Ооруканадагы дарыгерлер. Архив

Инфекционист, эпидемиолог көздөн учту. Жети дубандын эли кантип дарыланууда

350
(жаңыланган 20:41 30.07.2020)
Кыргызстандын ар кыл аймагында медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги маселе жаратып келет. Өзгөчө эпидемиолог, эндокринолог, реаниматолог, инфекционисттер жетишпейт. Мунун кесепетин коронавирус инфекциясынан улам келип чыккан пандемия маалында жон терибиз менен сездик.

Соңку маалымат боюнча, республикада жалпы жонунан 2 743 медицина кызматкери COVID-19 жуктуруп алган. Анын ичинен 1 664 медик айыгып чыкса, 73 кызматкер көз жумган. 

Бүгүн премьер-министр Кубатбек Боронов эпидемиологиялык абал Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарында оор экенин билдирди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги республиканын аймагындагы жети облуста медициналык кадр маселесине кайрылып, маалымат чогултту.

Коронавирус медицина каймактарын терип кетти. Дарттан көз жумган медиктер

Ысык-Көл облусу

Ушу тапта бул облуста абал кыйын болуп жатканын статистикадан көрүүгө болот. Бир суткада коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча аймак биринчи орунга да чыккан.

Облуста үстүбүздөгү жылдын 27-июлунда Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев эки тараптуу пневмониядан улам каза болду. Ага чейин аталган райондогу Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы, 62 жаштагы Бүбүайым Жээнбаева коронавирустан улам көз жумган.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Усенованын айтымында, буга чейин облуста дарыгерлер жетишпей ажиотаж жаралган.

"Бишкекте абал жакшырды, бирок аймактарда бир аз оор болуп жатат. Бир жума мурун Ысык-Көлдө врачтар жетишпей тынчсыздануу болду. Кырдаал күч алгандан бери дарыгерлер бир сыйра ооруп да чыгышкан. Ал ортодо Россиядан тогуз медик келди. Азыр облустун кайсы районунда оору күч алса, ошол жакка медиктерди жиберип жатабыз. Негизинен буга чейин эле Ысык-Көлдө эндекринолог жана эпидемиологдор жетишсиз болуп келген. Эпидемиологиялык кырдаал күчөгөндө медиктердин жетишпестиги аябай билинди. Ошол себептен мурда кесибин таштап кеткендерди жана ординаторлорду чогултуп, жалпысынан ооруканага 22 врач алып келдик. Азыр дүрбөлөңгө түшө турган маселе жок", — деди ал.

Пол жууп болсо да кол кабыш кылып кетчүмүн. Ысык-Көлдөгү ыктыярчылардын мээнети

Анын айтымында, облус боюнча Жети-Өгүз районунда абал курч болуп, "Кумтөрдө" иштегендердин көбү ооруп калгандыктан, статистикага таасирин тийгизген. Учурда Жети-Өгүздөгү Кызыл-Туу айылына үч врач жиберилди.

Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиевдин айтымында, учурда райондогу абал туруктуу.

"Азыр Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан реанимация бөлүмүнө үч врач жөнөтүлгөн. Андан тышкары, Караколдон келген бир реаниматолог бар. Бишкектен реаниматолог Автандил Умаржанов да чакырылган. Жугуштуу оорулар бөлүмүндө эки врач, хирургияда эки дарыгер, соматикалык оорулар бөлүмүндө эки врач иштеп жатат. Ал эми "Алтын Балалык" стационарына үч дарыгер келген", — деди аким.

Чолпон-Ата шаарынын жашоочусу, 30 жаштагы атын атагысы келбеген ыктыярчы чындыгында абал абдан оор болуп, медиктер жетишпей Чолпон-Атанын стационарында 84 бейтапты эки врач карагандыгын билдирди.

