"Яндекс. Такси" Бишкекти ээлеп, эми бааны көтөрөбү? Таксисттер эмнеге нааразы

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСтоянка автомобилей службы "Яндекс.Такси"
Стоянка автомобилей службы Яндекс.Такси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2021
Жазылуу
Эмнеге "Яндекс. Такси" жол кирени улам кымбаттатып жиберет? Таксисттердин бир бөлүгүнүн нааразычылыгы эмнеде? Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын позициясы кандай? Ушул суроолорго жооп издедик.
Соңку айда эле Бишкекте таксисттердин "Яндекс" сервисине каршы митинги эки ирет өттү. Митингге чыккандардын айтымында, нааразылыктын жаралышына компаниянын айдоочулар үчүн буюртманын комиссия акысын жогорулатканы себеп болгон.
Коомчулукта таксисттердин акциясына карата пикир ар кандай. Социалдык медианын колдонуучуларынын көпчүлүгү чогулгандарга митингге чыкпастан, чын дилден иштөөгө кеңеш беришти.
Бишкектин такси боюнча бардык кызматтары  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2020
Бишкектеги такси кызматы. Баалары, телефондору жана WhatsApp
"Дал "Яндекс" сервисинен улам таксидеги жол кире арзандаган. Бизге, жарандарга, баанын төмөнү кайра жакшы эмеспи. Сервис ыңгайлуу, ыкчам. Мурда мен машакаттанып такси кызматына чалчумун. Бир нече мүнөттөн кийин: "Сиздин райондо бош машина жок" деп телефон чалышчу, — дейт таксинин дайымкы кардарларынын бири.
"Эгер иш ээси мага жакпаса, башка жумушка кетем. Маселе эмнеде?" — деп суроо салат башка бир бишкектик кардар. Бирок Оператор жана жүргүнчү ташуучулар биримдиги кырдаал бир кылка эмес экенин түшүндүрдү.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы тараптардын баарын тыңдап, жагдайды териштирүүгө аракет кылды.

Кыргызстанда "Яндекс. Такси" кандай иштейт?

Бишкекте "Яндекс. Такси" 2017-жылдын ноябрынан тарта иштей баштаган. Сервис ыңгайлуу тиркемесинен, кеңири жарнамалык кампаниясы, ошондой эле салыштырмалуу баасы төмөндүгүнөн улам бачым эле кардарларды топтой алган.
Мамлекеттик салык кызматынан "Яндекс. Такси" Кыргызстанда катталбаганын, компания жергиликтүү өнөктөштөрү аркылуу иш жүргүзөрүн билдиришти. "Яндекс" сайтындагы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда алардын саны – 36. Ошону менен бирге эле компаниядагылар "Яндекс" — толук такси эмес.
Руководитель Ассоциации юридических клиник Артур Бакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Радио
Айдоочу орой мамиле кылса эмне кылуу керек? Юристтин кеңеши
"Яндекс. Такси" — маалыматтык сервис, транспорттук жана башка кызматтар ташуучулар тарабынан жүргүзүлөт", — деп айтылат taxi.yandex.kg сайтында.
"Яндекстин" жергиликтүү өнөктөштөрүнүн бири белгилегендей, компания рынокко киргенде эң кеңири таралган "эконом" тарифинде айдоочулар үчүн комиссия 5 пайызды түзгөн: 2 — "Яндекске", 3 — жергиликтүү өнөктөштөргө таандык эле.
Бара-бара айдоочулар үчүн тариф көтөрүлүп отуруп, ушул тапта орточо ал 15 пайызга чыккан: 12 — "Яндекске", 3 — жергиликтүү өнөктөштөргө берилет. Башкача айтканда, эгер жүргүнчү 100 сом төлөсө, айдоочуга 85 сом калат.
2020-жылдын августунда "Яндекс. Такси" сервиси "Яндекс Go" болуп аталып, анда буюмдарды жеткирүү кызматы да камтылган. 
© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүБара-бара айдоочулар үчүн тариф көтөрүлүп отуруп, ушул тапта орточо ал 15 пайызга чыккан: 12 — "Яндекске", 3 — жергиликтүү өнөктөштөргө берилет.
Пассажир в защитной маске в московском метрополитене - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бара-бара айдоочулар үчүн тариф көтөрүлүп отуруп, ушул тапта орточо ал 15 пайызга чыккан: 12 — "Яндекске", 3 — жергиликтүү өнөктөштөргө берилет.

