Ынды каралардын укугу үчүн күрөшкөн Мартин Лютер Кинг (кенже), андан кийин эл чоң үмүт арткан сенатор Роберт Кеннеди өлтүрүлгөн соң Ричард Никсон шайлоого "мыйзам жана тартип" деген ураан менен чыккан.

"Көйгөйдүн баары чындап эле ынды караларда экенин моюнга алуу зарыл", — деп түшүндүргөн ошол убакта Ак үй администрациясынын башчысы Гарри Холдеман. Ошондон бери "мыйзам жана тартип" дегенди ынды кара америкалыктар полициянын зордугу катары кабыл алат.

Тынч митинг башаламандыкка өтүп кетти

Ушул таптагы окуяларды Трамп ички терроризм деп атады. Улутка кайрылуусунда президент козголоңчулардын колу менен "кыялдары көз алдында талкаланып" жаткан чакан бизнес ээлери боюнча да токтолду. Көчөдөгү мародерлук тууралуу видео далилдер интернетте жайнап кетти. Демонстранттар витриналарды талкалап, товарларды алып чыгып, дубал, каалга-терезелерге чиймелеп кетип жатышат. Мисалы, Санта-Моникада Vans спорттук кийим дүкөнүнөн дээрлик баарын тоноп кетишти.

Fox 11 телеканалынын журналисттери көчөдөгү кишилерден кроссовки салынган кутуларды кайдан алгандарын сурашканда алар унчукпай эле жай өтүп кетип жатышты. Айланада бир дагы полиция кызматкери көрүнгөн эмес.

Ушундай эле нерселер өлкөнүн булуң-бурчунда болуп жатат. Бийликтин вандализмди токтотуу чакырыктары куру эле жаңыргандай. Менчик жайларды тынч демонстранттар жана бизнес ээлери өздөрү коргоп жатышат. Ошол эле Санта-Моникадагы дүкөндөрдүн биринин эшигинде "Зордукту токтоткула" деген жазуу менен бир кыз туруп алган. Аны түртүп салууга аракет кылып, ал түгүл түтөмө шашканы ыргытышкан, бирок кыз корккон эмес.

Көп өтпөй ага "Биз протестке чыктык, мародерлук кылган жокпуз" деген плакат менен ынды кара киши кошулган. Бул жаштар тынч митингди жаманатты кылып жаткан талап-тоноочуларга жолтоо болуу үчүн атайын шаардын борборуна келген.

Вашингтондогу митингчилер

Сан-Диегодогу окуя орус мафиясы тууралуу тамашаны эске салды. Ал жакта мурдагы СССРдин курамындагы республикалардан келгендер Pushkin аталган ресторанын талоончулардан коргоп калышты. Аталган жайдын кожоюну Айк Газарян өзү аракет кылышы керектигин тез эле түшүнгөн.

"Мендей эле республикачыл маанайдагы (митингчилерден айырмалана – ред. тактоосу) досторум көп. Жекшемби күнү жаман нерселер болорун аңдап баарына телефон чалып чыктым. Жарым саат өтпөй ресторандын алдына чогулушту. Тапанча, курал көтөргөн он эки киши элек. Курал-жарагыбыз расмий катталган, кантип колдонуу керектигин үйрөнгөнбүз. Менчигибиздеги жайларда жеке коргонуу үчүн аларды пайдаланууга укугубуз бар", — деп түшүндүрөт Газарян.

Алар Pushkin ресторанын гана эмес, ага удаа жайгашкан бир нече жайды, анын ичинде улгайган ирактык кишинин да алкомаркетин коргоп калышкан. Өлкөнүн бөлөк бурчунда, тагыраак, Нью-Йорктогу Бруклинде полиция аракет көргөнчө эле шаардыктар топтолуп, тартипти сактоону колго алышууда. "Биз коргоо үчүн чыктык. Расизмге каршы күрөштү жана протест кылуу укугун сыйлайбыз. Бирок үй-бүлөбүз менен жашаган жерди талкалоого эч кимдин укугу жок, — дешет күзөттүн уюштуруучулары Айзек Болтянски жана Дэвид Бродски. — Бизди коргобогон Нью-Йорктун мэрине уят эле".

