Адис бош жумуш орундарын алыстан кабыл алуу иштеп жатат. Архив

Кыргызстанда карантин маалында кадыры арткан кесиптер. Сереп

484
(жаңыланган 16:13 26.06.2020)
Быйылкы көктөмдө коронавирус кырдаалынан улам кыргызстандыктардын арбыны жумушсуз калды. Пандемия өлкөбүздөгү эмгек рыногуна кандай таасир этти, кайсы адистиктерге талап күч алды? Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын макаласынан окуңуздар.

Коронавирус Кыргызстанда алгач ирет 18-мартта катталды. Бир нече күн өтпөй өлкөдө өзгөчө абал башталып, ал эми 25-марттан тарта республиканын айрым бөлүктөрүнө, анын ичинде Бишкекке өзгөчө кырдаал киргизилген. Андай режим 10-майга дейре уланды.

Бул мезгилде ишкана жана уюмдардын көбү ишмердигин токтотуп, кызматкерлерин аралыктан иштөөгө же эмгек (айрымдары акы төлөнбөгөн) өргүүсүнө чыгарган. Май айында компаниялардын басымдуу бөлүгү ишке чыкты, соода борборлору ачылды, көчөлөрдө коомдук транспорт кайрадан жүрө баштады. Бирок айрым чектөөлөр азыр да күчүндө, мисалы, массалык иш-чараларга дале тыюу салынат.

Тамадалар таксистке айланып, тойлор токтоду. Карантиндин кейиткен кесепети жөнүндө

Ал ортодо өлкөдө коронавирус табылган бейтаптардын саны боюнча кезектеги антирекорд катталды. Жети күн ичинде бул көрсөткүч бир нече ирет 200дөн ашты. Мындан улам COVID менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдагылар кайрадан кескин чараларды көрүүнү да талкуулоого киришти.

Sputnik Кыргызстан өзгөчө кырдаал убагындагы чектөөлөр эмгек рыногуна кандай таасир эткенин билип көрдү.

© Sputnik / Кирилл Каллиников
Кишилер вакансиялардын ярмаркасында анкеталарды толтуруп жатышат

Иш берүүчүлөр кимдерге муктаж болду?

Эмгек рыногунда газ ширетүүчүлөр, чачтарач, компьютер операторлору, бухгалтер, ашпозчу, тигүү тармагындагылар жана тикмечилер, офис-менеджерлери, электр монтаждоочулар жана айдоочуларга алигүнчө талап күч. Калкты иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздарды дал ушул адистиктерге окутушат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү порталында ушундай маалыматтар камтылат. Жарыяланган бош орундардын саны 1-июнга карата 8 миңди түзгөн, анын ичинде жумушчу адистиктер да бар. Бир орунду алууга 44 киши ат салышкан. Анткен менен 2 миңден ашуун жумуш ордуна талап жок.

Кыргызстандагы бизнес кризиске туруштук бере алабы? Ишкерлердин ачык пикири

lalafo.kg жарыялар сервисинде марттан тарта май айына чейин иш ээлери тармактык маркетинг, IT-технология жана байланыш, ошондой эле курулуш жаатындагы адистерди активдүү издешкен. Талап кылынган адистиктердин төртүнчү сабында маркетолог жана башка кеңсе кызматкерлери болсо, ошондой эле call-борборлордун операторлору бешинчи сапка илинген.

Мындан сырткары, өзгөчө кырдаал кезинде кыргызстандыктар активдүү түрдө ашпозчу жана үй жардамчыларын, кампаларга, ошондой эле ар кыл майда-барат жумуш аткаруучуларды да көп караштырган. Жарыялардын санына карап эсептесек, сатуучу-консультанттар, ошондой эле соода-сатыкка байланыштуу иштер тогузунчу орунга чыккан. Онунчу сапта деле соодага байланыштуу башка жумуш турат.

