Алтын куйма. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда алтын менен акча табууга болобу? Кеңири саресеп

228
(жаңыланган 17:26 19.06.2020)
Кирешенин ар кыл түрү бар. Эң кызыктууларынын бири — пассивдүү пайда. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы бул баалуу металл куймаларына, коллекциялык тыйындарга, "алтын" эсептерге жана зер буюмдарына акча салуу менен киреше алууга арзып-арзыбай турганын талдап көрдү.

Алтын эзелтеден байлыктын белгиси болуп саналат. Ошондуктан биз Кыргызстанда алтынга акча салуу менен киреше табууга болор-болбосун, жок эле дегенде бул металл өзүн актар-актабасын билип көрдүк. Кеп пассивдүү пайда жөнүндө.

Алтындан бул жаатта төрт жол менен пайда тапса болот. Тагыраагы, коллекциялык тыйындарга, Улуттук банктын алтын куймаларына, алтын эсеп жана зер буюмдарына каражат салуунун артыкчылык жана кемчилик жактарына токтололу.

Улуттук банктын алтын куймалары

Золотые мерные слитки Национального банка Кыргызстана
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Улуттук банктын алтын куймалары
2015-жылы өлкөнүн башкы банкы алтын куймаларын сата баштаган. Кыргызстандыктар аларды сатып алуу менен топтогон акчасын сактап же инвестициялай алышат. Куймалардын алты гана түрү бар, ар бири 100 граммга чейинки салмакта. Улуттук банк алтын куймаларын сатып гана тим болбостон, кайра сатып да алат. Сатып алуу жана сатуу наркы Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын кечки фиксингине (иш жүзүндө дүйнөлүк баа) жараша күн сайын белгиленет. Эгер баасы өскөн болсо, дурус пайда табууга мүмкүнчүлүк бар. 

Таблицада алтын куймаларынын бардык түрлөрүнүн сатыла баштаган убагы жана жыл башынан берки, ошондой эле 11-июнга карата баасы камтылды. Андан былтыр жана быйыл бул баалуу металлдын баасы жакшы эле жогорулаганы байкалат. Ошондой эле куймалардын эң кымбат (2020-жылдын 8-апрели) жана эң арзан баасы да көрсөтүлдү. Сатыкка чыгарылгандан бери 6,7 миң куйма сатылган, 100 граммдыктарын көп алышат.

Артыкчылыктары

Куймалар — бул сиз колуңузга ала турган алтын. Тез арада кайра сата аласыз (нак акчага тез айлантылат), себеби аны Улуттук банкка каалаган иш күнү кайра сата аласыз. Айрым жагдайлар бар, алар менен "кемчиликтери" деген бөлүмдөн таанышсаңыз болот. Сатып алуу жана сатууда кичине айырма (спред) болот. Мисалы, 15-июнда кайра сатып алуунун баасы 5 653 сомду түзгөн болсо, сатууда — 5 681 (айырмасы 28 сом) сом эле. Ошентип, бир аз кымбаттаса деле киреше алып келбей койбойт.

Кыйла салабаттуу белек. Айрым кыргызстандыктар алтын куймалары менен пара да беришерин айтып калышат. Бирок жемкорлук менен күрөшчүлөр муну "айыпсыз" кылык катары кабылдашат. Албетте, муну "серепчилердин" абийирине коёлу.

Топтогон каражатты диверсификациялоо (ар кандай инструменттерге акча салуу). Мисалы, сомдун наркы ылдыйласа, алтындын баасы жогорулайт. Ошентип, сомдун арзандашынан жоготкон чыгымдын ордун толуктап алууга болот.

Кемчиликтери

(Дароо белгилей кетели, айрым кемчиликтер артыкчылыктардан келип чыгат)

Алтын куйма жана ага берилген сертификатты ууру-кескиден, өрт жана сел өңдүү кырсыктардан сактоо зарыл. Банктан кутуча ижаралоого болот, бирок кошумча чыгым кылууга туура келет. Алтын куймасын колго кармоого болот, бирок этият болуу зарыл. Анткени таңгагын бузуп же баалуу металлдын өзүнө зыян келтирип алышыңыз ыктымал. Андай учурда экспертизаны күтүүгө аргасыз болосуз. Ошондой эле мындай процедура куйма жоголуп же сертификат бузулганда да керектелет.

Уютулган бул буюм пайда табууга кепилдик бербейт, баары алтындын дүйнөлүк баасына жараша. Иш жүзүндө сиз алтынды анын реалдуу баасынан кымбатыраак сатып аласыз, себеби аны куюп, формага келтирип даярдоого кеткен чыгымдар да кошо эсептелет.

