Медициналык маска кийгизилген манекендер. Архив

Тамадалар таксистке айланып, тойлор токтоду. Карантиндин кейиткен кесепети жөнүндө

(жаңыланган 18:26 14.06.2020)
Өлкөдөгү тойлорду, ар кыл салтанаттарды уюштуруп, кызмат көрсөткөндөр соңку үч айда кандай кыйынчылыктарга кабылганын айтып беришти. Бири таксист, экинчиси курьерликке өтсө, дагы башкалары айылга кетип калыптыр.

Коронавирус бул тармактын ишин үзгүлтүккө учуратты. 1-майдан тарта Кыргызстанда акырындап ишкана-мекемелердин иши жанданып, кийим саткан базарлар, соода борборлору, жарнамалык агенттиктер, туристтик фирмалар ишин жандантты. Коомдук транспорт кайрадан жүрө баштаган.

Айрым чектөөлөр дагы да уланууда, эл көп чогулган, массалык иш-чараларга салынган тыюу алына элек. Ал эми кафе-ресторандар 50дөн ашык киши кабыл ала албайт. Той-салтанат уюштуруучулар бул тармактагылар таптакыр ишсиз калганын билдиришет. Официант, тамада, зал жасалгалоочу, музыкант, бийчи, фотограф, ашпозчулар бир нече айдан бери жумушсуз отурушат.

Алар биргелешип өкмөткө кайрылуу да даярдашууда. Санитардык ченемдерди бекем сактоо шарты менен азем-кечелерди өткөрүүгө уруксат берүүнү өтүнүшөт. Аталган тармактын өкүлдөрү менен баарлашып, жагдайдан чыгуунун жолун кантип эптештирип жатканын сурадык.

Насыя ала коюп, карызга баттык. Зал жасалгалоочунун көйгөйү

Декоратор Улукбек Шаршенов беш жылдан бери үлпөт тойлор үчүн зал жасалгалайт. Алдыдагы сезонго кандай күч жумшап даярданганын, зарыл болгон бардык материалдарды сатып алып койгонун айтат.

Молодожены во время торжества бракосочетания в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Үйлөнүү үлпөтү
"Ишибиз сезондук болгондуктан, алдын ала камынабыз. Быйыл баары биз болжогондой болбоду. Насыя алганбыз, жасалгалоочу материалдарды сатып алганбыз, даана сызга отуруп калдык. Карызыбызды кантип төлөйбүз деп баш катырып жатабыз, себеби банктар төлөө мөөнөтүн узартып беришкен жок", — дейт декоратор.

Улукбектин жамаатында 12 киши эмгектенет, бир топ жылдан бери чогуу иштеп, бир үй-бүлөдөй эле болуп калышкан.

"Жамаатым ишсиз калды. Жетекчи катары алар дароо жаңы иш таап албай тургандыгын же ишмердик чөйрөсүн алмаштырып кете албасын түшүнгөм. Өзгөчө кырдаал убагында аларга азык-түлүк менен жардам берип жаттым", — дейт ал.

Ушул тапта ал акча табуунун башка жолдорун караштырууда, бирок кырдаал азырынча айкын эмес. Мурдагы калыбына келүү үчүн командага кеминде эле жарым жылдай кетет.

Чоң долбоорлор үзгүлтүккө учураганы менен такыр отуруп калган жокпуз

Назгүл Жаңыбаева жетектеген ивент-агенттик массалык  майрамдарды гана эмес, ири иш-чараларды (форум жана конференциялар) да уюштуруп келет.

Директор ивент-агентства Назгуль Джаныбаева
© Фото / предоставлено Назгуль Джаныбаевой
Ивент-агенттигинин жетекчиси Назгүл Жаңыбаева

Коронавирус компаниянын ири долбоорлорун токтотуп койду. Быйыл жайда Назгүлдүн командасы чоң фестиваль өткөрмөк. Анда келе тургандар, демөөрчүлөр жана өнөктөштөр менен баары макулдашылган...

Бирок өзгөчө кырдаал киргизилгени агенттик башка кызмат көрсөтүүгө басым жасоону чечип, "сырттан" активдүү иштөөгө өткөн.

"Той-салтанат жана ишкерлер  дүйнөсүндөгү иш-чараларды уюштуруудан тышкары биз келишим боюнча логистикалык колдоо да көрсөтөбүз. Өзгөчө кырдаал убагында биз дал ушул багытты өрчүттүк. Ар жагынан тосулган катаал шарттарда биздин кызматкерлер зарыл товарларды таап, даректерине жеткирип жатышты. Гуманитардык жардамды, дары-дармек, бет кап, спирт тапшырып, врач жана чек арачыларга товар жеткирдик", — деп айтып берди Назгүл.

Бирок баары бир компаниясы материалдык зыян тартты. Бул жалгыз карантинге гана эмес, валюталык рыноктогу өйдө-ылдый абалга байланыштуу.