"Бишкекте абал оор болуп турган убакта райондун акимине "Жаштар жарандык коргоо" уюму "жолду жабууга жардам бергиле, азыр борбордон көп киши келип жатат, абал оорлоп кетпесин" деген сунуш менен киргенбиз. Анткени ошол убакта Бишкектеги эпидемиологиялык абалдан кооптонгондор, эс алуучулар Чолпон-Атага көп келе баштаган. Андан көп өтпөй эле Ысык-Көлдө оору жугузгандардын саны көбөйүп кетти. Чолпон-Атада жаңы ачылган стационардагы орундар эки күндө толуп, медиктер жетишпей, 84 бейтапты эки врач жана он чакты медайым дарылаган учур болду. Башында медиктердин коргоочу костюмдары начар болгондуктан көбү ооруду. Жумушта иштеп жүрүп эле эсин жоготуп жыгылгандарды көрдүк. Бир топ эле кыйын болду. Бирок азыр абал турукташып бара жатат", — деди ал.

"Сактап кал" деп жалдыраган көздөр жүрөгүмдү тилип кетти. Ыктыярчылардын маеги

Нарын облусу

Саламаттык сактоо министрлигинин Нарын облустундагы координатору Мурат Алияскаровдун айтымында, Нарында да медиктер жетишпей, жергиликтүү ооруканалар болгон мүмкүнчүлүгү менен иштеп жатышат.

Облуска Россиядан сегиз дарыгер келген. Алар облустагы беш районду кыдырып, үч же беш күндөн иштеп, тажрыйба бөлүшүп, жардам берип жатышат.

"Россиядан келген врачтар бүгүн Ак-Талаа районунан келип, Жумгал районуна кетишет. Ал жактан кырдаалга жараша иштешет. Эпидемиологиялык абал орто болсо үч күн, оорураак болсо беш күн иштешет. Иштөө тартиби ошондой экен. Бөлүмдөрдү кыдырып болгон кеңештерин берип, тажрыйбасы менен бөлүшүп жатышат. Азыр пневмонияга кабылгандар жана алардын өтө оор абалдагыларына өзгөчө көңүл бурулуп, россиялык медиктер менен иштешип жатабыз. Пневмония болгон бейтаптардын дарылоосуна бир катар оңдоолор киргизилди. Жергиликтүү бийлик менен биргеликте иш алып барып жатабыз, жалпы кырдаал акырындык менен жакшырып бара жатат", — деди ал.

Ата-энем COVID жуктуруп алган соң ишке кириштим. Нарындык ыктыярчы кыздын маеги

Алияскаров билдиргендей, Нарынга министрлик тарабынан жиберилген пульмонолог, реаниматолог жана терапевт келген.

"Облуста жалпысынан абал бирдей, пневмония өзгөчө өсүп кетти деген аймак жок. Күндүзгү стационарлардын иштеши менен ооруканалардын иши жеңилдеди. Нарында КММАнын кадрларды кайра даярдоо борборунун филиалы бар, атайын тапшырма менен кыска аралыкта адистерди кайра даярдоо курстарынан да өткөргөнбүз. Бирок кызыл зонага кесипкөй адистерди гана киргизип жатабыз. Ал эми кайра даярдоодон өткөн медиктерди мобилдик топторго бөлдүк", — деди координатор.

Маалыматка ылайык, учурда Нарын облусунда 365 врач, 1 500 орто медициналык билимге ээ кызматкер иштеп жатат. Облуска 135 дарыгер жетишпейт.

Талас облусу

Саламаттык сактоо министрлигинин координатору Айжамал Шабдинова облуста жалпы 251 врач иштеп жатканын билдирди. Анын айтымында, иштеп жаткан дарыгерлерден тышкары 65 жаштан өйдө 51 врач бар, алар милдеттүү медициналык эс алууда. Бирок айлык акылары сакталып калат. Облуста жалпы 934 медайым бар, алардын ичинен 28инин курагы 65 жаштан жогору болуп, атайын категорияга кирет.