Апрель жана май айында Employment.kg сайтына жумуш берүүчүлөр январь, февраль айларына караганда эки эсе аз жарыя беришкен. Бул туурасында порталдын маалыматтарында айтылат. Жумуш издөөчүлөр да резюмелерин адаттагыдан аз жарыялашты. Эгер коронавирус пандемиясына чейин аталган сервис айына 280 чакты анкета алып жүрүшсө, апрелде бул көрсөткүч 84кө түштү. Май айында иш издегендер жанданып, 120 резюме жайгаштырышкан.

Кеңсенин доору бүттүбү? Кыргызстандыктар аралыктан иштөөгө кандай карайт

Аталган сайттын маалыматына таянсак, эмгек рыногундагы жалпы суроо-талаптын ылдыйлаганы менен маалыматтык технология жана телекоммуникация тармагындагы иштерге талап биринчилерден болуп калыбына келди. Май айында бул тармакта жарыяланган вакансиялардын саны февралдагы көрсөткүчтөргө теңделди. Ушундай эле көрүнүш курулуш жана кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө да байкалат. Апрелдеги андай көрсөткүчтөн кийин иш ээлери эми ушул багыттарда адистерди издеп киришти.

Туристтик сектордо абал тескерисинче, бул багыттагы адистиктерге болгон суроо-талап февралда төмөндөгөн боюнча май айында да жогорулаган жок. Мейманкана-ресторандык бизнес да ушундай эле абалда. Апрель жана май айында да иш ээлери белгилүү себептер менен бул багыттагы адистерди издөө боюнча бир дагы жарыя беришкен эмес. Жогорку менеджмент чөйрөсү да ушундай абалга кептелди.

© Sputnik / Максим Богодвид
Вакансиялардын ярмаркасында "Работа" гезити

Кыргызстандыктар кандай жумуштарды издешти?

Өзгөчө кырдаал маалында lalafo.kg сайтынын колдонуучулары көбүнчө тигүү тармагында иш издешкен. Тизменин экинчи сабында дизайнерлер, оператор жана аралыктан иштей ала турган адистер турат. Үчүнчү сапка ашпозчулар чыкты.

Ошондой эле көп каралган жарыялардын алдыңкы он сабында майда-барат иш аткаруучулар, айдоочулар (курьер, ошондой эле экспедиторлор катары да), окутуучулар (мугалим, тарбиячы жана репетиторлор), ошондой эле автобизнес жана автосервис тармагындагы кызматкерлер да бар. Кыргызстандыктар үй жана административдик персоналды издөөгө да кызыгышкан. Бул тармактар аталган сервистин колдонуучулары тарабынан көп каралган багыттардын катарында.

Мужчина за ноутбуком делает надписи в тетради
Киши интернеттен вакансияларды издеп жатат

Эксперт эмне дейт?

Соңку айларда ишкерлердин көпчүлүгү кызматкерлеринин санын кыскартууга барганын айтат Иш берүүчүлөрдүн улуттук конфедерациясынын башкаруучулугунун төрайымы Элмира Дунганаева. Анын айтымында, ишкерлер кайра окуп, каатчылыктан чыгуунун альтернативдик варианттарын издөөгө аргасыз.

"Коронавирус жергиликтүү бизнести алсыратты, ошондуктан иш ээлеринин көбү штатты кыскартууга мажбур. Айрымдар эбин таап жатканы менен бир топ убара тартышууда. Жаңы долбоорлорго акча салуу ушул тапта опурталдуу, анткени жагдай кандай болуп кетерин алдын ала болжоп болбойт. Ишкерлер атаандаштарынан озуп чыгуу үчүн жаңы жөндөм, жаңы багыттарды өздөштүрүүгө аргасыз болору турган иш", — дейт ал.

Дунганаеванын пикиринде, жумушсуз калган адамдар да рынокту тыкыр изилдөө менен жаңы кесиптерди үйрөнүп, жаңы багыттарды издөөгө тийиш.