Жаман да, жакшы да жагы

Эгер акчага зарыл болуп турсаңыз, куймадан кертип сата албайсыз, аны бүтүн бойдон сатуу абзел. Ошентсе да, айрымдар муну анын артыкчылыгы деп эсептейт.

Электрондук алтын
Золотые слитки НБКР. Архивное фото
© Фото / пресс-служба НБКР
Алтын куймаларына рекорддук баа ушул жылдын 8-апрель күнү катталган

Кыргызстанда бир нече банкта жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебин (ОМС) ачуу кызматын көрсөтөт. Салымдын бул түрүн тандоо менен сиз реалдуу алтынды сатып албайсыз, аны сиздин эсебиңизге чегеришет. Мындай учурда киреше баалуу металлдын баасы өскөнүнө жараша түзүлөт. Ага ылайык, сиз өзүңүз тейленген банкка сатып алгандагыдан кымбатыраак сатасыз. Төмөндө артыкчылыгын жана кемчиликтерин талдап, баалары менен да тааныша аласыз. Соңкулары алтындын дүйнөлүк баасына жараша, ошондуктан Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын кечки фиксингине карайбыз. Былтыркы жылдын башынан тарта трой унциясынын баасы өйдө-ылдый болуп турган (31,1 грамм), бирок жалпы көрсөткүчү — өсүшү. Унциясы 1283 доллардан 1722 долларга жогорулаган. 

Артыкчылыктары

Алтын куймадан айырмалана бул учурда баалуу металлды уурдатып аламбы деген санаага батпайсыз. Башкача айтканда, сактоодо кыйынчылык жок. Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептин алкагында сатып алынган алтын куйма сатып алууга караганда арзаныраак, себеби аны даярдоо жана ташууга чыгым кетпейт. Бир граммын мисалга келтирели, куйма 5600 сом турат. Электрондук алтын 4500 сомдон төмөн баада сатылат. Ири куймалардан айырмасы жок, бирок буларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүңүз болору күмөн.

Кандай ала турганыңыз өзгөчө кеп. Эгер Улуттук банктан кеминде бир грамм алтын алышыңыз керек болсо, жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептин алкагында 0,1 граммдан өйдө сатылат.

Салымдардын диверсификациясы. Маселен, сомдун наркы ылдыйласа, алтындын баасы жогорулайт. Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсеп сом түрүндөгү салымыңыздын нарксызданышынын бир бөлүгүн жабууга мүмкүнчүлүк берет.

Тез сатылат, алтынды банкка каалаган иш күнүндө кайра сатып, акчаңызды кайтара аласыз. Эгер каржылык мекемесине баргандан эринсеңиз, ал эсепке байланган карточканы алсаңыз болот. Алтын сомго ошол туштагы валюта курсунун негизинде айландырылат.

Кемчиликтери

Куймаларга караганда сатып алуу жана сатуунун ортосунда чоң айырма бар.

15-июнга карата маалыматтарды келтирели:

  • Улуттук банктын алтын куймасы: сатып алууда — 5 653 сом, сатууда — 5 681 (айырмасы 28 сом);
  • "А" банкындагы жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсеп: сатып алууда — 3 850, сатууда — 4 450 (айырмасы 600 сом);
  • "Б" банкындагы жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсеп: сатып алууда — 3 977, сатууда — 4 346 (айырмасы 369 сом).

Башкача айтканда, киреше алуу үчүн алтындын баасы жогорулашы керек.

Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсеп камсыздандырылбайт. Мамлекет 200 миң сомго чейинки салымдардын сакталышына кепилдик берет, эгер банктын иши жүрбөй калса, электрондук алтынды кайтарып алуу кыйындайт. Мындай эсептерде (алтын куймаларын сатып алууда да) аманат салымы сымал киреше болоруна кепилдик жок. Эгер алтын кымбаттаса, сизге пайда. Бирок бул баалуу металл арзандап кетсе, чыгым тартасыз.

Жаман да, жакшы да жагы

Жогоруда аталгандай, алтын куйманын жарымын же үчтөн эки бөлүгүн сата албайсыз. Анткен менен жеке белгиленбеген металл эсептин каалаган бөлүгүн сатууга сизге бөгөт жок. Бирок чабал каржылык тартип учурунда сиз алтыныңыздан ажырап калышыңыз ыктымал.

Алтын тыйындар

Улуттук банк ар кандай металлдардан коллекциялык тыйындарды чыгарып келет, бирок бул макалада алтын монеталардан гана кеп козгойлу.

