АКШ долларлары. Архив

КРдин карыздан кутулуусуна коррупционерлер менен кредиторлор кантип жардам берет

830
(жаңыланган 15:36 06.11.2020)
Кыргызстандын тышкы карызы рекорддук көрсөткүчкө жетип, 4,17 миллиард доллардан ашып кетти. Адистер аны кантип азайтуу же таптакыр кутулуу жолдорун айтып беришти.

Кечээ, 5-ноябрь күнү, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ишкерлерден, мигранттардан жана карапайым жарандардан тышкы карыздан кутулуу үчүн атайын эсеп ачуу сунушу түшкөндүктөн, анын ачылганын билдирди. Ошондой эле чогулган акча социалдык маанилүү төлөмдөргө дагы жумшаларын кошумчалады.

Sputnik Кыргызстан редакциясы адистерге кайрылып, тышкы карыздан кутулуу жолдорун сурап көрдү. Мындан тышкары, буга чейинки аракеттерди эске салды.

Тышкы карыздын көлөмү

Июль айынын аягындагы маалыматтар боюнча, өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 миллиард 824 миллион долларга жеткен, анын ичинен тышкы карыз — 4 миллиард 169,6 миллион болсо, мунун 1,8 миллиарды бир гана Кытай алдындагы бересе (июндагы маалымат боюнча).

Белгилей кетсек, жалпы жана тышкы карыз дагы өлкө тарыхында мынчалык көбөйө элек болчу.

Банкноты номиналом в 100 долларов разложенные лицевой стороной в Бюро гравировки и печати. Вашингтон, округ Колумбия. США
© AFP 2021 / MARK WILSON
АКШ долларлары

Карыздан кутулуу үчүн акча чогултуу тажрыйбасы

Карыздан кутулуу үчүн акча чогултуу Кыргызстан үчүн жаңылык эмес. 2018-жылдын апрель айында ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте сүйлөп жатып, Жогорку Кеңеш депутаттары менен коомчулуктан мамлекетке жардам берүү үчүн атайын эсеп ачуу сунушу түшүп жатканын айткан. Бирок идея сөз бойдон эле калып калган.

Ошол эле учурда (2018-жылдын жаз айларында) интернетте активисттер кыргызстандыктарга Кытай алдындагы карыздан кутулууну сунуштаган видео тараган. Айрым жарандар Кытай карыз үчүн Кыргызстандын жерлерин алып коюшу мүмкүн экен деп тынчсызданган. Бирок каршы пикир айткандар дагы чыгып, сунуш колдоо тапкан эмес.

Кыргызстандын карызы 1 млрд. долларга өстүбү? Министрликтин жообу

Өлкө тарыхында атайын эсеп ачылган учур болгон. 2007-2012-жылдар ортосунда ага 3,3 миң доллар жана 803 миң сом салынган. Каалоочулар акчасын биринчи жылы көп салып, кийинки жалдары эсеп акырындан унутта кала баштаган. Бирок ошол каражат чындап эле мамлекеттик карыздан кутулууга жумшалган.

Карызды кечип койгулачы

Карыздан кутулуунун дагы бир жолу бар — кредитордон аны кечип же кандайдыр бир жолдорун таап кыскартып берүүнү суранса болот. Экинчи вариант тууралуу кийинчерээк сөз кылабыз.

Өлкө тарыхында бул боюнча ийгиликтүү дагы, анча жемишин бербеген дагы аракеттер болгон. Мисалы, 2002 жана 2005-жылдары Париж клубу Кыргызстандын ири көлөмдөгү карызын "чийип" салган. Тагыраагы, 2005-жылы кредиторлор 124,4 миллион долларды албай турганын айтып, ушундай эле сумма боюнча төлөө мөөнөтүн жети жылга жылдырып берген.

Париж клубу — кредит берүүчү болуп эсептелген өнүккөн өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык бейрасмий уюму. Анын милдети — өнүгүп келе жаткан өлкөлөр кредиттик милдеттерин аткара албай калган учурда жардам катары насыя шарттарын жеңилдетип берүү.

Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?

Ал эми 2012-жылы Түркия Кыргызстандын 49,2 миллион доллар карызын кечкен.

Бирок Кыргызстан үчүн ири сумма болуп эсептелген 488,9 миллион долларды 2012-2017-жылдар аралыгында Россия кечип койгон эле.

Открытие учений ШОС Мирная миссия-2016
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстандын жана Россиянын желектери

Анткен менен кредиторлордун бардыгы эле анчалык март эмес. Мисалы, 2018-жылы Кытай кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчүнө "Кыргызстандын карызды төлөөгө кудурети жетет, абалы туруктуу, өлкө бересесинен кутула алат" деп жооп берген.

Карыз боюнча быйылкы сүйлөшүүлөр

Пандемиянын айынын бюджеттин кирешеси азайып, чыгашасы көп болуп кетти. Мындан улам Кыргызстан жаңы кредиттерди алып, мурдагылардын төлөө мөөнөтүн жылдырууга аракет кылууда.

Июль айында бийлик дээрлик бардык кредиторлор менен 2020-жылкы төлөмдөрдү алдыдагы 3-4 жылга узартуу боюнча сүйлөшүүлөр болгонун айткан.

Жакында эле Финансы министрлиги июнь айында Париж клубу менен келишимге кол коюлганын билдирди. Ага ылайык, уюмга мүчө-өлкөлөр тышкы карызды тейлөөнү (10,9 миллион доллар) 2020-жылдын аягына чейин токтотуп берген. Башка өлкө жана өнөктөштөр менен карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөр улантылууда.

Сентябрь айында ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга Кыргызстандын карызын жеңилдетип берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ошол эле учурда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып тышкы карызды жиңилдетип, анын ордуна өлкөдө туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун баштоо сунушун киргизген.

Атайын эсеп ачуу идеясы жакшыбы?

Мамлекеттик карыз боюнча адис Бактыбек Сатыбеков мурдагы эсепке анча көп каражат түшпөгөнүн эске салды.

Представитель общественного совета Министерства финансов КР Бактыбек Сатыбеков в мультимедийном центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мамлекеттик карыз боюнча адис Бактыбек Сатыбеков
"Бул жолу деле ошондой абал болот. Экономикалык кризис болуп турган учурда элден ачка чогултуунун өзү жакшы идея эмес. Эл акча бере албаса керек. Жардам бергиси келсе дагы көпчүлүккө жукарган чөнтөктөр мүмкүнчүлүк бербейт", — деди Сатыбеков.

Мурда өкмөт аппаратын жана айыл чарба министрлигин жетектеген Төрөгул Бековдун пикиринде, бул — жакшы, көңүл бурарлык идея.

Экс-министр Кыргызстана Торогул Беков. Архивное фото
© Фото / предоставлено Торогулом Бековым
Мурда өкмөт аппаратын жана айыл чарба министрлигин жетектеген Төрөгул Беков
"Каалаган, мүмкүнчүлүгү бар адамдар акча которушат да", — деди Беков.

"Кумтөрдүн" акциясын сатуу

Адистер ошондой эле карыз азабын жеңилдетүүнүн жолдорун сунуштады. Сатыбековдун айтымында, 2000-жылдары Кыргызстанда бюджеттин ичинде карызды төйлөөгө өзүнчө эсеп ачылган. Ал жакка менчиктештирүү жана мамлекеттик ишканалардын дивиденддер кирешелери түшүп турган.

"Ошол учурда мамлекет тышкы карыздан кутулуу үчүн деген каражаттарыбызды жалпы "казанга" ыргыта бербейли. Ал жактан жок болуп кетет деп так кесе айткан. Ошондон тарта өтө маанилүү деген карыздардан кутулуу үчүн атайылап каражат топтоо чечими кабыл алынган", — деди адис.

Анын пикиринде, азыр деле ошол механизмди пайдалансак болот.

"Болгону кайсы каражатты ал жакка саларыбызды чечип алышыбыз керек. Мисалы, азыр негизги көйгөй карыз болуп жатса, жолдорду куруу, электр кабелдерин тартуу сыяктуу долбоорлорду токтото туруу зарыл", — деди Сатыбеков.

Ошондой эле ал аталган эсепке менчиктештирүүдөн түшкөн акчаларды салса болорун айтты.

"Сатканга эч нерсебиз жокпу? Centerra компаниясындагы акциябызды сатсак болот. Баалуу кагаздарыбыз жөн эле жатса, карыздарды мойнубузга үйүп эмне кылабыз? Ал кагаздар чоң киреше алып келген жок, дивиденддери өтө төмөн. Мындан тышкары, бир нече мамлекеттик банкыбыз бар, аларды да сатуу керек. Бизде банк сектору жакшы иштейт, мамлекетке банктын эмне кереги бар? Аларды сатуудан он миллиарддаган сом киреше көрсө болот. Элге, бизнеске жардам берип, карыздын бир бөлүгүнөн кутулуп койсок жакшы да", — деди серепчи.

Кыргызстандын тышкы карызы тездик менен өсүүдө. Инфографика

Анын айтымында, менчиктештирүү жөн гана акча алып келбестен, экономикага бир аз жан киргизгенге шарт түзөт. Анткени мамлекет активдердин ээси катары жакшы иштебейт.

Кыргызстандын Centerra Gold Inc. (Кумтөр кенин иштеткен) компаниясындагы акциялар пакети 750 миллион доллардан жогору турат.

Өзүбүздөн-өзүбүз карыз алып...

Ушуга окшош эле көз карашты мамлекеттик карыз боюнча адис Чынара Айтбаева дагы карманат. Ал мамлекеттин үлүшү бар компаниялардын акцияларын элге сатууну сунуштайт.

Эксперт по госдолгу Чинара Айтбаева. Архивное фото
© Фото / Айзада Акылбекова
Мамлекеттик карыз боюнча адис Чынара Айтбаева
"Бул акча табуудан тышкары, калкка ошол ишканаларга өзүн кожоюн сезгенге мүмкүндүк берет", — деди ал.

Ошондой эле адис баалуу кагаздарды көбүрөөк чыгарып, мүмкүнчүлүгү бар жарандар менен юридикалык тараптарга аны сатып алуу сунушталышы керектигин айтат.

"Үчүнчү жолу — инвестиция тартуу боюнча сырттан консультант жалдашыбыз керек. Бизге экономикалык секирик жасап, карыздардан дагы кутулуу үчүн 10 миллиарддаган долларлык инвестиция зарыл. Албетте, аны грант катары алууга басым жасашыбыз зарыл. Эгер кредиттер болсо, жеке секторго берип, инвестициянын коопсуздугун кепилдеп, бирок өкмөттүн гарантысыз кылганыбыз туура болот", — деди Айтбаева.

Кредиторлорго карызды кечүү пайда алып келгидей кылыш керек

Мурдагы өкмөт аппаратынын жетекчиси Беков карыздан кутулуунун бир нече вариантын сунуштады. Бардыгы алмашуу механизми менен байланыштуу.

Кыргызстан 2021-жылы карызынын канчасын төлөөгө милдеттүү? Расмий жооп

Алар:

  • Карызды кечкендиги үчүн экологиялык долбоорлорду сунуштоо. Мисалы, Кыргызстан зыяндуу таштандыларды кыскартууга макулдугун берет;
  • Кредитор мамлекеттерден келген ишкерлерге жеңилдик берүү. Мисалы, аларга эркин экономикалык аймактарды түзүү;
  • Кредитор мамлекеттерден алар өндүргөн кайсы бир товарларды сатып алуу боюнча келишим түзүү. Бул ал өлкөнүн бизнес тармагына кошумча рынок табууга жардам берет. Албетте, мында бардыгы максаттуу түрдө кылынып, суверенитет бузулбашы керек;
  • Бековдун дагы эки сунушун өзүнчө бөлүп берүүнү чечтик.

Дүйнөлүк аренада кредитор өлкөлөрдүн кызыкчылыгын колдоп берүү. Мисалы, Кыргызстан БУУ жана ушул сыяктуу эл аралык уюмдарга мүчө.

"Кредиторлор бизге жардам кылып койсо, биз жооп иретинде алардын демилгелерин колдоп беребиз. Мисалы, кайсы бир өлкө 2028-жылы өз аймагында Олимпиаданы же футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүнү көздөп жатат дейли. Биз аны эл аралык аренада колдоп, кубаттайбыз. Анткени бул жерде ар бир пикир маанилүү", — деди Беков.

Кыргызстан тарыхта биринчи жолу карыз төлөөдө 35 млрд. сом сарпташы мүмкүн

Коррупционерди баатырга айлантуу

Ошондой эле ал тергөө учурунда мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштады. Тагыраагы, соттолгон коррупционерлер өлкөгө алган акчасын бир тыйынга чейин кайтарып берет, ал эми бийлик ага бир катар жеңилдиктерди сунуштайт. Мисалы, кайра эл катарына кошулууга шарт түзүлөт.

"Биричиден, жаза мөөнөтү кыскарат, коррупционер патриотко айланат, жадагалса орден берилет. Ал баланча акча төктүм, акталдым деп сыймыктанат. Ошондон тарта, шарттуу түрдө тышкы карыздын 10 пайызын жаап берген баатырга айланат", — деди Беков.

Сөзүнүн аягында ал, мисалы, 100 коррупционер аткаминер 50 миллион доллардан мамлекетке кайтарып берсе, чогулган 5 миллиард менен мамлекеттик карызды жаап койсо болорун айтат.

830
Белгилер:
экономика, эсеп, Төрөгул Беков, тышкы карыз, Кыргызстан
Тема боюнча
Финансы министрлиги: тышкы карызды төлөө үчүн депозиттик эсеп ачылды
Жапаров: тышкы карыздан өз ресурстарыбыз менен кутулсак болот, эсеп ачылды
АКШ президенти Жо Байден

Кыйынды кыртышы сүйбөгөн саясат