Карантинден кийин ишкерликтин кайсы тармагы бүк түшөт? Адистердин пикири

"Азыр көптөгөн кыргызстандыктар таксист жана курьер катары акча табууда, себеби бул вакансияларга талап бар. Аралыктан иштөөгө мүмкүн болгон адистиктер да бар, бирок онлайн-бизнесте башка багыттардай эле оорчулугу бар. Анан калса, азыр рынокто атаандаштык кыйла күчөдү, алдыга жылыш мурдагыдан да кыйындады", — деген пикирин билдирди биздин маектеш.

"Кайсы багытка суроо-талап күч аларын жоромолдоого болбойт, ошондуктан кандай чечим кабыл албаңыз, анын алдында рынокту, анын муктаждыктарын кылдат изилдеңиз. Анан да өз ишиңизди, ошондой эле адис катары өзүңүздү да өнүктүрүүдөн күч аябаңыз", – деп жыйынтыктайт Дунганаева.

484
Белгилер:
өзгөртүүлөр, кесип, пандемия, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2085)
Тема боюнча
Штаб өзгөчө абал режимин талкуулап, чечим кабыл алды
Депутаттар "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамын кабыл алды
Талибан тобунун мүчөлөрү. Архив

Афганистан: талибдештирүүдөн кийин Америка баскынчылыгы бейиштей көрүнө баштайт

148
(жаңыланган 20:17 08.08.2020)
Кандуу кагылыштар жана террордук актылар коштогон катаал жолдо Афганистан америкалыктарсыз жаңы жашоосуна баратат. Бул жаңы жашоо жаңы куралдуу кагылыштарды жаратып, кошуна өлкөлөрдөгү абалды курчутушу мүмкүн.

Александр Хроленко, аскердик серепчи

Афганистандагы абал жарашуу тууралуу билдирүүлөрдөн бир топ эле айырмаланып турат. АКШ менен келишимге кол коюлганына беш айдын жүзү болсо да "Талибан" Кабул менен ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жете албады. Жоочулар жаңы калктуу конуштарды өз көзөмөлүнө алганга аракеттенип, аскердик жана полицейлик блокпостторго, аскердик базаларга, бир катар аймактардагы полицейлердин имараттарына кол салып жатышат. Августтун башында 37 аскер жана полиция кызматкери, 61 жоочу жана 43 жергиликтүү тургун каза болду.

Жолго коюлган минадан 5-августта түндүктөгү Баглан аймагында 12 адам курман болду. Бир күндөн соң Баглан – Саманган жолунда талибдер эки бензин ташуучу автоунааны өрттөп, бензин ташуучу жети автокөлүктү карактап, андагы майды Пули-Хумриде литрин 20 афганиден сатышкан. Бул "бизнеске" афгандык коопсуздук күчтөр менен болуп жаткан атышуулар да жолтоо боло алган эмес. Өз кезегинде акыркылар Кандагар жана Газни аймактарында гана бир аз ийгиликке жетише алышкан.

Талибдер бийликке умтулууда. Кабул курчоодобу?

"Ислам мамлекетинин" жоочулары "жандана" башташты – Желал-Абаддагы (чыгыштагы Нангархар аймагы) түрмөгө 2-августтагы чабуул учурунда 29 адам (алардын 10у террорчулар) каза болуп, 800 камакта отургандар – "Ислам мамлекетинин" мүчөлөрү, талибдер жана кылмышкерлер – качып кетишкен.

Жарашуу боюнча кадамдар кыйынчылык менен жүрүүдө. Камактагы талибдер жана туткундагы аскерлер менен алмашуу боюнча татаал жана көп суроону жараткан иш-аракеттер Афганистанда дээрлик аяктап калды. Жалпысынан күч органдарынын 1005 кызматкери бошотулуп, 4750 талиб түрмөдөн чыгарылды. Эркиндикке чыгарылган жоочулар биз эми мындан ары согушпайбыз деп убада беришип, тийиштүү кагазга кол коюшканы менен, алардын көбү убадасына турбай, кайра колдоруна курал алышкан.

