Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп

© REUTERS / DADO RUVICБир долларлык купюра медициналык маска менен. Иллюстративдик сүрөт
Бир долларлык купюра медициналык маска менен. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан пандемия маалында коронавируска каршы күрөшүү жана кесепетин жоюу үчүн чет элдик донорлордон 773,09 миллион доллар сурады. Аталган каражаттын 597,38 миллион доллары кредит, 172,2 миллиону грант түрүндө берилмекчи. Бул сумма өлкө бюджетинин дээрлик жарымы.

Чет өлкөлөрдөн алынып жаткан карыз тууралуу өкмөттүн 16-сентябрга карата берген маалыматына таянсак, учурда Кыргызстанга сураган акчанын 338,43 миллион доллары келип түштү. Этап-этабы менен дагы 434,65 миллион доллар алынары күтүлүүдө.

Sputnik Кыргызстан агенттиги коронавирустун таасири менен алынган карыздын суммасы жана анын кайда жумшалганы туурасында материал даярдады.

Кыргыз өкмөтү чет мамлекеттин жана эл аралык 10 банк менен сүйлөшүп, насыя жана кайтарымсыз каражат тартууга макулдашкан. Ал акча пенсия, жөлөк пул жана маяна төлөөгө, экономикалык кризистен чыгуу үчүн жеңилдетилген насыяларды берүүгө, медициналык жабдууларды жана дары-дармек сатып алууга жумшалат.

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЭл аралык валюта фондунун имараты
Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп - Sputnik Кыргызстан
Эл аралык валюта фондунун имараты

1. Эл аралык валюта фонду

Кыргызстанда карантиндик режим жарыяланары менен биринчи болуп тез арада Эл аралык валюта фонду бюджетти колдоо багытында насыя берген.

31-мартта биринчи транш менен 120,84 миллион доллар алынып, пенсия, жөлөк пул, бюджеттик кызматкерлерге маяна төлөөгө жана саламаттык сактоо секторунун чыгымдарын каржылоого сарпталган.

Корумду — Балбай жолун оңдоого Араб өлкөлөрүнөн 116 млн доллар насыя алынат

Ал эми 13-майда ЭВФ экинчи транш менен 121,09 миллион доллар Финансы министрлигинин борбордук казыналыгына которду. Ал каражат дагы биринчи транш сыяктуу эле колдонулган.

© AFP 2023 / TED ALJIBEАзия өнүктүрүү банктын имараты
Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп - Sputnik Кыргызстан
Азия өнүктүрүү банктын имараты

2. Азия өнүктүрүү банкы

Бул банк менен кыргыз өкмөтү 151,06 миллион доллар алууга макулдашкан. Анын ичинен 46,2 миллион доллары грант, 104,86 миллиону насыя.

Натыйжада 10-июнь күнү 50 миллион доллар (жарымы грант) келип түштү. Бул каражат республикалык бюджеттин дефицитин жабууга жумшалганы айтылат.

Алдыда бюджетти колдоо багыты боюнча 80,56 миллион доллар (10,7 миллиону грант) келери күтүлүүдө. Мындан сырткары, дагы 20 миллион доллар (жарымы грант) берет. Ага COVID-19га каршы күрөшүүгө зарыл болгон медициналык каражат жана дары-дармектерди сатып алуу каралган.

Азык-түлүк коопсуздугу менен камсыздоо максатында фермерлерди, чакан жана орто бизнести колдоо максатында 500 миң доллар кредит алынат.

© AFP 2023 / ERIC BARADATДүйнөлүк банктын имараты
Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк банктын имараты

3. Дүйнөлүк банк

Бул донор жалпысынан 112,35 миллион доллар берүүгө камынууда. Анын ичинен 61,77 миллион доллары грант, 60,57 миллиону кредит.

Макулдашылган сумманын 5,5 миллион доллары өлкө казынасына келип түшүп, медициналык мекемелерди жабдуу менен камсыздоого жана дары-дармек сатып алууга жумшалган. Ушундай эле максатта дагы 15,65 миллион доллар алынары күтүлүүдө.

Ал эми 101,2 миллион доллары жакын арада Финансы министрлигинин борбордук казыналыгына которулат.

Кыргызстанда пандемия маалында кредит алгандар менен депозиттердин саны өстү

Пландалган каражаттын 100 миллиону коронавирустун кесепетинен жаралган экономикалык кризистен чыгуу үчүн чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү максатында алынат. Башкача айтканда, жеңилдетилген насыя берүү үчүн каралган. Калган 1,2 миллион доллар калкты азык-түлүк коопсуздугу менен камсыздоо максатында фермерлерди, чакан жана орто бизнести колдоо үчүн насыя берүүгө керектелет.

4. Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы

Жеке секторду колдоо жана бизнести кризистен чыгаруу максатында 50 миллион доллар кредит алуу макулдашылды. Каражат келип түшө элек.

5. Ислам өнүктүрүү банкы

Бул банк өлкөгө 15 миллион доллар кредит берүүнү пландап жатат. Ал акчага медициналык жабдуу жана дары-дармек сатып алынат.