Жалпысынан тыйындын төрт түрү жасалган (ар биринен миң даанадан), бирок азыр Улуттук банк бир гана түрүн — "Ак илбирс" тыйынын гана сатып жатат. Дээрлик 65 миң сом турат, алдынкы бетине асыл таш (бриллиант) чөгөрүлгөн ак илбирстин элеси түшүрүлгөн. Үстүңкү бөлүгүндө тыйындын аталышы кыргыз жана латын алфавитинде жазылган. Төмөн жагында алтындын үлгүсү (пробасы – Au 999) жана 200 сом деген номиналы көрсөтүлгөн.

Төмөндө биз тыйындардын мүнөздөмөлөрүн жана баштапкы бааларын тизмектедик. Так баасын айтыш кыйын, мында болжолдуу баалары келтирилди.

"Курманжан даткага 200 жыл" тыйыны, баштапкы баасы — 23 миң сом. Россиялык интернет-аукциондордун биринде анын баштапкы баасы 42 миң рубль деп коюлган.

"Манас" монетасы, баштапкы баасы — 3 миң сом. Үч жыл мурда ал башка бир россиялык аукционго 150 миң рублге коюлган. Мурдагы жылы КРдин Улуттук банктагы аукционунда "Манас" тыйыны 108 миң сомго сатылган, бирок баштапкы баасы 23 миң сомду түзгөн. 

Коллекционная золотая монета 1000-летие эпоса Манас, проданная в аукционе за 108 тысяч сомов
© Фото / пресс-служба НБКР
"Манас" эпосунун 1000 жылдыгына арналдан коллекциялык монета

"Ош" тыйыны, баштапкы баасы — 8,5 миң сом. 2015-жылы аукциондо 43 миң сомго сатылган.

Улуттук банктагылар монеталардын баарына ички гана рынокто эмес, эл аралык нумизматикалык рынокто да туруктуу суроо-талапка ээ. Бирок каржылык жөнгө салгыч алардан пайда табууну көздөбөйт.

"Алтын тыйындар коллекциялоо предмети гана эмес, инвестициялоо куралы катары да саналат. Себеби аларды даярдоого жогорку сапаттагы алтын пайдаланылат", — деп белгилешет Улуттук банктан.

2021-жылы банк Кыргызстандын 30 жылдыгына арналган алтын тыйындарды жасоону пландоодо.

Артыкчылыгы

Алтын тыйындардан дурус киреше алууга болот. Анан калса, алар абдан кооз.

Кемчилиги

Кайра сатууда дайым эле тез өтүп кетпейт, сатылышы бир аз убакыт алышы ыктымал.

Сактоо машакаты да бар, алтын куймаларындай эле (сертификаты жана таңгагы да) уурдалып же бузулуп калуу коркунучу бар.

Зер буюмдарына акча салуу

Белгилүү бир ырда жаңыргандай, "асыл таштар – айымдардын жакын достору". Бирок алтын зер буюмдары инвестордун "жакын достору" боло алабы? 

Ювелирные изделия на витрине магазина. Архивное фото
© AFP 2020 / SALAH HABIBI
Зер буюмдар

Артыкчылыгы

Зер буюмдарына салым салууда эки ыкма менен киреше табууга болот. Кыргызстандын зергерлер биримдигинин президенти Чыңгыз Макешев азыркы эпидемиологиялык кырдаалда алтындын баасы өсүүдө, ал эми салымдардын бөлөк түрлөрү, валюта жана акциялардын наркы, тескерисинче, түшүп кетиши мүмкүн.

"Баарынан жакшысы – алтындын өзүнө инвестиция салууга болот. Анын наркы инфляциялык жагдайда баасы жогорулайт, мына сизге – биринчи киреше. Баалуу металлды зер компаниясына берүү менен дагы көбүрөөк пайда алууга болот. Мисалы, азыр 585-пробадагы алтындын бир граммы 32 доллар турат, ал эми зер буюму жасалса, 60 долларга чыгат. Кошумча канча таба аларыңыз кандай макулдашканыңызга жараша, бирок башта салган 32 доллардан кеминде эле 10 доллардан жогору болот деп ойлойм", — деп түшүндүрөт Макешев.

Ошону менен катар ал суроо-талаптын жогорулашынан эч шек санабайт, анткени жакында өлкөдө той-топурдун, айрыкча, үлпөт тойлордун маалы башталат. Демек, зер буюмдарын көп сатып алышат.

"Үлпөт той өткөрбөсө да, баары бир баш кошкон жуптар нике шакегин сатып алышат", — дейт ассоциация башчысы.