Нааразылык акциясы

16-февралда темир жол бекетинин жанында таксисттер абдан олуттуу камылга менен митингге чыгышты. Атайын басып чыгарылган чаптама жана даярдалган желектерден "АнтиЯндекс" деген жазууларды көрдүк. Алардын айтымында, "Яндекс. Такси" айдоочулардын пикири менен эсептешпейт, Кыргызстандын бюджетине салык төлөбөйт.
"Бензин кымбаттоодо, комиссия өстү, таң заардан түн ортосуна дейре иштөөгө туура келет. Мурдагыдай үй-бүлөнү бага алгыдай акча таба албайсың. Кайрылып, сүйлөшүп, абалыбызды түшүндүрөлү десек, компаниянын өкүлчүлүгү жок. Техникалык колдоо бөлүмү даяр жообун угузат, анан калса эч кандай түшүндүрбөй туруп бизди сервистен өчүрүп сала алышат. Кокус кырсык тооруса, "Яндекс. Такси" эч кандай жардам бербейт", — деп даттанышты таксисттер.
Айдоочулардын айтымында, башка такси кызматына өтүү оңой-олтоң эмес, буюртмалардын көбү дал "Яндекске" келип түшөт. Бирок таксист Эрнис Аширбаев нааразы болгондордун пикирлерине кошулбайт. Ал "Яндексти" башка таксомотордук парктардын айдоочулары каралап жатат деген ойдо.
Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2020
Пресс-борбор
Бишкектин жолдоруна унаа токтотууга тыюу салуу пландалып жатат
"Алар, кыязы, "Яндекс" келгенге дейре жергиликтүү компаниялар ар бир таксисттен кириш үчүн 7 миң сом талап кылышчу. Азыр ыңгайлуу тиркемени пайдалануу менен акысыз эле акча табууга болот. Кардарлар менен айдоочулар сервиске, баага ыраазы, тек гана 15 кишиден турган топ нааразы. Алар жергиликтүү шашка (такси белгиси) менен айдап жүрүшөт, буюртмалары жокто "Яндекске" өтүшөт, — деди Аширбаев.
"Яндекс Go" компаниясындагылар нааразычылык туурасында маалымат каражаттарынан кабардар болгон, бирок компанияга айдоочулар кандайдыр бир талаптар менен кайрылган эмес.
"Акцияга чогулган айдоочулардын машиналарынын бир нече номерлерин текшерип чыктык, алар биздин сервистеги буюртмаларды аткарышпайт. Сервис адаттагыдай эле иштеп жатат, линиядагы айдоочулардын саны да өз калыбында. Ал эми сапарлардын көлөмү да бул аптада (нааразычылык акциясынын убагында – ред.) өткөн жумадагыдан кыйла өстү", — деп белгилешти компаниядагылар.
Акциядан соң айдоочулар тарап кетишти, бирок рыноктун агрегаторун кетирүүгө ниеткер. Кадамдарын координациялоо үчүн митингчилер мессенжерде тайпа ачышкан. Бүгүн анда 700дөн ашуун киши бар, бирок алардын канчасы таксист экенин тактоо мүмкүн эмес. Тайпага каалаган киши кире алат. 

Таксисттердин бир бөлүгү дагы эмнеге нааразы?

Оператор жана жүргүнчү ташуучулар ассоциациясы "Яндекс" тарабынан эреже бузуулар бар экенин айтып чыккан. "Яндекске" чейин такси рыногунда буга негиз салуучу учурлар болгон эмес. Жергиликтүү таксопарк менен таксист келишимин түзүүдө айдоочунун патентин, автонун техникалык абалын текшеришкен. "Биз камсыздандыруу боюнча иш алпарып келгенбиз. Жергиликтүү компаниялар — "Яндекстин" өнөктөштөрү болгону айдоочуларды тиркемеге кошуп коюшат. Алар бардык жактан чектелүү, баа саясатына эч кандай таасир эте алышпайт", — деди ассоциациянын төрагасы. Анын айтымында, "Яндекс" такси рыногундагы монополистке айланган.
"Яндекс" арзан деп калышкандарына таң калам. Кыймыл күчөп турган маалда сапар акысы эки эсе өсөт. Рынокту багындырууну улантууда, баа көтөрүлөрү турулуу иш", — деди Оператор жана жүргүнчү ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси.
Ысымын атагысы келбеген дагы бир таксист кадыресе убакта "Яндекс. Такси" арзан, бирок суроо-талап көбөйгөндө "Яндекс" калаадагы эң кымбат таксиге айланарын белгиледи. 
© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүЫсымын атагысы келбеген дагы бир таксист кадыресе убакта "Яндекс. Такси" арзан, бирок суроо-талап көбөйгөндө "Яндекс" калаадагы эң кымбат таксиге айланарын белгиледи.
Масочный режим в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ысымын атагысы келбеген дагы бир таксист кадыресе убакта "Яндекс. Такси" арзан, бирок суроо-талап көбөйгөндө "Яндекс" калаадагы эң кымбат таксиге айланарын белгиледи.