Карантинден каршылык акциясына карай

Жергиликтүү бийликтин аракетсиздигине көпчүлүк нааразы. Нью-Йорктун мэри Билл де Блазиону мародерлорду жактоодо деп айыпташууда, өткөндө эле анын кызы көчөдөгү кагылышта кармалды. Штаттын губернатору Эндрю Куомого да ушундай эле күнөө тагышууда. Болбосо жакында эле аны коронавирус эпидемиясына каршы күрөштө баатыр катары көкөлөтүп жатышкан. Дүйшөмбүдө Де Блазио аскерлерди киргизүү кооптуу, бул кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн деген ойдо: "Куралдуу күчтөр киши жайгашкан райондорго кирсе, аягы жакшы бүтпөйт". Ошондой болсо да көчөдө полиция санын эки эсеге арттырып, төрт миңден сегиз миңге көбөйтүлдү. Шаарда коменданттык саат жарыяланган.

Улуттук гвардияны киргизүүгө башка аймактар да, негизинен демократтар эч ашыкпайт. Билл де Блазио келтирген аргументтерди Орегондун губернатору Кейт Браун, Иллинойстуку Жей Роберт Прицкер, Неваданыкы Стив Сисолак жана Мичигандын губернатору Гретчен Уитмер да кайталоодо. Вашингтон штатынын башчысы Жей Инсли аскердик бөлүктөрдү даярдыкка келтиргени менен шаарларга азырынча киргизбеди.

Анткен менен Трамп көчөгө аскерлерди өзү чыгарарын айтып коркутту. Башкы командачы болгону менен президент штаттардын аймагында федералдык куралдуу күчтөрдү өз билгениндей пайдалана албайт.

Бирок ал 1807-жылкы "Көтөрүлүш жөнүндөгү мыйзамга" таянса, Улуттук гвардия анын буйругу менен губернаторлорго карабастан аракетке кирет. Акыркы ирет аны Жорж Буш (улуусу) Лос-Анджелесте төрт ак жуумал полиция кызматкери тарабынан ынды кара киши сабалганда тутанган протест маалында колдонгон.

Бирок губернаторлордун митингчилер менен мамилени курчутпоого аракет кылганында саясий өңүт бар деп эсептейт Америка боюнча саясат таануучу Дмитрий Дробницкий. "Демократтардын башкы милдети – Трамптын экинчи мөөнөткө шайлануусуна жол бербөө. Протесттер баштала электе адамдарды карантинде кармап турууга мүмкүн болчу. Эми аларга ачуулануу акысын беришти, — дейт ал. — Демократтардын риторикасына ылайык, азыркы президент расист, коомдо жек көрүүнү жаратканы үчүн Трампты элге жаман көрсөтүү керек".

Эгер бүлгүнгө салган ушунча күндөн кийин президент башкарууну Улуттук гвардия менен колго алса, анда саясий упай топтойт. Анда демократтардын айткандары маанисин жоготот. Тартипке салган Трампка добуш беришет", — дейт серепчи.

Өлкөдөгү расалык дискриминацияга байланышкан кырдаал чындап эле үрөй учурарын баса белгилейт саясат таануучу. Протесттен кеп козгогондо муну да унутта калтырбоо абзел.

Демократтар Трамптын натыйжасыздыгын гана көрсөтпөстөн, азчылык арасында шайлоочуларды чочутуп албоого да тырышып жаткандарын айтат РФ Жогорку экономикалык мектеби улуттук изилдөө университетинин Европалык жана эл аралык комплекстик изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Дмитрий Суслов.

"Калктын ак жуумал эмес катмарынын колдоосунан ажырап калуудан абдан коркушат, дал афроамерикалыктар — шайлоодо Жо Байдендин негизги таянычы болуп саналат", — деп эске салат эксперт.

Анткен менен эки тарап тең кылдын кырында экенин кошумчалайт ал.

"Демократтар токтоо жана оома электоратты чочутуп алууну да тобокелге салып, Трампты жок кылууга аракет кылышууда. Ал эми Трамп дагы зордуктун күч алышына жана дагы көп өлүмгө алып келчү катуу чараларга барууда", — деп түшүндүрөт ал.