Башка бир ыкмасы — зер буюмдарын сатып алуу. "Биринчиден, жубайыңыз же апаңыз аларды маңдайы жарыла тагынып алышат. Экинчиден, алтын "эскирбейт". Аны 10-20 жылдан кийин да сатууга болот, ал убакта баасы өсүп кетиши да ажеп эмес", — деп белгилейт Макешев.

Кемчилиги

Ломбарддардын биринин аткаруучу директору Умед Нарзикулов, тескерисинче, зер буюмдарына салым салуу кирешесиз деп эсептейт. Төмөндө анын аргументтерин келтирели (кеп өзгөчө өндүрүмдөр эмес, кадыресе зер буюмдары жөнүндө).

Зер буюмдарын сатып алгандан кийин анын баасы түшөт. Бир дагы жолу тагынбасаңыз да, сатып алынган зер буюм дароо колдонулган болуп саналат да эч ким сизге баштапкы баасында сизден кайра сатып албайт. Жаңы автомобилди деле эстеңиз.

Тез сатылбаган жагы бар, зер буюмун дароо сатуу кээде кыйын. Өз баасынан бир топ төмөн баага карматасыз.

Эгер лом жана пайдаланган буюмга салым салсаңыз, кирешелүүлүгү төмөн. Бир жарым жыл мурда 585-үлгүдөгү алтындын граммы 1500-1600 сом турат. Азыр 2000 сомдун тегерегинде. Иш жүзүндө бул айырма инфляцияны жабат.

228
Белгилер:
киреше, Кыргызстан, акча, алтын
Тема боюнча
Азыгалиев: алтынды карап отура бербей, айыл чарбасын да өнүктүрүү зарыл
Балага жөлөк пул алуу үчүн үй-бүлөнүн кайсы кирешеси эсептелет? 9 суроого жооп
Багдаддагы америкалык жоокерлер. Архивдик сүрөт

Жеңилүүгө дуушар кылган жеңиш. Ирак окуясын талдаган китепке сереп

83
(жаңыланган 14:55 14.08.2020)
Сөз кылып жаткан китеп — Роберт Дрейпердин "Согушту баштоо. Буштун администрациясы Американы Иракка сүйрөгөнү" (To Start a War, by Robert Draper) деген эмгеги.

АКШнын азыркы улуттук катастрофасына эң оболу ийгиликсиз ирак авантюрасы түрткү болгон. Америкада жаңы басылып чыккан ушул теманын тегерегиндеги китеп да 2003-жылдын март айында Иракка интервенция баштоо чечими качан жана кимдер тарабынан кабыл алынганын ийне-жибине чейин талдайт. Бул китепке Дмитрий Косырев сереп салган.

Китеп маселе ошондогу башкаруучу топтун — Жорж Буш жана башкалардын акылга сыйбас аракеттеринде эле эместигинде деген темада талкууну да жаратат.

Сириядагы кыймыл. Ким элдин каарына калып куугунтуктала баштады?

Кеп андан да тереңде, маселен, "акылга сыйбастыктын булагы кайда?.." Биз сөз кылып жаткан китеп – Роберт Дрейпердин "Согушту баштоо. Буштун администрациясы Американы Иракка сүйрөгөнү" (To Start a War, by Robert Draper) деген эмгеги. Бул китепти жазууга киришкенге дейре автор Буштун үй-бүлөсү менен достук мамиледе болгон экен. Балким, бул кадамынан уламбы, экс-президент ал менен сүйлөшүүдөн баш тарткан. Бирок башкалар автор менен баарлашуудан качпаптыр. Дрейпер ошол тушта иштеген жүздөгөн аткаминерлердин маектерин топтогон. Алардын ар бири окумдуу болбосо да, бир топ урунттуу учурларын табууга болот. Ошол убактагы эмес, азыркы мезгилдин адамынын көз карашы менен артка бир кылчайып көрөлү. Америка жана дүйнөнү Ирактагы согуш эмнеге кептеди?

Эң айкындала түшкөн нерсе — 90-жылдарда өкүм сүргөн дүйнөдө бул дүйнөнү тескеген жападан жалгыз күчтүү держава бар деген ойго чекит коюлганы. Анткени ошол күчтүү держава дүйнө жүзүнө чабал душман менен согушта өзү жеңе аларын (өткөн кылымдын 60-70-жылдарындагы Индокытайдагыдай эмес), бирок андай жеңиш жеңүүчүнү да талкалап коерун көрсөтүп койду. Жакынкы союздаштары (Германия жана Франция), кезегинде бири-бирине көздөрү түз өнөктөштөрү (Россия сымал) андай кырдаалда өз көз караштарынан тайбай, зарыл болсо, Американы көз жаздымга калтырары да анык болуп калды. АКШ бир өлкөнү, башкача айтканда, Иракты басып киргенин кирип, бирок каржылык жана башка кудурети менен да ал мамлекеттин бактысын арттырып, гүлдөтүп жибере албастыгына дүйнө күбө болду. Мындан улам АКШ (Батыштын деле) саясий жана баалуулуктар системасы экспортко жарабастыгына, дүйнө жүзү боюнча ондогон мамлекеттердин туура ойго жана жолго багыт алуусуна түрткү болгондой. Башкача айтканда, Америкасыз да мүмкүн гана тургай, аларсыз алдыга жылуу керектигин түшүнүктүү кылып койду.