Компаниянын позициясы

"Яндекс Go" маалымат кызматы февралда чындап эле программанын шарты жаңыртылганын, бирок бул айдоочулар көбүрөөк акча таап алышы үчүн өзгөртүлгөнүн түшүндүрдү.
"Жалпысынан Бишкекте айдоочулардын иш шарты олуттуу өзгөрүүгө дуушар болгон жок. Бизде өнөктөштөр жана алардын айдоочулары үчүн шыктандыруучу программалар бар. Айдоочулардын орточо маянасын көбөйтүү үчүн февраль айынын башында биз программа шартын жаңыладык. Ошону менен бирге сервистин комиссиясы да (айдоочулар үчүн — ред.) кайра каралып чыккан", — дешти компаниядагылар.
"Яндекстегилер" кыймыл күчөгөн убакта баанын көтөрүлүшү сервистен тез пайдаланууну каалаган кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн киргизилген.
"Бир жыл биз Кыргызстанда тарифтерди өзгөрткөн эмеспиз. Сапар акысы реалдуу убакыт режиминдеги татаал алгоритм менен эсептелет. Ага көп факторлор, маселен, сапардын узактыгы, суроо-талап менен сунуштун балансы таасир этет. Линиядагы айдоочулардын санынан буюртмалардын көлөмү кыйла көбөйүп кетсе, алгоритм автоматтык түрдө акыны убактылуу жогорулатуучу коэффициентти түзөт. Бул барар жерине кыймыл күчөп турган маалда да болушунча тез жетип алууну каалагандарга сервистен пайдаланууга жардам берет. Мындай убакта баанын жогорулашы линияга көбүрөөк айдоочуларды тартат, алар канчалык көбөйгөн сайын акыны жогорулатуучу коэффициент азаят, баа дагы төмөндөйт", — деди "Яндекс Go" ишканасынын басма сөз кызматы. 

"Яндекс" жана Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги

Монополияга каршы жөнгө салуучу мамлекеттик агенттиктегилер "Яндекс. Такси" компаниясынын ишмердиги боюнча 2019-жылдан тарта ири териштирүү иштери жүрүп келгенин билдиришти.
"Биз Оператор жана жүргүнчү ташуучулар ассоциациясы кайрылгандан тарта бир топ иш жүргүздүк. Москвадан "Яндекстин" өкүлдөрү төрт ирет келди, Россиянын Монополияга каршы федералдык кызматынан да РФтеги такси рыногунда аталган компания кандай иштээри боюнча маалымат берүүсүн өтүндүк. Транспорт министрлигинен да бул боюнча көз карашын билдирүүсүн сурандык. Материалдарды изилдеп чыккандан кийин компания тарабынан ак ниеттикке жатпаган атаандаштыкка жол берилген эмес деген бүтүмгө келдик", — деди Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жарнама, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, ак ниеттикке жатпаган атаандаштыкка бөгөт коюу жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Назина Алыкулова.
© Sputnik / Дильноза АлымоваМонополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жарнама, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, ак ниеттикке жатпаган атаандаштыкка бөгөт коюу жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Назина Алыкулова
Начальник Управления рекламы и защиты прав потребителей Государственного агентства антимонопольного регулирования Назина Алыкулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жарнама, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, ак ниеттикке жатпаган атаандаштыкка бөгөт коюу жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Назина Алыкулова
Ошондой эле ал мамлекеттик агенттик "Яндекс. Такси" ишканасына "Жарнама жөнүндөгү" КР мыйзамын бузганы үчүн айып салынганын белгиледи.
"Компаниянын жарнамалык материалдарында автомобилдерге таралган билдирүүлөр камтылып, дал маңыздуу бөлүгү айтылбайт. Бул жарнаманын маанисин бурмалап, керектөөчүлөрдү жаңылтат", — деп айтылган агенттиктин эскертүүсүндө.
"Яндекс" Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин чечимине макул эместигин билдирген, анткен менен эреже бузуулар түзөтүлгөн.
Бишкектеги маршрутка айдоочулары күнүнө канча акча табат? Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2021
Бишкектеги маршрутка айдоочулары күнүнө канча акча табат? Видео
Мамлекеттик орган "Яндекс. Такси" компаниясы такси рыногун монополиялаштыруу жаатындагы кооптонууларга кошулбайт, бирок жүргүнчүлөргө тарифти негизсиз түрдө көтөрсө, дароо чара көрүлөрүн билдирди.
"Яндекске" карата административдик жол-жобону токтотуу жөнүндөгү чечимде компаниянын үстөмдүк кылуучу абалын аныктоо үчүн атаандаштык чөйрөдөгү жагдайды талдоо зарыл эле. Ошол маалда (2019-жылы) бул мүмкүн эмес болчу.
"Жүргүнчү жана алардын жүгүн ташуучу чарбалык субъектилерден маалыматтын жоктугунан улам рыноктун товардык ресурстарынын көлөмүн (рыноктун көлөмүн) аныктоого мүмкүн болгон эмес. Ошол себептен субъекттин ("Яндекс. Такси" компаниясы) рынокто үстөмдүк кылуучу абалы аныкталбаган" — деп айтылат Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин чечиминде.
"Атаандаштык жөнүндөгү" КР Мыйзамына ылайык, компаниянын абалы үстөмдүк кылуучу деп таанылат, анын рыноктогу үлүшү 35 жана андан жогорку пайызды түзөт. 

