АКШ долларлар. Иллюстративдик сүрөт

Стратегиялык кадам: Россия АКШ облигацияларына миллиард салды

(жаңыланган 22:32 25.02.2021)
Соңку жылдары Москва бул баалуу кагаздардан пландуу түрдө арылып келгени менен РФ Борбордук банкы өткөн жылдын декабрында Кошмо Штаттардын мамлекеттик карызына салымын дароо миллиард долларга жогорулатты.

Эмне үчүн дал азыркы убакта ушундай кадамга барышты? Ушул тема тегерегинде Наталья Дембинская ой учугун чубаган.

Баалуу кагаздар баяны

АКШ Каржы министрлигинин маалыматына таянсак, дал ушул тапта Россиянын 6,011 миллиарддык америкалык мамлекеттик облигациялары бар. Алардын ичинен 1,2 миллиарддык облигация – узак мөөнөттүү, ал эми 4,8 миллиарды — кыска мөөнөттүү баалуу кагазга салынган. Декабрда анын запасы миллиард долларга толукталган.

Бул кагаздарды сатуу менен АКШ өкмөтү бюджеттин таңсыктыгын жана башка чыгымдарын жабат. Америкалык мамлекеттик карыз дээрлик 28 триллионго чыккан.

2010-2013-жылдары россиялык салымдын көлөмү 170 миллиарддан ашкан. Москва ири трежерис ээлеринин катарына кирет. Бирок 2014-жылдын апрелинде Вашингтон санкция киргизген соң, аталган мамлекет облигациялардан кутула баштаган.

2018-жылы РФ Борбордук банкы АКШнын казыналык милдеттенмелер топтомун дароо эки эсе кыскартуу менен ири сатыкты уюштурган. Эл аралык резервдердеги америкалык баалуу кагаздардын үлүшү болушунча азайган. Аларга салынган каражатты РФ башкы банкы алтын, евро жана юанга жумшаган.

Диверсификация

Америкалык мамлекеттик карыз АКШнын Каржы министрлиги тарабынан чыгарылган баалуу кагаз болуп саналат. Вексель жана мамлекеттик облигацияларды жеке жана юридикалык тараптар, штат жана мамлекеттердин бийлиги сатып алышат.

Бул кагаздардан түшкөн киреше анчалык жогору эмес, эки жарым – үч пайыздын тегерегинде. Бирок европалык жана япониялык карыздар боюнча киреше дээрлик жок же терс пайдага ээ. Анткен менен кеп башкада: Кошмо Штаттардын мамлекеттик облигациялары дүйнөдөгү эң ынанымдуу жана акчага тез айланчу инструменттердин бири болуп саналат. Аларды сатып алуу жана сатуу жеңил.

"Убактылуу бош (ашыкча болуп) турган каражаттарды АКШнын мамлекеттик карызына салуу пайдалуу. Жылдык эки-үч пайыз – миллиарддар сөз болуп турганда кыйла көлөмдүү акча. Ушул учурда саясат экономикалык чечимдерге таасир этпөөгө тийиш", — дейт РФ Мамлекеттик думасынын каржылык рынок комитетинин мүчөсү Дмитрий Скриванов.

Ошентип, трежеристин көлөмүн көбөйтүү менен Москва рыноктон орун алышын белгилегендей болду. Бул эл аралык резервдерди диверсификациялоо үчүн керек. Азыр Россиянын 590 миллиард доллары бар, анын ичинен алты миллиарды түздөн-түз АКШнын мамлекеттик карызына салынган. Талдоочулар муну Москва жалпы дүйнөлүк тенденциялар менен кадамдаш экендигин түшүндүрөт. Долларга суроо-талап өсүп келет, анткени бул валюта өзгөрүлмөлүүлүккө жана инфляцияга анча дуушар болбойт.

"Миллиард доллар — кыйла ири сумма, муну активдердин кыйла чектелген тобуна салууга болот. Алтынга суроо-талап өтө жогору, евро менен юанда ансыз деле резервдин үлүшү чоң.

Америкалык мамлекеттик карызга салым салуу — бул диверсификациялоо элементи", — деп тактайт Өнөр жайчылар жана ишкерлердин орус-азиялык союзунун президенти Виталий Манкевич.