Афганистандын президенти Ашраф Гани талибдер берген тизмедеги 400 ашынган террорчуну түрмөдөн бошотууга каршы чыгып, бул маселе боюнча эл менен кеңешүү керектигин билдирген. Бирок "Талибан"* кыймылы 5-августта расмий бийликтин Лойя Жирганы (эл өкүлдөрүнүн жыйыны) өткөрүү тууралуу чечимине каршы чыкты. Кыймылдын пикиринде, бул жыйындын укуктук статусу жок жана "баскынчылык бүткөндөн кийин" ал элдин мүдөөсүн чагылдыра албайт. Ошентип, талибдер өздөрүн өлкөнүн конституциясынан жана кылмыш-жаза кодексинен жогору коюп, чындык алар тарапта гана дегендей белги берип, Кабулдагы "коллаборациялык" өкмөттү мыйзамсыз деп баалашууда. АКШ болсо өзүңөр чечишип алгыла дегендей мамиле кылууда.

Түндүктөгү көйгөйлүү аймак

Ооганстандын түндүгүндө тынчтык жок. Тажикстан менен Өзбекстанга чектеш Балх аймагы июлдун аягында өкмөттүн аскерлери менен талибдердин ортосундагы катуу кагылыштарга байланыштуу эң кооптуу аймакка айланды.

АКШнын "Талибан* менен "туугандашуусунун" аягы эмне болот?

Афганистандагы абал оор, чаташ болуп турган кезде ооган-тажик чек арасындагы кырдаал дагы курчуй түшкөнүн Душанбе билдирүүдө. Бул аймакка ондогон жоочулар топтоло баштаган, алардын арасында Тажикстандын да тургундары бар. Президент Эмомали Рахмон Тоолуу-Бадахшан автономдуу областтагы чек ара тилкесин бекемдөөгө буйрук берди. Тажикстан шериктеш өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдө тажик-ооган чек арасындагы коопсуздук маселесин такай көтөрүп келет.

Окуялардын өнүгүү логикасы мындай, эгер талибдер жеңе турган болсо Америка Кошмо Штаттары менен келишимге ылайык кошуна Борбордук Азия өлкөлөрдөн келген жоочуларга Ооганстандын аймагынан чыгып кеткиле деген талап коюлушу мүмкүн. Катуу даярдыктары бар жүздөгөн жоочулардын Тажикстанга жана Өзбекстанга кайтып келиши бул өлкөлөрдөгү абалды радикалдаштырып да, татаалдаштырып да жибериши ыктымал. ЖККУ жана Москва менен биргеликте чогуу иш алып барган учурда гана окуянын бул нукта өнүгүүсүнүн алдын алса болот. Андан кийинчи?

Бул жерде "Талибан", башына кайрылсак – элдин муктаждыгынан жаралган кыймыл эмес эле Пакистандын ачык мүнөздөгү долбоору экенин, ал "борбор азиялык жаз" идеясын Тажикстан менен Өзбекстандын жана башка коңшу мамлекеттердин аймагына таратышы мүмкүн экендигин түшүнүшүбүз керек. "Талибандын" жоочулары – сырткы оюнчулар үчүн согуштун жана талкалап бузуунун ыңгайлуу куралы болуп эсептелет. Курамы жана көз караштары боюнча бир кылка болбогон бул террористтик уюмду эл аралык коомчулук тараптан мыйзамдаштыруу өтө опурталдуу кадам болот.