Талибдер бийликке умтулууда. Кабул курчоодобу?

Эгер Ирак авантюрасы эч болбогондо, америкалык коомчулуктагы азыркыдай жарака жана идеялык ажырым, каржыдан кеп кылбаганда да бүтүндөй башкаруу системасындагы кыйроо, айтор, аталган өлкө ушундай кырсыкка кабылар беле деген азырынча иликтене элек маселе бар. Кандай болгон күндө да Ирак окуясы буга олуттуу салымын кошуп койду.

Дрейпердин китеби бизге эң оболу капысынан бир чындыкты ачып берет: америкалык чалгындоонун деградациясы... Көрсө, 90-жылдардын аягында ЦРУ Билл Клинтондун администрациясы менен тил табыша албай, агенттиктин бытыранды болуп кетишине чейин барышат. Анан кокусунан 2001-жылы 11-сентябрда теракт болуп калат. Ошондо аталган мекеменин башчысы Жорж Тенеттин таасирдин кайра калыптанышына үмүтү жанат.

Айтмакчы, ЦРУнун 90-жылдардагы көйгөйлөрүнүн себептери да ар кандай, бирок андан ары күлкүлүү жагдай түзүлөт – дал Жакынкы Чыгышта (бүтүндөй Ирак сюжетинин жыйынтыгы боюнча анык болгондой) акылдуу жана жөндөмдүү адистердин тартыштыгы жаралат. Тенет далилденбес нерсени далилдөөгө, тагыраагы, Ирак лидери Саддам Хусейн 11-сентябрда теракт жасаган "Аль-Каида"* менен жашыруун альянста экенин, АКШга каршы массалык кыйратуучу курал даярдап жатканын тастыктоого белсенет.

Сазга батып... Жакынкы Чыгыштагы орустар АКШнын тынчын алууда

Начар чалгын кызматы мындайда кандай иштейт? Жалган маалымат топтоп, аларга ишенүүнү өтүнөт. Баса, 2003-жылга салыштырмалуу кырдаал азыр деле өзгөрүп кетпеди. "Америкалык шайлоого Россиянын кийлигишүүсү" деген деле маалыматтар аталган державанын бул кызматынын иш деңгээлин көрсөтөр. Бүтүм чыгара турган болсок, акылы жетик чалгын кызматы мамлекеттин каражатын үнөмдөйт, акылы кем чалгындоо кызматы өлкөнү эбегейсиз көйгөйгө белчесинен батырат. Бирок бир мекеменин кыйрашы – бул өзүнчө маселе. Эгер Жорж Буш өзү жана ал дайындаган маанилүү кызмат ээлери ошол убакта аталган кызматтан дал ошол тейдеги жалган маалыматты талап кылбаганда эч кандай ирак кырсыгына жол берилмек эмес. Ооба, Тенет өзү жетектеген контораны "Саддам – АКШ үчүн коркунуч" деген демилгени коомго таңуулаган агенттикке айлантып салган. Бирок аны бул кадамга ошол доордун маанилүү инсандары, атап айтканда, коргоо министринин орун басары Пол Вулфовиц жана анын жетекчиси Дональд Рамсфельд, вице-президент Дик Чейни, анан да эң оболу президент өзү түрткөн.