"Яндекс" жана Салык кызматы

Экинчи митингден кийин эртеси Мамлекеттик салык кызматы "Яндекс. Такси" компаниясынын салык төгүмдөрү боюнча билдирүү жасады. Анда Салык кызматынын ишканага эч кандай дооматы жок, бирок таксисттердин өздөрүнө суроолору бар экени айтылат. 
"Салык кодексине ылайык, КРдеги туруктуу мекемеге байланышы жок чет элдик ишкана тарабынан алынган кирешелерден 10 пайыздык өлчөмдө салык төлөнүүгө тийиш. Башкача айтканда, жергиликтүү компаниялар — "Яндекс. Таксинин" өнөктөштөрү тийиштүү салыктарды төлөөгө милдеттүү. Мындан тышкары, "Яндекс. Такси" тиркемесин пайдаланып-пайдаланбаганына карабай жүргүнчү ташыган ар бир таксист патент жана камсыздандыруучу полистин негизинде ишмердик жүргүзүүгө тийиш", — деп маалымдашты Салык кызматынан.
Эске салсак, такси кызматын көрсөтүү үчүн патент акысы Бишкекте 500 сомду түзөт, ал эми камсыздандыруучу полис наркы — 775 сом.
Ири таксопарктардын бириндегилер – "Яндекстин" өнөктөштөрү салыкты үзгүлтүксүз төлөп келишкенин, ал эми айдоочулардын салыгына мамлекеттик органдар көз салышы керектигин билдиришти.
Троллейбустан түшүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2021
Автобус менен троллейбуска жол кирени көтөрөлү. Бишкек мэриясынын сунушу
"Биз иш берүүчү эмеспиз, айдоочуларга маалымат сатуучу ишканабыз. Биз айдоочуларды штатка кызматкер катары албайбыз, негизинен ачык офертада (тартипте) иштейбиз. Башкача айтканда, айдоочулар бардык шарттар, анын ичинде КР мыйзамдарын аткаруу милдеттенмесине макул болушат. Айдоочу иштей турган маалда патент алышы абзел, анткени коммерциялык ишмердик жүргүзүүгө белсенди. Андан улам мамлекетке салык, биздин учурда патент сатып алууга тийиш. Мамлекеттин айдоочулардын милдеттенмелеринин аткарылышына көз салууга милдеттүү тийиштүү органдары бар", — деп билдирди "Яндекстин" өнөктөшү болгон жергиликтүү компаниянын өкүлү.

Таксисттер армиясы жана салыктар

Былтыр декабрда Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин ошол туштагы орун басары Нурлан Атыканов "Бишкектин таксисттер армиясы жөнгө салынбаганын" айткан. Анын айтымында, жүргүнчү ташуучу 20 чакты ишкана бар, таксисттердин 10 пайызы гана патент сатып алышат. Атыканов таксисттердин ишмердигин жөнгө салып, патент боюнча толук кандуу көзөмөлгө алууга ниеттенген, бирок эртеси күнү ал кызматынан бошотулган. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин ошол туштагы орун басары Нурлан Атыканов
Заместитель начальника управления городского транспорта мэрии Бишкека Нурлан Атыканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин ошол туштагы орун басары Нурлан Атыканов
Ушул тапта мамлекеттик органдар агрегаторлорго таксисттердин патенти жана камсыздандыруучу полиси бар-жогун текшерүүгө кеңеш берет. Аларды сатып алууга жоопкерчилик айдоочунун мойнунда. "Яндекс. Таксинин" жергиликтүү өнөктөшүнүн биринин өкүлү билдиргендей, айдоочулардын компания менен эмгек келишими жок. Ошондуктан кокус жол кырсыгы болуп же патентсиз иштөөдө айдоочу айыптуу болот, агрегаторлор белгилегендей, алар жумуш берүүчү болуп саналышпайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0