"Пандемияга чейин эле Талас облусунда ар кандай багыттагы 108 врач жетишпей келген. Үй-бүлөлүк дарыгер, эндокринолог, реаниматолог, неанатолог жок. Азыр кызыл зонада 261 медицина кызматкери иштеп жатат. Бейтаптарды кароого врачтар жетпей, өзгөчө кырдаал жаралган жок, ошентсе да медиктер чыңалган шартта иштешти. Бирок ишти жөнгө салып келе жатабыз", — деди ал.

Шабдинова билдиргендей, Талас облусу Саламаттык сактоо министрлигине Кара-Буура районунун Чат-Базар айылына бир инфекционист сурап кайрылган.

Учурда облуста күнү-түнү иштеген тогуз стационар бар. Мындан тышкары, бейтаптарды күндүз тейлөөчү жайлар да иштөөдө. Күндүзгү стационарлар суткасына 1 800 кишини кабыл алып жатат.

Жалгыз таштабайбыз: Россия COVID менен күрөшүүдө коңшуларына жардам кылууда

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Кадича Пратованын маалыматы боюнча облуста жалпы 184 дарыгер жетишпейт. Алардын көбү үй-бүлөлүк дарыгерлер, эпидемиолог, инфекционист жана реаниматологдор.

Негизинен облуста жалпы 6 152 медик иштейт. Алардын 1 661и дарыгер.

Пратованын айтымында, Жалал-Абад облусу боюнча 86 врач, 163 медайым коронавирус жуктуруп алган.

"Жалал-Абад облусу боюнча оору жуктургандар көп катталып, аларга орун жетишпегендиктен облустун аймагында жалпы 753 кошумча орун менен күндүзгү стационарлар ачылган. Мобилдик бригадалар да иштеп жатат. Бирок акыркы беш күн ичинде чакыруулар бир топ азайды. Жалал-Абадда үй-бүлөлүк дарыгерлердин көбүнүн жашы 60тан өйдө, кооптуу топко киргендер. Министрликтин атайын буйругу менен дарыгерлер 14 күн иштеп, 7 күн эс алышууда", — деди ал.

Пандемия маалында облуста эки врач, бир медайым көз жумган.

Ош облусу

Саламаттык сактоо министрлигинин Ош шаарындагы координатору Кыялбек Ташболотов Ошто иштеп жаткан дарыгерлердин саны жетиштүү экенин билдирди.

"Шаарда изолятордо 372 медик иштеп жатат. Алардын 127си врач, 130у медайым жана 117си медициналык тейлөө кызматкерлери. Күндүзгү жана түнкү стационарларда 60 медик эмгектенип жатат. Ал эми изоляторго бейтаптар үчүн 1 150 орун даярдалып, анын алты жүзүндө киши дарыланууда", — деди ал.

Министрликтин Ош облусундагы координатору Шаятбек Абдурахмановдун айтымында, Бишкектен жана Россиядан Ошко 18 врач келген. Алар Ош облустук жана Ош шаардык ооруканасында иштеп, дарыгерлерге жардам көрсөтүп, учурда Алай өрөөнүндө жүрүшөт.

"Ош облусунда жалпы 1 971 врач, 6 707 медайым бар. Булардын ичинен 166 дарыгер, 169 медайым жана техникалык персоналдын 107 кызматкери коронавирус жугузуп алган. Пандемиядан улам 9 врач, төрт медайым жана бир медкызматкер каза болгон", — деди Абдурахманов.

Жети облустагы Тез жардам кызматынын учурдагы абалы

Баткен облусу

Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Борубеков билдиргендей, облуста 800 врач жана 3,5 миң медайым эмгектенүүдө.

Аталган аймакта жүздөн ашык медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жугузуп, учурда алардын көбү сакайып чыккан.

"Пандемияга чейин эле облуста жалпы 88 врач жетишсиз болчу. Эпидемиологиялык абал күч алып турган учурда дарыгерлердин тартыштыгы аябай байкалды. Бирок кадрлар менен туура иштешип, маселени жеринде чечүү менен чоң жоготууга учурабай, оор кырдаалдан чыгып кеттик. Башка аймактардагыдай эле инфекционисттер менен эпидемиологдордун тартыштыгы бизде да бар", —  деди ал.