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүЕвропа биримдигинин желеги
Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп - Sputnik Кыргызстан
Европа биримдигинин желеги

6. Европа биримдиги

Европа биримдиги Кыргызстанга 33,88 миллион доллар грант берүүгө макул болду.

Келишилген сумманын 16,83 миллион доллары 9-июль күнү алынып, билим берүү тармагындагы программаларды ишке ашырууга багытталган.

Ушул эле күнү дагы 10,45 миллион доллары Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына келип түшкөн. Ал өлкөдөгү Европа биримдигинин социалдык коргоо тармагындагы долбоорун ишке ашырууга жумшалат. Калган 6,6 миллион доллары декабрь айында которулуп, өлкөнү санариптештирүү иш-чараларына колдонулмакчы.

© AP Photo / Michael SohnГермания өнүктүрүү банктын имараты
Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп - Sputnik Кыргызстан
Германия өнүктүрүү банктын имараты

7. Германия өнүктүрүү банкы (KfW)

Германиянын банкы грант түрүндө 30,35 миллион доллар берип жатат.

9-апрелде 13,71 доллар алынып азык-түлүк коопсуздугу менен камсыздоо максатында кыргызстандык фермерлерди, чакан жана орто бизнести колдоо үчүн насыя берилген.

Быйыл мамлекеттик карызды тейлөөгө 18 млрд сомдон ашык акча жумшалды

Ушундай эле багыт менен дагы 16,64 миллион доллар кайтарымсыз негизде берилмекчи.

8. Евразия туруктуулук жана өнүктүрүү фонду

Бул фонд 100 миллион доллар кредит берүүгө белсенип турат. Ал каражат социалдык маанидеги чыгымдарды каржылоого багытталган. Бул кайра эле пенсия, жөлөк пул жана мамлекеттик кызматкерлерге маяна төлөө үчүн алынууда.

9. Европа инвестициялык банкы

Бул донордон 25 миллион доллар кредит алуу пландалып жатат.

Каражат "Агрардык өндүрүш-тиричилик чынжырчасын каржылоо" долбоорун ишке ашырууга багытталган. Анын максаты — агро өндүрүш сектору менен алектенген чакан жана орто ишканаларга узак мөөнөткө насыя берүү.

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЯпониянын желеги
Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп - Sputnik Кыргызстан
Япониянын желеги

10. Япония

Кыргыз өкмөтү Япония менен 3,5 миллион доллар грант алуу боюнча сүйлөшүп жатат. Ал акчаны азык-түлүк коопсуздугу менен камсыздоо максатында фермерлерди, чакан жана орто бизнести колдоо үчүн насыя берүүгө жумшайт.

© AFP 2023 / BRENDAN SMIALOWSKIЖүз долларлык банкноталар
Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп - Sputnik Кыргызстан
Жүз долларлык банкноталар

Пандемияда сураган карыз өлкө бюджетинин жарымына жакындады

Кыргызстан чет жактан алып жаткан 773,09 миллион долларды азыркы курс менен улуттук валютага которгондо 61 миллиард 383,4 миллион сом болот. Бул сумма өлкө бюджетинин жарымына жакындай түшөт. Учурда республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 135 миллиард 346,8 миллион сом.

Ал ортодо Кыргызстандын эгемен тарыхындагы карызынын көлөмү рекорддук чекке жетти. Финансы министрлигинин маалыматы боюнча июль айынын аягында мамлекеттик карыздын жалпы суммасы 4 миллиард 824 миллион долларды чапчыды.

Кытайга болгон карыз кантип өстү? Кыргызстан аны жеңилдетүүнү суранууда

Буга чейин 2018-жылы январда сырткы карыздын көлөмү эң жогорку чекке жетип 4 миллиард 139,3 миллион долларды түзгөн. Бирок Россия 240 миллион доллар насыясын кечип жибергенине байланыштуу кайра бир аз азайган болчу.

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVБишкектеги күндүзгү стационар
Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги күндүзгү стационар

Коронавирустун кесепети тууралуу кыскача

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган алгачкы адам 18-мартта аныкталган. 21-марттан тарта Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланган. Ал эми 25-мартта негизги шаарларга өзгөчө абал режими киргизилди. Буга байланыштуу чек аралар жабылып, мекеме, ишканалар 36 күнгө ишин токтотуу. Айрым тармактар эки ай бою иштеген жок. Июль айында эпидемиологиялык кырдаал кайрадан курчуп, дагы бир нече чектөөлөр киргизилди.

Финансы министрлиги мунун кесепетинен жыл соңуна чейин бюджетке 30 миллиард сомдон көп каражат түшпөй каларын эсептеп чыкты. Себеби чек ара жабылганда бажы төлөмдөрү жана салыктардан казынага акча түшпөй калды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алган адамдардын саны 45 244кө жетти. Анын ичинен 41 415 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, өпкөнү сезгенткен оору 1 063 кыргызстандыктын өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0