Америкалык коомдо ансыз деле жик кеткен. Протесттер тирештин тереңдигин даана көрсөттү. Карапайым адамдар полициянын кордугуна, талап-тоноолорго нааразы. Ал эми демократтар менен республикачылар мурдагыдай эле тил табыша албай келишет.

Жорж Буштун (улуусу) саясий карьерасында "Көтөрүлүш жөнүндөгү мыйзамдын" ролу кандай болгонун айтыш кыйын. Бирок 1992-жылы өткөн шайлоодо ал утулган. Трамп болсо катаалдыкка басым жасаганы айдан ачык. Эми аягы эмне менен бүтөрүн убакыт көрсөтөт.

143
Белгилер:
кайрылуу, Дональд Трамп, шайлоо, тополоң, расизм, башаламандык, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Унчукпай кутулушту. Ак үйдү митингчилерден кайтарган аскерлердин видеосу
Пентагон Вашингтондун аймагына 1,6 миң аскер жиберди
Электр зымдары. Архив

Эскирген жабдуу, тарифтүү болгон майнинг-фермалар. Энергетиканын азыркы абалы

230
(жаңыланган 13:52 03.06.2020)
Кыргызстанда электр энергиясына байланыштуу көп маселени Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү чечет. Быйыл ал азайып кеткендиктен, экспортту унутуп, тескерисинче, электр жарыгын сатып алганы жатабыз.

Быйыл Кыргызстандын энергетика тармагында бир катар өзгөрүүлөр болду. Айрым категориялар боюнча электр жарыгынын баасы өзгөртүлдү. Ошондой эле мурда өзүнчө тариф каралбаган майнинг-фермаларга анык бир төлөм белгиленди.

Мындан тышкары, 2020-жылда кургакчылык болору күтүлүп жаткандыктан, электр энергиясын эскпорттоону токтотуп, тескерисинче, коңшу өлкөлөрдөн импорттогону турабыз.

Төмөндө Sputnik редакциясынын окурмандарын Кыргызстандын энергетика тармагындагы азыркы абал менен тааныштырабыз.

Тариф саясаты

Өкмөт 27-мартта 2020-2023-жылдарга карата баа саясаты боюнча токтом кабыл алган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-июлунан тарта электр энергиясына болгон жаңы баа айрым категориялар үчүн өзгөрөт.

Бир киловатт-саатка тарифтер төмөндөгүдөй (салыктарды эске албаганда):

  • Балдар үйлөрү үчүн — 1,58 сом (азыркысы 2,24 сом);
  • Электр кубаты менен жүргөн транспорт заряд алчу жайлар — 1,58 сом (эгер мындай жайлар ачылып калса, алар троллейбустук ишканалардын тарифи менен төлөй турганы каралган);
  • Майнинг-фермалар үчүн — 2,91 сом (бул категорияга өзүнчө тариф каралган эмес).

Суу  сактагыч. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мындан тышкары, Улуттук энергохолдинг тоо-кен тармагында иштеген компаниялар үчүн электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү өкмөткө сунуштап жатат. Энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаровдун айтымында, эгер өкмөт компаниянын сунушун жактырса, бул ишканалар электр энергиясынын бир киловатт-сааты үчүн 1 сом 3 тыйындан төлөп калат. Мындай жол менен Улуттук энергохолдингдин карыздарынан кутулса болот экен.

Кредиттер

Карыз демекчи, Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон бери энергетика тармагында жалпы суммасы 2 миллиард 152,8 миллион долларга бааланган 42 келишимге кол коюлган (анын ичинен дээрлик 300 миллиону грант, калганы насыя түрүндө). Жалпы суммадан 1 миллиард 434,8 миллион доллар өздөштүрүлдү. Калган сумма долбоорлорду ишке ашырууда же тендерлерден үнөмдөлдү. Экинчиден, айрым долбоорлор аягына чыга элек.

Эми бул береселерден акырындык менен кутулуу керек. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет жетекчисинин милдетин аткаруучу Мухаммедимин Аскаровдун айтымында, эң жогорку төлөмдөр 2025-2031-жылдарга туура келет.