Бишкекте оору күч алып турган мезгилде Баткен жергесинен медиктердин эки тобу борбордогу кесиптештерине жардамга келишкен. Бүгүн алар үйлөрүнө жөнөтүлдү.

Элди мобилизациялай алдык. Баткендеги ыктыярчылар кантип жардам берүүдө

Чүй облусу

Саламаттык сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Асел Адамалиеванын билдирүүсү боюнча облуста 1 354 дарыгер, 3 141 медайым болсо, медициналык тейлөө кызматында иштегендердин саны —  1 146.

Пандемия маалында оорудан улам сегиз врач каза болуп калган. Ал эми 87 дарыгер, 203 медайым жана 17 медициналык тейлөө кызматкери ооруп өргүүгө чыккан.

Маалыматка ылайык, Чүй облусундагы ооруканаларга 72 врач, 93 медайым жана 63 медициналык тейлөө кызматкери керек.

Азыркы абал

Учурда Кыргызстан боюнча 9 321 бейтап стационарда дарыланып жатат. Анын ичинен 3 801 учур лабораториялык изилдөөлөр аркылуу тастыкталган. Калган 5 520 учур клиникалык белгилери аркылуу аныкталганы айтылды.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 35 143кө жетти. Анын ичинен 24 474 киши ооруну жеңип, айыкты. Тилекке каршы, коронавирус 1 364 кишинин өмүрүн алды.

350
Белгилер:
коронавирус, дарыгерлер, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
Жалгыз таштабайбыз: Россия COVID менен күрөшүүдө коңшуларына жардам кылууда
Кыргызстанда COVID-19дан каза болгон медиктердин так саны айтылды
Мэрия: шаардагы медиктер июлдун айлык акысын убагында алышат
АКШнын Вашингтондогу Ак үй имараты. Архив

"Кара схема": ички душманы АКШны соо койбой, Россияны сактап калышы мүмкүн

229
(жаңыланган 11:45 31.07.2020)
Бүгүн АКШнын Демократиялык партиясынын конвентинде (онлайн форматта өтө турган) мурдагы вице-президент Жо Байден Кошмо Штаттардын болочок президентин, тагыраак, президент айымын жеке өзү шайлашы ыктымал.

Бир нече ирет өткөн сурамжылоолор боюнча Байден ушул тапта өз атаандашынан — азыркы америкалык президент Дональд Трамптан эки, төрт, сегиз же ал түгүл он пайызга озуп чыкты. Сурамжылоого катышкан америкалыктардын басымдуу бөлүгү Трамптын ишине канааттанбаганын улам билдирип келет деп жазат РИА Новости.

Ал эми негедир эл алдына интернет жана теле аркылуу да чанда чыккан, көп учурда сөзүнөн адашкан, андан улам көпчүлүк тарабынан анын акыл саламаттыгынан шек саналган 77 жаштагы Байдендин кийинки президент болушу кепилденген сыяктуу.

"Сыяктанат" дегенибиз – Хиллари Клинтондун да президент болушу кепилденген, бирок реалдуулук өз түзөтүүлөрүн бул божомолго киргизбей койбоду. Жо Байден президенттик ант бере турган болсо да, ал убакка чейин 78 жашка чыгып калат. Кабинетти (АКШ президентинин иш бөлмөсү — ред.) ээлей турган эң карыя президент гана болбостон, рекорд койгон 70 жаштагы Дональд Трампты да караандатпай калат. Мурдагы президенттердин өмүр жолун эске алуу менен демократиячыл талапкердин эмгек милдеттенмелерин аткаруу маалында дүйнө алмаштырып кетиши да мүмкүн экенин баары түшүнүп турат. Кокус андай болуп кетсе, "милдетин аткаруучу" гана эмес, АКШнын чыныгы, жүз пайыз президенти болуп Байдендин төрт жылдык мөөнөтүнүн эң аягына чейин вице-президент калат. Байден президенттик тактыга отургандын эртеси эле өтүп кетсе, эл тарабынан шайланбаса да толук мыйзамдуу президент 2025-жылга дейре батыштагы ири өзөктүк державаны башкарат. Байден саналуу күндөр ичинде дал ошол кишинин ысымын атамакчы. Алдын ала белгилүү бир нерсе бар: бул кызматка аял киши келет, Байден бул туурасында тээ көктөмдө эле убада кылган. Кайсы айым келери эң башкы америкалык саясий конвентти утурлай күндемине айланды.