"Талибан" экинчи жолу бийликке Кошмо Штаттардын макулдугу менен келген учурда да ал афган эли жана коңшу өлкөлөр үчүн көп коркунучтардын булагы бойдон кала берет – бул диний экстремизм, баңгизат трафиги, куралдуу террорчулук (булар кыймылдын негизин түзөт). 32 миллион калкы бар Афганистандын "талибандаштырылышы" бул: диний эмес билим алууга, маданиятка, телеберүү менен кинотеатрларга тыюу салынышы, мектептер менен университеттердин көбүнүн жабылышы, конституциянын ордуна шариат сотторунун чечимдеринин колдонулушу, аялдардын коомдук жашоодон обочолонушу, кылган кылмышы үчүн орто кылымдарга мүнөздүү жанын кыюу, колу-бутун кесүү сыяктуу жазалардын кеңири колдонулушу (1996-жылы талибдер бийликке келгенде ушул нерселер байкалган эле).

Афганистанда бир нече теракт болуп, анын жоопкерчилигин "Талибан" алды. Видео

Жамандыктын чордону

"Талибан" жеңишке жетеринен күмөн санабайт, мыйзамдуу ооган өкмөтүн "тазалаганга" даяр. Талибдердин жетекчиси Мавлави Хибатулла Ахундзада өткөн аптада мындай билдирүү кылды: "Жихадыбыздын максаты өзгөргөн жок – баскынчылыкты токтотуу жана Афганистанда нукура исламдык өкмөттү түзүү". Ошондуктан АКШ жана эл аралык коомчулук "мындан ары да маселелерди жаратуусун токтотушу керек".

Катуу билдирүү. Ал эми маселелерге кайрыла турган болсок, учурда талибдердин бийлигинин алдында 15 миллионго жакын адам, Афганистандын калкынын дээрлик жарымы, жашап келет. Алар эртең менен үйдөн чыгып жатканда, аман-эсен кайтып келишеби же жокпу так айта алышпайт. БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (UNODC) маалыматы боюнча, Афганистанда апийимди өстүрүү 2017-жылы 87 пайызга өсүп, 9000 тоннаны түзгөн, ал эми америкалыктардын аскерлери өлкөгө киргизилгенден бери баңгизат чийки затын өндүрүү 40 эсе өскөн, афган апийиминин бир жылдык аткезчилигинин көлөмү 3 млрд долларга бааланат.

Ошондой болсо да "Талибандын" идеологиясын, эгер бар болсо планын жана программасын кабыл албай талибдер менен кантип жарашса болот? Мурдараак Афганистан сенатынын төрагасы Мохаммад Алам Изидьяр Sputnik агенттигине берген интервьюсунда мындай деген эле: "Афган эли үчүн Афганистандагы талибдер – террордук топ экенин түшүнүү өтө маанилүү. Кайсы гана өлкө болбосун талибдерди колдоого алуусун биз кабыл албайбыз... Биз үчүн "Талибан" менен "Исламдык мамлекет" топторунун террорчуларынын ортосундагы айырмачылык анчалык деле чоң эмес". Таасирдүү афшан саясатчысы жана "можахеддер" кыймылынын ардагери Изидьяр кошумчалагандай, "Талибанга" түзмө-түз же кыйыр түрүндө колдоо көрсөтүү туруксуздукту Борбордук Азиядагы кошуна өлкөлөргө жылдырууга негиз түзөт.

Туура жана таамай сөздөр. Ооганстанда эч нерсе өзгөргөн жок. Бир гана америкалыктар Афганистандагы саясатын өзгөртүп, террорчулар менен көп жылдык кандуу тирешүүнү уланткандын ордуна Пентагондун аскерлерин тез жана коопсуз жол менен өлкөдөн чыгарып кетүү планын (бизден кийин эмне болсо, ошол болсун дегендей) кабыл алышты. Жакында АКШ Афганистандын Гильменд, Урузган, Пактика жана Лагман аймактарындагы дагы беш аскердик базасын жапты. Америкалыктардын куралдуу күчтөрүнүн саны 4 миң аскерге чейин кыскарат, ал эми 2021-жылдын май айына чейин аскери толугу менен чыгарылып кетет. Эми Дональд Трамптын президенттик администрациясына, мамкатчы Майкл Помпеонун сөзү боюнча, Афганистандагы абалды турукташтыруу үчүн Кремлдин колдоосу керек. Бирок келечекте абалды турукташтырса болобу, бул талаштуу маселе.

