Мунайды кайра иштетүүчү комплекстин оператору. Архив

Мунайдын баасы дагы канча убакыт кымбаттайт? Саресеп

483
(жаңыланган 23:27 11.02.2021)
Мунай рыногунда жылыш бар. Баа баррелине 61 доллардан ашты. Тармак каатчыл жылдан кийин калыбына түшүп барат.

Талдоочулар баа суроо-талаптын өсүшүнөн улам эң оболу Азия мамлекеттеринин эсебинен кыйла көтөрүлөрүн болжолдоп жатышат. Анткени алар жашыл энергетикага азырынча ашыгышпайт. Анткен менен абалды Евробиримдик жана Япония өзгөртүшү мүмкүн. Кырдаал кандай нук аларына Ирина Бадмаева сереп салды.

Пандемия кара алтындын баасын алсыратты

Мунай тармагы пандемиядан катуу жабыркады. Өнөр жай ишканалары ишин токтотту, ташуу жана аба каттамдары кыскарды. Негизги мунай өндүрүмү болгон күйүүчү майга талап кескин азайды. Ошондуктан ОПЕК+ мүчө өлкөлөр мунай казууну кескин кыскартууга мажбур болушкан. Маселен, Россия өндүрүш көлөмүн 8,5 пайызга төмөндөткөнүн былтыр декабрда РФ вице-премьери Александр Новак Владимир Путин менен жолукканда айткан.

Ошентсе да апрелден июндун ортосуна чейин баррелине 20 доллардан жогорулады. ОПЕК+ келишимине ылайык, Иран америкалык санкциялардын айынан суткасына 2,8 миллион баррелден 0,3 миллионго азайткан. Декабрда бир баррели 52 долларга жетти. Андан кийин коронавирустун жаңы штаммы туурасындагы маалыматтар жана кезектеги чектөөлөрдөн улам кайра артка кеткен.

Азыр суроо-талап калыбына келип жаткан убак. Рынокто масштабдуу эмдөө, илдет төмөндөйт деген убадалар жана бир катар өлкөлөрдө карантиндин аякташы үмүт жандырат.

Февралда баалар туруктуу түрдө көтөрүлүүдө. Brent маркасынын баррели 61 долларга чыкты. Акыркы жолу былтыр 7-январда баа ушундай деңгээлде эле.

ОПЕК — баарынын башаты

ОПЕК суроо-талап жана сунушка жараша жыл сайын квоталарды кайра карап чыгат.

"Мындай жол рыноктун катышуучуларын жооткотот. Вакциналардын майнапсыз жана экономиканын ковидге чейинки деңгээлине жай кайта турган болсо, алар картелдин колдоосуна таянат", — деп белгилейт Каржылык башкаруу жогорку мектебинин аналитикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Коган.

ОПЕК+ өлкөлөрү январдан тарта кен казууну суткасына эки миллион баррелге жогорулатуу сунушунан баш тарткан. Ошентсе да, Россия жана Казакстанга өндүрүштү бир аз көбөйткөн.

Калгандары февраль-март айларында күнүнө 1,425 миллион баррелден рыноктон ыктыярдуу түрдө алып турушат. Анан калса бир миллион Сауд Аравиясына туура келет. Бул убадалардан улам мунай кымбаттай бермекчи. Бирок аналитиктер дүркүрөгөн өсүштү күтүшпөйт. Бир нече фактор ага таасир этет. Эң оболу кор мурдагыдай эле жетишерлик, дүйнө жүзүндөгү мунай сактагычтарда миллиард баррелден ашуун көлөм топтолуп калды.

Ал ортодо Ливия да көлөмдү көбөйтүүдө. Ошондой эле рынокту Ирандан тартылган сырье каптайт.

"Ливия мунайы өсүп келе жаткан талапка доо кетире алат, ал эми ирандык мунай ОПЕК+ келишиминин саясатын оңдоого аргасыз кылат. Бирок, албетте, бул Вашингтон менен Тегеран тил табыша алса ишке ашырылат", — дейт Коган. Ал жакынкы айларда мунай 52-65 доллардын тегерегинде сатыларын боолголойт.