Трамп ноябрга белгиленген президенттик шайлоону жылдырууну сунуштады

Эң кеңири белгилүү талапкерлердин арасында жыл башында Демократиялык партиянын ички ат салышуусунда Байденге өз добуштарын алдырган сенатор Элизабет Уоррен; Мичиган штатынын губернатору Гретхен Уитмер (48 жашка келип калса да "жаш жана таза кан" деп саналат); Ирактагы согуштун ардагери, сенатор Тэмми Дакворт (Иракта эки бутунан ажыраган, тай кытайлар тегинен); конгрессвумен Вэл Демингс (кызыл терилүү жана мурдагы полиция кызматкери); Карен Басс (кара тору жана баңгизатка каршы күрөшчү); Сьюзан Райс (кызыл терилүү жана улуттук коопсуздук боюнча Обаманын мурдагы кеңешчиси); Камала Харристин (жарым-жартылай кызыл терилүү, индиялык жана Калифорниянын мурдагы башкы прокурору) ысымдары аталууда. Баса, демократиячылардын ички жарышында вице-президенттикке булардын соңку экөөнө басым жасалууда.

Boston Globe өңдүү басылмалар Байден вице-президенттикке дал кызыл терилүү айымдардан тандоого тийиш деген тейде ачык эле жазып чыкты. Кара тору вице-президент тандоо менен республикачылардын жана Трамптын расисттик жүзүн көрсөткүсү – азчылыкты куугунтуктоо саясатынын бетин ачуу аракети жасалып, ал эми Байден Обаманын тушунда коомдо мындай болбогонун, анын вазыйпасы өлкөнү бириктирүү болгонун баса белгилегиси келет. Бирок мындай тандем деле элди бириктире албай турганын, ал түгүл Трамптын убагынан да жаман болорун белгилегендер бар.

Коннектикут университетинин профессору Петр Турчин мындан он жыл оболу эле быйыл АКШда саясий туруксуздук башталарын жоромолдогон. Ага негизги факторлордун бири катары коом каймактарынын кайра жаралышын атаган. Бул – бай адамдардын пайызынын жогорулашы. Биз ойлоп келгендей, байлар менен жакырлардын ажырымынын чоңдугу мында анчалык кооптуу болбой калат окшобойбу. 1970-жылы калктын 62 пайызын түзгөн орто класстын болжолдуу үчтөн эки бөлүгү жакырланбастан, дал коом каймактарына айланган. Ал тургай, ашкере байлардын да саны экиден ашык пайызга артты. Он миллиондон ашуун доллар (1995-жылкы наркында) байлыгы бар үй-бүлөлөр 1983 жана 2010-жылдар ортосунда беш эсеге жогорулаган. Азыр андан да көп болушу ыктымал. АКШда ушул тапта "камкаймактар" чындап толтура, миллионерлерден эле дээрлик 19 миллион (бул бүтүндөй Румыния же Казакстандай бар), децимиллионерлер — жарым миллиондой, ал түгүл миллиардерлерден эле 650 чакты киши чыгат.