"Курулай күнөөлөө". Россия ТИМи NYT жазган макалага жооп берди

Россия Афганистандын тынч, туруктуу, көз карандысыз, экономикалык жактан өнүккөн, террорчулардан жана баңгизаттардан арылган өлкө катары өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү саясатын ырааттуу түрдө жүргүзүп келет. Россиянын жана ЖККУнун курамындагы башка өлкөлөрдүн афган багытында иш алып баруусуна талибдерге карата жумшак мамиле тоскоолдук кылууда. Ал эмес Афганистандын тышкы иштер министри Ханиф Атмар кечээ эле "моюнга алгандай" билдирүү кылды: "Жарашуу тууралуу башында эле ойлонуп, талибдерге татыктуу тандоо кылганга шарт түзүшүбүз керек болчу... Биз аларга жарашуунун татыктуу жолун сунуштай албай, алардын Афганистандан чыгып кетүүсүн талап кылып туруп алдык. Бул туура эмес саясат эле" (балким, Ханиф Атмар жаңы "таза" өкмөттүн курамына кирем деп жаткандыр). Ошол эле кезде ЖККУнун "Талибанга" карата нааразычылыктарынын көбү өзгөрүүсүз калды. Кыймыл мыйзамдуу өкмөткө карата куралдуу кысым көрсөтүүнү дагы эле жетекчиликке алат, "Аль-Каида" менен байланыштарын үзө элек, баңгизат трафигин колдоп келет, бул тизмектин башы гана.

148
Белгилер:
"Ислам мамлекети" террордук тобу, Талибан, Геосаясат, Афганистан, АКШ
АКШнын Вашингтондогу Ак үй имараты. Архив

"Кара схема": ички душманы АКШны соо койбой, Россияны сактап калышы мүмкүн

237
(жаңыланган 11:45 31.07.2020)
Бүгүн АКШнын Демократиялык партиясынын конвентинде (онлайн форматта өтө турган) мурдагы вице-президент Жо Байден Кошмо Штаттардын болочок президентин, тагыраак, президент айымын жеке өзү шайлашы ыктымал.

Бир нече ирет өткөн сурамжылоолор боюнча Байден ушул тапта өз атаандашынан — азыркы америкалык президент Дональд Трамптан эки, төрт, сегиз же ал түгүл он пайызга озуп чыкты. Сурамжылоого катышкан америкалыктардын басымдуу бөлүгү Трамптын ишине канааттанбаганын улам билдирип келет деп жазат РИА Новости.

Ал эми негедир эл алдына интернет жана теле аркылуу да чанда чыккан, көп учурда сөзүнөн адашкан, андан улам көпчүлүк тарабынан анын акыл саламаттыгынан шек саналган 77 жаштагы Байдендин кийинки президент болушу кепилденген сыяктуу.

"Сыяктанат" дегенибиз – Хиллари Клинтондун да президент болушу кепилденген, бирок реалдуулук өз түзөтүүлөрүн бул божомолго киргизбей койбоду. Жо Байден президенттик ант бере турган болсо да, ал убакка чейин 78 жашка чыгып калат. Кабинетти (АКШ президентинин иш бөлмөсү — ред.) ээлей турган эң карыя президент гана болбостон, рекорд койгон 70 жаштагы Дональд Трампты да караандатпай калат. Мурдагы президенттердин өмүр жолун эске алуу менен демократиячыл талапкердин эмгек милдеттенмелерин аткаруу маалында дүйнө алмаштырып кетиши да мүмкүн экенин баары түшүнүп турат. Кокус андай болуп кетсе, "милдетин аткаруучу" гана эмес, АКШнын чыныгы, жүз пайыз президенти болуп Байдендин төрт жылдык мөөнөтүнүн эң аягына чейин вице-президент калат. Байден президенттик тактыга отургандын эртеси эле өтүп кетсе, эл тарабынан шайланбаса да толук мыйзамдуу президент 2025-жылга дейре батыштагы ири өзөктүк державаны башкарат. Байден саналуу күндөр ичинде дал ошол кишинин ысымын атамакчы. Алдын ала белгилүү бир нерсе бар: бул кызматка аял киши келет, Байден бул туурасында тээ көктөмдө эле убада кылган. Кайсы айым келери эң башкы америкалык саясий конвентти утурлай күндемине айланды.