Кытай варианты

Былтыр декабрдын аягында Кошмо Штаттардын мамлекеттик баалуу кагаздарынын ири көлөмдөгү ээси Япония болгон (1,2 триллион доллар). Андан мурда бул багытта Кытай биринчи орунда эле, азыр Пекин 1,06 триллион доллар менен экинчи сапка түшкөн. Үчтүктү 428,9 миллиард доллар менен Улуу Британия жыйынтыктайт.

Соода согушунун айынан кытайлыктар 200 миллиарддан ашуун көлөмгө кыскартуу менен бул баалуу кагаздардан пландуу түрдө арылып келген. Анткен менен Пекиндин колундагы эбегейсиз америкалык карыз — Вашингтонго кысым көрсөтүүнүн күчтүү рычагы.

Уланып келе жаткан жаңжал кокус АКШнын экинчи ири чет элдик кредитору трежеристи масштабдуу сатууну уюштурушу ыктымал деген чочулоолорду күчөтөт. Андай көрүнүштүн кесепети оңдурбайт. Биринчиден, кыска убакытта 100-200 миллиарддык облигацияларды сатуу алардын баасын түшүрөрү турулуу иш.

Натыйжада Кытайдын өзүнүн тышкы актив жана резервдеринин наркы арзандаган трежеристи сатуудан түшкөн пайда сымал эле бир топ төмөндөйт. Ал аз келгенсип доллардын куну түшөт, ал эми Пекинге андай жагдайдын зарылдыгы жок. Америкалык валютанын чабалдашы кытай экспортун кымбаттатат.

Алтын кору

Бир нече жылдан бери россиялык Борбордук банк доллардан кутулуп, алтынга басым жасап келет. 2020-жылы резервдердеги баалуу металлдардын үлүшү алгач ирет америкалык валюталардын көлөмүнөн ашкан, ал эми февралда монетардык алтын кору 136,7 миллиардга жеткен.

РФтин алтын кору жыл ичинде дээрлик 28 тоннага өстү. Универсалдуу акчалай эквивалент деп эсептелген баалуу металл пайыздык киреше алып келүүчү активдерден да пайдалуулугу артып, санкциялык тобокелдиктердин бардык түрүнөн сактап келет.

Bloomberg белгилегендей, Россия дүйнөгө экономикасы үлкөн жана алтын валюталык резервдери көп өлкө доллардык активден арылып, андан кылы кыйшайып да койбосун көрсөттү.

Белгилер:
облигация, кагаз, АКШ, Россия
Тема боюнча
Мунайдын баасы дагы канча убакыт кымбаттайт? Саресеп
"Мындай нерсе жок эле": РФ кандай танк чыгарууга белсенди?
Күндүзгү стационардагы медицина кызматкери. Архив

11 миңдей орун даяр турат. Өкмөт COVID-19дун үчүнчү толкунунан кантип өтөт

(жаңыланган 11:47 12.04.2021)
Кыргызстанда коронавирустун божомолдонуп жаткан үчүнчү толкуну күндөн-күнгө жакындап келе жаткандай сезилүүдө. Март айынан бери Бишкек менен Чүйдө ооругандардын саны кескин көбөйдү.

Акыркы суткаларда COVID-19 боюнча Республикалык штабдын расмий статистикасы чеке жылытарлык эмес. Буга чейин бир күндө вирус аныкталгандардын саны 100дүн тегерегинде болуп келсе, 8-апрелде 222ге жетти.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз өкмөтү жаңы толкунга канчалык даяр экенине кызыкты.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустун үчүнчү толкуну Кыргызстанда май-июнь айларында башталышы мүмкүн экенин айтууда.

Буга чейин кыргызстандыктар коронавирустун эки толкунун баштан кечирди. Биринчиси июль айына туура келип, жуктургандардын саны боюнча эң жогоку көрсөткүч (1 264 киши) 18-июлда катталды. Экинчи толкун октябрь, ноябрь айларында болду. Жуктуруп алгандар 25-октябрь күнү (606 киши) эң көп болду.