Эмнеге андай жолго барышты? Анткени глобализмдин, башкача айтканда, дүйнө жүзүндө ооздукталбас америкалык лидерликтин идеологдору эле. Андан мурда эле ээлеген кызматтарында алар конгрессте "Иракты куткаруу актысынын" кабыл алынышына жетишишкен. Комиссия түзүшкөн, мурдатан эмнеге Ирак (аны менен кошо Иран жана Түндүк Корея) тараптан "согуп турган коркунучту" байкаган эмес деп ЦРУну да айыпташкан. Ал эми террористтер Нью-Йоркко сокку урганда өлкө көзөмөлдөн чыгып кеткен дүрбөлөңгө түшөт. Жогоруда аталган адамдар ал кырдаалды пайдаланбай коймок эмес. Дрейпердин айтымында, администрацияда Иракта согушту баштоо керекпи деген талкуу жүргөн эмес. Болгону качан жана кантип баштоо керек деген гана сөздөр жүргөн. Бийликте кайсы бир даяр демилгелери бар кишилер бар, ал эми кол алдындагылардан ошол идеяларга гана шайкеш фактыларды тандоо гана талап кылынат. Демилге күн мурунтан берилет, фактылар ага дал келтирилиши кажет. Державанын башкаруучу классынын түркөйлүгү жана деградациясы, ошондой эле жалпы билимдүү класстын артка кеткени деген ушул... Ханды алмаштырыш оңой, калкты өзгөртүш кыйын! Дрейпердин китебинде ушундай ой камтылат: "Биздин коом — антиинтеллектуалдык", "мектептер тарых, социология, маданиятты окутуп жаткандай гана түр көрсөтөт", көбүнесе акча топтоп, ага билим деген аты бар эле нерсени элге сунуп жаткандай...

АКШ Россияга Жакынкы Чыгыштан "чыгып кетүү" талабын койду

АКШ жана анын союздаш өлкөлөрүндөгү билим берүү системасынын деградациясы тууралуу тээ 90-жылдары эле олуттуу түрдө сөз боло баштаган. Ушундан улам "Ирак окуясы" жана башка көйгөйлөрдүн башаты кайдан экенин айкын көрүп турабыз. Мындай кептер жакында токтобойт да өңдөнөт.

*Россия жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюм.

83
Белгилер:
Жорж Буш, каражат, чалгынчы, теракт, АКШ, Ирак
Тема боюнча
Ирак: террорчулар кол салып, полициянын төрт кызматкери мерт болду
Ирак: чабандар согушкерлердин көмүлгөн 25 млн. долларлык кенчин таап алды
Учкучсуз Орион учагы. Архив

РФтин Космостук-аба күчтөрү эмдиги жылы сокку уруучу дрондорго ээ болот

56
(жаңыланган 10:13 14.08.2020)
Орто бийиктиктеги учкучсуз "Ориондун" сериялык өндүрүшү 2019-жылдын августунда башталган. Жыл сайын мындай 30 машина чыгаруу пландалууда.

Россиянын Космостук-аба күчтөрү 2021-жылдан тарта көп буталуу сокку уруучу учкучсуз аппараттарды ала баштайт. Бул туурасында Космостук-аба күчтөрүнүн командачылыгынын башчысынын орун басары Сергей Дронов "Красная звезда" гезитине берген маегинде билдирген. Макаланы талдап чыккан аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет дал ушул дрондор тегерегинде ой толгогон.

"Учкучсуз авиацияны пайдалануунун натыйжалуулугу Сирия Араб Республикасындагы атайын операциянын жүрүшүндө тастыкталган. Учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдүн объектилерин таамай сокку урууну камсыздаган" деп белгилеген аскер жетекчиси ал маегинде.

Россиянын учкучсуз "Охотниги" АКШ менен НАТОну санаага салууда. Себеби

Россиянын Космостук-аба күчтөрүнүн жакын жана орто аралыктагы учкучсуз учуучу аппараттар комплекстери азырынча "экинчи катарда" – тескелүүчү авиациянын тапшырмаларды аткаруу жана мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу үчүн кызмат кылууда. Аскердик учкучтар менен бирдиктүү маалыматтык мейкиндикте учкучсуздардын интеграциясы да өрчүп, келечекте "акылдуу" дрондор олуттуу орун алары бышык.

Россиялык көп буталуу учкучсуздар 2021-жылдан тарта өз алдынча аба чалгындоосун жүргүзүп, зарыл учурда "стратегиялык тереңдикте душмандын объектилерине таамай сокку ура алат".

Генерал Дронов Космостук-аба күчтөрүнүн аскердик курамына жакында кире турган дрондордун "ысымдарын" атабады. Бирок оор "Охотник" өзүнүн операциялык даярдыгына 2024-жылы жетери, ал эми дарамети бийик дагы эки россиялык учкучсуз сыноодо экени белгилүү. 2019-жылы РФ Коргоо министрлиги тарабынан келишим түзүлгөн "Альтиус" жана "Орион" аппараттары Сирияда ийгиликтүү сыноодон өткөндөн бери РФтин Космостук-аба күчтөрүнүн сыноо-эксплуатациялык баскычында турат.