НАТОну соода менен алмаштырып алды. Россия эмнеге "Чоң жетиликти" каалабай турат

Бул жагымдуу көрүнүш катары сезилгени менен терс жагы да жок эмес. Адамдар байыганда алар табигый түрдө бийликке умтула башташат. Экономикалык күчүн сезет, аны саясий күчкө айландыргысы келет. Шаар жетекчилиги, штат, конгресс, Ак үйдөн орун алууга ашыгышат. Бирок бийликтеги орундардын саны көбөйүп кеткен жок. 450 орундуу конгресс бардык миллионерлерди да батыра албайт. Мындан улам элитанын арасындагы шериктештик жоюлат да, кыл чайнашкан күрөш башталат. Айтмакчы, ага байлар гана катышат деп ойлоого болбойт. Башкалар да жөн калбайт.

Газ жана Израиль: Европа дагы бир жол таптыбы?

Натыйжада соңку жылдары АКШда калктын санынан да кыйла ашкан юрист, саясат таануучу жана "коомдук илимдер боюнча адистер" ушунчалык тездик менен көбөйдү. Башкача айтканда, теориялык жактан кийин саясий карьераны баштап кете турган бардык адистиктердин ээлери арбыды. Алардын көпчүлүгү саясатта чыйыр гана салып тим болбостон, бул багытта ийгиликке жетери да турулуу иш. Алар кыжырданган, ызалангандар, анан азыркы Американын жалбыртташына да каршы эмес. Анткени бирөөнө каатчылык – башкасына мүмкүнчүлүк. Планетанын эң олуттуу державаларынын бири болгон Американын азыркы жана кийинки тагдыры дүйнөдөгү бир топ өлкөлөрдүн, анын ичинде Россиянын каймактарына да ачык сабак болор. Анткени дүйнөнүн кай мамлекети болбосун, элиталар бири-биринен эч айырмаланбайт эмеспи.

229
Белгилер:
президент, Дональд Трамп, шайлоо, АКШ
Тема боюнча
Трамп ноябрга белгиленген президенттик шайлоону жылдырууну сунуштады
Нефть казуучу станция. Архив

Доору бүтүп баратабы? Мунай жаатында эсти оодарчу окуя күтүлүүдө

365
(жаңыланган 18:18 29.07.2020)
Эгер альянстын өзүндө мунай доорунун бүтүп баратышы тууралуу сөз болуп жатса, анда иш чынында чатак. Бул кырдаал Россия, Канада же Норвегия сыяктуу мамлекеттер планын кайрадан карап чыгышы керек дегенди түшүндүрөт.

Россиянын абалы начар, эми мындан да оор болот дечүлөргө кудай берди: "Рейтер" агенттигинин ОПЕКтеги ишенимдүү адамдары альянска мүчө-мамлекеттер нефтиге болгон талап такыр көтөрүлбөйт деген сценарийди карап жатышканын айтышты. Мунай өндүргөн өлкөлөр үчүн мунун кесепети бир топ эле оор болот дейт саясий баяндамачы Иван Данилов.

Британиянын маалымат агенттигинин жазганы боюнча, коронавирус эпидемиясынан жана нефтиге болгон баанын түшүшүнөн улам ОПЕКтин айрым жогорку кызматтагы адамдары эми нефть жаатында байма-бай болчу өзгөрүүлөргө жана аны экспорттоону жөнгө салууга баш оорута баштады. Бул мунайдын доору бүтө турган болсо тушуга турган көрүнүш.

Атаандаштыкка чыдабай... Европа менен Азия АКШнын суюлтулган газынан баш тартууда

ОПЕКтин айрым мүчөлөрүнүн божомолу боюнча, мунай баасы дайым арзандоонун үстүндө болот. Бирок ОПЕКтин өзүнүн расмий позициясы анчалык пессимисттик эмес.

Дал ушул нерседен улам "Рейтердин" жарыялаган материалы өтө чоң кызыгууну жаратты, айрымдарды чуу түшүрдү. Эгер альянстын өзүндө мунай доорунун бүтүп баратышы тууралуу сөз болуп жатса, анда иш чынында чатак. Бул кырдаал Россия, Канада же Норвегия сыяктуу мамлекеттер планын кайрадан карап чыгышы керек дегенди түшүндүрөт.