Азыр агенттик онлайн-рынокко ыктоодо, өз кызматтарын санариптештирүү менен алек. Назгүлдүн пикиринде дал ушул багыт – кыйынчылыктан чыгуунун жалгыз жолу. Ал көптөгөн ивент-ишканалардын абалы дале оор экенин белгилейт. Өзгөчө кырдаал жана карантин алардын ишмердигин таптакыр сызга отургузганын айтат.

Тамада айылга кетип калды, учурда чарба иштетүүдө

Алып баруучу жана саунд-актёр Урмат Борченовдун бул боюнча өзүнүн көз карашы бар. Бул чөйрө олуттуу зыянга учурады, бирок каатчылык бул кесипке кокусунан кабылып калгандарды электен өткөрдү деген ойдо.

Ведущий  Урмат Борченов
© Фото / Нурмухаммед Сариев
Алып баруучу жана саунд-актёр Урмат Борченов
"Кудай жалгап, айрым алып баруучулар өзүнүн мурдагы кесибине кайра кайтышты. Кайсы бир деңгээлде мунун жакшы жагы да бар. Анткени тамадалык оңой эмес. Бир-эки костюм сатып алып, эки-үч видео көрүп эле алып баруучу болуп чыга келбейт. Азыркы кырдаал бүткөндө алардын мыктыларына суроо-талап кайра күч алат", — деди ал.

Борченов өзү, кесиптештери кантип жолун таап жатканын айтып берди.

"Көпчүлүгү акча табуунун башка жолун караштырышууда. Кээ бирөөлөрдүн маанайы чөгүп, шалдырап отуруп калышты, кай бирлери таксист болушту, ал эми мен айылга кетип калдым. Ата-энемдин чарба иштерине кол кабыш кылып жатам, дагы бир-эки айдай болом го. Банкеттер менен гана чектелип калган болбостугун билгем. Антсең чыгармачыл адам катары өнүгө албайсың", — дейт Борченов.

Учурда алып баруучу өзүнүн Youtube каналын элге таанытууга аракет кылып, кайсы бир кезде иштеп кеткен телеге кайтууну ойлонууда.

Чектөөлөр алынса деле бул чөйрөнүн толук жанданышын жакында күтүп болбойт дейт тамада. Анын көз карашында ивент-индустрия бир жылдан кийин гана толук ишке киришет.

Ресторандын менеджери: ипотеканы төлөөгө каражат жок

Бишкектеги ресторандардын биринин менеджери Мыктыбек Таласбаев эң кирешелүү убакта күн сайын банкет өткөнүн эскерди. Айтымында, айына 25-26 той-топур өткөрүлчү.

Один из ресторанов Бишкека, где проходит торжество бракосочетания в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Банкет залы

"Акыркы жылдары ресторандар үчүн сезон бир жылга созулуп калган. Январдан мартка чейин баа төмөндөгөнү менен кызматкерлерге маяна төлөөгө жетер эле. Июлдан декабрга чейин кирешелүү убак болчу. Ал эми азыр эч нерсе жок", — деди ал.

Биздин каарман өзү да оор абалга кабылганын жашырбайт. Топтогон тыйыны жумушсуз отурган эки айга жеткен. Бүгүнкү күндө колундагысынын баары түгөндү.

"Акчам калбай калды, бирок насыяны төлөө зарыл. Ипотекам бар, аны кантип төгүп бүтөрүмдү элестете да албай турам", — дейт ал.

Ырчынын абалы: автоунаамды сатууга аргасыз болдум

Вокалист Руслан Асанкан 10 жылдан ашуун профессионалдык музыка менен алек. Кыргызстандын намысын эл аралык сынактарда коргоп жүргөн. Азыр ал башка кесиптештериндей, бул чөйрөдөгүлөрдүн башка өкүлдөрүндөй эле жумушсуз калды.

Вокалист Руслан Асанкан
© Фото / Дастан Жуманалы уулу
Вокалист Руслан Асанкан
"Карантин жашообузду астын-үстүн кылды, анткени буга чейин чыгармачылык менен гана өмүр сүрүп келгенбиз. Булардын баары башталганда биздин ишмердик токтоп каларын туюп, бир аз тыйын топтоого тырыштым, бирок ал деле жетпей калды. Автоунаамды сатууга туура келди, ал деле жетишсиз болду", — дейт ырчы.

Вокалист көптөгөн кесиптештери үй-бүлөсүн багуу үчүн кымбат баалуу техникаларын сатууга аргасыз болгонун да айтып берди.