Трамп ноябрга белгиленген президенттик шайлоону жылдырууну сунуштады

Эң кеңири белгилүү талапкерлердин арасында жыл башында Демократиялык партиянын ички ат салышуусунда Байденге өз добуштарын алдырган сенатор Элизабет Уоррен; Мичиган штатынын губернатору Гретхен Уитмер (48 жашка келип калса да "жаш жана таза кан" деп саналат); Ирактагы согуштун ардагери, сенатор Тэмми Дакворт (Иракта эки бутунан ажыраган, тай кытайлар тегинен); конгрессвумен Вэл Демингс (кызыл терилүү жана мурдагы полиция кызматкери); Карен Басс (кара тору жана баңгизатка каршы күрөшчү); Сьюзан Райс (кызыл терилүү жана улуттук коопсуздук боюнча Обаманын мурдагы кеңешчиси); Камала Харристин (жарым-жартылай кызыл терилүү, индиялык жана Калифорниянын мурдагы башкы прокурору) ысымдары аталууда. Баса, демократиячылардын ички жарышында вице-президенттикке булардын соңку экөөнө басым жасалууда.

Boston Globe өңдүү басылмалар Байден вице-президенттикке дал кызыл терилүү айымдардан тандоого тийиш деген тейде ачык эле жазып чыкты. Кара тору вице-президент тандоо менен республикачылардын жана Трамптын расисттик жүзүн көрсөткүсү – азчылыкты куугунтуктоо саясатынын бетин ачуу аракети жасалып, ал эми Байден Обаманын тушунда коомдо мындай болбогонун, анын вазыйпасы өлкөнү бириктирүү болгонун баса белгилегиси келет. Бирок мындай тандем деле элди бириктире албай турганын, ал түгүл Трамптын убагынан да жаман болорун белгилегендер бар.

Коннектикут университетинин профессору Петр Турчин мындан он жыл оболу эле быйыл АКШда саясий туруксуздук башталарын жоромолдогон. Ага негизги факторлордун бири катары коом каймактарынын кайра жаралышын атаган. Бул – бай адамдардын пайызынын жогорулашы. Биз ойлоп келгендей, байлар менен жакырлардын ажырымынын чоңдугу мында анчалык кооптуу болбой калат окшобойбу. 1970-жылы калктын 62 пайызын түзгөн орто класстын болжолдуу үчтөн эки бөлүгү жакырланбастан, дал коом каймактарына айланган. Ал тургай, ашкере байлардын да саны экиден ашык пайызга артты. Он миллиондон ашуун доллар (1995-жылкы наркында) байлыгы бар үй-бүлөлөр 1983 жана 2010-жылдар ортосунда беш эсеге жогорулаган. Азыр андан да көп болушу ыктымал. АКШда ушул тапта "камкаймактар" чындап толтура, миллионерлерден эле дээрлик 19 миллион (бул бүтүндөй Румыния же Казакстандай бар), децимиллионерлер — жарым миллиондой, ал түгүл миллиардерлерден эле 650 чакты киши чыгат.