Ошону менен бирге эле буга окшогон көрүнүш, башкача айтканда, батыш медиалары атын ачык атабаган мартабалуу маалымат булактарына таянып "мунай доорунун" бүтүп бара жатканын жар салган биринчи учуру эмес экенин айта кетүү керек. Коронавирус шарттаган экономикалык шок нефтиге болгон суроо-талап азаят деген божомолду кескин деле өзгөртүп жиберген жок. Күндүн глобалдуу жылышына каршы күрөшүү жана "жашыл энергетиканын" болуп көрбөгөндөй өнүгүүсү деген эки пунктуга коронавирус планетанын экономикасын нефтинин баасы мурунку калыбына таптакыр келбегидей өзгөрттү деген нерсе кошулмакчы. Башкача айтканда, коронавирус керек болсо элдин баары аралыктан иштеп, жумушка баруу үчүн автоунаа колдонулбай кала турган абалга жеткирип коюшу мүмкүн. Мындай шартта эмгек өргүүгө чыккандар да башка өлкөгө барууну токтотушат, анткени эпидемия туризмге да катуу сокку урду.

Биринен сала бири банкрот болуп... АКШ сланец туңгуюгунан чыга албай калабы

Дүйнөлүк экономика эки же төрт жылда калыбына келеби, кандай болгон күндө да нефтиге болгон суроо-талаптын табигый түрдө өсүүсүн жайлатат. Кызматкерлердин көбүн аралыктан иштөөгө өткөрүү туралуу сөз 2004-жылдан бери, интернет өнүккөндөн тарта сөз болуп келе жатат. Бирок бул багытта жүргүзүлгөн бир катар эксперименттер натыйжасыз болуп чыкты. Тартип начарлап, жумуштун майнаптуулугу азайганы байкалган. Мындан тышкары, үйдөн иштеген кызматкерлер жумуштагы кесиптештери жетекчилик менен көзмө-көз сүйлөшүп, кеңсе саясатын мыкты өздөштүргөнүн түшүнгөн. Жыйынтыгында кызматтык тепкичтен дал ошол кеңсеге барып иштегендер көтөрүлгөн да, аралыктан иштөөнүн анча жакшы эмес жагын далилдеген.

Мунайга болгон суроо-талапка чынында электромобилдерди, электр кубаты менен жүргөн жүк ташуучу унааларды, деңиз менен жүрө турган контейнер ташуучулардын атаандаштыкка жөндөмүн арттыруучу кандайдыр бир технологиялык ачылыш гана кооптуулук жаратышы мүмкүн. Бирок коронавирус бул жаатта эч жаңылык алып келген жок — жаңы технологиялар кооптуулугу буга чейин да боло келген. Ал эми нефтиден мажбурлап баш тарттыруу же "климатты сактап калуу" идеясы менен ооруган өлкөлөрдө көмүр суутекке тариф киргизүү тууралуу айтсак, Эммануэль Макрон менен "сары жилеттердин" тажрыйбасы углеродсуз экономиканы түзүү өтө начар демилге экенин көрсөттү.

Газ жана Израиль: Европа дагы бир жол таптыбы?

Бирок күнү бүтүп бараткан тармакка салынган инвестиция адатта бир топ пайдалуу экени кызык. Балким бир-эки жылдан кийин мунай жаатындагы азыркы айтылып жаткан көйгөйлөр күлкүлүү болуп чыга келер. Мында суроо-талап гана эмес, сунуш дагы азайышы мүмкүн.

Мисалы, көз карандысыз Parsley Energy сланец компаниясынын президенти Мэтт Гэллэхер Financial Times гезитине маек куруп жатып, АКШ мунай казуунун жеткен чегинен өткөнүн, бир күндө 13,1 миллион баррель өндүргөн рекорддук учурга кайтуу мүмкүн эместигин айткан.

Андан тышкары, АКШ мунайынын сланецтик запасы көбүнесе апыртылып айтылганы ачыкталды. Бул "Кремлдин пропагандасы" эмес, америкалык Bloomberg маалымат агенттигинин изилдөөсүнүн жыйынтыгы.