Мунай рыногун азиаттар кармап калат

Экономикасы алдыга озуп бараткан ыргакта калыптанып келе жаткан Азия мамлекеттеринин рыногу көмөкчү болот. Эл аралык энергетикалык агенттик суроо-талап 2021-жылы Кытайда суткасына 745 миң баррелге, ал эми Индияда 380 миң баррелге жогорулаарын болжойт.

Мындан тышкары, кытай жана индиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдорго азыр болжонгондон көп күйүүчү май керектелиши ыктымал. Бул өлкөлөр жашыл энергетикага өтүүгө ашыгышпайт эмеспи.

"Учак жана кемелер энергиянын альтернативдик булактарынан пайдаланбайт, мунайды алмаштыруу туурасында кеп да жок. Ошондуктан АКШ Энергетика министрлигинин 2050-жылга сырьёнун 173 долларга кымбаттай турганы тууралуу божомолу толук ыктымал.

Бул 2008-жылдагы тарыхый минимумдан (147) көбүрөөк. Ачыгы, жөнөкөй сценарий боюнча 95 долларга, ал эми жагдай начар нук ала турган болсо, баа 48 долларга түшөрү жоромолдонот.

Жашыл энергетиканын таралышы кандай болгон күндө да көмүртекке болгон талапты акырындап азайтат", — деп ой толгойт "Фонддук капитал" инвестициялык компаниясынын башкы аналитиги Даниил Болотских.

Германия энергетикалык тармактагы кайра жандандырылуучу булактардын үлүшүн эки эсеге жогорулатууну пландайт. Япония 2025-жылга чейин электрдик кыймылдаткычтарга ыктоого камынууда.

Кандай болгон күндө да Россиянын кымбаттап бараткан мунайга үмүттөнгөнү болбойт. Баа 173 долларга өскөн күндө да санкциялар калат. Ошондуктан он жылдап талкууланып келе жаткан экономиканы диверсификациялоо дале орчундуу маселе бойдон.

483
Белгилер:
энергетика, Азия, баа, Европа, нефть, мунай
Тема боюнча
2020-жылдын жыйынтыгы: дүйнөлүк газ рыногундагы "катуу бороон"
Аэропорттогу учак. Архив

Авиабилеттер качан арзандайт? Учурдагы абалга жана келечекке саресеп

940
(жаңыланган 16:58 02.03.2021)
Бүгүнкү күндө аба каттамдарына билет баасы мурункуга салыштырмалуу бир кыйла арзандап калган. Дагы бир нече рейстин кошулушу күтүлүүдө.

Sputnik Кыргызстан агенттиги учурдагы кырдаалга сереп салып, авиабилеттердин наркына кызыгып көрдү.

Пандемиядагы чектөөлөрдөн кийин Россия, Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрү Кыргызстан менен аба байланышын жарым-жартылай жандантты. Жарандык авиация агенттигинин каттамдарды жөнгө салуу боюнча ага инспектору Азис Уметалиев республикадагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Кыргызстандан азыр беш мамлекетке каттам жолго салынган.

"Азыркы учурда график боюнча Россияга, Түркияга, Араб Эмирлигине, Казакстанга жана Өзбекстанга үзгүлтүксүз рейстер бар. Россияга жумасына алты жолу учуп жатышат. "Авиатрафик" компаниясы үч жолу жана "Аэрофлоттун" учагы үч жолу учат. Ошондой эле Түркияга да жумасына үч жолу каттам жүрүүдө. Мында Pegasus Airlines, "Авиатрафик" жана Turkish Airlines компаниялары каттап жатышат. Ал эми Дубайга Flydubai аптасына үч ирет учууда", — деди Уметалиев.

Анын айтымында, "Авиатрафик" компаниясынын Россияга бирдиктүү баасы 335 еврону (болжол менен 34 116,77 сом) түзөт.

"Учурда Кыргызстандан Россияга билет тартыш болуп жатат. Ал эми, тескерисинче, ал жактан учак жарым-жартылай бош келүүдө", — деди ал.

Билет баасын билүү үчүн редакция "Авиатрафик" компаниясы менен байланышты. Оператор аталган компания учурда Бишкек — Москва жана Бишкек — Стамбул каттамы менен иш алып барып жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, Москвага билет наркы 335 еврону (болжол менен 34 116,77 сом) түзсө, Түркияга март айы ичинде 13 628 сомдон 34 220 сомго чейин турат.