Эмдөө

Учурда адам баласын COVID-19дан сактап калчу бирден-бир айла вакцина экени айтылууда. Препараттар иштелип чыгып көптөгөн өлкөлөр жарандарын эмдөөдөн өткөрүп жатат. Кыргызстанда вакцинация 29-мартта башталып, Кытайдын SinoPharm препараты колдонулууда. Ал 75 миң кишиге жетет.

Күтүлүп жактан вакциналар:

  • гуманитардык жардам иретинде убадаланган Россиянын 500 миң доза "Спутник V" вакцинасы май, июнь айларында келери айтылууда;
  • Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасын Россияда иштеп жүргөн мигранттар менен ишкерлердин эсебинен да сатып алууну пландоодо. Мындай демилгени сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктар  көтөргөнү айтылган;
  • COVAX программасынын алкагында өлкөгө 2 миллион 600 миң доза вакцина алынары дагы маалымдалган. Ал 1 миллион 300 миң адамга жетет;
  • Кытай бийлиги менен вакцина боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат;

Дүйнөлүк банк, Ислам банкы жана өз ыктыяры менен вакцина алып берүүгө даяр тараптар бар.

Медициналык кызматкерлер. Архив
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Мунун бардыгын эске алуу менен министр Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстан күзгө чейин вакцина менен толук камсыз болорун айтууда.

Баса, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, Кыргызстан калкынын 55 пайызы вакцина алууга толук даяр же бир аз да болсо каалоосу бар. Ал эми жалпысынан өлкөдө 18 жашка чейинки балдарды эске албаганда 2,5-3 миллион адам эмделиши керек.

Антитело канча убакытка чейин коргойт?

Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин окумуштуулардын изилдөөсүнө таянып билдиргенине караганда, антитело сегиз айдан бир жылга чейин жетет. 

Министр здравоохранения Кыргызстана Алымкадыр Бейшеналиев во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев
"2020-жылдын июнь-июль айларында ооруп айыккандарда антитело көбүрөөк. Кимдики жеңил формада өткөн болсо, алардын антителосу азайып кайра ооруп калуу коркунучу бар", — деди министр.

Ошол себептүү министрлик COVID-19ду жугузуп айыккандарга деле вакцина алып коюуну сунуштап жатат.

Кыргызстанда COVID-19дун кандай штаммдары бар?

Көпчүлүк кыргызстандыктар буга чейин COVID илдетине чалдыгып айыккан соң аларда антитело бар деген ойлор айтылууда. Бирок дүйнөдө коронавирустун жаңы штаммдары пайда болуп жатат.

Март айынын соңунда Казакстандын Алматы шаарында өтө тез тарап кетчү "британиялык" жана "түштүк африкалык" штаммдар табылган эле.

Учурда коңшуларда коронавируска кабылгандардын саны күн санап өсүп барат. Ал эми Алматы шаарынын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчисинин орун басары Асел Калыкова балдар арасында вирустун тарашына мутация болгон штаммдардын түздөн-түз тиешеси бар экенин айтып келет.

Бактыга жараша, Кыргызстанда азырынча коронавирустун "британиялык" штаммы жок. Саламаттык сактоо министрлигинин билдиргенине караганда, ушул тапта өлкө аймагында COVID-19дун мурда Россия, АКШ, Нидерланд, Германия, Исландия, БАЭ, Латвия, Щвейцария, Щвеция, Япония жана Израилде аныкталган түрлөрү кездешүүдө.

Чектөөлөр

Буга чейин Бишкекте тойлорду өткөрүүгө чектөө киргизүү пландалып жатканы айтылган. Өткөн аптада борбор калаанын жетекчилиги 55 жаштап өтүп тобокелдик тобуна кирип калган жарандарды өзгөчө зарылдык жаралмайынча сыртка чыкпай туруусун өтүндү.

Ал эми өкмөттөн мурдагыдай катаал чектөөлөр азырынча киргизилбесин, бирок коомдук жайларда, эл көп топтолгон жерлерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук нормалары күчөтүлөрүн айтышты.

Балдарды дарылоого дарыгерлер даярбы?

Өкмөттөн билдиришкендей, акыркы 4-6 жума ичинде коронавируска кабылган балдар арасында көп тутумдуу сезгенүү синдрому (Кавасаки сыяктуу синдром) катталды.

"Бул дарт менен 26 бала Эне жана баланы коргоо борборундагы кардиоревматология бөлүмүндө дарыланышты. Анда баланын денесине кызамык сыяктуу бүртүктөр чыгып, дене табы көтөрүлүп, ашказан, ичегиси жабыркашы мүмкүн. Конъюнктивит болушу дагы ыктымал. Бактыга жараша, көпчүлүк балдарда синдром жеңил өтүп жатат. Учурда балдардын көп тутумдуу сезгенүү синдромун аныктоо жана дарылоо боюнча клиникалык протокол бар, дары-дармек жетиштүү", — деп айтылат билдирүүдө.

Тез жардам унаалары 70 пайыз гана муктаждыкты жабат

Кыргызстанда 2014-жылдан бери Тез жардам кызматынын автопаркы жаңыланган эмес. Андыктан пандемия учурунда анын абдан тартыштыгы билинип, кийин бийлик бир канча автоунаа алганын айтат.

"Пандемия убагында саламаттык сактоо тармагына Дүйнөлүк банк жана Ислам банкынын долбоорунун алкагында — 143, "Коопсуз шаар" тарабынан 39 автоунаа сатып алынды. Гуманитардык жардам иретинде Өзбекстандан — 20, жергиликтүү кайрымдуулук фондунан — 7, ишкерлер тарабынан 20 автоунаа берилди. Учурда Азия өнүктүрүү банкы тарабынан дагы 17 тез жардам автоунаасын сатып алуу каралууда. Бирок бул муктаждыктын 70 пайызын гана жабат", — дешти өкмөттөн.

Кошумча орундар

Ушул тапта Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандар үчүн 1500дөй орун бар. Анын ичинде 200гө чукулу интенсивдик терапия палатасында. Бирок бул сандар күн сайын эпидемиологиялык кырдаалга жараша өзгөрүп турат.

Саламаттык сактоо министрлигинин планы боюнча, эгер ооругандардын саны көбөйүп кетсе, өлкө боюнча дагы 11 237 орун ачылат. Республикалык деңгээлдеги ооруканаларда — 1 752, Бишкек шаарындагы ооруканаларда – 1 164, Чүй облусунда 1 352 орун болсо, калганы аймактарда иштей баштайт.

Вирус жуктургандар кокус андан дагы көбөйсө, республика боюнча кошумча 4 907 орун ишке берилет.

Белгилер:
оорукана, даярдык, өкмөт, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Изилдөө: кыргызстандыктардын 55%ы COVID-19га каршы эмделгиси келет
Бишкекте COVID-19 жуктурган бейтаптарды 5 оорукана кабыл алууда. Тизме
Украинанын аскер кызматкерлери. Архив

Украина НАТОго кирет деп ишенип... Россияга ким чагымчылык жасоодо

Украинанын геосаясий абалы Россия менен Батыштын ортосундагы мамилеге байланыштуу. Москва үчүн бул талкууланбай турган маселе болсо, Батыш үчүн анчалык принципиалдуу эмес.

Донбасста болчу согушту, башкача айтканда "Россиянын кол салуусун" күткөнү Киевдин жалгыз эле чагымчылыгы эмес. Владимир Зеленскийдин шейшемби күнү айткан сөзү алда канча кооптуураак болуп чыкты.

НАТО менен Украина "алакасына" Петр Акопов баам салып, макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.

"Биз армия менен коргонуу секторун реформалоого умтулуп жатабыз, бирок Россияны жалгыз эле реформа менен токтотуу мүмкүн эмес. НАТО — Донбасстагы согушту токтотууга жападан жалгыз жол. Мүчөлүк боюнча иш-аракеттердин планы Россия үчүн чындап сигнал боло алат", — деди президент.

Мындай пикирин Украина ажосу НАТОнун башкы катчысы Столтенберг менен сүйлөшүп жатып билдирди. Ушул эле сөзүн ал Британия жана Канаданын премьерлери менен жолукканда да кайталады. Зеленский мүчөлүк боюнча иш-аракеттердин планына интеграция боюнча конкреттүү кадамдар жана НАТОго кирүү мөөнөтү так жазылышын талап кылууда. Премьер-министри кечээ жакында эле Украина альянска беш-алты жылдын ичинде кошулуп каларын айткан. Зеленскийдин сөзүнө НАТО өлкөлөрү "эл көзүнө" эле реакция жасады. Мисалы, АКШ макул экенин, бирок маселени НАТОнун бардык мамлекеттери чечиши керектигин (башкача айтканда, каршы) кыйытты. Ал эми Берлин "Украина саясий муктаждыктарын эркин тандоо укугуна ээ өлкө экенин айтып, бирок мүчөлүк боюнча кийинки кадамдар тууралуу сөз кылуу мүмкүн эместигин" белгиледи.

Зеленский чындап эле Украина Түндүк Атлантика альянсына кирет деп ишенип жатабы? Ооба, ишенип жатат, Украинанын талуу жери да ушунда.

Анткени Украина НАТО мүчөсү боло албайт. СССР кыйрагандан кийин Россиянын бир бөлүгүндө пайда болгон Украина мамлекети Советтер Союзуна каршы туруу үчүн англосакстар тарабынан Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн түндүк атлантикалык альянска кире албайт. Украинанын элитасы аябай каалашы мүмкүн, калктын басымдуу бөлүгү да бул кадамды колдошу ыктымал, бирок мүчөлүк эгерим ишке ашпай турган кыял. Эмне үчүн? Анткени НАТО Россияны ооздуктоого багытталган, ал эми Украина — тарыхый Россиянын бир бөлүгү.

Антейин десең Украинаны антиРоссияга айландыруу аракети күч болуп жатпайбы, анда эмне үчүн Россиянын каршылаштарынын тобуна киргизбей жатышат.

Анткени Украина — насилинде субъект эмес, ал Россия менен Батыштын ортосунда талашка түшкөн объект. Батыш Россияны маанилүү бөлүгүнөн ажыратып, геосаясий чек араны бөлүп-жарып, өлкөнү чыгышты көздөй сүрүп чыгарууга ниеттенип жатат. Ал эми Россия үчүн Украина талкууланбай турган маселенин катарында: орустар мамлекеттүүлүгүнүн негизин түзүп турган пайдубалдан ажырай албайт, ага жол бербейт. Эки башка мамлекетке бөлүнүүнү түшүнсө болот. Бирок атлантизация, башкача айтканда, Украинанын европалык да эмес, таптакыр бөлөк-бөтөн, башынан эле орустарга каршы турган атлантикалык геосаясий мейкиндикке кирип кетиши Россия үчүн да, жалпы орус цивилизациясы үчүн да таптакыр акылга сыйгыс көрүнүш. Орус цивилизациясынын бир бөлүгүн украин эли да түзөт.

Ошондуктан Украинанын геосаясий абалы Россия менен Батыштын ортосундагы мамилеге байланыштуу. Москва үчүн бул талкууланбай турган маселе болсо, Батыш үчүн анчалык принципиалдуу эмес. Муну ал сөз менен эле эмес, иш жүзүндө да тастыктап келет.

Батыш Украина үчүн Россия менен болчу чыныгы кармашка даярбы? Жок, анткени Батыш үчүн Украинанын Россиядагыдай баасы жок. Европалыктар да, англосакстар да ушундай пикирде. Албетте, булар Украина менен Россиянын убактылуу бөлүнүп-жарылуусун турукташтырып жиберип, өзүнө кошуп алсак дейт. Бул үчүн Россиянын каршылыгын сындырып (ишке ашкыс ой), тарыхый тандоо жасашы керек.

Анда Батыш Россия менен касташкан мамилеге даяр болушу кажет, башкача айтканда, Украинаны кошуп алып Россияны душманга айлантып аларына даяр болушу зарыл. Азыр маалыматтык согушта айтылып жаткан эмес, кадимки душман менен бет келет. Анткени орустар байыркы шаарларынын биринен ажырап тынч отуруп калбайт, мындан улам Батыштын да, Европанын да геосаясий стратегиясы ушул жөпжөнөкөй фактыга баш ийиши керек.

Украинанын атлантизацияланышына ким ишенет? Тарыхты билбегендер, мурдунан алысты көрө албагандар, же Европаны уруп ойнобогондор менен орустарды европалыктар менен каршылаштырууга кызыкдар тараптар. Антлантика элитасында ушундайлар барбы? Албетте, бар, бирок азыркы элитанын басымдуу бөлүгү Украинаны атлантизациялоо демилгесинин өзү канчалык кооптуу экенин жакшы түшүнөт. Европа үчүн кооптуу.

Бирдиктүү Европанын курулушу элитаны реалдуулуктан алыстатып жиберди. Анын бир бөлүгү болгон чыныгы атлантисттер бардык нерсе бирдиктүү Батыштын эркинен көз каранды деген жомокко ишенип алган, көрсө, тарыхты, коңшу цивилизацияларды унутуп койсо болот экен. Глобализациянын атлантикалык долбоорунун кризиске кептелгенин көргөн экинчи бөлүгү деле евроинтеграцияны көзөмөлдөө жөндөмүн сактап калам деп ишенип турат. Бул үчүн англосакстардан бөлүп, европалык чеп куруу менен ишке ашырат имиш.

Бирок канчалык өз алдынчалуу болуп кетсе да Европа Россия менен алака түзбөй кое албайт, ал эми душмандашуу тууралуу ойлонуп да кереги жок. Бирдиктүү Европадан кол жууш үчүн Украинанын артынан түшүү ушунчалык зарылбы? Европалыктар мынчалыкка баргыдай боло элек.

Эмне кылыш керек? Россия качандыр бир кезде өзүнөн өзү алсызданып, Украина эмес өзүнүн айласын таппай калчу учурун күтүш керек. Дал ушул маалда Украинаны өзүнө алып алса болот. Бирок мындай ойдун ишке ашары күндөн-күнгө күмөн болуп бара жатат. Ал эми Европа менен Россиянын өнүгүү тенденциялары күмөнсүнүүнү бекемдеп жатканы айкын.

Белгилер:
Владимир Зеленский, мүчө, НАТО, тарых, Батыш, Украина, Россия
Тема боюнча
Климат көйгөйүнө жамынып ааламды аңтаргандар. Сереп
Эки тизгин, бир чылбырды бере тургула. Дүйнөнү башкарууга умтулган ЕБ лидерлери
Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев. Архив

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көлдү башкаруу ниетиндеби? Өзү эмне дейт

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын бир аз убакыт башкарган Жапыкеев марттын аягында Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган.

БИШКЕК, 14-апр.— Sputnik. Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев аталган аймактын башчысы болгум келет деген маалыматты төгүндөдү.

Эскерте кетсек, мындай кабар жергиликтүү ЖМКлардын бирине жарыяланган. Өз оюн Жапыкеев Facebook баракчасына билдирди.

"Биринчиден, мени эл, облус жетекчилиги, прокуратура жамааты жакшы тосуп алды. Буюрса, аймактын маселелери менен таанышып жатабыз. Облустун губернатору болом деп чуркаган же ойлонгон эмесмин. Өзүмдүн эле жумушум жакшы. Мыйзамдуулук, адилеттүүлүк үчүн иштесек, элдин керегине жарасак да жаман иш эмес. Калптын да чеги болот. Ушинтип эле мени жамандап бүтпөй коюшту. Буюрса, көлдү тегеренип, эл менен жолугабыз. Алардын көйгөйлөрүн облус жетекчилиги менен кошо угабыз", — деп жазган ал.

Эске салсак, 5-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жоюу боюнча премьер-министр Улукбек Мариповдун токтому чыккан. Мындан улам мекеменин жетекчиси Жапыкеев кызматы жок калган.

Кийин ал Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган. Жапыкеев буга чейин аталган тармакта эмгектенген, Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөн.

Белгилер:
социалдык тармак, прокурор, Ысык-Көл облусу, Сыймык Жапыкеев
Тема боюнча
Жапыкеев президент Жапаровдун жарлыгы менен генерал болгон
Ашканадагы билдирүүдөн Финполго чейин. Сыймык Жапыкеев тууралуу 9 факты