Европа менен Америка Россиянын газ түтүгүнөн улам тирешүүгө барабы?

Акыркы жылдары мунай казууга инвестициянын жетишсиздигин эске алсак, эпидемиядан кийин суроо-талап калыбына келип, аны канааттандыруу үчүн нефтинин өзү жетпей калышы да мүмкүн. Анда ОПЕК+ альянсынын алдында мунай казуунун менеджментин туура уюштуруу маселеси жаралат. Болгону нефтинин баасы алда канча жогору болмокчу.

365
Белгилер:
Мунай, казуу, ОПЕК, өндүрүш, АКШ, нефть
Тема боюнча
Мунай мунасасы: жаңы келишим жалпыга тегиз пайдалуубу?
Ош облусунда уурулукка шектелип кармалган жараныдн үйүнөн табылган алтын буюмдар

1,5 млн. сомдук сөйкөлөр. Оштогу шектүүнүн жер төлөсүнөн уурдалган алтындар табылды

0
(жаңыланган 17:10 04.08.2020)
Учурда кармалган шектүүнүн мындан башка да кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун милиция иликтеп жатат.

ОШ, 4-авг. – Sputnik. Ош облусунун аймагында алтын буюмдарды уурдоого шектүү киши кармалып, үйүнүн жер төлөсүнөн 1.5 миллион сомдук сөйкө, шакек, чынжырчалар – зер буюмдар табылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Багида Кармышакова билдирди.

  • Краденные золотые изделия с примерной стоимостью в 1,5 миллиона сомов
    Ош облусунун аймагында алтын буюмдарды уурдоого шектүү киши кармалып, үйүнүн жер төлөсүнөн 1.5 миллион сомдук сөйкө, шакек, чынжырчалар – зер буюмдар табылды
    © Фото / пресс-служба УВД Ошской области
  • Краденные золотые изделия с примерной стоимостью в 1,5 миллиона сомов
    Азыркы учурда далил катары алынган алтын буюмдардын наркы такталып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
    © Фото / пресс-служба УВД Ошской области
1 / 2
© Фото / пресс-служба УВД Ошской области
Ош облусунун аймагында алтын буюмдарды уурдоого шектүү киши кармалып, үйүнүн жер төлөсүнөн 1.5 миллион сомдук сөйкө, шакек, чынжырчалар – зер буюмдар табылды

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 17-июлунда Ноокат РИИБге Ош шаарынын 29 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал Ноокат шаарында жайгашкан зер буюмдар дүкөнүнө белгисиз адамдар мыйзамсыз кирип, 150 000 сом акчасын жана алтындарын уурдап кеткенин билдирген.

Кудум кинодогудай! 20 секундада дүкөндөгү банкоматты уурдап кеткен видео

Жабырлануучунун арызы боюнча Жазык кодексинин 200-беренесинде (Уурдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын 53 жаштагы тургуну, мурда соттолгон М.А. аттуу киши кармалган. Ал райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

31-июль күнү М.А.нын Шарк айыл аймагындагы турак үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда короосундагы жыйналып турган кыштардын арасынан Кыргызстандын сегиз жаранынын паспорту, эки даана айдоочулук күбөлүк, жети даана банк карты табылган. Ал эми үйүнүн жер төлөсүндөгү көмүлгөн банкадан болжол менен 1 млн. 500 миӊ сомдук алтын буюмдар табылып, алынган.

Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноду деген киши кармалды

Азыркы учурда далил катары алынган алтын буюмдардын наркы такталып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Шектүүнүн мындан башка да кылмыш иштерине катыштыгы бар же жоктугу текшерилип жатат.

0
Белгилер:
уурулук, милиция, жер төлө, буюм, алтын, Ноокат
Тема боюнча
Телевизор уурдагандардын кылыгы соцтармакты күлкүгө салды. Видео
Жалал-Абадда 37 тонна мунай уурдоого шектелген эки киши үй камагына чыгарылды