Ресторан ашпозчусунун жардамчысы: тапканым нанга жетет

Борбор калаадагы банкеттик ресторандардын биринин жардамчы ашпозчусуна күн сайын кесиптештери, кол алдында иштегендери телефон чалышат. Качан жумушка чыгабыз деп сурашат. Бирок Мурат Канатбеков аларга эмне деп жооп берерин билбейт. Кыргызстандык ашпозчу өзүнүн чоң үй-бүлөсүн багуу үчүн курьер болуп иштөөдө.

Официант сервирует столы в первый день конференции ООН в Варшаве. 11 ноября 2013 года
© AP Photo / Alik Keplicz
Ресторан

"Аптасына 1000-1500 сом колго тиет, шам-шум эткенге жарайт. Иш табыш оңой эмес, азыркысын деле жоготкуң келбейт. Кайра мурдагы ишке кайтабыз деген эле ой кармап турат. Эгер ресторандар ачылбаса, ишти алмаштырууга мажбурбуз. Анткени акча жок", — дейт ал.

Канатбеков ресторандар ачылса, алар бардык санитардык талаптарды аткара алышат деп ынанат.

"Ресторанга караганда маршруткада коопсуз деп ойлобойм. Бизге иштөөгө уруксат беришсе, имараттын аянтына жараша меймандардын санын жөнгө салмакпыз. Конокторду коопсуз аралыкта отургузуп, баарынын дене табын өлчөп, маалыматтардын баарын көзөмөл журналына каттап турмакпыз", — дейт ашпозчу.

Фотограф: чакан буюртмалар менен жан багуудабыз

Фотограф Никита Черепанов үйлөнүү үлпөттөрү жана ири иш-чараларда сүрөт тартчу. Азыр кичинекей буюртмаларды алууда, мисалы, баш кошууга камынган жаштардын махабат баянын (lovestory) тартуу менен алек.

Фотограф Никита Черепанов
© Фото / Алина Кокорева
Фотограф Никита Черепанов
"Айрым кесиптештерим так бир ишке, маселен, жарнама тартууга адистешип алышты. Карантин маалында жаңы ачылган, тагыраагы, тааныта турган жаңы продукция чыкпады. Демек, буюртма да жок. Балдардын кай бирлери тамак жеткирип акча табууга киришкенин көрдүм. Чектөөлөр дагы улантылса, мындан ары эмне менен алектенем деп мен да ойлонуп жатам. Сүйүктүү ишибизге кандай күч, канча убакыт жумшаганыбызды ойлогондо ич ачышат", — дейт Черепанов.

Көпчүлүк күзүндө коронавирустун экинчи толкуну келерин ойлоп санаага батууда. Эгер андай жагымсыз жоромолдор чын чыгып калса, кантип күн көрөрүбүздү элестете да албайм дейт ал.

Белгилер:
ресторан, сүрөтчү, музыкант, ырчы, тамада, акча, коронавирус, Кыргызстан
Тема боюнча
Соодабыз 90%га жабыркады. Коронавирустан запкы жеген кыргызстандык ишкерлер
Асрандиев жеңилдетилген насыялар качантан баштап берилерин айтты
Токио шаарында орнотулган Олимпиада шакекчерели. Архив

Олимпиадага үч ай калды, Спорт агенттигинин 45 млн. карызы бар. Даярданып жетишеби?

(жаңыланган 13:18 16.04.2021)
Токио Олимпиадасына үч ай гана убакыт калды. Машыгуулар пандемия шартына туура келгенине карабастан кыргызстандык спортчулар ондон ашык жолдомо алды. Алдыда бир нече лицензиялык турнир бар.

Sputnik кыргызстандык спортчулардын маанилүү мелдешке даярдыгы жана Олимпиадада медаль алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу билди.

Токио Олимпиадасы 

Мелдеш 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөрү пландалган. Япониянын борборунда жай айында өтүүчү оюндар чет элдик көрөрмансыз өтөт. Ага 200дөн ашуун мамлекеттин спортчулары катышары күтүлүп жатат.

Өлкө куржунунда азыр 12 лицензия бар

2019-2020-жылдары жолдомону балбандар Атабек Азисбеков менен Айсулуу Тыныбекова, жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, ошондой эле суучул Денис Петрашов алган.

Ал эми жакында эле Казакстанда өткөн лицензиялык турнирден жолдомону Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана Эрназар Акматалиев алды.

Лицензия алып жатабыз, каржылоочу?

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламенттин жыйынында Олимпиада оюндарына даярданып жаткан спортчуларга каражат бөлүнбөй жатканына нааразы болгон.

Анын айтымында, өлкөнүн Олимпиадалык командасына 105 миллион сом каралса, бүгүнкү күндө анын 16 миллиону гана бөлүнгөн.

Депутат Жогорку Кенеша Шайлообек Атазов на заседании
© Фото / пресс-служба ЖК
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов
"Бизде 40 жыл мурун Каныбек Осмоналиев Олимпиада чемпиону болгондон кийин эч ким биринчи орунга чыга элек. Быйыл Токио Олимпиадасында чемпион болуу мүмкүнчүлүгү бар. Деген менен командага каражат бөлүнбөй жатат. Муну Экономика жана финансы министрлигинин өлкө намысын коргоп, желегин желбиретүүчү спортчуларга кайдыгер мамилеси, шалаакылыгы деп бааласак болот. Олимпиадага үч ай калды, анан кантип даярданышат. Урматтуу төрага, ушул боюнча протоколдук тапшырма берип коюуңузду суранам", — деген Атазов.

Ошондой эле ал учурда Олимпиадага даярданып жаткандарга күнүнө 250 сом берилерин айтып, машыгууга барган жеринде мейманкана, авиакассага карыз болуп жатканын кошумчалады.

Спортчуларды даярдоодо көйгөйлөр болуп жатканын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Шабданбаев да моюндады.

Директор Госагентства по делам молодежи, физической культуры и спорта (ГАМФКиС) Канат Шабданбаев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Шабданбаев
"Олимпиадага даярданууга бардык шарттарды түзүп берип жатабыз. Бирок кемчиликтер менен көйгөйлөр жок эмес. Пандемияга байланыштуу көптөгөн мелдештер, окуу-машыгуу жыйындары жылып кетип же болбой калып, даярдыкка терс таасирин тийгизип жатат. Мындан тышкары, дары-дармек сатып алууда мыйзамга тиешелүү тоскоолдуктар бар. Тендер өткөрүү зарыл. Айрым дарылар өлкөдө жок, сырттан сатып алуу керек", — деди Шабданбаев.

Ал депутат айтып жаткан 105 миллион сомдун чоо-жайын да түшүндүрдү. Айтымында, жыл сайын олимпиадалык спорттун түрлөрүнө 55 миллион сом каралат, ал эми быйыл Олимпиада оюндары болот деп 50 миллион сом бөлүнмөк.

"Жалпы сумманын ичинен учурда 20 миллион сому гана берилди, 85 миллиону бөлүнө элек. Финансы министрлиги ушул айда калган каражат которула баштайт деди. Бирок даярдыктар үзгүлтүккө учураган жок, карыз болсок да машыгууга барып жатабыз. Спорт агенттигинин карызы 45 миллион сомго жетти. Мейманканаларга, пансионаттарга, спорт залдарга бересебиз бар. Мындай нерсе жыл сайын эле болуп келет экен. Себеби январь-февраль айларына каржылоо ачылбайт деп түшүндүрүштү. Бирок бул жылы андан да созулуп, толук бөлүнбөй жатат", — деди Спорт агенттигинин башчысы.

Экономика жана каржы министрлигинин маалымат кызматынын адиси Жоомарт Шайдылдаев Спорт агенттиги кайрылган смета боюнча каржылоо жүрүп жатканын билдирди.

Сотрудник пресс-службы Министерства экономики КР Жоомарт Шайдылдаев
© Фото / Элина Мамытканова
Экономика жана каржы министрлигинин маалымат кызматынын адиси Жоомарт Шайдылдаев
"Керектелүүчү чыгымдардын тизмесин беришет, биз приоритетке жараша каражат бөлүп жатабыз. Маанилүү иш-чаралар үчүн акча берилбей калбашы керек. Ошондой болсо арыз жазышса, тиешелүү бөлүмдөр тездеткенге жардам берет. Олимпиаданын акчасы кармалып жатат дегенден алыспыз", — деди Шайдылдаев.

Министрликтин адиси ушул апрель айында Спорт агенттигине 56 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди. Ал эми аталган агенттиктин жетекчиси Канат Шабданбаев бул сумманын 47 миллиону айлык акы менен башка чыгымдарга, беш миллиону спорт түрлөрүнө, ал эми төрт миллиону Олимпиадага даярданууга бөлүнгөнүн түшүндүрдү. Ошондой эле ушул ай ичи оюнга камынууга дагы миллиондогон сом каражат сураганын кошумчалады.

Эл аралык олимпиада комитетинин камкордугу

Олимпиада оюндарын өткөргөн эл аралык комитет жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү бар, келечеги кең деген спортчуларга 500 доллардан стипендия берип турат. Атлеттердин тизмеси оюнга чейин 3-4 жыл мурун аныкталып, каражат ай сайын машыгуусуна бөлүнөт. Учурда Кыргызстандан ЭОКтун стипендиясын 11 спортчу алат.

Алар дзюдочу Юрий Краковецкий менен Владимир Золоев, балбандар Улукбек Жолдошбеков, Эрназар Акматалиев, Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, Үзүр Жусупбеков, боксчу Азат Усеналиев, жөө күлүктөр Мусулман Жоломанов, Дарья Маслова жана суучул Денис Петрашов.

Мындан тышкары, эл аралык Олимпиада комитети спортчулардын кийим-кечегин, авиабилеттерин, оюнга барганда жашаган жерин, тамак-ашын жана башка чыгымдарын камсыздайт.

Өлкө 17 лицензия, 3 медаль алууну көздөп жатат

Спорт агенттигинин башчысы Канат Шабданбаев буга чейин Олимпиадага спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алууну, ал эми оюндарда 3 медаль утуп алуу пландалганын, бирок ага өзгөртүү киргизилгенин айтты.

"Пандемияда мелдештер өтпөй калганына байланыштуу спорттун 9 түрүнөн 17 лицензия алабыз деп пландап жатабыз. Ал эми үч медаль — бирден алтын, күмүш, коло алуу оюбузда бар. Албетте, мындан көп болсо жакшы эмеспи, азыр минималдуу чекти айтып жатабыз", — деди Шабданбаев.

Ал эми паралимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча үчтөн кем эмес лицензия жана Паралимпиада оюндарында бир байгелүү орунга жетүү пландалып жатканы кошумчаланды.

Кыргызстан Олимпиадага жолдомону грек-рим, эркин күрөш, аялдар күрөшү, бокс, дзюдо, оор атлетика, жеңил атлетика, сууда сүзүү, беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш (пятиборье — ред.), жаа атуу, ок атуу, байдарка жана каноэ менен сүзүү, фехтованиеден алууну көздөп жатат. Учурда ар биринде кеминде бирден, айрымдарында эки-үчтөн лицензиялык турнири калды.

Бегалиев: балбандардын болуп-толуп турган учуру

Токио Олимпиадасына кыргызстандык балбандар сегиз жолдомо алды, алдыда лицензия бере турчу Дүйнө чемпионаты турганын белгилей кетели. Маселен, 2016-жылы өткөн Рио Олимпиадасына жети балбан лицензияга ээ болгон. Мындай улам Японияга көбүрөөк балбан барат деп айтууга болот.

Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Канат Бегалиев спортчулардын даярдыгына жогорку баасын берди.

Серебряный призер Олимпийских игр в Пекине, борец греко-римского стиля Канатбек Бегалиев во время интервью
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Канат Бегалиев
"Күрөш боюнча курама командага бул жолдомолор чек эмес. Олимпиадага балдардын даярдыгы көрүнүп калды. Тулпар тушунда дегендей, балдар менен кыздардын болуп-толуп турган маалы. Казакстандагы лицензиялык турнирге Иран, Корея, Япония сыяктуу мамлекеттер келген, биздикилер таза жеңиш менен утуп жатты. Жөн эле лицензия албастан финалдык беттештерде чемпион болушту, кубанып жатам. Мурун Олимпиададан бир-эки медалды көздөсөк, азыр үч-төрт медаль алууга толук мүмкүнчүлүк бар", — деди Бегалиев.

Ал балбандардын ийгилиги каржылоодон мурда өздөрүнүн аракетинен көз каранды деп эсептеп, спортчуларга кеңеш берип өттү.

"Мамлекетке, федерация кызматкерлерине ыраазычылык билдирем, балдарды абдан жакшы карап жатышат. Каржылоону мен биринчи маселе деп эсептебейм, балдардын өзүнүн каалоосу жана ишеними болушу керек. Балбандар Токиого чейин майрам, той-топур, түрдүү чакырууларды токтоткону оң. Адатта жолдомо алгандан кийин коноктойм дегендер көп болот, кыргызбыз да, көңүлүн кыя албайбыз. Уктаганда да, турганда да Олимпиада жана машыгуу деген гана ой болушу керек", — деди Бегалиев.

Ал жолдомо алган спортчулардын бардыгы кесипкөй экенин, бардыгында тең медаль алуу мүмкүнчүлүгү бар деп бирөөнү бөлүп көрсөткөн жок.

Оор атлетчи Улан Молдодосов: бир спортчубуздун мүмкүнчүлүгү чоң

Олимпиада оюндарына балбандар сыяктуу оор атлетчилер да лицензиядан куру калган учур болбойт. Быйыл эки спортчуга ишеним артылып жатканын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди.

Тяжелоатлет Уланбек Молдодосов из Кыргызстана во время Олимпийских игр 2008 года в Пекине. 15 августа 2008 года
© AFP 2021 / JUNG YEON-JE
Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов
"Бакдөөлөт Расулбеков менен Эмил Молдодосов лицензиялык турнирге учуп кетти. Бул жолдомо ала турчу акыркы турнирибиз. Колдон келишинче даярдандык, каржылоо убагында эле болуп жатты. Расулбековго азиялык спортчулар көз салып, атаандаш катары көрөт. Анын жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Молдодосов да өзүн жакшы көрсөтүп келе жатат, бирок азыр жашыраак", — деди федерациянын өкүлү.

Ошондой эле Рио Олимпиадасына катышкан Иззат Артыковдун быйыл маанилүү мелдешке барар-барбасын да сурадык.

"Негизи Олимпиадага баруу үчүн алты турнирге катышып, упай топтоо керек. Иззат Артыков аларга бара албай калды. Бирок азыр машыгуусун улантып жатат. Бул жашоо да, бир гана Олимпиада менен чектелип калбайбыз. Андан кийин Азия оюндары, Ислам оюндары, дагы башка ири чемпионаттар бар", — деди Молдодосов.

Параспортчуларда даярдык кандай?

Спорт агенттигинин мурдагы жетекчиси, Бишкек мэриясынын теннис жана паралимпиада боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Шейшенкул Бакиров Олимпиадага даярдык катары бөлүнөт деген 105 миллионду аз деп эсептейт.

Директор Государственного агентства физической культуры и спорта КР Шейшенкул Бакиров
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Спорт агенттигинин мурдагы жетекчиси, Бишкек мэриясынын теннис жана паралимпиада боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Шейшенкул Бакиров
"Спортчулар канчалык машыгууларды көп өткөрүп, чет өлкөдөн тажрыйба топтосо ошончолук жакшы жыйынтык болот эмеспи. Пандемия көп тармакты алсыратып, өлкө экономикалык жактан кыйналып жатканын билебиз, бирок маанилүү мелдешке олуттуу мамиле жасоо керек. Параспортчуларга Спорт агенттигинен тышкары мэрия да каражат бөлүп, болушунча даярдыгына көңүл буруп жатат. Жеңил атлетика менен парапауэрлифтингден жолдомо алып, оюнда жок дегенде коло медаль багындырабыз деген ишенимибиз бар", — деди Бакиров.

Ал жалпысынан спорт тармагынын каржылоосун көбөйтүү керектигин кошумчалады.

Новиков: Олимпиадага амбициялуу пландарды коюшубуз керек

Биринчи вице-премьер Артём Новиков өкмөттүн жыйынында быйылкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарда жеңишке жетүү үчүн спортчуларга бардык шарттарды түзүү керектигине токтолгон.

И. о. первого вице-премьер-министра Артем Новиков принял участие в очередном онлайн-заседании совета ЕЭК на уровне вице-премьер-министров. 30 января 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Биринчи вице-премьер Артём Новиков
"Эгемендүүлүк жылдары бизде мыкты мүмкүнчүлүктөрүбүз болгону менен жогорку пробадагы олимпиадалык медалдарды жеңип ала алган жокпуз. Кыргыз спортунун тарыхы бай, мыкты ийгиликтерди багындырган инсандарыбыз да бар. Биз Токиодогу Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарда медаль жеңүү боюнча амбициялуу пландарды алдыга коюубуз керек. Андыктан спортчуларыбызды даярдоо үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз зарыл", — деди Новиков.

Уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынган:

  • спорттун түрлөрү боюнча федерациялар менен биргеликте спортчулардын алдыдагы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга даярдыгын жана катышуу шарттарын камсыздоо;
  • ШКУ эл аралык марафонун өткөрүүгө, ошондой эле алдыдагы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга курама командалардын спортчуларын даярдоо үчүн каражаттын өз учурунда бөлүнүүсүн камсыздоо;
  • Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрү, сыйлануучулары жана алардын машыктыруучулары үчүн бир жолку акчалай сыйлыкты бекитүү тууралуу чечим долбоорун киргизүү;
  • Жайкы олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга даярдык алкагында Кыргызстандын курама командалары үчүн окуу-машыгууларынын өткөрүлүшүн жана алардын бардык лицензиялык турнирлерге катышуусун камсыздоо;
  • Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү үчүн жайкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга спорттун түрү боюнча катышуусуна параддык жана спорттук форманын дизайнын (эскиз) уюштуруу комитетинин кароосуна киргизүү;
  • спорттук-массалык иш-чаралардын спортчулары жана катышуучулары үчүн конкреттүү эсептер жана каржылоо булактарын эске алуу менен тамактануунун акчалай ченемин жогорулатуу боюнча сунуш киргизүү.
Белгилер:
медаль, турнир, даярдык, машыгуу, каржылоо, каражат, спорт, Олимпиадалык оюндар, Токио, Кыргызстан
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Япония Олимпиадага карата кошумча чектөөлөрдү киргизмей болду
Жеңилип, кайра өзүн колго алган Мээрим да Олимпиадага жолдомо утту. Видео
Тор-М2ДТ зениттик-ракеталык комплекси. Архив

"Техника августта колго тиет": Арктикадагы америкалыктардын камылгасы

(жаңыланган 16:57 15.04.2021)
АКШ Арктикада Россиядан кем калышпоого умтулууда. Жакында эле Кургактагы күчтөр Заполярье үчүн аскердик техника жаратууга Oshkosh Defense концерни менен келишим түздү. Бул ишке сингапурдук ST Engineering жана BAE Systems компаниялары да кол кабыш кылат.

Буга дейре бул типтеги заманбап машиналардын Америкада жоктугу белгилүү болду, ал эми пайдаланылып жүргөндөрү эбак эскирип бүткөн. Командачылык жаңы саамалыктарды августта сыноону болжоп туру. Алар туурасында эмне белгилүү? Бул тууралуу Андрей Коцтун макаласынан окуңуздар.

Июнга дейре бүтүп калгысы бардыр

Арктика — ар кандай армия үчүн олуттуу сыноо. Температурасы төмөн, муз талаасы, калкыган муз сыныктары, инфраструктуранын жоктугу, логистиканын оордугу, узак полярдык түн — булардын баары ири аскердик топторду жайгаштырууну кескин татаалдаштырат.

Кошмо Штаттар кансыз согуш жылдары СССРден айырмаланып бул чөлкөмгө жетиштүү көңүл бурган эмес. Ошондуктан бүгүнкү күндө Пентагондун аймакта жүрүп турган жападан жалгыз Polar Star муз жаргыч кемеси бар. Россиянын бул типтеги 40тан ашуун кемеси сүзүп жүрөт. Мындан сырткары, ал жакта иш жүзүндө америкалыктардын аскердик базалары да жок. Оор полярдык шарттарда жүк жана аскер кызматкерлерин ташууга жөндөмдүу кургактагы күчтөр үчүн техника жетишсиздик кылат. Бул жерге ылайык келчү жалгыз аппарат — швециялык эки бөлүктүү Bandvagn 206 Small Unit Support Vehicle (SUSV – күч бөлүктөрүн колдоочу чакан) деген ат менен кабыл алган. Анткен менен бул типтеги алгачкы карлыгачтар конвейерден 40 жыл мурун алынып, азыркы талаптарга жооп бербей калганына бир топ болгон.

Армия арктикалык техника паркын жаңыртууну чечип, ColdWeather, All-Terrain Vehicle (CATV – муздак климатта жолтандабас) программасынын алкагында сынак жарыялаган. Пентагон быйылкы каржылык жылында болочок машина үчүн 6,6 миллион доллар жана CATV 110 бирдигин сатып алууга 9,25 миллион доллар сарптоого даяр. Кийин паркты 163 жолтандабас менен толуктоо болжонот. Прототиптери 14-июнда даяр болору күтүлүүдө. Август айынан декабрдын аягына чейин Аляскадагы полигондо сыноо пландалган. Жеңүүчү 2022-каржылык жылында аныкталат.

Төрт вариант

CATV төрт вариантта көрсөтүлөт. Жалпы багыттагы кеме бортуна айдоочуну кошпогондо тогуздан кем эмес жоокер алып, үч күн тынымсыз аракет этүү үчүн тийиштүү жабдык жана ок-дарыга ээ болушу шарт. Медициналык жабдуулар менен жабдылган санитардык вариант эки медик, төшөктөгү эки жана жеңил жаракат алган төрт бейтапка эсептелген.

Командалык жолтандабасты байланыш жана күчтөрдү башкаруунун заманбап каражаттар менен жабдышмакчы. Ал эми жүк ташуучу түрү ири көлөмдүү аскердик жабдууларды узун аралыкка ташууда колдонулат.

"Бул машиналар өтө муздак шарттарда башка техникалар аткара алгыс милдеттердин кеңири тобун чече алат, — деди журналисттерге АКШ армиясынын CATV программасына жооптуу офицери Тим Годдет. — Алар музда кыйналбай жүрүп, суу тоскоолдуктарынан өтүп, дөңсөөлөргө оңой чыгып, тейлөөдө жеңил жана күйүүчү май чыгымы азыраак болушу абзел".

Сынактын катышуучулары мурдагы иштелмелерге таянышат. Oshkosh жана ST Engineering эки бөлүктүү Bronco 3 аппаратын негиз кылып алган. Британиялык армия бул машинаны 20 жылдан ашуун убакыттан бери пайдаланат. Афганистандагы согуштук аракеттерге катышкан.

Bronco 3 — окко каршы зооттолгон, пулеметтуу турель, мина жарылса зыянын азайта тургандай түбү V түрүндө жасалган. Жолтандабас саатына беш чакырым ылдамдыкта суу бөгөттөрүнөн да өтө алат. BAE Systems ишканасы жаңы саамалыкты эки бөлүктүү Beowulf машинасынын негизинде, көбүнесе Bronco 3 жана SUSV менен бирдей, бирок жүк көтөрүмдүү кылып сунуштайт.

Россияны кууп жетүү

Бир ай мурун жарыяланган "Арктикалык стратегияда" америкалыктар чөлкөмдөн Москва менен Пекинди сүрүп чыгаруу жөнүндө ачык эле билдиришкен. Пентагонду дүйнөдөгү муз жаруучу эң ири флоту бар Россия айрыкча тынчсыздандырат. Ал тургай түндүк кеңдикте аскердик базалардын түйүнү бар.

Жеңиш парадына РФтин абадан коргонуу тутумдарынын арктикалык модификациялары дайым катышат. Атап айтсак, чакан аралыкка багытталган "Тор-М2ДТ" зениттик-ракеталык комплекси, зениттик ракеталык-замбиректик "Панцирь-СА", ошондой эле камсыздоо машиналарынын атайын версиялары.

Арктика үчүн кургакта жүрүүчү техникалардын дээрлик баары эки бөлүктүү ДТ-30 "Витязь" жолтандабастарынын базасында ремонттолгон. Булар минус 55 градуска чейинки ызгаардуу аязды да тоготуп коюшпайт.

Айрым модификациялар Түндүк уюлдагы дайым муздар калкып турган суулардан өтүүдө мобилдүүлүктү кыйла жогорулатат.

Жаңы "Панцирь" жана "Торлор" Арктикада 2015-жылы жайгаштырылган С-400 зениттик-ракеталык системалардын райондорун калкалайт. Мурманск областынын Алакуртти кыштагындагы 80-мотоаткычтар бригадасы уникалдуу арсеналга ээ. Аязга чыдамдуу пехота өтө төмөн басымдагы ири дөңгөлөктүү, кар-сазда эч кыйналбай өтө аларын ТРЭКОЛдордун өздөштүрүүдө. Мындай машиналар катаал рельефтүү жерлерде да ылдамдыгын ылдыйлатпастан жүрөт. Мындан тышкары, 80-бригаданын жоокерлеринде суукка өтө чыдамдуу төрт дөңгөлөктүү "Урал" жана КамАЗ жүк ташуучу унаалар, кабинасы жылытылуучу, карда жүрүүчү ТТМ-1901 "Беркут" үйлөтүлмө катерлери бар. Ошондой эле ит жана бугу арабалары бар.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдары бул каражаттар Заполярьеде коргонуу тармагында маанилүү роль ойногон. Ит, бугулар белгиленген жерге ок-дары жана жеке курамды жеткиришчү.

Техника өтө албаган жерлерди жаныбарлар тоготуп да коюшпайт. Ошондой эле арктикалык бригада үчүн танктардын атайын модификацияларын, пехотанын аскердик унаа жана тик учактары, атап айтканда, күч орнотмонун негизги агрегатын жылытуу тутуму бар Ми-8АМТШ-ВА иштелип чыгууда.

Белгилер:
унаа, сыноо, кеме, ракета, комплекс, техника, Россия, АКШ, Арктика
Тема боюнча
Россиялык "Посейдон" Тынч океанга карай камынууда
Беларустун ички иштер министрлигинин кызматкерлери.Архивдик сүрөт

ФСБ: Лукашенкону өлтүрүүгө камданып, Беларуста төңкөрүш даярдагандар кармалды

(жаңыланган 03:18 18.04.2021)
Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Москвадан 9-май күнү Беларусь президенти Александр Лукашенкону жок кылып, өлкөдө аскердик төңкөрүш жасоого камданып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу ФСБнын коомдук байланыш борборуна таянуу менен РИА Новости жазды.

Маалыматта колго түшүрүлгөндөр Беларусь менен Россиянын жарандыгын алган Юрий Зенкович менен беларусиялык Флександр Федута аттуу адамдар экени айтылат.

Россиянын атайын кызматы коңшу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук комитети менен биргеликте иш алып барган.

"Беларустук кесиптештердин берген маалыматы боюнча, Зенкович менен Федута мессенжерлердин биринде аскердик төңкөрүштүн планын талкуулап, Москвада оппозициялык маанайдагы генералдар менен жолугууну көздөгөн", — деп айтылат кабарда.

Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан. Түзүлгөн план боюнча радио жана теле борборлорду басып алып, ички аскер бөлүктөрүнүн жолун тосуу каралган. Күч структураларынын ишин токтотуу үчүн электр энергияны өчүрүү даярдалганы маалым болду.

Натыйжада конституциялык түзүлүш өзгөрүп, бийлик "Улуттук элдешүү комитетине" өтмөк.

Зенкович менен Федутага карата Беларустун тергөө органдары 357-беренесинин ("Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылуу") негизинде иш алып барууда.

Белгилер:
бийлик, мамлекеттик төңкөрүш, Өлтүрүү, ФСБ, Александр Лукашенко, Россия, Беларусь
Тема боюнча
Лукашенконун уулуна генерал наамы берилди
Лукашенко Беларустагы митингдердин көпкө созулушуна пандемияны айыптады