НАТОну соода менен алмаштырып алды. Россия эмнеге "Чоң жетиликти" каалабай турат

Бул жагымдуу көрүнүш катары сезилгени менен терс жагы да жок эмес. Адамдар байыганда алар табигый түрдө бийликке умтула башташат. Экономикалык күчүн сезет, аны саясий күчкө айландыргысы келет. Шаар жетекчилиги, штат, конгресс, Ак үйдөн орун алууга ашыгышат. Бирок бийликтеги орундардын саны көбөйүп кеткен жок. 450 орундуу конгресс бардык миллионерлерди да батыра албайт. Мындан улам элитанын арасындагы шериктештик жоюлат да, кыл чайнашкан күрөш башталат. Айтмакчы, ага байлар гана катышат деп ойлоого болбойт. Башкалар да жөн калбайт.

Газ жана Израиль: Европа дагы бир жол таптыбы?

Натыйжада соңку жылдары АКШда калктын санынан да кыйла ашкан юрист, саясат таануучу жана "коомдук илимдер боюнча адистер" ушунчалык тездик менен көбөйдү. Башкача айтканда, теориялык жактан кийин саясий карьераны баштап кете турган бардык адистиктердин ээлери арбыды. Алардын көпчүлүгү саясатта чыйыр гана салып тим болбостон, бул багытта ийгиликке жетери да турулуу иш. Алар кыжырданган, ызалангандар, анан азыркы Американын жалбыртташына да каршы эмес. Анткени бирөөнө каатчылык – башкасына мүмкүнчүлүк. Планетанын эң олуттуу державаларынын бири болгон Американын азыркы жана кийинки тагдыры дүйнөдөгү бир топ өлкөлөрдүн, анын ичинде Россиянын каймактарына да ачык сабак болор. Анткени дүйнөнүн кай мамлекети болбосун, элиталар бири-биринен эч айырмаланбайт эмеспи.

237
Белгилер:
президент, Дональд Трамп, шайлоо, АКШ
Тема боюнча
Трамп ноябрга белгиленген президенттик шайлоону жылдырууну сунуштады
 Минскидеги массалык митинг. Архивдик сүрөт

Колунда жарылып кеткен. Минскидеги массалык митингде адам өлүмү катталды

0
Элдин толкундоолору өлкөнүн дээрлик бардык аймагында өтүп жатат. Акциялар президенттик шайлоодон кийин жекшемби күнү башталган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Нааразылык акциялар өтүп жаткан Беларустун борбор калаасында адам өлүмү катталды. Бул тууралуу ИИМдин расмий өкүлү Ольга Чемодановага таянуу менен Sputnik Беларусь агенттигинин Telegram-каналы кабарлады.

Чемоданованын айтымында, көз жумган адам эркек киши.

"10-август күнү саат 23.00дөрдө Минск шаарынын Притыций проспектисинде топтолгон эл кыймылды бууш үчүн тосмолорду кое баштаган. Аянтты тазалоо үчүн келген атайын бөлүктүн жоокерлери менен кагылышуу учурунда бир киши аларды көздөй жардыруучу түзүлүштү ыргытууга аракет кылган. Бирок ал колдо жарылып, эркек киши алган жаракатынан улам көз жумду", — деди ИИМ өкүлү.

Эскерте кетсек, нааразылык акциялары 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган. Ушу тапта элдин толкундоолору өлкөнүн дээрлик бардык аймагына жайылды. Милиция митингчилерди таратуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ менен кулак тундуруучу гранаталарды колдонууда.

38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы

Акыркы маалыматтар боюнча тартип сакчылары менен кагылышуудан жапа чеккендер жана кармалгандар көбөйүүдө.

Эл көчөгө шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан. Анда азыркы президент Александр Лукашенко бир топ айырма менен атаандаштарынан озуп, дагы беш жылга өлкө башчысы болуп калмакчы.

0
Белгилер:
аянт, милиция, өлүм, митинг, Минск, Беларусь
Тема боюнча
Беларуста митинг токтобой, эл күч менен таркатылып жатат. Видео