Кийинки 13 жыл ичинде төлөм 5 миллиард сомдон төмөн.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагынын тышкы карыздагы үлүшү 103 миллиард сом (1,35 миллиард доллар) экенин жана аны бересе компаниялар өздөрү төлөй турганын айткан эле. Баса, бул жаатка насыялар жабдууларды жаңылоо үчүн алынат.

Кендирди кескен кургакчылык

Кыргызстанда электр энергиясына байланыштуу көп маселени Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү чечет. Быйыл курчакчылык болору божомолдонуп, эмитен эле суунун көлөмү азыраак экени айтылууда. Мисалы, былтыркы май айында 13 миллиард куб метр болсо, быйыл өткөн айда бул көрсөткүч 12 миллиардга түштү. Мындан улам Кыргызстан 2020-жылы 1 миллиард киловатт-саатка чейин электр энергиясын импорттоону пландап жатат. Анын ичинен 500 миллион киловатт-саат электр энергиясын алуу боюнча Казакстан менен макулдашуу болду.

Депутат ЖК от фракции Кыргызстан Айтмамат Назаров
© Фото / пресс-служба ЖК
Улуттук энэргохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров
"Ал декабрь айынын соңунан баштап келе баштайт. Мындан сырткары, Кыргызстан менен Казакстан 300 миллион киловатт-саатты алмашат: электр кубаты жайкысын Казакстанга жиберилсе, күзүндө кайра кайтарылат", — деди Улуттук энэргохолдингдин башчысы Назаров.

Анын айтымында, импорт ички баага таасир этпейт. Учурда Тажикстан жана Түркмөнстан менен дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Жабдуулардын абалы

Улуттук энергохолдингдин генерация жана энергетика өткөрүү башкармалыгынын эксперти Аскат Абылаев Кыргызстандагы энергетика жабдуусунун 90 пайызы эскирип бүткөнүн айтат. Анын пикиринде, бул абал өтө эле начар дегенди билдирет. Адис ушу тапта жабдууларды алмаштыруу боюнча иштер жүрүп жатканын белгилеп, тизмеде Үч-Коргон жана Ат-Башы ГЭСтери бар экенин кошумчалады.

230
Белгилер:
импорт, насыя, энергетика, Кыргызстан
Тема боюнча
Электр энергиясына коюлган жаңы тариф 1-июлдан тарта күчүнө кирет
Каатчылык коркунучу жана ЕАЭБдин жаңы стратегиясы. Жыйынга сереп
Тоо-кен компаниялары колдонгон электр энергиянын баасын көтөрүү сунушталды
Медициналык кызматкерлер тез жардам унаасында. Архив

Жолдон төрөтүп, аман алып калган абысыныма ыраазымын. Ак жарык

0
(жаңыланган 15:19 07.06.2020)
Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Sputnik агенттиги окурманга жылуулук чачкан, жакшылык кылууга чакырган макалаларды жарыялап келет. Бул ирет редакцияга келген катка көңүлүңүздөрдү буруп, абысындын жасаган жакшылыгынан улам жарык дүйнөгө аман-эсен, ден соолугу чың наристе келгендиги тууралуу айтылат.

...Саламатсыздарбы, мен да сиздердин "Ак жарык" рубрикаңыздар аркылуу абысынымдын кылган жакшылыгы үчүн ыраазычылык билдирүүнү эп көрүп турам.

Биз шаар сыртындагы жаңы конуштарда жашайбыз. Там салып алганбыз. Үч балабыз бар. Экинчи кайним үйлөнгөндө короого кичирээк там салып өздөрү үйлүү болгуча деп бөлүп койгонбуз. Кайнатамдар айылда жашайт.

Ошентип менден жети жаш кичүү, тарсылдаган тың, ачык-айрым абысындуу болдум. Менин мүнөзүм жоош, кенебей, шашылбай жүрө бермейим бар. Тигүүчү болуп иштегендиктен жумуштан дайыма кеч кайтам. Абысыныма дагы бир ичим жылыганы — мен жумуштан келгиче балдарыма көз салып, тамагын берип курсагын тойгузуп коюп жүрдү. Күн бою жумушта жүргөн энелерге бул аябай эле чоң жардам. Жолдошум да ишине байланыштуу кеч бошогондуктан, балдарды бакчадан алып коюу кайнимдин мойнунда болчу.