Ошондой эле атын атагысы келбеген авиабилет сатуучу кыз Россиянын жаранына үч күн мурда эле 43 миң сомго билет сатканын айтты.

"Мен өзүм "Аэрофлот" компаниясынан билет алып, Бишкек — Москва, Бишкек — Ош каттамы боюнча алып сатар катары иштейм. Азыр эң арзан билет чартердик каттамдарга 30 миң сом болуп жатат. 48 миң сомго чыгып кеткен учурлар бар. Москвадан Бишкек менен Ошко билеттердин айырмасы 2000 сомду түзөт. Ал эми Россиядан Кыргызстанга билет баасы 10-12 миң рубль. Мурда эки тараптуу каттамдын баасы бирдей эле болсо, азыр ортосунда асман менен жердей айырма бар", — деди ал.

Алдын ала билет алууга буюртма берсе, авиакомпаниялардын сайтынан арзаныраак билет алууга мүмкүн экендигин көрө алабыз. Билетке канчалык эрте буюртма берсе, ошончолук арзан учуу мүмкүнчүлүгү бар.

Бүгүнкү күндө Россияга Кыргызстандан чартердик каттам менен учуу үчүн негиздеме талап кылынып, анын бар-жогун авиакомпания текшерет. Бул документти үч жагдайда гана алууга болот:

  • ден соолугуна байланыштуу дарылануу үчүн;
  • атайын тизмеге кирген уюмдун адиси болсо:
  • ата-энеси же жакыны ошол баруучу мамлекетте жашаса.

Кыргызстандагы Туризм ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана мурдагы төрагасы, ошондой эле билет сатуу менен алектенген авиакассанын жетекчиси Талант Токталиев негиздемени көзөмөлдөө функциясы эмне себептен авиакомпанияларга берилгендигин түшүндүрүп берди.

"Негиздемеси барларга жакын туугандарынын бири Россиянын жараны болгондор же чакыруу кагазы менен келишими бар атайын тизмеге кирген уюмдардын адистери кирет. Эгер Россиянын клиникаларына дарыланууга чакыруусу болсо да негиздеме ала алат. Негиздемени авиакомпаниялар эле текшергендигинин себеби, жарандар чет мамлекетке учуп баргандан кийин документи дал келбей калса, аны кайра депорт кылууга туура келип калат. Кеткен чыгымдын баарын авиакомпания өзүнүн мойнуна алат. Ошондой түшүнбөстүктөр болбошу үчүн негиздемени текшерүү иши Россиянын Чек ара кызматына эмес, учууга уруксат берилген авиакомпанияларга жүктөлгөн. Муну көпчүлүк түшүнбөй эле "Россиядан негиздемени сурабайт экен" деп нааразы болушууда. Бизге эле эмес бардык мамлекеттерге талап ушундай. Тескерисинче, биздин жарандар Өзбекстан менен Тажикстандын жарандарына караганда негиздемеден улам авиакаттам менен түз кирүү мүмкүнчүлүгүн алышкан", — деди Токталиев.

Ал мурункуга караганда билет баасы алда канча арзандап калгандыгын кошумчалады.

"Мурда билет наркы 60-80 миң сомго чейин барса, азыр 30-40 миң сомдун тегерегинде. Кээде 60 миң сомго чейин барууда. Бирок төмөнкү чектеги баа арзандап калды. Кошумча каттамдар да ачылып, үзгүлтүксүз учкан рейстердин саны көбөйдү. "Авиатрафик", "Аэрофлот", S7 компанияларына уруксат берилди. Оштон да Уфага жана Самарага негиздемеси бар рейстер коюлду. Кошумча каттам ачылганына байланыштуу билет баасы түшүп жатат", — деди Токталиев.

Ал билеттердин баасы мындан да арзандашы күтүлүп жаткандыгын белгиледи.

Ал эми борбордогу авиакассалардын биринде эмгектенген кызматкердин берген маалыматына караганда, Turkish Airlines компаниясы аркылуу ушу аралыкта 13 910 сомдон 23 835 сомго чейин Түркияга билет алууга болот. Ал эми эконом-класска эң кымбат билет баасы 90 826 миң сомду түзсө, бизнес-класстын эң кымбаты 120 066 сом болот.