Түпкүрдөгү купуя сыр же касташкандын катыгын берчү "Скиф"

Караандатпас "Орион"

Учкучсуз "Орион" 8000 метрге чейинки бийиктикке көтөрүлүп, кошумча кубаттандырылбастан абада 24 саат бою 250 кг пайдалуу жүк (аппараттын салмагы – 1100 кг) менен жүрө алат. Узундугу 8 метрди, канаттарынын керилиши – 16 метрди түзөт. 1,9 метрлик диаметрдеги АВ-115 эки лопасттуу бурамасы бар АПД-110/120 поршендүү кыймылдаткыч менен жабдылган.

Согуштук пайдалануу радиусу башкаруу принцибине (жердеги оператор же жеке программасына) жараша. Аппарат таамай тийчү ракеталарды ташып, душмандын аймагынын тереңиндеги буталарын талкалай алат.

Учкучсуз конструкторлор койгон сокку уруучу дараметин Сирияда ынанымдуу көрсөтө алган. Аталган республикада дайым ар кыл модификациядагы 80 чакты россиялык дрон жүрөрүн кытайлык "Хуаньцю шибао" басылмасы маалымдаган. Тасмалардын биринде сокку уруучу "Орион" Хама провинциясынын түндүгүндөгү Зака шаарында согушкерлердин таяныч пунктун талкалаганы көрсөтүлөт.

"Ориондун" (дегеле башка россиялык оор дрондордун) ракеталык-бомбалык куралданышы тууралуу ачык маалымат булактарында абдан аз чагылдырылат. Бирок февраль айында "Тактикалык ракеталык куралдануу" корпорациясынын башкы директору Борис Обносов учкучсуз аппараттар үчүн жеңилдетилген арсеналды иштеп чыгуу жөнүндө журналисттерге кабарлаганы бар. Анын айтымында, кеңири колдонууга багытталган чакан көлөмдөгү атайын ок-дарынын салмагы 50-100 кг. чейин түзмөкчү.

Россиянын топ жарышы. Аскердик роботтор адам менен "тил табышат"

Эсептөөчү техниканын кубаттуулугунун өсүшү жана жасалма интеллекттин татаал алгоритминин өнүгүшү менен жакынкы жылдары жеңилдетилген таамай атчу куралдардын натыйжалуулугу кескин артышы ыктымал.

"Орион" учкучсуз учуучу аппараты бир топ иликтенди, иштелди, ийгиликтүү пайдаланууга берилди. "Орион" Россиянын Коргоо министрлигинин буюртмасы менен 2011-жылы башталган, 2016-жылы өзү, ал эми 2018-жылы бомбалык курал жүктөлүп учурулуп сыналган.

Орто бийиктиктеги учкучсуз "Ориондун" сериялык өндүрүшү 2019-жылдын августунда башталган. Жыл сайын мындай 30 машина чыгаруу пландалууда. Ар бир комплекстин курамына коюлган тапшырмага жараша – чалгындоочу же сокку уруучу дрондордон үчтөн алтыга чейинки санда жайгаштырылат.

Мурда өндүрүшчү компания ("Кронштадт" тобу) "Орион" учкучсуз аппаратынын экспорттук варианты сокку уруучу болорун билдирген эле. Бул маалымат аскердик техникалык кызматташуу жаатындагы россиялык өнөктөштөрдүн кызыгуусун жараткан. Албетте, "Ориондун" ийгиликтүү кадам шилтешин аталган державага көзү түз эместердин да көңүлүнөн тыш калбады.

"Искандерлер" РФтин деңиз чегин коргомокчу. Себеби эмнеде?

Автономдуу "Альтиус"

Ыраак аралыктагы "Альтиус" оор турбо-бурамалуу учкучсуз аппараты автоматтык режимде биринчи ирет былтыр августта учурулган. Бул машинанын корпусунун узундугу 11,6 м, канаттарынын керилиши 28,5 метрди түзөт, 12 миң метрге чейин бийиктеп, 10 миң чакырым аралыкка уча алат. Композициялык материалдарды пайдалануу менен курулган дрондун өзүнүн салмагы ар кандай маалыматтарда бештен алты тоннага чейин экени айтылат.