Абысыным келгенде үчүнчү балам боюмда болчу. УЗИге барсам "бала туура эмес жатып алыптыр, бирок төрөгүчө түздөнөт" деп айткандан элден угуп көптү төрөгөн эжеге ырым-жырым жасаткам.

Белгиленген күнүмө жетпей эле бир күнү ичим акырындан ооруп баштады. Мен ай толгоо го деп камырабай, акырын басып үй иштерим менен жүрө бердим. Байкасам улам эле кармап, акырындан катуулай берди. Эмнеси болсо дагы деп ооруканага алып барчу оокаттарымды дагы бир сыйра даярдап иреттегенче чай койдум. Абысынымды чакырып, ичим ооруп жатканын айтсам эле чала-була чай ичип "анда даярданыңыз, кебетеңиз башкача болуп турат" деп шаштырып кирди.

Кийинип даярданып баштаганда эле суу кетти, айламды таппай калдым. Абысыным ырас чуркап барып кошунаны айдатып келе коюптур. Өзүмдү колго алып эптеп машинеге отуруп, аны-муну салып жөнөп калдык. Анан эле жолдон такыр болбой калдым. Айдоочунун да шаштысын кетирдик. Келиним да "жеңе, такыр шашпайсыз" деп чыйпылыктап урушуп жатат. Төрөтканага жетпей каларыма көзүм жеткенде абысыныма: "Өлүп калам го, кантип төрөйм? Бала келип калды", - деп кыйналганыма коркконум кошулуп көзүм алайды. Ошондо келинимдин чечкиндүүлүгүнө таң бердим. Өзү жаңы турмушка чыккан жаш келин. Машинаны жолдун чекесине токтоттуруп, айдоочуну чыгарып жиберди да, мени төрөтүүгө киришти. Он беш мүнөткө жетпей алышып жатып бат эле төрөп койдум.

Жаным жай алганы менен ичимен "эми дарыгерлер не дейт, бала жакшы эле төрөлдү бекен?" деп сарсанаа болуп жатып карасам, келиним байкуш менин аркы-беркилеримди жыйнап, бала менен алектенип, бир сүйүнүп, бир чыйпылыктап жатканын көрдүм. Ичим ысып, ыраазы болдум. 

Ошентип айдоочу төрөтканага алып келип токтотуп, абысыным кирип эле медиктерди чакырып чыкты. Ичимен коркуп, тынчсызданып жаттым. Ак халатчандар бизди палатага киргизип, мени жайгаштырып, баланы да карап, журналына жазып абысыныман төрөт тууралуу сурай баштады. Көрсө, бала буту менен келиптир. Медиктер буту менен келген баланы келиним туура төрөтүп алгандыгын, бул оңой эмес экендигин айтканда бир аз жеңилдей түштүм. Алар деле таң калып күлүштү. Байкуш келиним бала каягы менен келерин деле билбептир. Ал өзү таң калып жүрөт. Экөөбүз тең жашып, кучакташып, кыйынчылыктан бирге чыкканыбызга сүйүндүк. Рахматымды айттым.

Мен өзүмдү бир өлүмдөн калгандай сездим. Эне-баланын өмүрүн сактап, киндик энеси болгон абысыныма ыраазымын.

Баса, эки уулдан кийин төрөлгөн кызымдын ысымын атасы экөөбүз кеңешип абысыныма койдурдук.

Азыр абдан ынакпыз. Өзү төрөп көрбөсө да ошондогу чечкиндүүлүгүнө, айдай кызым экөөбүздүн өмүрүбүздү сактаган батылдыгына рахмат!

0
Белгилер:
медик, келин, кыз, бала, төрөткана
Тема:
Ак жарык
Тема боюнча
Бетиме жайылган кан, такси менен жеткирген шаардык аба. Абитуриенттин ак жарыгы