Ошол эле учурда Дубайга Flydubai компаниясы аркылуу билет баасы 304,40 доллардан (болжолдуу түрдө 25 808,10 сом ) 1135,40 долларга (болжол менен 96 263,19 сом) чейин болуп жатат.

940
Белгилер:
Дубай, Түркия, Россия, Бишкек, билет, аба каттам
Тема боюнча
Алматы – Ош – Алматы чартердик каттамы ачылды
Эми учактар Бишкектен Москвага жумасына алты ирет каттай баштайт
АКШ долларлар. Иллюстративдик сүрөт

Стратегиялык кадам: Россия АКШ облигацияларына миллиард салды

155
(жаңыланган 22:32 25.02.2021)
Соңку жылдары Москва бул баалуу кагаздардан пландуу түрдө арылып келгени менен РФ Борбордук банкы өткөн жылдын декабрында Кошмо Штаттардын мамлекеттик карызына салымын дароо миллиард долларга жогорулатты.

Эмне үчүн дал азыркы убакта ушундай кадамга барышты? Ушул тема тегерегинде Наталья Дембинская ой учугун чубаган.

Баалуу кагаздар баяны

АКШ Каржы министрлигинин маалыматына таянсак, дал ушул тапта Россиянын 6,011 миллиарддык америкалык мамлекеттик облигациялары бар. Алардын ичинен 1,2 миллиарддык облигация – узак мөөнөттүү, ал эми 4,8 миллиарды — кыска мөөнөттүү баалуу кагазга салынган. Декабрда анын запасы миллиард долларга толукталган.

Бул кагаздарды сатуу менен АКШ өкмөтү бюджеттин таңсыктыгын жана башка чыгымдарын жабат. Америкалык мамлекеттик карыз дээрлик 28 триллионго чыккан.

2010-2013-жылдары россиялык салымдын көлөмү 170 миллиарддан ашкан. Москва ири трежерис ээлеринин катарына кирет. Бирок 2014-жылдын апрелинде Вашингтон санкция киргизген соң, аталган мамлекет облигациялардан кутула баштаган.

2018-жылы РФ Борбордук банкы АКШнын казыналык милдеттенмелер топтомун дароо эки эсе кыскартуу менен ири сатыкты уюштурган. Эл аралык резервдердеги америкалык баалуу кагаздардын үлүшү болушунча азайган. Аларга салынган каражатты РФ башкы банкы алтын, евро жана юанга жумшаган.

Диверсификация

Америкалык мамлекеттик карыз АКШнын Каржы министрлиги тарабынан чыгарылган баалуу кагаз болуп саналат. Вексель жана мамлекеттик облигацияларды жеке жана юридикалык тараптар, штат жана мамлекеттердин бийлиги сатып алышат.

Бул кагаздардан түшкөн киреше анчалык жогору эмес, эки жарым – үч пайыздын тегерегинде. Бирок европалык жана япониялык карыздар боюнча киреше дээрлик жок же терс пайдага ээ. Анткен менен кеп башкада: Кошмо Штаттардын мамлекеттик облигациялары дүйнөдөгү эң ынанымдуу жана акчага тез айланчу инструменттердин бири болуп саналат. Аларды сатып алуу жана сатуу жеңил.

"Убактылуу бош (ашыкча болуп) турган каражаттарды АКШнын мамлекеттик карызына салуу пайдалуу. Жылдык эки-үч пайыз – миллиарддар сөз болуп турганда кыйла көлөмдүү акча. Ушул учурда саясат экономикалык чечимдерге таасир этпөөгө тийиш", — дейт РФ Мамлекеттик думасынын каржылык рынок комитетинин мүчөсү Дмитрий Скриванов.

Ошентип, трежеристин көлөмүн көбөйтүү менен Москва рыноктон орун алышын белгилегендей болду. Бул эл аралык резервдерди диверсификациялоо үчүн керек. Азыр Россиянын 590 миллиард доллары бар, анын ичинен алты миллиарды түздөн-түз АКШнын мамлекеттик карызына салынган. Талдоочулар муну Москва жалпы дүйнөлүк тенденциялар менен кадамдаш экендигин түшүндүрөт. Долларга суроо-талап өсүп келет, анткени бул валюта өзгөрүлмөлүүлүккө жана инфляцияга анча дуушар болбойт.

"Миллиард доллар — кыйла ири сумма, муну активдердин кыйла чектелген тобуна салууга болот. Алтынга суроо-талап өтө жогору, евро менен юанда ансыз деле резервдин үлүшү чоң.

Америкалык мамлекеттик карызга салым салуу — бул диверсификациялоо элементи", — деп тактайт Өнөр жайчылар жана ишкерлердин орус-азиялык союзунун президенти Виталий Манкевич.

Кытай варианты

Былтыр декабрдын аягында Кошмо Штаттардын мамлекеттик баалуу кагаздарынын ири көлөмдөгү ээси Япония болгон (1,2 триллион доллар). Андан мурда бул багытта Кытай биринчи орунда эле, азыр Пекин 1,06 триллион доллар менен экинчи сапка түшкөн. Үчтүктү 428,9 миллиард доллар менен Улуу Британия жыйынтыктайт.

Соода согушунун айынан кытайлыктар 200 миллиарддан ашуун көлөмгө кыскартуу менен бул баалуу кагаздардан пландуу түрдө арылып келген. Анткен менен Пекиндин колундагы эбегейсиз америкалык карыз — Вашингтонго кысым көрсөтүүнүн күчтүү рычагы.

Уланып келе жаткан жаңжал кокус АКШнын экинчи ири чет элдик кредитору трежеристи масштабдуу сатууну уюштурушу ыктымал деген чочулоолорду күчөтөт. Андай көрүнүштүн кесепети оңдурбайт. Биринчиден, кыска убакытта 100-200 миллиарддык облигацияларды сатуу алардын баасын түшүрөрү турулуу иш.

Натыйжада Кытайдын өзүнүн тышкы актив жана резервдеринин наркы арзандаган трежеристи сатуудан түшкөн пайда сымал эле бир топ төмөндөйт. Ал аз келгенсип доллардын куну түшөт, ал эми Пекинге андай жагдайдын зарылдыгы жок. Америкалык валютанын чабалдашы кытай экспортун кымбаттатат.

Алтын кору

Бир нече жылдан бери россиялык Борбордук банк доллардан кутулуп, алтынга басым жасап келет. 2020-жылы резервдердеги баалуу металлдардын үлүшү алгач ирет америкалык валюталардын көлөмүнөн ашкан, ал эми февралда монетардык алтын кору 136,7 миллиардга жеткен.

РФтин алтын кору жыл ичинде дээрлик 28 тоннага өстү. Универсалдуу акчалай эквивалент деп эсептелген баалуу металл пайыздык киреше алып келүүчү активдерден да пайдалуулугу артып, санкциялык тобокелдиктердин бардык түрүнөн сактап келет.

Bloomberg белгилегендей, Россия дүйнөгө экономикасы үлкөн жана алтын валюталык резервдери көп өлкө доллардык активден арылып, андан кылы кыйшайып да койбосун көрсөттү.

155
Белгилер:
облигация, кагаз, АКШ, Россия
Тема боюнча
Мунайдын баасы дагы канча убакыт кымбаттайт? Саресеп
"Мындай нерсе жок эле": РФ кандай танк чыгарууга белсенди?
Абактын терезеси. Архив

Сокулук РИИБдин убактылуу кармоо жайында бир киши көз жумду. Ишти УКМК иликтейт

0
(жаңыланган 00:35 03.03.2021)
Ишти ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн текшерүү дайындалган. ИИМ, Чүй ОИИБи менен прокуратура жетекчилиги аны көзөмөлгө алган.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайда бир киши каза болгонун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

2-март таң эрте Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын күзөтчүсү камактагы 51 жаштагы эркек кишини эс-учун жоготкон абалда тапкан.

"Окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, медиктер киши көз жумганын аныкташкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды", — деп айтылат билдирмеде.

Каза тапкан адам Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен шектелип, эки айга камакка алынган.

Ишти ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн текшерүү дайындалган. ИИМ, Чүй ОИИБи менен прокуратура жетекчилиги ишти көзөмөлгө алган. Аталган факт каттоого алынып, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.

0
Белгилер:
шектүү, өлүм, милиция, Сокулук району, Чүй облусу
Тема боюнча
Бүгүн таңда Кара-Сууда үй ээсин өлтүрүп, сейфин алып кетишти. Эки шектүүнүн сүрөтү