СП-2 инерциялык навигациялык тутуму аппараттын абада душман тарабынан табылышына жол бербейт, радиоэлектрондук таасирлерге кошумча туруштук бере алышын камсыз кылат. Жасалма интеллектке (жыл аягына дейре бардык "акыл-эси" салынып бүтөрү убадаланган) ээ болгондуктан, учкучсуз "Альтиус" оператордун катышы жок да учкучтар башкарган учактар менен автономдуу түрдө өз ара аракетте болууга жөндөмдүү. Мисалга, Су-57 истребителинин кыйла кубаттуу радиолокациялык станциясынын бута көрсөткүчтөрүн кабылдай алат. Ушул тапта аскердик дрон аба жагдайы тууралуу маалыматты штабдан өз алдынча алууга үйрөтүлүүдө. Андан тышкары, болжолдуу душмандын абадан коргонуу аймактарынан буйтап өтүп бутага чейинки багытты салуу, жердеги жана суу үстүндөгү (штабдар, байланыш түйүндөрү, ракеталык орнотмолор, кемелер) буталарды таап, талкалоону, айтор, аскердик кызматтын акыл жете бергис башка тараптарын да өздөштүрүүдө.

Артиллеристтердин кыялы. Талаа-түздө сыналган "Тюльпан" миномёттору

Оор жана өтө акылдуу "Альтиус" Россиянын Космостук-аба күчтөрү жана Аскердик-деңиз флотуна да алынары күтүлүүдө. Аталган аскердик түзүмдөрдүн Башкы штабындагы булактар бир аз мурдараак эле чалгындоо модификациясында "Альтиус" өтө ыраактык

радиолокаторго жана жаңы оптикалык-электрондук жабдууга ээ болорун кабарлашкан. Алардын айтымында, сокку уруучу бул учкучсуз аппарат кемеге каршы ракеталарды да ташый алат. Болжол менен кеп 260 чакырым ыраак аралыктагы, 500 кг салмактагы X-35 жапыз ракета жөнүндө болгон. Бул ракеталардын спутниктик навигациялык тутуму жана активдүү-пассивдүү радиолокациялык өзү мээлөөчү учу бар (мындай учурда "Альтуиске" төрт кемеге каршы ракета илүүгө болот).

Соңку үлгүдөгү учкучсуздун сериялык өндүрүшү Урал Жарандык авиация заводунда жүрүүдө. Бул завод менен Россиянын Коргоо министрлиги 2019-жылдын декабрында "Альтиус-РУ" учкучсуз учуучу аппаратынын сыноочу-конструктордук иштеринин аткарылышы боюнча келишим түзгөн. Мурда чыгарылган "Альтаир" прототиптеринин сыноолорунун жыйынтыгы боюнча бул учкучсуз аппаратты "Альтиус-РУ" деп аташкан. Ал менен катар эле келечектүү авиациялык комплекстер жайгаштырылчу система да жакшыртылууда, демек, бул жүздөн ашуун аэродром бекемделет дегенди туюндурат.

Кургакта да, сууда да… Россиялык флот Бе-200 амфибиялык учагына ээ болду

Абада үстөмдүгү күчөп бараткан ыраак аралыктагы жана узак убакыт уча ала турган бийик дрондор, сокку уруучу-чалгындоочу учкучсуз аппараттардын активдүү пайдаланышы жана "интеллектуалдаштырылышы", аскердик адистердин жана аскердик роботтордун биргелешкен операциялары кайталангыс тенденцияга айланып барат.

РФтин Куралдуу күчтөрүнүн учуучу аппараттар менен жапырт жабдылышы алардын аскердик максатта колдонуу натыйжалуулугун бир топ жогорулатууга мүмкүндүк берет. Болжолдуу агрессордун жолун – абада, кургакта жана деңизде бекем бөгөйт.

Ал ортодо Россия 2022-жылы дагы бир оор учкучсузга "канат тагууну" пландап келет. Кеп абада 40 саатка чейин, 10 миң чакырым аралыкка (саатына 295 чакырым ылдамдыкта) учуп, 12 миң метр бийиктикте бир тонналык пайдалуу жүк ташып жүрө ала турган "Сириус" туурасында...

РФтин Космостук-аба күчтөрүнүн "акылдуу" чалгындоочу-сокку уруучу учкучсуз авиациясынын артыкчылыктуу өнүгүшү азыркы жана келечектеги бардык авиациялык каражаттардын эффективдүүлүгүн бир топ жогорулатып, ички курамдагы жоготууларды азайтууга мүмкүндүк берет.

Анчалык узак эмес келечектеги согуштардын жүрүшү жана натыйжасы учурда тынымсыз жасалып, колдонууга мүмкүн болгон бардык чөйрөлөрдө улам өркүндөтүлүп келе жаткан жасалма интеллект орнотулган аскердик роботтордун натыйжалуулугуна жараша болот. Тоготпос жана талкаланбас роботтоштурулган дрондор учкуч менен башкарылуучу авиациянын көп функцияларын улам өзүнө чегерип келет.

56
Белгилер:
ракета, Авиация, Аскер, Россия, космос
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды