Бензинди сыртка ташууга тыюу салуу бааны ооздуктай алабы. Талдоо

© AFP / PHILIPPE HUGUENУнаага бензин куюп жаткан адам. Архив
Унаага бензин куюп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Жазылуу
Кыргызстанда жыл жаңыргандан бери эле бензин беш сомго кымбаттады. Бул айда баа дагы 6-7 сомго көтөрүлөрү күтүлүүдө. Мунай жана мунай өндүрүмдөрүн тышка ташууга тыюу салуу баанын өсүшүн токтото алабы? Sputnik Кыргызстан ушул маселенин тегерегинде ой калчап көрдү.
Жаздын башталышы менен Кыргызстан чийки мунай жана мунай өндүрүмдөрүн экспорттоого тыюу салды. Мындай буйрукка КР премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон. Мында кеп ЕАЭБдин бажы аймагынан сыртка чыгарууга тыюу салуу жөнүндө болууда. Бирок иш жүзүндө бул толук эмбарго, анткени өлкө өзү күйүүчү майды Россиядан сатып алат, ал эми Казакстанда ансыз деле баалар төмөн.
Sputnik Кыргызстандын редакциясы тыюу салуунун себептерин жана ал канчалык таасирдүү болорун сураштырып көрдү.

Эмнеге мындай чара көрүлдү?

Өкмөт мындай тыюу салуу менен ички рынокто мунай жана мунай өндүрүмдөрүнүн кескин тартыштыгына жол бербөөнү көздөйт. Ошондой эле бул чечим өлкөдө мунай жана мунай өндүрүмдөрүнүн баасын турукташтыруу максатында кабыл алынган.

Эмне ташууга тыюу салынды?

Тышкы экономикалык ишмердиктин товардык номенклатурасынын эки түрүнө кирген товарларды экспорттоого тыюу салынды:
  • 2709 — бул чийки мунай;
  • 2710 — бул дизель жана бензин, анын ичинде авиациялык күйүүчү май да камтылган ири топ. Бирок айрым өзгөчөлүктөр да бар, маселен, Кыргызстандан толук бак же канистрде 20 литр менен чыгууга уруксат. Ошондой эле мазутту алып чыгууга тыюу жок.

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы канчалык кымбаттады?

Жыл башынан тарта эле өндүрүшчүлөрдүн өзүндө — россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдордо чыгарылган баа 67 пайызга өстү (россиялык өндүрүшчүлөрдө литр баасы 14 сомго жогорулады). Кыргызстандын мунай сатуучулар ассоциациясы дизель үчтөн бир, тагыраак, сегиз сомго өскөнүн маалымдайт. Ошону менен бирге эле өлкөдө бензиндин чекене баасы 4,9 сомго көтөрүлгөн.
© AFP / FRANCK FIFEЖыл башынан тарта Кыргызстанда дизель үчтөн бир, тагыраак, сегиз сомго өскөн. Ошону менен бирге эле өлкөдө бензиндин чекене баасы 4,9 сомго көтөрүлгөн.
Мужчина останавливается для заправки - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жыл башынан тарта Кыргызстанда дизель үчтөн бир, тагыраак, сегиз сомго өскөн. Ошону менен бирге эле өлкөдө бензиндин чекене баасы 4,9 сомго көтөрүлгөн.

Кыргызстандан жалпы канча көлөм сыртка чыгарылган?

Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстан 51,5 миң тонна чийки мунай саткан. Анын 8 миңин Тажикстан, калганын Өзбекстан алган.
Май куючуу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Нефтетрейдерлер: мартта күйүүчү майдын баасы 6-7 сомго кымбаттайт
Ошондой эле Кыргызстан 104 миң тоннадан ашуун мунай өндүрүмдөрүн эки өлкөгө, атап айтканда, Тажикстанга 2,3 миң тонна, калганын Өзбекстанга саткан. Бул көлөмдүн үч миң тоннадан ашыгыраагын бензин түзөт. Булардан башка дагы 55 миң тоннанын тегерегинде реактивдүү май (керосин) экспорттолгон. Эң көп сатып алгандар: Бириккен Араб Эмирлиги — 31,3 миң тонна, Кытай — 16 миң тонна. Улуттук статкомдон авиациялык керосинди өлкөнүн аэропортторундагы чет элдик компаниялар аларын билдиришти.
Ошол эле учурда Кыргызстандан Тажикстанга аткезчилик жол менен күйүүчү май чыгарылары байма-бай айтылып келет. Буга Тажикстанда биздегиге караганда бул өндүрүмдөр алда канча кымбат турары себеп. Мисалы, УКМК 3-мартта Тажикстанга күйүүчү май чыгарууга аракеттенген төрт фураны кармады.

Тыюу салуу абалды жакшырта алдыбы?

Мунай сатуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатов мурда деле мындай чаралар көрүлгөнүн эске салды.
"Негизги бөлүктү Россиядан ташыйбыз. Аталган мамлекеттен мунай өндүрүмдөрүн пошлинасыз алуу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуу бар. Ошол келишимге ылайык биз реэкспорттой алабыз", — деди Эшатов.
Бул тыюу салуу кайталанма эмеспи деген сурообузга ал: "балким" деп жооп берди.
Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Вероника Исаева бул мурдагы документти кайталабай турганын билдирди. Дал ушул мекеме тыюу салууну (эмбарго киргизүүнү) сунуштаган. Анын айтымында, Россия менен болгон макулдашуу импорттук мунай өндүрүмдөрүн сыртка чыгарууну чектейт, ал эми азыркы тыюу салуу ата мекендик мунай жана Кыргызстанда өндүрүлгөн мунай өндүрүмдөрүнө тиешелүү.
© Фото / пресс-служба ГКПЭНЭнергетика жана өнөр жай министринин орун басары Вероника Исаева
Назначенная заместителем председателя Госкомитета промышленности и недропользования КР Вероника Исаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Вероника Исаева
"Тыюу салуу чарасы өзүн актады, анткени биздин мунайды кайра иштетүүчү заводдорубуздун өндүрүштүк кубаттуулугу 2,1 миллион тонна. Алар өлкөнүн дизель жана Аи-80 үлгүсүндөгү бензинге болгон керектөөнү жаба алмак. Мунайдын үчүнчү өлкөлөргө көп чыгарылып жатканына күбөбүз, киреше салыгынан тышкаркы салыктар алынган жок. Сырье чыгарылат, ал эми мамлекет мындан пайда таппайт", — деп белгиледи Исаева.
Анын айтымында, ушул тапта мунайды кайра иштетүүчү заводдордо иштин үчтөн бир гана көлөмү аткарылууда, ошону менен бирге эле алар өндүрүштү экологиялык таза өндүрүм түрлөрүнө ылайыкташтыруусу зарыл.
Цены на сахар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2021
Кыргызстанда кумшекердин баасы былтыркыдан 19 сомго чейин кымбаттады
"Биз мунайды кайра иштетүүчү заводдорду өнүктүрүп, аларды сырье, анын ичинде импорттук мунай менен да камсыздоого тийишпиз. Сырье үчүнчү өлкөлөргө чыгарылбашы керек. Тыюу салуу чарасы кайра иштетүүчү тармакты өнүктүрүүгө өбөлгө болот. Эгер өндүрүш кубаттуулугун 80 пайызга иш менен камсыздай алсак, анда биз сырье эмес, мунай өндүрүмдөрүн экспорттой алабыз", — деди Исаева.
Министрдин орун басары чийки мунай так канча көлөмдө тышка чыгарылып жатканы белгисиз экенин, бирок Бажы кызматында көрсөтүлгөн маалыматтарга караганда, жогору экенин айтат (былтыр 50 миң тоннадан ашык).
"Алынган 256 миң мунайдын 170 миң тоннасы өлкөдө кайра иштетилди. Айырмасы бар. Аналитикалык иштер жүрүп жаткандыктан сандарды айтуудан алыспыз. Бирок экспорттун көлөмү чагылдырылган статистикалык маалыматтар иш жүзүндөгүдөн башкача", — деп түшүндүрдү ал.
Эми кескин таңсыктыкка жол бербөө жана бааны турукташтыруу зарылдыгы сыяктуу тыюу салуунун себептерине токтололу.
© Sputnik / Евгений ОдиноковМунай сатуучулар биримдигинин башчысы Эшатов айткандай, соңку убакта Баткендин бир бөлүгүндө белгилүү бир деңгээлде тартыштык болгон
Автомобильные заправочные станции - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мунай сатуучулар биримдигинин башчысы Эшатов айткандай, соңку убакта Баткендин бир бөлүгүндө белгилүү бир деңгээлде тартыштык болгон

Кыргызстанда таңсыктык барбы?

Мунай сатуучулар биримдигинин башчысы Эшатов айткандай, соңку убакта Баткендин бир бөлүгүндө белгилүү бир деңгээлде тартыштык болгон.
"Бирок бензин жаатында гана. Дизель боюнча абал өз нугунда. Балким ушундан улам өкмөт тыюу салгандыр. Курч тартыштыкка жол бербейбиз. Мунай сатуучулардын белгилүү кору бар, бирок өлкөнүн алыскы аймактарында бензин тартыштыгы байкалбайт", — деди ал.
Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Исаева да Эшатовдун оюна кошулат. Айтымында, мунай өндүрүмдөрүнүн курч тартыштыгы жок.
"Мунай өндүрүмдөрүнүн кескин таңсыктыгы жок, ал эми мунай боюнча бар. Биздин мунайды кайра иштетүүчү заводдорубуз сырье менен 30 пайызга гана камсыз болгон, ал эми алынган мунайдын басымдуу бөлүгү үчүнчү өлкөлөргө агылууда, бул жөнү жок көрүнүш", — деди ал.

Тыюу салуулар күйүүчү май баасын турукташтыра алабы?

Эшатов эмнеге баа кымбаттап жатканын эске салды. Жыл жаңыргандан бери автомобилдик күйүүчү майдын россиялык өндүрүшчүлөрүндөгү дүң баасы 300 доллардан 500 долларга чыккан. Ошондой эле мунай (31 пайызга) кымбаттап, ал эми сом КМШдагы бардык валюталардан көбүрөөк нарксызданып бараткан. Ал баа 6-7 сомго көтөрүлөрүн да болжолдогон.
"Тыюу салуу чарасы бааны турукташтырууга канчалык таасир этерин түшүнө албайм", — деди ал.
Ал эми башкы энергетиктин орун басары башкача ойдо.
"Эгер өз өндүрүшүбүздүн үлүшүн көбөйтүп, импорттун үлүшүн төмөндөтсөк, анда күйүүчү май наркын ооздуктай алышыбыз мүмкүн. Баанын өсүшү импорт жана логистика баасына жараша. Азыр бул максатта бааны кармап туруу же азайтуу татаал", — деди Исаева.

Аткезчилик өрчүп, күйүүчү май "сырдуу" жол менен жок болбойбу?

Былтыр бодо малды чыгарууга тыюу салынган, бирок ошол кездеги айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Кыргызстандан "сырдуу түрдө" бодо мал жоголуп жатканын кабарлаган. Мунай жана күйүүчү май менен да ошондой жагдайга тушукпайбызбы?
Кыргызстандан 2020-жылы канча тонна руда, концентрат чыгарылган? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Кыргызстандан жыл сайын канча руда, концентрат чыгып жатат. Инфографика
"Белгилүү бир адамдар жана компаниялар аткезчилик менен шугулданышат, кандай болгон күндө да алар бул ишти уланта беришсе керек. Бирок буга тийиштүү органдар бөгөт коюуга тийиш", — деди Эшатов.
Ал кезегинде автотранспорт менен күйүүчү май ташууга тыюу салынганын, натыйжада бензинди ташуу үчүн "башкача аталышты" пайдалана башташканын белгиледи. Демек, андай кырдаал кайталанышы толук ыктымал.
Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Исаева аткезчиликти токтотуу тийиштүү мамлекеттик органдардын ишине жараша экенин кошумчалады.

Күрөшчүлөр кандай пикирде?

Өкмөттүн буйругунда Бажы кызматы, Финпол (апта ичинде бул мекеме жоюлду), Чек ара кызматы жана Транспорт министрлигине мунай жана мунай өндүрүмдөрүн мыйзамсыз чыгарууга бөгөт коюуга багытталган тийиштүү чараларды көрүү тапшырылган.
Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Баткенде айыл чарбаны өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя бериле баштады
Редакция бул мамлекеттик органдарга кандай чараларды көрөрүн сурап кайрылды. Эки мекеме – Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) жана Мамлекеттик бажы кызматынын жообун алдык.
"Биздин өлкөнүн аймагынан мунай жана мунай өндүрүмдөрүн мыйзамсыз чыгарууну токтотуу, аныктоо жана алдын алууга багытталган эң зарыл чаралар көрүлөт", — деп билдиришкен Финполдун басма сөз кызматынан.
Анын аркасынан Бажы кызматынан жооп келди.
"Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо бөлүктөрү тарабынан Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында өткөрүү жана бажылык каттоо пунктуларында мазуттан башка мунай жана мунай өндүрүмдөрүн мыйзамсыз чыгаруу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган тийиштүү көчмө иш-чаралар өткөрүлүүдө", — дешти аталган мекемеден.
Ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдан тарта "Баткен" бажысы тарабынан Өзбекстанга 2,6 тонна жана Тажикстанга 16 тонна дизелди мыйзамсыз чыгаруу фактылары боюнча материалдар каралганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0